Пример HTML-страницы

Айдар

https://kyrgyzcha.site/?p=44429&preview=true Кызыктуу окуялар.

 

Айдар Калыс атасын көргөндө кучактап жиберди. Аруукени, экөөнүн жакындыгын билген жалгыз адам ушул эле. Бирок ыйлаган жок. Жүрөгү дүк-дүк согуп, көздөрүнүн ичи жашка толуп турса да күч менен басып турду. Кичинекей экенине карабай кайгысын, муңун жашырганды үйрөнгөн эле.

– Айдарды жакшы карагыла, жол алыс. Ошентсе да…- башка эмне айтарын билбеди. Айдарды карап бешенесинен сылап буларды айтты.

– Балам, кайсы бир күнү туулган айылыңа келесиң. Мен силердин үйдү карап турам. Көзүм тирүү болгончо карайм. Сен эр жеткениңде бизге, айылыңа келесиң. Сен мыкты жигит болосуң, Айдарым!

– Болом, Калыс ата…

– Жолуңар болсун, жалгыздын жалгызын жакшы карагыла, куда-кудагый. Эрнис да бир айыл эркелетип чоңойткон кадырлуу адамдардын баласы эле. Тагдыры минтип калды,- карыя көп нерсе айткысы келди. Бирок айтканымды түшүнөбү дегенсип токтоп калды. Айдар таята-таенесинин жетегинде кетти. Артына кайрылганда серейген абышканын карааны турган экен. Көзүнө жаш толгонуна карабай, башын чулгуй алдыга басты. Анда атасында да, энесинде да жок сапат бар эле. Турмуш канча жолу жыгылтса, ошончо жолу кайра күчтөнүп турган адамдардан болчу.

ххх

Эмне деп айтарын билбей Калыс ата тунжурап отуруп берди. Эрнис анын жүзүнөн эле эмне болгонун билди.

“Айдарбы же Аруукеби?” деди ичи сыйрыла.

– Эмне болду?

– Айдарды тай жактары алып кетти. Баткенге кетишти. Жаңы эле узатып келдим.

– Аруукечи?

– Аны бирөөлөр асырап алышыптыр. Мындай учурда эч кандай маалымат беришпейт экен.

Эндирей түштү. Буттарынан ал кетип, шалак эте жерге отура калды. Ошол абалында бир топко чейин отура берди. Калыс атасы коштошуп, кантип чыгып кеткенин деле сезбей калды. Ушул күнгө чейин ал Айдарды жакшы көрөм деп ойлочу. Сүйгөн аялынан туулган үчүнбү, тун баласы болгон үчүнбү, ал дайыма Айдарды биринчи орунга койчу. Дал ушул мүнөттө гана кызы анын жанынын жарымы экенин сезди. Чачын алып жатканда эрдин кыса тиштеп отуруп бергени, тамак берсе ыраазы боло бетинен сылап койгону, тептегерек мөлтүрөгөн акылдуу көздөрү тартылды. Бакырып-бакырып алайын десе үнү чыкпады. Өмүрү кызын көрбөй каларын ойлогондо, ал атасы ким экенин билбей, таптакыр чоочун адамдардын колунда чоңоёрун ойлогондо куду жалын кирип кетип ичин өрттөп бараткандай сезилди. Камерада чогуу жаткандар аны таң кала тиктеп жатышты. Бир айдын ичинде кара чачтары бир талы калбай аппак болуп кеткен эле…

ххх

Айдар үчүн баары чоочун болчу. Кайсы бир сөздөр ага таптакыр жат эле. Чоочун адамдарды таята-таене дей албай кыйналды. Таякелери, алардын аялдары, балдары дагы бир жапайы жаныбарды алып келип койгондой аны сонуркап карашчу. Анан калса тайлары жөн гана адамдык милдетин аткарып койгондой, эч бир жакындык жок, иши кылып бир жээн жүрөт дегендей коомай карашчу. Бир гана таенеси…

– Айдар, сен эмнени жакшы көрөсүң?- деди бир күнү. Айдар ага түшүнбөй тиктеп калды.

– Эми велосипед тепкендиби, китеп окугандыбы, атка мингендиби?- Айдар бир нерсе деп айтайын деп бара жатып токтоп калды.

– Эч нерсени,- деди күңк эте.

– Апаңдын сүрөттөрүн көрөсүңбү, сенин курагыңдагы сүрөттөрү бар,- деди таенеси иши кылып бир нерсени сүйлөш үчүн.

– Мейли.

Алдындагы сүрөттөрдү тиктеп турду. Эки чачына бантик байланган өспүрүм кызды карап турду. “Ушубу менин апам?” деп койду оюнда кайдыгер гана.

– Ал аябай жакшы окучу. Мектепте ырдап, бийлеп да жүрдү. Балким, сен да ырдаганды жакшы көрөсүң…

– Жок, мен иштегенди жакшы көрөм. Мага бир иш таап бериңизчи,- деди ал таенесин суроолуу карап.

– Кандай иш?

– Билбейм, суу ташып, камыр жасап, нан кылып, короо шыпырып…

– Андай иштерди кылгандай сен кыз белең?

– Билбейм, мен бош отургум келбейт.

– Жеңелериңди көрдүң го, алардын баары ошол иштерди кылат, козум. А сен болгону ойно, жакшы оку, кээде таятаңа талаага жардам бер.

Айдар жаңы жашоосуна таң кала ийинин куушурду. Ал эс тартканы балдар менен ойноп деле күн өткөрбөптүр. Чоң энесине жардам берчү, кийин өзү тиричилигин кылчу. Бул жерде бир короодо үч келин жашайт экен. Бардык жумуштарды алар кылат. Үйдүн эркектери өз жумуштары менен, таятасы көп учурда үйдө. Бирок ал киши менен эч тил табыша албады. Такыр эле жат кишидей карачу. Сүрдүү, чоң киши эле. Калыс атасындай болуп тамашалап, Айдарым деп эркелетип, уктагыча элдик эпосторду окутуп, өзү майдалап түшүндүрүп эрмектебейт эле. Ойлоп көрсө, Айдардын эң бактылуу күндөрү өз айылында калган экен. Чоң энесин, Аруукени, атасын, Калыс карыяны эстегенде ичи күйүп кетер эле.

Бул жакта иш жок болгону үчүн Айдар эми жан талашып эле китеп окумайга өттү. Эч ким көрбөгөн, билбеген жерге барат да китеп окуйт. Анан да алма жеп отуруп китеп окуганга эмне жетсин? Таятасы алыстан Айдарды карап турду да, шуу үшкүрүп алды. Так эле кызынын көчүрмөсү. Ал дагы китептен баш көтөрбөгөн кыз эле. Бирок жароокер болчу, бул болсо көзүн ала качып сүйлөгүсү келбейт. Алгач небересин көрмөксөн, байкамаксан болгону менен, кийин балага билгизбей аңдыганга өттү. “Атасы кайсар да бир, баласы кайда бармак эле?” дегендей ой менен жүрчү башында. Жаңылыптыр. Акылдуу экени көзүндө турбайбы. Китеп алып бактардын арасына кирип кеткенин алыстан байкайт. Бир жолу байкап турса кичинекей небереси жыгылып кетти, эң биринчи аттап жетип Айдар тургузду. Кийимин күүп, чекесинен сылап бир нерселерди кобурап баланы сооротконун байкады. Шадыраңдаган берки неберелерине караганда башкача бала болчу.

– Айдар,- деди бир күнү.

– Ии,- бала жанына келип карап калды. Тикчийген курч көздөрүнөн жалтана түштү да, колундагы китепке көз чаптырды.

– Сен бул китепти түшүнөсүңбү?

– Ооба, “Сынган кылыч” бул.

– Сен өз жашыңа чак китептерди окусаңчы.

– Мен түшүнөм,- деди бала.

Колуна кайра китебин берип таята терс бурулду.

– Байбиче, бул балада бир нерсе бар. Биздин балдар менен деле жакындашып кетчүдөй эмес, райондун борборундагы лицейге берсекпи?

– Кантип ташыйбыз?

– Мен эмне иш кылат элем? Эртең менен алып барып, түштө курсагын тойгузуп, дагы бир спорт ийримине берсек кечинде келип калабыз. Мен ансыз да күндө эле районго каттап жатпайымбы.

– Өзүң бил, бирок жалгыз Айдарды ал жактан окутсак уулдарың таарынбас бекен?- деди аялы сактана.

– Антпейт, “жетим көрсөң маңдайынан сылап өт” деген пайгамбарыбыздын сөзү бар. Уулдарыңдын балдары ата-энесинин маңдайында тайраңдап жүрөт. Ушул мектептин алдыңкылары болуп алсынчы.

Бул үйдө таятанын чечими мыйзам болчу. Өзү өмүр бою аскер адамы болуп жүрүп пенсияга чыккан. Айдардын тагдыры ошентип чечилди да калды. Таятасынын эски унаасына түшүп, районго мектепке кетип баратканда берки балдардын ичи күйгөнү, ай. Кызыгы, Айдар өзү үчүн жасалып жаткан бул аракетти сүйүнүп деле кабыл албады. Баланын мээсинде бир гана ой бар эле. “Арууке кантти? Менсиз ким менен уктап жатат? Төшөгүнө сийип койсо эч ким урбады бекен? Чачын ким өрүп берип жатат?” Ал эми анын жолдуулугуна ичи тарып жаткандар анын тозогу эмне экенин эч билишчү эмес…

 

 

Таята унаасында бараткан кара тору өспүрүмдү тиктесе, Айдар терезени тиктеп бара жатты. Бул куракта балдар бир нерсеге сонуркап, кызыгып, сүйүнүп карайт эмеспи. Айдар олуттуу карачу. Ойлонуп, ток этер жерин айтат. Мектебине жеткирип чайканалардын бирине токтогон таята теңтуштары менен чай ичип отурду.

– Эр тайын тартат деген чын окшойт, ээ, Саке, мадыра баштарыңдын ичинен ушул ташып жүргөн балаң сени тартыптыр. Куюп койгондой окшош экен сага.

– Аа, билбейм,- деп койду жөн салды гана таята. Бирок көкүрөгүн жылуулук аралап өттү.

– Атасы кайда экен мунун?- деди тигил абайлай. Жарасына бирөө тийгендей чекеси тырыша түштү.

– Түрмөдө.

– Эмне болуп түшүптүр?

– Киши өлтүрүптүр.

Тигил андан ары сурагандан ыйбаа кылдыбы, токтоп калды.

Таята менен небереде бир жакындык пайда болду. Үстүнө үйрүлүп түшүп деле мээрим төгүп жибере турган адам эмес эле. Бирок Айдар ал үчүн кызыктуу, табышмактуу бир китептей. Эмоциясын ката билгени, карындашы тууралуу бир ооз сөз сүйлөп койбогонуна таң калчу. Ийримге кирип кеткенинде оозу ачылып турган рюкзагын жаап коёюн десе жерге түшүп кетти. Китеп-дептерлери чачылып жатып калды. Жыйнап жатып ар бир дептердин арткы жагына тартылган сүрөттү көрүп селейе түштү. Ар бир баракта серейген кичине кыздын сүрөтү жана жылкы тартылган экен. Ичинен тына түштү.

Айдардын туулган күнү жакындап калган. Таенеси айланып кагылып тургузуп, бетинен өөп чайын берди.

– Эмнеге кайра-кайра өөп жатасыз бетимден, таене?

– Бүгүн туулган күнүң го, козум.

Айдар уялып кетти. Дендароо боло түштү. Негизи анын туулган күнүн эстеген деле адам болчу эмес. Чоң энеси деле муну майрам катары көрчү эмес да. “Ислам дининде туулган күндү майрамдабайт” деп койчу. Кийин атасы деле элес албады. Бирок Аруукенин туулган күнүндө атасы аларды шаарга алып чыккан эле.

– Эмне болду, козум?

– Эч нерсе.

Ал дагы эч нерсе эмес болчу. Баары түштөн кийин башталды. Эшиктин алдына таятасы кунан алып келди. Балдар дароо чогулуп калышты. Маңдайында кашкасы бар, жалы капкара, териси жылтырап турган жаныбар экен.

– Муну эмнеге алып келдиңиз, ата?- деди таякеси таң кала.

– Айдарга.

Таякелери, жеңелери, алардын балдары таң кала тиктеп турушту.

– Ой, эмне үрпөйдүңөр анча? Мен алып бара албай калганда өзү бара берсин дедим. Ал минбегенде башкасы минип турат.

– Короого мал карматчу эмес элеңиз, ата, бир аз таң калтырдыңыз.

– Демек, алжып баратканым ошол.

Таята кыжырланып кетти. Бир топтон кийин гана Айдарды чакырды.

– Мен келдим, таята.

– Келсең жакшы. Мин, кунаныңа. Туулган күнүңө белек.

Айдардын оозу тигилердикинен да жаман ачылды.

– М-магабы?

– Сага, карачы мунун ээрин да атайы чаптырып келдим. Камчысын да элик сап кылдым.

Таята өз ишине корстон боло баланы тиктеп турду. Кызык, таятасынын көзүнөн бир жылуулук учуп өттү. Демек, Айдар жаңылган тура. Таятасы аны аябай жакшы көрөт тура. Анын кыялын ал кайдан билип койду экен. Айдар биринчи жолу чын жүрөгүнөн жылмайды. Чылбырды кармап, жылкы жаныбардын жалынан сылап турган бою узун бул адамды өзү да аябай жакшы көрөрүн сезди. Кучактагысы келди.

– Рахмат сизге, таята.

Айдар биринчи жолу таята деши эле. Бажырая тиктеп турган небересинин жүзүнөн кызын көргөндөй болду. Дал ушинтип жароокер тиктечү, атасынын кызы болчу Асия. Айдарды бооруна кыса күбүрөнүп алды, “жаман энеңе окшоп калганыңды айт” деди.

ххх

Жашоо жыргал. Кунанынын атын Рыцарь атап алган. Тез көнүшүп кетишти. Мектептен келери менен ошонун жанында. Өз колу менен чөбүн салып, суусун берип, таятасы үйрөткөндөй, жонун кашып берет. Анан ээрин тыкыйта токуйт да, дарбазадан акырын алып өтүп, тоо тарапка чаап жөнөйт. Айдардын дүйнөсүндө таятасы, таенеси, анан ушул жылкысы эле бар болчу. Арууке кеткенден кийин башка эч бир адам менен жакындаша албады. Аттын ээрин алып тушап коюп, китебин алып чыкканда эки-үч бала пайда болду. Бири таякесинин уулу Кадыржан болчу.

– Ии, чилистен, жатасың анан?- деди ал кекээр сүйлөп.

– Жок, китеп окуп жатам.

– Кунаныңды мага берчи, биз бир аз чаап келели.

– Азыр эле келдим, тери бир аз суусун.

– Тери жок эле турат. Шылтоолобочу. Тигил тушоону чечкенге аракет кыла баштады.

– Тийбе дедим.

– Болбосо эмне кыласың, түрмөдө жаткан атаңа даттансаң да келбейт ал. Билесиңби, түрмөдөгү адамдар келбейт.

Айдар эмне дээрин билбей калды. Өзүнөн эки жашка улуу бала болчу. Мурунтан деле алыш-бериши жок болчу. Бул эмне минтип калганына акылы жетпей турду.

– Кадыржан, мен сага бербейм кунанымды. Таятам аны мага берген.

– Өз кулагың менен уктуң беле, кээде биз дагы минсек болот деген. А сен өзүмчүл окшойсуң.

– Азыр бербейм.

– Сенден сурап отурмак белем, тентиген көлдүк.

Айдарга сөздөр камчы менен чапкандай тийди. Ошентсе да чыдап турду. Тигил токточудай эмес, энесин-атасын кошуп жаман сөздөр менен сөгүп жиберди. Ага да ыраазы болбогондой бет талаштыра уруп жиберди. Айдар эми токтоно албай калды. Тигини болгон күчү менен уруп, тээп, сүйрөп былчылдата сабап баштады. Ичинде бир жапайы күч ойгонуп кеткенсип эч кимге ээ-жаа бербей буркан-шаркан түшүп жатты. Бүтүндөй жыйнаган ызасын, кайгысын, жоготуусун Кадыржандан алчудай албууттанды. Жанындагы балдар даай албай тиктеп туруп качып жөнөштү. Чуркап барып таятасына кабар беришти. Ал келгенде эки небереси дагы деле былчылдашып жатышкан экен.

– Атаң көрүнүн балдары, кантет булар?

Кадыржан чоң атасын көрөрү менен жалтаңдай түштү.

– Өзү баштады… Мен эме… Тигил…

Таятасы Кадыржанды үйүнө жиберди да, Айдардын жанына келди. Сөз айтса дирилдеп ыйлап жиберчүдөй. Көкүрөгү энтигип турду.

– Эмне деди?

– Тентиген деди. Атаң түрмөдө деди,- ызасы көкүрөгүн жарып кете тургандай араң сүйлөдү. Таята анын жалын чачкан көздөрүн карай албай терс бурулду.

– Жүрү, бети-башыңдагы канды жууп ал. Таенең көрсө капа болот.

Кунанды жетелеп күн батып баратканда таята менен жээн жолдо бара жатты.

– Атам жаман киши эмес болчу, таята. Ал болгону жинин башкара албай калчу.

– Билем,- деди таята кыска гана.

– Сиз дагы аны жаман деп ойлойсуз го. Ошол үчүн айттым.

– Сен баарын чоңойгондо түшүнөсүң, азыр сага эмне дейин. Болгону атаңа окшобой жиниңди кармаганды үйрөн. Ыза курутат, балам, ызанын көзү көр, кулагы дүлөй. Куду азыр сенин кылыгыңдай. Ооздуктаганды үйрөн.

– Апам эмнеге мени издебейт, таята?

Таята чындап эмне дээрин билбей калды. Үн ката албады. Укмаксан болду. Дайыма ушундай. Апасы тууралуу кимден сурабасын укмаксан болушат. Көздөрүн ала качышат. Эч ким эч качан ал тууралуу жооп бергиси келбейт.

– Мен чоңойгондо баары бир ага жолугуп сурайм, таята. Апамдан мени эмнеге издебегендигин сурайм.

ххх

– Бул эмне деген жорук? Кечээги келген бала Кадыржандын мурду-башын түздөйт деген эмне шумдук? Атам аябай эркелетип жатат бул баланы. Теңирин тааныбай калды. Апа, атама айтпасаңыз мен айтам. Биздин бала эмес, 10 жылдан кийин табылган жээн кымбат болуп калдыбы?

Аны райондун борборуна ташыды унчукпадык, кунан мингизди унчукпадык, эми баламдын башын жарып салса да унчукпай жүрө беребизби?

Албууттанып жаткан келин токточудай эмес…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE