Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 1 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Эки күйөөлүү аял»

1 бөлүм.

 

Эмесе сөз башынан болсун.

 

Саадат Чоң-Кеминдин бир айылынан. Кудай кошкон жубайы менен он жылдай жашап, төрт баланын энеси болгон. Күйөөсү эл катары иштеп, бирде бар, бирде жок болуп, эл агымы өзгөрүлгөндө алардын турмушунан жарака кетип, жашоолору экиге бөлүндү. Эрди-катын кеңешип туруп, үйүнүн кызыл китебин барымтага коюп акча алышат. Алынган көп акча ай сайын тууп, көбөйүп баратты. Бир күнү алардын үйүнө бир аял менен бир киши келди.

 

— Саламатсыздарбы?

 

— Саламат, силер ким? — Саадаттын күйөөсү Темир аларды үңүрөйө карап суроо узатты, анткени Саадаттын акча алган кишилерин ал көргөн эмес.

 

— Биз процентке келдик эле, жок дегенде үстүн бербесеңер процентиңер көбөйүп, үйүңөрдөн айрылып каласыңар.

 

— Ал кандай акча? — деп Темир такыр укпаган болуп сурады.

 

— Эмне, аялың айткан жок беле? — деди өзүн Клара деп тааныштырган аял.

 

— Жок.

 

— Анда, иничек, — деди жанындагы эркек. — Мына бул үйдүн документин коюп, аялың бизден акча алган, эки жолу беш миңден, он миң алган.

 

— Анысын билбейт экенмин.

 

— Анда эки айдан бери бере элек, алты миң сом бересиңер, эртең келебиз, даярдап койгула.

 

— Көрөм го, аялым келсе сүйлөшөм.

 

— Даяр болсун, убара болбойлу, — деген Клара менен Бексултан жөнөй берди.

 

Темир ойлонуп калды: «Эмне кылуу керек, алты миңди берип койсок тынч жашайт элек, кайдан табабыз» деп ойлонуп отурганда Саадат келип калды. Ал күйөөсүнүн кабагы карыш түшүп отурганын көрүп:

 

Эмне болду? — деди кабатырлана.

 

— Эмне болмок эле, баягы акчанын үстүн бергиле деп келип кетишти. Эки айга алты миң болгон тура.

 

— Ошону берсек болмок, сен да иштебей койдуң.

 

— Каякка иштейм, же жалданайынбы? — Темирдин ачуусу келип кетти.

 

— Элдин эркектери иштеп эле жатпайбы.

 

— Анда ошол элдин эрине тийип ал!

 

— Ушундай кыялыңдан иштей албай жүрөсүң да, төрт баланы мен капка бууп багамбы?!

 

— Бакпасаң таштап сал, эртеңкиге алты миң сом таап кел, экинчи карыздарыңды көзүм көрбөсүн!

 

— Ошол карыздарды мен эмне талаага алып бардымбы, чогуу ичип-жегенбиз, — Саадат дагы тилин тартпай жиндене булкунду. — Сен деле иштесең болмок, жалгыз менин иштегеним балдарга жетеби же экөөбүзгөбү?

 

— Билгениңди кыл да, акча таап келип кой, үйдө тынч отура турган болоюн.

 

— Сен дагы изде, мен дагы издейм.

 

— Мен кайдан издейм?

 

— Кайдан билем, изде да.

 

— Эн-неңди, карасаң муну, — Темир аны жаакка бир койду. — Мени менен акыйлашкыча акча тапканды ойлонбойсуңбу.

 

— Ким берет, карызыбыз бар экенин билгендер бере коебу?

 

— Анда үйдөн жогол, качан акча тапканда келесиң!

 

— Эмнеге кетем?

 

— Ушинтип эле кетесиң, качан карызды төлөйсүң, ошондо үйгө киресиң, — Темир аны колунан сүйрөй сыртка чыгарып койду. Көзүнүн жашын көлдөткөн Саадат сыртта көпкө турду, дагы бирдеме десе күйөөсүнүн кызыл-ала кылып сабаарын билет. Канча турду ким билет, каш карайганда Темир анын кийим-кечесин алып чыгып колуна карматты да: — Башты оорутпай жолуңа түш да, карызды таап кел, ага чейин келбе! — деп эшигин катуу жаап кирип баратып, кайра минтти: — Балдарды көрөм деп ойлобо!

 

— Темир, менин күнөөм кайсы?

 

Анын сөзүн да уккан эч ким болбоду, Саадат кийим салынган пакетти көтөрүп, аргасыз башы оогон жакка кетип баратты. Тагдырдын бурганактуу бороону буюктуруп кайда алпарып таштаарын билбей көз жашы көлдөп, аялдаманы көздөй жөнөдү.

 

Саадат менен Темир мындан мурун да далай жолу урушуп-талашышкан. Даяр оокатка көнүп, керээлден кечке бош жатканы аз келгенсип Темир Саадатты сабап, тепкилеп да жүргөн. Баласы үчүн эне байкуш зулумга да аргасыз чыдап, баланын жашоосу, келечеги үчүн баарына кайыл болот эмеспи. Саадат дагы бүт өмүрүн балдары үчүн жумшоого даяр эле. Бирок ошол кезде балдары үчүн дагы бир башка эркекти алдап, анын жүзүн тик кароодон тартынып, чындыкты жүрөгүнө катып, аргасыз эки жүздүү болуп жашаарын билген да, туйган да эмес…

 

Саадат ызасын, ички арманын кулк эттире жутуп алып, бир таанышы аркылуу батирге орношту. Өзү бою пас, арыкчырай сары келин. Акыркы убакта каны аздыктын азабын тартып жүргөн. Адегенде тааныштарынын арты менен манты сатып, Аламүдүн базарына чыга баштады. Жумуш менен алаксып жүрсө да, балдары эсинен чыкпай, жеген тамагы кекиртегинен өтпөй түйүлө түшөт. Убакыт өтүп, бир аз акча топтогон соң анысын көтөрүп, балдарына келди. Ал кезде арадан бир ай өтүп кеткен. Темир үйдө экен, балдары жабалактап басып калышты. Эң кичүүсү Элина:

 

— Апа, чиш кетпейчишби, мен чишти чагындым, — деди ага асыла.

 

— Кызым, мен иштеп жатпайынбы.

 

— Иштейчишби?

 

— Ийи, сага кийим-кече, конфет үчүн иштеп жатпайынбы?

 

— Аа-а, Айка эжем, Тику акемдейге да апкелечишби?

 

— Ооба, кызым, баарыңарга алып келем.

 

— Атамачы?

 

Наристе апасын суроолуу карады, Эрди-катын экөө эки жерде үн катпай кенже кызынын быдылдаган тилин угуп, ошону менен бирге бул жансыз жашоолору кайда барып токтоорун сезбей отурушту. Ошол барышта Саадат карыз бергендерге акелеп-жакелеп үч миң сом берип кетти. Кара жанын карч уруп манты жасап сатып, андан кийин тааныш таап, дагы процент алып, карызына берип турду. Абдан кыйналды, ойлонду. Бир жагынан түйшүк жанын кейитип кан басымы көтөрүлүп ооруп калды, өңгөдөн да бир ныптасы кыймылдабай калганы зээнин кейитип, төшөк тартып жатып калды. Ошол учурда ага- иниси же бир туугандары андан кабар албады. Ооруканада жатып, эки ай дегенде бир аз басып калды. Ошентип азап менен тозоктун чеңгээлинен чыгып, тыңый баштаганда кайрадан түйшүк тартып манты сатып, базарга чыга баштады. Бир күнү аны менен чогуу жашаган келиндин таанышы жолугуп калып, көпкө сүйлөшүп туруп, кечинде келди.

 

— Саламатсыңарбы, кыздар!

 

— Кел, кел, Самат.

 

— Келип калдык, жигиттердин көзүн кызарткан, жалжал карап жанды кыйнаган, силердей келиндер үчүн келдим да? — Самат култуңдап күлүп койду.

 

— Келгениң жакшы, өзүбүз да зеригип отурган элек, — деп Алмагүл аны сырдуу карап койду. Үчөө Самат алып келген винодон аз-аздан ичип, куурдактан жеп отурганда эшик такылдап калды. Алмагүл чыгып кетип, ошол бойдон кирбеди. Саадат тартынып унчукпай отурган. Самат бойдок эле, ал ичке, арыкчырай ак жуумал келинди эптеп торго түшүрмөк болуп, ар кайсыны сүйлөп отурду.

 

— Саадат, сүйлөп отурбайсызбы?

 

— Эмнени сүйлөйм?

 

— Унчукпас оюн ойногон жокпуз го, бирдемени сүйлөй отур, өзүң жөнүндө…

 

— Мен жөнүндө угууга кызыкпай эле коюңузчу.

 

— Неге, адам бири-бирине кызыгуудан көп нерсеге туш болушат да, мисалы, сиз бойдок, мен да бойдок дегендей…

 

— Мен бойдок эмесмин да, иштеп эле жүрөм.

 

— Ошентсе да кобурашып, үйбүлөң жөнүндө айтып отур.

 

— Сиз сүйлөп бербейсизби?

 

— Мейли анда, сөздү өзүң башта дегени турасың го?

 

— Ошондой…

 

— Менин аялым өзүбүздүн эле көлдөн, үч уулум бар, бирок аялымдын аягы суюктугу экөөбүздү эки жакка бөлүп жиберди… — Самат дал ошол күндү көз алдына келтирип, терең ойго бериле отуруп айта баштады.

 

Самат он тогузунда бир кызды артынан жүгүрүп аябай бериле сүйдү. Кыздын аты Назира болчу. Акыры жүгүрүп жүрүп бир күнү максатына жетти. Кыздын көз карашы деле түз экен. Ошентип жаштыктын жалындаган алоо отуна күйүп, эки жаш сүйлөшүп калышты. Айдың көлдүн жээгинде, айлуу түндүн биринде экөө кыналыша бирге басып, көлдүн шарпылдаган толкунун тыңшап, келечек жөнүндө ой-максаттарын бир-бирине төгүп, махабаттын аруу сезиминде каалгып кетип баратышты.

 

— Назира, үйлөнүп албайлыбы?

 

— Самат, бир аз кое тур, мен окууга тапшырып алайын.

 

— Сени бирөө алып кетип калсачы?

 

— Ким?

 

— Деги да…

 

— Койчу, Самат, мени алып кеткен күндө дагы отурбайм.

 

— Ишенбейм, кыргыздын салты бар го таш түшкөн жеринде оор деген.

 

— Баары бир мен отурбайм.

 

— Ата-энең отургузуп койсочу?

 

— Алар антпейт.

 

— Окуп калганда мени таштап кетсеңчи?

 

— Кантип, сени сүйүп туруп таштап кетмек белем, сен мага ишенбейсиң, балким сен мени мен сүйгөндөй сүйбөйсүң? — Назира таарынып алдыга ылдамдай басты.

 

— Назира, таарынбачы, мен сени сүйгөндүктөн сенден айрылып калуудан корком, — Самат ага жете келип карыдан алды. — Андан көрө мени хулиган деп ата-энең бербей койсочу?

 

— Андай да, мындай да болбойт, мен кимди сүйсөм, жактырсам, ошого гана турмушка чыгам!

 

— Алтыным десе, мени таштап кетпесең эле болду.

 

— Дагы баштадыңбы?

 

— Болду, болду эми.

 

— Самат, сен чындап эле мени сүйөсүң, ээ? — Кыз ага айдын бүлбүл жарыгында жылмая карап сурады.

 

— Сени жанымдан да артык сүйөм!

 

— Жанынан да артык сүйүүгө болобу?

 

— Сөзсүз болот.

 

— Эгер мен көлгө чөгүп баратсам, мени куткарууга сүзгөндү билбесең да барат белең?

 

— Көлдүн кулуну боло туруп, сүзгөндү билбесем болбойт го?

 

— Деги да.

 

— Сөзсүз бармакмын.

 

— Эгер менин кинодогудай жүрөгүм алмашыла турган болсо же көзүмдү…

 

— Назира, андай жаман сөздү айтпачы, анын бетин ары кылсын, — Самат Назираны сүйлөтпөй оозун баса калды.

 

— Жок-жок, сен жооп берүүдөн качпа, ошондой болсо кантет элең?

 

— Андай болсо эч качан аянмак эмесмин!

 

— Чынбы?

 

— Чыпа-чын!

 

— Рахмат, — Ойноо, бала кыял кыз-жигитти бажырая караган айдын нуру экөөнө суктангандай эки жаштын артынан ээрчий карап кылайып төбөдө турду.

 

— Нази.

 

— Ийи.

 

— Сен дагы мени сүйөсүңбү?

 

— Ооба.

 

— Жарабайт, сүйөм деп айт! — Самат аны кучактай калды.

 

— Сама-ат, мен сени сүйө-өм! — Кыз кыткылыктай жүгүрүп жөнөдү. — Сама-ат, мен сени сүйө-өм, аябай сүйөм!

 

— Мен дагы, мен дагы сени сүйөм, Назира-а! — Самат анын артынан чуркап жүрүп, түнкү муздак аба чыйрыктырып үшүтө баштаганда гана үйлөрүн көздөй жөнөштү. Бул жолугушуу алардын акыркы жолугушуусу экенин оюнга тойбогон, жаштыктын кумарлуу деми делөөрүткөн жаштар кайдан билишсин. Кыналыша колтукташып, не деген таттуу кыялдарга жетеленишпеди, не деген максаттарды алдыларына койбоду. Самат кызды үйүнө узатып барганда да, бөлүнө алышпай көпкө турушту. Кыз жигитинин ийинине башын жөлөп:

 

— Сама-ат, — деди.

 

— Оов!

 

— Мен окууга өтүп калсам барып турасыңбы?

 

— Сөзсүз барам, сен окусаң, мен иштейм.

 

— Чын элеби? — Кыздын көздөрү жайнап кетти.

 

— Чыпа-чын!

 

— Күндө жолугуп турабыз, ээ?

 

— Ананчы.

 

— Мен сенсиз тура албачудай боло берем…

 

— Мен дагы, ошон үчүн үйлөнүп алсак болмок, өзүм эле окутуп алмакмын.

 

— Атам болбой жатпайбы, күйөөгө тийсең окубай каласың деп.

 

— Макул, окусаң оку, мен күндө кечинде жаныңда болом, күндүзү иштейм.

 

— Сөз бер?!

 

— Сөз берем!

 

— Анда… — Кыз мойнун созуп, согончогун көтөрө жигитин өөп коюп жүгүрүп кетти. — Жакшы ба-ар! — деп короосуна кирип көрүнбөй калды. Ошентип ошонун эртеси келген Самат Назиранын шашылыш шаарга кеткенин угуп, шалдая түштү. Көрсө, анын кеч келгенин көргөн атасы урушуп, түндөп даярдантып, таң ата машинасына салып, шаарга алып кетип калыптыр. Арадан бир жума өтпөй шаарга келген Самат анын кайсы окуу жайда экенин билбей убараланды. Өзү айткан окуу жайда жок болуп чыкты. Ошол жылы Назира биринчи курста окуп жатканда эле аны ата-энеси күйөөгө берип коюшту. Назиранын ыйлаганын да, сүйлөшкөн жигитим бар дегенин да, уккусу келбей атасы өзү макулдашып кызын берип ийди. Самат аргасыз сүйгөнүнөн айрылып кала берди, айылга кайра келип апасына:

 

— Апа, үйлөнбөйүнбү, жүрө беремби? — деди ызалуу, ошентсе эле баарын унутам деп ойлогон.

 

— Апей, балам, армияга барып кел, анан үйлөнөсүң.

 

— Аны да көрө жатаарбыз, үйлөнбөсөм болбойт.

 

— Макул, сүйлөшкөн кызың барбы, атаңа айтайын.

 

— Жок.

 

— Анан кимди аласың? — Эне күлүмсүрөй карады.

 

— Билбейм.

 

— Ошо кантип болсун, уулум, — деди эне акырын уулуна жумшак сүйлөп. — Ылайыктуу кыздар менен сүйлөшүп көр, анан көрөбүз да?

 

— Сүйлөшпөй эле алам.

 

— Эмнеге?

 

— Сүйлөшсөң, сүйлөшпөсөң да баары бир экен?

 

— Жо-ок, уулум, андай болбойт, сүйлөшүп көргөнүң дурус болоор… — Эне уулун ойлуу карап койду, ал баласынын ички сырын түшүнүп эле турду, баарын уккан.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE