Пример HTML-страницы

ТОКОЛДОН ТУУЛГАН БАЛА. 2-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=44510&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТОКОЛДОН ТУУЛГАН БАЛА.

 

2-БОЛУМ.

 

 

– Ыргыт деп атам!

 

 

Жини кашайган Сабира кыздын колунан таттууну жулуп алды, бакырып ыйлаган кызын беш-алты ирет колундагы үбөлүк менен тартып-тартып алып, көмөлөтө түртүп жиберди. Шоколадын тарттырган наристе баятан келтек жеп жатканда чаңырып ыйлап жатты эле, апасы түртүп ийгенде башы менен үстөлдүн бурчуна катуу тийди, дымы чыкпай калды. Кан жая берди.

 

Жамандыкты жүрөгү сезген Сабира бир ач айкырып, кызынын үстүнө үйрүлүп түшө калган менен тагдырдын катаал сызыгын оңдогонго дармансыз эле. Буркурап ыйлаган жаш келин күн баткыча баласынын бетин сылап, жиндиче кобуранды, тилденди, чачын жулду. Бирок, эти муздаган наристенин кирпиги көтөрүлгөн жок.

 

Иңир киргенде бүк түшүп жаткан келинге жан кирди, кызын көтөрүп алып чечкиндүү Жазиранын короосуна жөнөду.

 

Жазиранын үйүнүн жарыгы күйүп турган экен. Сабираны бирок токтото алган жок. Коргондун бурчун күрөктөп жиберип, чүрпөсүн жашырды…

 

Эртеси айыл ичи ызы-чуу эле болуп калды. “Калпанын жээни жок дейт кечетен бери”, “Аа, байкуш ай, куруган тура эне-атасы”, “сууга аккан го” деген күбүң-шыбыңга толуп калды айыл ичи. Райондон келген милиция эки күндө кыздын сөөгүн таап чыкты. Түбөлүк жаны жай алган наристенин эки күндө арыктап, өң-алээттен кетип, картайган апасынын көрсөтмөсү боюнча, Жазира анын кызын көп чакырып алчу тура үйүнө. Анын сырын бир караңгы түн, бир кан жуткан өзү гана билди. Жада калса кенгедй сырын жашырбай айтып берчү энеси Атыр да жээнинин чыныгы жан алгычы ким экенин билбеген, күндөшүнө болгон тоодой жек көрүүсүнө уукан боюнча өмүр сүрүүгө аргасыз бойдон калды…

 

…Жазиранын ай-күнүнө жетип турганы, “мен өлтүргөн жокмун” деп ыйлаганы да сотто эч кимди жумшарта алган жок, чиркин. Кайпактаган Калпа сот процессине да катышууга жүзү чыдай албай, имараттын сыртында айланчыктап жүрдү. Сотту да, прокурорду да чымындай жаны чыркырап кеткен наристенин энесинин төгүлгөн көз жашы баарынан катуу ынандырып, келин жыйырма беш жылга кесилди…

 

* * *

 

Ал күнү дагы адаттагыдай Калпа пенсиясы колго тиери менен уулуна жөнөдү. Күн өткөн сайын наристе көзүнө жалаңкыч көрүнүп, төбөсүнө муштумун ойноткону көбөйгөн Айгүл ал күнү өзгөчө заардуу эле. Эртеден бери баланы каргап-шилеп, койгулакка алып, килейген чакалар менен илмеңдетип суу ташытты, эшиктин алдын шыпыртты.

 

“Ашка жүк, башка жүк”. Абижеси көзүнүн чаарын чыгара айтчу бул сөздүн маанисин түшүнбөгөнү менен, күнүнө он маал укчу.

 

Босогону аттаганда эле абышканы каптады:

 

— Жашаганды кыйын билесин, сен! Алып кет, баланы эми ойлоп калдынбы?! Карыганда багаар-көрөрүм жок болуп калбасын деп эми эсиңе келдиңби?! Жаштыгымдан жашоомду талкалаганың аз келгенсип, эми карыганда няня кылайын дедиңби! Алып барбайсыңбы, бактырбайсыңбы, Атырыңа! Менден жакшы, менден артык деп тапкан аялың сени түшүнө алган жокпу э?! Кайра-кайра алдангыдай, мени акмак дейсинби! Жетишет, жогол! Сага жолукканда, оозумду ачкан баёо кезимде акмак болгом! Ушул сага кор болгон кайран өмүрүм!!!

 

Мукактанган абышка ооз ачалбады, аялды жалтактай тиктеп, бозала боло: “Койсоңчу” деп күбүрөгөнү менен, башка эчтеке оозуна тыңгылыктуу кирбеди.

 

Аял албууттангандан албууттанды, ыйлап да жатты, сүйлөп да жатты… Коркконунан бурчка тыгылган Алимбек Калпаны Абижеси эшикке кубалап чыкканын көрдү, ага удаа өзүн да түртүп чыгарды. Артынан абышка көтөрө келген баштык топ этип топуракка оонады…

 

…Эшикти тарс жапкан зайып буркурап ыйлай, керебетке бой таштады… Көз алдына шурудай чубура жаштык күндөрү эленип келип, бошко өткөн, кунарсыз өмүрүнө ичи ачыша, арманы алоолоно эчкиргенден эчкирди.

 

 

 

* * *

 

 

 

…Тай журтунда өскөн Айгүлдүн жердиги – өрүкзарлуу Баткенден. Аруу тилек менен өткөргөн ак тойдон кийин жыл айланбай атасы кырсыктап каза тапкан экен.

 

Жаман кабарды уккан жаш келин күйүткө чыдабай, ара төрөдү. Кырсык болордон мурда эки жаш Айгүл-Тоого чыгышкан. Жер жайнаган сулуу гүлдөргө таасирленген алар “эгер кыздуу болсок атын Айгүл коёлу” деп убадалашышкан эле.

 

…Атасын көрбөй калган Айгүлдү апасы оюна коюп, эрке өстүрдү. Кара тору, чыйрак кыз айтканынан кайтпаган, каалаганын жасаган өжөр болуп чоңойду. Анын бул мүнөзү борбор калаада жогорку окуу жайында билим алып жүргөнүндө, жакындарынын “түндүк жакка турмушка чыкпа” дегенине болбой, сымбаттуу аркалык жигит Калпа менен махабат даамын татып, турмуш жолун калпыс кадам менен баштоосуна түрткү болгондой.

 

Жаштык курак адамдын жашоосунда, анын тандоосунда чоң роль ойнойт эмеспи. Тилекке каршы, жалындай курч кезде бышпаган баш менен кескин чечим кабыл алуу канча деген эми өсүп келе жаткан инсандардын турмушуна балта чапты? Ушундай артка кайтпаган кылычтын мизиндей чечим Айгүлдүн жашоосун теңирден тетири буруп, анын кыялындагы көксөгөн бийиктиктерге эмес, балчыктуу, санаа менен кекенүүгө толгон караңгы жашоого жетеледи…

 

Калпа экөө бир университетте билим алышчу.

 

Кыргыз элинин турмушундагы эн уяттуу көрүнүш – түндүк-түштүк оорусу жеке эле өлкөнүн башкаруу тепкичиндегилерге эмес, борбордук маанидеги мекемелерде, окуу жайларда да тымызын кулач жайган убак. “Биздики эмес” кадрды акырын буттан чалып, өз козусунан кочкор салуу, бийликке, таасирдүү сфераларга аларды жолотпоо деген сыяктуу сасык саясат дооронун сүрүп, тамырлаганы күчөп жашап келе жаткан. Жада калса «кристаллдай таза болушу керек» деген жаштардын жашоосунда да ушул түрү суук көрүнүш кээде кара чаар жыландай баш көтөрө калчу.

 

…Студенттердин арасындагы ал күнкү мушташ “оштуктар” менен “аркалыктардын” ортосунда чыкты. Жатаканада кайсы бир майрам күну чогуу эле пиво ичип отурган жигиттер “кайсы тараптын кыздары адептүү” деген талаштын аркасынан эки-экиден бири бирин былчылдатышты. Акыры алардын ортосунда абийирге туура келбеген, карамүртөз мелдеш уюштурулуп, анын айынан университетте билим алган канча деген кызгалдактай буралган баёо кыздардын тагдыры тетири жолго түштү. Жүзүкара макулдашуунун шарты боюнча, кайсы тараптын кыздары көбүрөөк жолдон чыгып, жигитке алдатса, ошол тараптын жигиттери кийинки отурушту каржыламак болушту…

 

Калпа курмандыгы катары мелжегени – жаңы эле биринчи курска кирген кара торунун сулуусу, орто бойлуу Айгүл болду. Далай кыздар менен сүйлөшүп, куу каптал болуп бүткөн неменин буга бир нече себеби бар эле. Биринчиден, кыз экөө тең жатаканада жашайт. Бул экөөнүн ылдам эле жакындоосуна шарт түзөт. Кызды киного чакырып, концертке киргизүү деген убаракерчиликтер азыраак болот. Жатаканадан эле жолугуп, газондон үзүп алган гүлдү сунуп, сырдуу көз караш менен бир тиктеп алса, сарыооз балапан кыз балтаттуу сезимге алдырып, андан ары анын өзүнүн кыялы эле жигитти канзаадага айландырып коёрун туйган. Экинчиден, жаш кыздын жигиттер менен көп сүйлөшпөгөнүн мурунтан байкаган. Студенттик кечеде сөз ыргытып көрүп, кагуу жегенде “Апаң балдар менен сүйлөшпө” деп тарбиялаган окшойт ээ, бийкеч” деп жымыйып койгон жери бар. Анын бай практикасы балдар менен сүйлөшпөгөн кыздар тажрыйбасы аз болгондуктан, сүйүү деген жомокко ылдам эле ишенип каларын шыбыраган. Үчүнчү жана эң негизги себеп — таенеси аспиеттеп багып, айрандап жууган чачы кулпурган, айылдын бүтпөгөн кара жумушу чыйралтып, бир грамм ашыкча эти жок арыкчырай, көздөрү алакандай кыз абдан татынакай эле…

 

…Эмнегедир Айгүл жатаканадагы бөлмөсүнөн чыга калганда эле ушул бешинчи курста окуган келиштире чачын тарап, жарашыктуу кийинген жигитти алдынан кезиктире берчү болду. Жуунуучу бөлмөдөн жуулган кирлерин дагарага салып көтөрүп келе жатканда же сырттан азык-түлүк алып келе жатса дагы элпектене кыймылдай жардамдашып, тийишип ырсактабастан, олуттуу мамиле жасаган Калпага акыры кыздын ичи жылыды. Анда-санда жалдырай тиктей калганы селкинин жүрөгүнө алда немелерди салып, анын кыялына уурудай жылып кирип, таттуу ойлорго жетелегени жетелеген. Эми мурдагыдай балдарды көргөндө сүрдүү тарта, кабагын салып карабай өтүп кетчү бийкеч аны жолуктурганда жарк эте учурашып калат. Анын үстүнө Калпанын мыкты ырдаганы жеке эле Айгүл эмес, жатаканадагы көп кыздарды өзүнө тартып, айрымдары чындап эле ыр уккусу келсе, көпчүлүгү ушул жигитти чаап алсам деген тымызын ниет менен дембе-дем кечки тамакка чакырып, гитара коштогон, мукамдуу доошуна кулак төшөгөн бир жазылбаган салт бар эле. Кыздардын аңыз кылганы – жигиттин көгүш көйнөгү менен кыры чыккан шымында бир так жок, жатаканадагы башка балдардан айырмаланып, шыбоо же колоңсо сыяктуу жагымсыз жыттанбай, ар дайым тыкыйып жүргөнү. Чайга чакырган кыздардын биринин да көңүлүн калтырбай, гитарасын көтөрүп барган ал репертуарындагы ырлардын баарын ырдап бүткөндөн кийин гитаранын кылын зың эттире, чачын силке “болдубу, кыздар” деп жымыйып койчу адаты селкилерди ого бетер суусатат.

 

Мына ушундай жигиттин гүлү ошончо кыздан Айгүлдү тандаганы кыздын тымызын мактанычын күчөтүп койду көрүнөт.

 

Жигиттин мелдеште утуп, көңүл ачыш үчүн гана мамиле түзгөн махабат мамилеси акындар ырында сүрөттөгөн ширин даам менен башталып, аягы кыз күтпөгөн кермек менен аяктады. Тилекке каршы, махабаттын мындай “схемасы” биздин кыргыздардын жашоосунда көп эле кездешет. Анын акырында ар дайым бийкечтин жашоосунда төрт гана жол калат: биринчиси – кыз боюнан алдырып, өмүр бою баласыз болуу тагдырына тушугат, экинчиси — башка бирөө менен үй-бүлө кургандан кийин күйөөсүнүн алдында баш көтөрө албай жашайт, үчүнчүсү – алдамчы жигит кыздын туугандарынын мүйүз токмогунун күчүнүн артында кыз менен турмуш куруп, бул жолу бийкеч күйөөсүнүн туугандарынын алдында баш көтөрө албайт. Төртүнчүсү – сүйүүдөн көңүлү калган селки өмүр бою турмуш курбай жападан жалгыз калат, айрымдары боюнда калган перзентин жашоого апкелип, жалгыз бой эненин тарткан азабын толугу менен көрөт.

 

Бирок, Айгүлдүн жашоо сызыгы булардын бирине да окшободу.

 

Жадыраган жай бүтүп, күз да келди.

 

Жүзүкара уландардын мелдештен уттурган тарабы убада кылган отуруш да эбак болгон. Бирок, мында балдардын бир тарабын уттурду деп айтууга болбойт эле, апасынын жылуу койнунан эми чыккан, бейкүнөө наристе кыздар уттурду. Алардын арасында Айгүл да бар. Жаман оюн ишке ашырып, эми андан куйругун үзгөн Калпадан али күдөрүн үзбөй, күнүгө аны менен жолугуунун айласын издей, кантип семестр бүткөнүн да сезген жок. Тоодой санааны жүрөгүнө үйүп алып, айылына жол тарткан селки жай мезгилинде дайымкысындай эле өрүк жыйноого, аны кургатып, сыгып, дарылоого жардам берди. Бирок, мурдагыдан айырмасы – мөлтүрөп бышкан ширелүү өрүктөн эртең менен тура калып, мупмуздак боюнча шимип жеген адаты жоголду. Жеке эле өрүк эмес, башка тамак-ашка да көңүлү чаппай калган кызына таенеси менен апасы улам түрлүү тамак жасап үстүнө үйрүлүп түшүп жатышты. “Шаарда жүрүп бир ичеги болуп калыптыр” деп жоруган алардын ойлоруна жаман нерсе кетпеди.

 

Наристе күтүп жатканын билгенден кийин бийкеч адегенде баланын атасына жакшы кабарды сүйүнчүлөөрүн, анан Калпа аны адатынча бекем кучактай, келечек тууралуу таттуу сөздөрдү айтарын элестете кыялданып жүрүп, каникулдун бүтүшүн чыдамсыздык менен күттү.

 

Окуу да башталды, Айгүлдүн курсагы чыгып, элден уяла ичин катуу таңып, чүнчүп жүрдү, Калпаны күтүп жүрдү. Бирок күткөнү келбеди. Эмнегедир, кыздын кареги менен тең айланып, ар күн сайын сабактан кийин жолугуп турчу жигит баягы боюнча дайын оту жок жоголду. Жаман ой жүрөгүн өйүгөнү менен, кайраттана жакшылыкты ойлогонго аракеттенет.“Окууну бүтүп, жумушка орношуп жүргөндүр”… Адамдын бир заматта жүз сексен градуска өзгөрөрүнө ишенгиси келбеди. Кыялданат. Экөөнүн үй-бүлө очогун куруп, наристесин көтөрө, гүлбакка чыккандарын, күйөөсүн күнүгө эртең менен жумушка узатып, кечинде даамдуу тамакты жайната тосуп алганын элестетет. Таенесинин кичинесинен кулагына куйган акылын кайра-кайра эсине алып, жакшы аял болууга даярданды. “Катындын жаманы – палит катын” дечү эле ал. Мунун кайра-кайра акылына салып тегереткен Айгүл турмуш кургандан соң, мыкты аял болуп, үй-жайын таза тутууга ниеттенди. Акылман кемпирдин айтканы боюнча ал күйөөсүнүн апкелгенине топук кылып жашоого, бирди экиге улантып, берекесин көбөйтүүгө, бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт дегендей, күйөөсүнүн төө минген күндөрүндө көөп кетпей, жөө жүргөн күндөрү анын мээсине чай кайнатпай, жөлөк-таяк болууга камынды.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE