Пример HTML-страницы

Кан коё бербейт 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=5205&preview=true Кызыктуу окуялар.

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.6-БӨЛҮМ.

Эртен менен Жаныл келди. Тилек экообуз стабилизатор орнотуп жатканбыз.
— Кандайсын? Баары жайындабы? — деп карала-торала май колумду булгаладым. — Апамдар кандай жатышыптыр?
— Жакшы эле, озунор кандайсынар?
Ал мени сынай карап алды, кабагы бурколо тушту. Ээгим сыйрылган, козумдун алды кок, кебетем шумдук корунду окшойт.
— Сыргабек экообуз клубдан кеч келгенбиз, башым зынгырап оорутуп атат. Жаныл уйго кирип кетти, мен Тилекке моторду орнотконго жардамдашып коюп, кенсеге кирдим. Тогуз жарымда Жаныбектен кузотту откоруп алганы Асхат келди. Сыртымдан тан атканча сайран курган кишидей корунгонум менен ичимден сай-соогум сыздап жатты. Ала жипти аттай койом деп анга туштум. Эми андан кантип чыгам? Талант Жанылдын бетине кислота чачам деп опузалабаса да кармашат белем, эми анын айтканына конбоско арга жок.
Кандай гана акмак болдум! Булар мага тузакты эчак эле койгон тура, аэропорттон келатып, карангы жолдо Айжамалга кезикчудо. Ал менин артымдан барып, мен кайра келатканда атайылап машинесин бузуп алып кутуп турган экен да.
Жанылдын айтканын угуп, алды-артымды карап, сак жургондо бул балээге кабылбайт элем.
Жанылдын жузун тике карай албай кайсалактадым. Ары караары менен козуно чоп салганым аз келгенсип, тиги зоокурлорго келеке болдум. Колум менен кылган сон мойнум менен тартам, Талант менен озум эсептешем, Жанылда эмне куноо.
Жаныл комочтанга бирдеме кууруп, тамак жасап атыптыр. Колумду карап алып:
— Колуна эмне болгон? Эмне купкуу болуп кеткенсин? — деп сурады.
— Эчтеке. Кыйналып турам, туура эмес бирдеме жеп алган окшойм. Жаныл унчукпай калды, менин айтканыма ишенип калды ондонот.
— Экообуз адеп таанышкандагыдай болуп калыпсын: озунчо эле кыжынып, тиштенип.
— Жегенге бирдеме бербесен чындап жиним келет. Мен аялымды кучактап, чачынан искедим.
— Бакы, тиги кишилер эмне кылып атышат? Дагы копко болушабы?
— Бир айга толоп коюшкан, — деп жооп бердим мен. — Демек бир ай журушот да.
Озум болсо эмки жумада алардын бу жерде аты-жыты калбасын билип турам.
— Бирок кааласан азыр деле кууп чыгам.
— Акча керек болуп турганда анткенин болбойт го.
— Болуптур, айылдагылар кандай экен, ошондон суйлочу.
Тамактанып алып, омуру жасабаган нерсеге бардым. Жолдун аркы ойузуно отуп, казинонун капталындагы складына баш бактым. Бирдей кок тустогу униформа кийген кызматкерлер оз иштери менен алек боло мага конул бурган эч ким болбоду. Эки жагын каранып, баарын эске тутуп калганга аракеттендим.
— Бу жакка чоочундарга киргенге болбойт. Сизге эмне керек? — деген ун чыккан жакты карасам муруту чычайган орто бойлуу киши мени олурая карап туруптур.
— Кечиресиз, — мен жылмая кайрылдым. — Мага Сыргабек керек эле. Мен жолдун ары жагында турам. Атым Бактыяр. Сыргабек да айткандыр, мен досу болом.
Тиги кишинин жузу жумшара тушту:
— Аа, ооба-ооба, айткан. Кечээ клубга барабыз деп аткан.
Мен тош чонтогумдон тамеки алып ага сундум.
— Кечээ экообуз тун ортосуна чейин айда билльярд ойнодук. Сыргабек пивону тим эле чакалап ичип койот.
— Мен да дайыма пиво ичем. Менин атым Доорон. Сыргабек мыкты жигит, азыркы кызматына татыктуу.
— Ооба, ал мурда боксчу болчу. Аскерде орто салмактагы чемпион эле. Чындап машыкса мыкты боксчу болмок.
— Сыргабек анысын айтпайт, бирок огуну бир мас тийиштик кылганда бир муштаса турбай калган. Анткен менен кара кучко салбайт, башкаларчилеп корсондобойт, аябай ак конул.
— Мен да аны менен мушташа койом деп уктап кала жаздагам. Бул ошонун фургонубу?
— Эмне? Мобу калдыракпы? Аныкы жапжаны фургон, тигине.
— Кой, мен барайын. Жолтоо болсом кечирип коюнуз.Сыргабек бугун эс алаарын унутуп калган турбаймынбы.
— Таанышканыма кубанычтамын, — Доорон жылмайып кала берди.
таш менен иштейт. Бастын дегиче чарылдап-чаркырап, оною менен токтобойт. Уну тим эле жаланкычтай ачуу.
Мен чекмелеп сурап отуруп озумо керектуунун баарын билип алдым да, созду башкага бурдум. Сыргабек футбол дегенде жантыгынан жата калат, Испания менен Португалия кантип таймашканын, канча эсеп менен суйуктуу командасы женип чыкканын жарым саат божурап отурду. Ал саймедиреп атканда мен мындан аркы кылаар ишимди ойлонуп алдым.
Кудай буйруса эптеп жанымды тишиме тиштеп бу сигнализациясын жарактан чыгарат окшойм, антпеске арга жок. Азырынча шек алдырбаш керек. Таланттан чындап оч алгым келсе, азырынча ага баш ийген, аргасы тугонгон неме болуп турганым он.
Жаныл кызарта кууруган балыктан жеп, кобурашып отурганда экоо шек санап калбасы учун бут аракетимди жумшадым. Эси-дартымдын баары сигнализацияны кантип очурушто болуп, мээмде толгон-токой ойлор кыжылдаганы менен кундогудой эле тамашалашып, каткырып бейкапар отурууга тырыштым. Сыргабек кетмек болгондо аны узатып чыгып, женилдей тушконсудум. Казинонун кенсесинде жарык куйуп турат, эмнегедир эшиктери ачык.
— Кундур-тундур эшигинер жабылбайт да.
— Негизи шеф жаап тургула деген. Болбой эле ачык калат, машинелер тынбай кирип-чыга берсе, аны ким улам ачып-жаап отурмак эле. Бирок оюн залдын эшиги такай кайтарылат, — деди Сыргабек.
— А бу эшиктерди кайтарган киши жокпу?
— Бул жумада Доорон кайтарат. Уйкучу неме туну менен танка тебелеп кетсе да сезбей уктай берет. Откондо тун оокумда баш баксам курулдатып конурук тартып отурат, каалаган машинемди тээп кете берсем деле билбей калмак.
— Койсончу, кантип билбей калсын?
— Билбей эле калмак. Ал да ошентип атпайбы, дурр этип от алганда эле ыргып турам дейт. Анын айтканы да туура, биздин короого баш багыш учун тоодой журок керек. Болуптур, мен жылдым.
— Эртен келесинби?
— Жок, эртен репетиция. Жекшемби келип кетем.
Сыргабек аялдаманы коздой басты, мен гараждын каалгасын бурама бурап беките баштадым.
Жаныбек акыры кулпулануу болмодон чыгып:
— Иштер кандай, жигит? — деди шыбырай.
— Ойдогудай, — деп жооп бере мен аны кыя отуп баратканда ал мени женден тартып озуно каратмакчы болду. Жиним келип, тумшукка бир койойун деп барып, кайра озумду токтотуп калдым.
— Эртен Талант келет. Эмне кылып атканынды айтып бересин уктунбу? — деп ал мени акырая карады.
— Макул, болгонун айтам.
Жаныбек тырыштыра кармаган женимди булкуп алып, кенсеге бет алдым. Мейли, мени колго алдык деп ойлой турушсун. Бир эле кыйт этишсе анан буларга коргулукту корсотом.
Тушко маал Талант чалкалай жашыл «Мерсин» айдап келди. Машинесинен чыгып да койгон жок.
— Отур, дос, аз-маз шаар аралап келели.
— Тилек, мен азыр келем, — дедим машинеге отуруп жатып. Отураарым менен Талант машинесин жулкунта айдап, Алмата кочосуно тушту. Аламудун базарынан отуп, Кант жакты коздой кеткен дангыр жолго чыкканча унуройо жолду тиктеп ун деген жок.
— Кана, планын барбы, дос? — деди акыры кунгуроно.
— Ооба качан кылышым керек?
— Бугун кечинде. А эмне болгон план?
— Казинонун чон дарбазасы туну бою ачык турат. Кароолчунун уйкусу катуу экен. Бизге керектуу фургон анын куркосунон окчун, гараждын аркы бурчунда турат. Не бар, не жок деп кирип коройун, байкап калса чай алып келгем дейм. Термоско чай куюп алып алам. Ойгонбосо фургонго барам да, кайра шырп алдырбай чыгып кетем. Сигнализация таш менен иштейт экен, бир-эки зымын узуп коюш оной болсо керек. Ошол, болгону.
— А зымдарын текшерип калышсачы. Анын жарабайт. Сигнализацияны толук жарактан чыгарсанчы?
— Текшеришпейт деле го, озун буза албайм. Мындан башка нерсе колумдан келбейт.
— Болуптур. Бирок бизди алдайм деп ойлобо, айтканды кылбасан эмне болоору эсиндеби?
— Эсимде, — мен кабагымды буркой бурк эттим.
— Баары жекшемби куну танга маал болгону жатат окшойт. Баалуу жук ошол куну жонотулот, ага чейинкилери аз суммадагы эле акча деп кабарлашты. Кызыл шапкечендер келгенде жылмайып тосуп алганга даяр бол, алар чу дегенде эле сени текшерет болуш керек. Билбейм деп келесоо боло бер. Асыл таштар биздин колго тийгенде шаарды туп которо тинтишет, коросун го. А сен кылмышка туздон-туз катышкан адамсын, ошону эсинден чыгарба.
— Силерди жургон деп Тилек айтып койушу мумкун.
— Эми Ал сенин ишин, менттер келгенче аны жок кыл. Бирдеме деп былжыраган болсо аялын суротторду да, кукурт кислотасынан бекер ширени да дароо алат. Уктунбу?!
— Ал баланы озум кетирем, — деп чечкиндуу айта салдым.
— О, мына, мунун эркектин созу. Баарын кылдат жасасан буйруса аркы жумада бизден кутуласын. Бирок тамашалайм деп ойлобо, окунуп каласын.
— Колумдан келгенин жасайм.
— Коробуз. Ошол бойдон корушпойбуз деп ишенем. Корушпогудой бололу…
Бурчтан тушуп калып, шылкыя басып уйго келаттым, оюмда Сыргабек. Аны кантип иштен алыстатам. Кол салуу жекшембиде болсо жанагы шайтан алгыр фургондо Сыргабек болбогону он. Ким болсо ошо болсун, мага баары бир, бирок Сыргабек анын ичинде болбойт, Таланттын башкесерлерине кабылбай эле койсун.
Менин баарынан мурда аткара турган милдетим — сигнализацияны иштен чыгаруу. Жанылды кантем, тун оокумда туруп кетсем ойгонуп алып, издеп калбаса экен. Кудай жалгап, бироо тормузу бузулган машинени таштап кетти, ошону шылтооломок болдум.
— Бу машиненин ээси отпускага кетип атыптыр, — дедим Жанылга, — эртенге чейин ондоп койом дедим, канча алышам белгисиз, бирок бутурбосом болбойт.
Кечки тамагымды ичип алып, гаражга бардым да, тормузду чечип салдым. Шымаланып ишке кириштим. Он бир жарымда иш илгери деп Жаныл жаныма келди.
— Сен жата бер, жаным, дагы копко кармалат окшойм.
— Чай ичип албайсынбы?
— Жок. Анан ичким келгенде озум кайнатып ичип алам.
— Макул анда, мен жаттым.
Он экиден отуп калганда ойдо чыгып, газга чай койдум, кайнаганда термоско куюп, ылдый туштум. Жаныбек мени коро салып:
— Кароолчу уктап атат окшойт, бир сааттан бери сыртка чыга элек, — деп шыбырады.
Кочого чыктым. Кыбыр эткен Жан жок. Эртеден кечке шуу-шуу этип ойдо-ылдый каттаган машинелердин ызы-чуусуна толгон кочо мемиреп тынч. Дабыш чыгарбай бутумдун учу менен баса жолдун аркы ойузуно отуп, кенсеге жонодум. Кире бериште чон жарык чанкайып куйуп турат, ал эми короонун калган болугу кунурт тартып барып, туп жагы таптакыр карангы. Ооганда тоо-ташты аралай тун жамынып чалгынга чыкканымдын эми минтип кереги тиймек болду. Аска-зоолордон серен этип коруно калган сакалчандарды бирден терип, буйткада жаткандай сезип кеттим озумду. Бирок бул жолу баары алда канча опурталдуурак. Жанылдын омуру бычак мизинде турат.
Колдорум калтыраган жок, журогум да адаттагыдай турсулдобойт. Мен озумчо эле бир алдына милдет коюлган темир жоокерче басып бараттым. Дооронбай байкап калса да шек санамак эмес. Жумуштан баш баккан немече эле жайбаракат кирип бардым. Сыргабектин фургонуна эки-уч кадам жетип жетпей тык токтодум да, эки жагымды карандым. Он жагымда айнектелген курко, анын ичинде чырак куйуп турат. Эки колу менен бетин басып креслодо Дооронбай отурат. Былк этпейт. Уктап атканы же ойго экени билинбейт. Эмнеси болсо да мени байкаган жок. Кабинанын эшигин акырын ачып, ичине шып кирип кеттим. Зажигалкамдын фонаригин куйгузуп, алаканым менен баса, кабинанын ичин карай баштадым. Айдоочу отура турган креслонун каршысында «тревога» деген жазуусу менен кызыл баскыч бар экен. Жапкычын бурап ачып, ичиндеги зымын бери тартып туруп, ортосунан уздум да, ширенкенин чийине эки башын толгоп койдум. Жапкычын кайра бурап жаап, колума тийген жердин баарын бет аарчым менен суртуп чыктым. Сыртынан караган адамга баскыч иштебей калганы байкалбайт, ичин ким ачып отурмак эле. Отверткам менен зажигалкамды чонтогумо салдым, ушунун баарын жасаганга эки мунот да кеткен жок.
Фургондун эшигин акырын туртуп, сыртка чыгаарымда дурулдогон дабыш угулду, короонун ичин жарык кыла машине кирип келди. Мен дароо арткы эшиктен кирип, былк этпей жатып калдым. Фургон менин артымдагы ээн жерге токтоду. Шопурдун:
— Дагы деле сасып уктап атасынбы, бекерпоз десе, — деп наалыганы угулду. — Уктаган жокмун! — деп Доорон нааразы боло актанып жатты.
Ал машине короого кирип келатканда козун ушалап, куркосунон жугуруп чыккан. — Уктабай эле козумду жумуп отургам.
— Бас эми кагаздарга кол коюп бер, — деп шопур экоо куркого жоношту.
Мен машинеден жылып тушуп, ууру мышыкча шырп алдырбай дарбазага жеттим да, сыртка чыктым. Эми дарбазадан кочого чейинки эки метрдей жерди басып отуш калды. Ал жерди столбанын башына орнотулган чон лампа жарык кылып турган. Дубалды бойлой басып, эки кадам жасаганда кобур-собур ундордон улам токтоого аргасыз болдум. Тиги экоо куркодон чыгып, дарбаза тушка келишти. Шопур Дооронбай менен коштошуп:
— Жакшы туш кор, Доке. Конурук тартпай уктасан, ха-ха-ха! — деп карс-карс кулду.
— А болуптур. Жакшы бар, эртен корушобуз.
Доорон шопурду дарбазага чейин узатып келип, ал узап кеткенче кежигесин кашый артынан карап турду. Анан куркосуно кирип, столго колун жаздана жатып калды. Мен дубал менен кошо дубал болуп, дем албай да калдым окшойт. Жарыкка чыктым дегиче Дооронбай байкап калчудай. Ошол дубалга жармашкан бойдон кыймылдабай тура бердим.
Жарым сааттай болуп калганда тиги конурук тарта баштады. Буттарым чымырап, кыжаалат боло баштагам. Акыры жарык жерден абайлап отуп, кочого чуркап чыктым. Айлана ээн, жымжырт. Гараждын босогосунда Жаныбек кутуп туруптур. Бети- башы жылтырайт, былчылдап тердеп кеткенби.
— Азаматсын, — деди мени далыга таптай. — Тигиге кармалып калдыбы дедим эле.
— Ал мени коргон жок.
— Баарын жасадынбы?
— Ооба.
— Гараждын эшигин бурама менен катырып, жарыктарды очуруп, уйго которулдум.
— Бактыяр!
— Уктай элексинби?
— Жок. Жолдун ары жагына эмнеге бардын? Менин буткон боюм муздап, оозум кургай тушту.
— Дооронго чай берип келдим. Суусады го дедим. А сен эмне мени кордунбу?
— Терезени карай салсам сен кетип баратасын. А Дооронун ким — Сыргактын досубу?
— Ооба. Душка тушуп албасам, усту-башымдын баары май болду. Жарыкты очурбо, макулбу?
— Тормуз эмне болду?
— Зымылдап эле калды!
— Жат эми, эс ал.
— Азыр…
Демобилизация болгондон кийин Сыргабек экообуз ата-энесиникине чогуу барганбыз. Атасы сексенге чыгып калды, апасы бир аз жашыраак. Сыргабек жалгыз уулу болгондуктан, Нарындын Ат-Башысында экоо жалгыз турушат. Сыргабек алар дегенде жанын бергенге даяр, ата-энеси да кара чечекей уулунун козун карашат. Ошолорду шылтоолоп, аны Бишкектен кетирейин деп чечтим. Карыган немелерди бул ишке аралаштырбай эле койойун дегем, бирок Сыргабектин алардан башка эч кимиси жок. Мал багып, айыл четинде жашаган кемпир-чалдын телефону жок. Кат-кабар да жетпейт, Сыргабек ошону айтып, сарсанаа болуп калчу.
» Экоонун бироо сыркоолоп калса эмне болот? — деп наалыганын Далай уккам. — Айылдагы уйго келгиле же шаарга мени менен тургула десем кошоруп болушпайт. Айта берип чарчадым, уккулары да келбейт». Саат кечки торттор чамасында бир кардарым телефон чалды. Телефон шынгыраганын Жаныл укканын билип, суйлошуп буткон сон трубканы коюп, анын жанына келдим да:
— Иш чатак. Сыргабектин апасы ооруп атыптыр. Азыр эле догдур телефон чалып, Сыргабекти тезинен келсин деди, — деп тунордум.
— Иий, жаман болгон тура… Анын кайда экенин билесинби?
— Билбейм. Догдур да чалып ала албай койдум дейт. Таппасак болбойт го мындай зарыл иш болуп аткан сон. Тилек иштей турсун, мен казиного барып сурап келейин. Мумкун чогуу иштегендери билеттир?
— Катуу бекен?
— Ошондой го? Тайып жыгылып, акыреги сыныптыр, карыганда сооктор да морт болуп калат эмеспи. Казинонун дарбазасына жетип, Дооронбайды чакырдым.
— Сыргабек кайда? Апасы ооруп калыптыр, тезинен уйуно келсин деп айттырып ийишиптир. Кайда экенин билбейсинерби? Дооронбай аябай капа болду:
— Ка-ап, каргаша деген ушу да. А Сыргабек уйундо болсо керек. Тунку кузоттун астында уйкусун кандырып аткандыр да.
— Аны качан койо бере алышат?
— Каалаган учурда уруксат сурап кете берсе болот.
— Анда мен уйуно барып, туз эле автобекетке алып жонойун. Жолдон калбай автобуска отуруп эрте жарыкта айлына жетип алсын. Чондорунарга айтып койосузбу. Ал келип суранып жургончо кеч болуп кетет го.
Доорон тайсалдай тушту:
— Инструкция боюнча озу баарын тушундуруш керек. Уруксатсыз кеткенге болбойт.
— Антип отурганча акыркы автобус кетип калбайбы. Ал жеткенче апасы ары карап кетсе эмне болот.
— Макул, озум айтып койом.
— Рахмат! Чо-он рахмат!
Сыргабектин батирине тепкич менен которулуп баратып, баарын дагы бир сыйра ойлонуп алдым. Сыргабек оною менен кенебеген, тынчсызданбаган адам эле, ал айылдаштарына чалып, ата-энесинин ал-акыбалын сурап жибербеш учун болгон аракетти жумшаш керек. Эптеп автобуска салып ийсем болду, эки-уч кун айылга барып келгенче бу балекет бир жансыл болуп калаар.
Сыргабек чолок шымчан дардайып керебетте жаткан экен, » Суперинфону» унуло тиктеп окуп жатыптыр. Мени коро коюп, башын которо:
— Ой, Баке, сен кайдан? Тынччылыкпы деги? — деп сурады.
— Жаман кабар менен келдим. Апан жыгылып, колун сындырып алыптыр, атан бугундон калбай келсин дейт.
Ал ордунан ыргып турду:
— Эмне катуу бекен? — дегенге аран жарады.
— Анын бетин ары кылсын. Дурус эле окшойт. Бол, тезирээк камын, акыркы автобуска илинип калаарсын. Мен бекетке чейин таштап койом.
— Мен ушинтип дароо эле жоноп кете албайм. Жетекчимден уруксат сурашым керек, тундо кузотко чыкмакмын да. Акыркы автобус канчада кетчу эле?
— Ой мен уруксат алып койдум. Дооронбайга айттым, ал баарын жайгарып койом деди. Бол, кеттик, жолоочунун жолдогусу жакшы дейт. Сыргабек шашып-бушуп кийине баштады.
— Баке, рахмат сага, чыныгы дос деген сендей болсо. Апамдын кырсыктаганын кайдан уктун?
— Атан мага чал деп догдурдан сураныптыр.
— Кайсы догдур? Апам эмне ооруканада бекен?
— Жок, уйдо дейт. Фамилиясын айткан, унутуп калганымды карачы.
— Матраимовбу?
— Ошондой го.
— Телефон чалып корбойсунбу?
— Убакыт тар. Акыркы автобус менен болсо да барып калат деп койгом. Карыган кишилерди жол каратпай барып калсанчы.
Муну укканда Сыргабек ого бетер калдастап кийим-кечесин пакетке салыштырып, даяр болуп калды. Батыш автобекетине жете келип, аны толоюн деп калган автобуска отургуздум. Жетип эле кайра тартса да эртен кечке жуук келет. Ага чейин баары бутот, байкуш досум аман калат!
— Баары жакшы болот. Жумушунан камтама болбо, аяш апам уулун короор замат сакайып кетет го, — дедим Сыргабекке колумду сунуп жатып, — жетээрин менен мага телефон чал, коп кабатыр болбо. Баса, акчан барбы? — деп сурадым да эки жуз сомдук сары кагаздан учту сундум.
— Рахмат, Баке, — Сыргабек ыраазылыгын билдире колумду кысты.
Бироо жарымга чалып жибербесе экен деп алаксыта ар кайсыны суйлой бердим. Автобус ордунан жылганда гана озумчо «оох!» деп ушкуруп алдым. Куда кааласа, баары мен ойлогондой болду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE