Пример HTML-страницы

Туткун кыз 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

 

4-БОЛУМ

 

КАНДУУ МУШТАШ

 

Чын эле Диананы көргөндөн көрө элеги көп экен. Түнкү саат эки чендерде камерадагылардын баардыгын «прогулкага» короого алып чыгышты. Кыздардын көп экендигин Диана ошондо биринчи көрдү. Кеминде эле жүзгө чукулдап барып калат экен, кээ бирлери эки-үчтөн болуп, кээлери жалгыздап өзү менен өзү сүйлөшүп

ээндеп басып жүрөт. Эки-экиден чарпыша кетишип, ортого түшүшүп арачалап, ажыратып кеткендер да болуп жатты. Жалаң он алты, он жети жаштан жыйырма беш жашка чейинки жаш кыздар экен. Болгондо да ар кайсы улуттагылар.  Бул жаш кыздар жалаң эле Кыргызстандын жеринен эмес төгөрөктүн төрт бурчунан алынып

келинген кыздар экенин Диана кийинчерээк билди. Адегенде ар кайсы улуттагы ар кандай тилде сүйлөшкөн кыздарды көрүп таңгалып жүргөн. Бири-бирин жек көрө карашып, жактырышпай, орой мамиледе болушуп, бир нерсе болсо эле жырткычтарча тытмалашып кеткенге даяр болуп тургандай сезилип жүрдү. Диана, Саулем, Зульфия өздөрүнчө бир бурчта сүйлөшүп турушкан. Бир кезде күтүлбөгөн жерден эле эки кыз жакалаша кетишти.

— Во, башталды, жүрү көрүп турабыз, кимиси жеңээр экен, — Зульфия тигилерди күтпөй эле экөөнөн бөлүнүп топтошуп бир жерге үймөлөктөп жатышкан кыздарды көздөй чуркап кетти. Анын артынан экөө да жетип барышты. Корей кызы менен орус кыз экөө мушташып жатышыптыр:  Кыздардын мындай мушташын

Диана биринчи көрүшү, тим эле эркектерден да катуу, жырткычтарча мушташып киришти. Экөөнү заматта кыздардын баары курчап алышып кыйкырып жатышты.

— Сок, бетке ур!

— Ичке теп, чачын жул!

— Тумшугун канда!

Экөө кадимкидей бири-бирин муштум менен муштап, бут менен тебишип, чачтарын жулуп бок ооз сөздөр менен сөгүнүшө ызырынышууда. Аларды эч ким ажыраткан жок, тескерисинче бири-бирине кайра тукуруп ыраазы боло карап турушту. Демейде келип резинка союл менен чапкылап сабап калчу лөкүйгөн көзөмөлчү аялдардын бири да басып келип экөөнү ажыраткан жок. Тескерисинче ары жакка туруп алышып, өздөрү да кызыга карап турушту. Анча бийик эмес секичедеги кичине үй ичинде ар бир кыздардын кыймыл-аракетине

көз салып турган автоматчан жигит дагы булардын мушташын жыргап көрүп атты. Бир кезде экөө чачташып

калышты. Орус кыз корей кызын чачтан төмөн карай басып тизеси менен бетке тепкилеп кирди. Корей кызынын мурдунан кан атып кетти, ошентсе да ал моюн берген жок. Шап эте тигине тизеден кош

колдоп кармады да тапатак көтөрө ордунан турду. Анан тигини кайра жерге көтөрүп урду. Орус кыз баары бир чачын бекем кармаган боюнча коё берген жок, цемент жерге катуу жыгылды эле жулунган чач колуна уушталган боюнча кетти. Ордунан туруп келатканда корей кызы тигини моюнга тепти, ал чалкасынан

кулай кайра ордунан турууга аракет кыла баштады. Туруп келатканда бетке жеп кайра чалкасынан жыгылды. Дагы бир жолу керилип туруп бетке тебээрде орус кыз тигини буттан кармап калганга үлгүрдү. Корей кыз

чалкасынан кулай экөө жерде тытышып жатып калышты. Улам биринин үстүнө бири чыгат да муштумдары менен башка, көзгө, бетке ургулашат. Экөөнүн тең бети- баштары жарылып, мурдуларынан кан кетти. Кийимдери айрылып, чачтары уйпаланды. Аларды айланада топтолушуп карап тургандар байыркы Римдеги

гладиаторлорду согуштургандай экөөсүнүн кимиси жеңээр экен деп ызы-чуу түшүшө кыйкырып жатышты. Улам биринин үстүнө бири чыгып муштагылап атышып, экөө тең аябай чарчашты, бирок бири-бирине моюн сунгулары келбей турушту. Мушташууну уланта беришти, бир да бирөө ортого түшүп арачалаган жок. Тээ бир далайдан кийин мас кишидей экөө тең темтеңдеше ордуларынан турушту. Орус кыз күүлөнүп келип тигини бетке урду эле корей кызы чалкасынан кетти, ордунан туруп өзүнө жакын келип калган орус кызды буту менен ичке тээп калды. Ал өзөрө жерге тизелей бөктүшө кусуп жиберди. Корей кызы дагы бир жолу бетке

тепкенде тигил чалкасына кулады. Шашыла ордунан туруп келатканда үлгүртпөй үстүнө минип алды. Анан муштуму менен бетке тындырбай ургулай берди. Адегенде орус кыз колу менен бетке урдурбоого аракет кыла

тосуп атты эле акырындап дарманы кете колу менен да бетин тосо албай калды. Эс учун жоготуп сулк жыгылды. Ары жакта булардын мушташын кызыгып карап турушкан көзөмөлчү аялдар жетип келишип, корей кызды тигинин үстүнөн көтөрүп тургузушту.

— Довольно, давай тиякка барып бети-башыңды жуун. Бери жактагы кыздар кол чапкылашып корей кызын кубаттаганга өтүштү.

— Браво, браво, молодец.

Анан өз ара талашып-тартышып бири-бирине акча бере башташты. Диана эмне болуп жатканына эч нерсе түшүнгөн жок. Камерасына келгенде Зульфиядан сурады.

— Эмне себептен аларды ажыраштырган жоксуңар?

— Ажыраштырганга болбойт, анда эки жаат болуп мушташып кетиши мүмкүн. Экичиден анда баардыгы кызыктуу «зрелищеден» кур калышат. Ушундай мушташтарды көргөндө «бой без правила» мушташын көргөндөй болобуз.

— Эмнеге бири-бирине тияк жактагыларга көргөзүшпөй акча берип жатышат?

Тигилер мушташа баштаганда карап тургандар кимиси утат деп ортого акча ташташып өз ара мелдеше башташат. Уттургандар уткандарга акча беришет.

— Акчаны кайдан табасыңар?

Көзөмөлчүлөргө билгизбей тигил өздөрүнүн клиенттеринен өөнөп калган акчалары.

— Тигилерге билгизбей акча өөнөп калса болобу?

— Анын баары өзүңдөн зависит этет. Коркпой эр жүрөктүүлүк кылсаң акырындап акча өөнөп алсаң болот. Өткөн жолу Мария деген кыз тигилерге билгизбей жүз долларга жакын акча чогултуптур,  бирок көзөмөлчүлөргө кармалып калып алардан өлөөрчө тепки жебедиби. Жарым айдай ооруканада жатып чыкты.

— Ооруканаңар барбы?

— Эки бөлмөлүү өзүнчө камера бар, бул камерадан эч айырмасы жок. Оорулууларды ошол жакка алып барып жаткырышат. Атайын врачтар бар, ошолор көзөмөл салып дарылар карап турушат. Ал жакта оорулуу кыздарды көпкө деле жаткырышпайт, анча-мынча айыгып келатканда эле дароо чыгарышат.

— Ооба, өлүп калсак дагы биздин эч кимге керегибиз жок. Өлүп калсак этибизди барчалап, майдалап тигил короо ичин кайтарып турушкан иттерине жем кылып беришет, же жанагы мен айткан кислотага салып эритип жиберишет…

— Мунун баарын кайдан билесиң?

Диана ишенбегендей таңгала сурады.

— Ээ мен билбеген эч нерсе калган жок, — Саулем мактана сүйлөдү. Бул жакка келгеним аз болсо да короо ичиндеги көп нерселердин баарын «изучать» этип чыктым. Кайсы жерде эмне бар эң жакшы билем.

— Акырын билгизбей жер алдынан өткөөл жасап качып чыкканга болобу?

— Албетте болбойт, карабайсыңбы короо ичи бүт цемент, топуракты таштаганга жер жок. Анын үстүнө тигил адамды бөлө тартып, жарып жиберчүдөй болгон иттерди карабайсыңбы. Качканга эч мүмкүнчүлүк бербейт.

— Мм-де демек түшүнүктүү.

— Эмне болду?

— Качып чыкканга мүмкүн эмес экен да.

Дианага Саулемдин «өлүп калсак этибизди бырчалап иттерине тамак кылып берет» деген сөзү жаккан жок. Өзү менен өзү сүйлөшүп жатты «неужели булар ушунчалык жырткычтыкка барышат. Булар адамбы, кимдер?» Убакыт түштөн ооп төрттөргө чукулдап калганда дайыма хатадагы кыздарды «разводко»  деп чоң залга алып кетишет да Диананы камерага жалгыз калтырып коюшат. Разводу кандай экенин, ал жакта эмнелер айтылаарын эч нерсесин билбейт. Камералаш Зульфия менен Саулемден сураса «ал эмне экенин

аман болсоң өзүң көрөсүң» деп айтпай коюшкан. Бул жолу бардыгын разводко алып чыгып атканда хатанын көзөмөлчүсү,  толмочунан келген аял Дианага басып келип анча чоң, калың эмес китепчени алдына таштады.

— Ме момундагы уставдардын,  эрежелердин баарын оку, изучай, жатка билгендей бол. Эртеңден баштап сурай баштайм. Биринчи бөлүгүн жаттап кой, билбесең сенде уйку жок, таң атканча уктатпай жаттаттырам, уктуңбу? Бекер тамак ичип, бакма тооктой болуп, бездельник болуп бүттүң. Аны бакма тоокко теңеп урушканы менен хатада бир мүнөт да тыным алдырчу эмес. Ал жерде өзүнө окшогон үч жаш кыз калышчу.

Узунунан кеткен үч хатанын ар бир камераларын үчөө таптаза кылып жууп чыгышчу. Таңга жуук сырттан келе турган кыздарга тамак даярдашчу. Аларды ашканада картөшкө, пияз аарчып жатканда да тынчтык беришчү эмес, ары-бери жакка тындырбай жумшай беришчү. Анысынан да короодогу буларга көзөмөл салып турушкан

эркектердин асылганын кантесиң. Өтүп бара жатышканда жөн кетиришпей көчүк баштарын кармалап, сандарын сыйпалап жиберишип, кээде баса калып өпкүлөп анан кайра кое беришип, чуркап бараткан жаш кыздын артынан каткырып күлүп, узата карап калышчу

Иштеринин баарын бүткөрүп өзүнүн камерасына келгенде алиги көзөмөлчү аял берген уставды башынан баштап аягына чейин көз жүгүртүп чыкты. Устав эки бөлүктөн турат экен. Биринчи бөлүмү түрмө ичиндеги ар кандай кыймыл-аракеттерге тыюу салуулар. Мисалы бири-бири менен сүйлөшпөө, короо ичинде кыйкырбоо, өз алдыча басып кетпөө, жандарына артык баш буюм алып жүрбөө, көзөмөлчүлөрдүн айтканын кың дебей жасоо, айтор толгон-токой пункттары бар экен. Биринчи бөлүктүн экинчи жарымында ар бир пункттагы эрежелерди бузса аларга кандай жазалар колдонот бардыгы көрсөтүлүптүр. Аларды окуп жатып өткөн жумадагы окуя көз алдына тартыла түштү. Түшкү саат эки чендерде кыздардын бардыгын прогулкага алып чыгышканда жашы он алты, он жетиге келип калган жаш кыз дубалдын ары жагында сыртта жүргөндөрдөн бирөө жарымы угуп калаар бекен ниетте күтүлбөгөн жерден болгон күчү менен бакырып кое берген.

— Оо эл-журт, барсыңарбы? Бизди туткун кылып өлтүрмөй болду, куткарып калгыла!

Ары жактан үч-төрт эркек чуркап келишип аны резинка таяктары менен сабап, буттары менен тепкилеп жатып калышкан. Тигил да болгон күчү менен каршылык көрсөткөн. Бирок далдайган эркектер аны эси-көөнүнөн калгыс кылып тепкилешип, качан гана кызыл жаян кан болуп эс-учун жоготуп жатып калганда экөөсү эки бутунан кармап, ары көздөй сүйрөп кетишкен. «Камера пытка» дегенине алып кирип алышып бир жума бою кандай гана азаптарды көрсөтүшпөдү. Короонун сыртындагылардан жардам сурап кыйкырып деле пайда жок экен. Түрмөдө кызмат өтөгөндөрдүн барына түрмөнү айлана курчап турган үйлөрдүн бирин да калтырбай акырындап сатып бериптир. Ал эми анда мурунку жашаган адамдарды болсо борбор шаардын дал эле ортосунан бардык шарты бар көп кабаттуу үйлөрдөн сатып берип, бал сөзгө салып алдап, бирин да калтырбай көчүрүп жиберишиптир. Диана уставдын экинчи бөлүмүн барактаганда «Бул түрмө эмес эле тозок турбайбы» деп эки көзү алая, төбө чачы тик турду. Анда түрмөдөн тышкары дагы башкача уставдары бар болчу. Разводдон кийин бул жактагылар түнкүсүн өздөрүнүн ресторан, кафелерине,  сауналарына чыкканда кандай алып жүрүүлөрүнүн эрежелери бар экен. Эгерде ал эрежелерди буза турган болушса кандай жаза күтүп турары жазылыптыр.  «Бул менчик түрмө өзүнчө эле эч кимге баш ийбеген кичинекей мамлекет турбайбы. Өздөрүнүн закону, өздөрүнүн уставы, программасы, кызматкерлери ал эми биз болсок кулдардан эч айырмабыз жок. Албетте түрмөнүн көп окшоштуктары да бар. Окшоштуктан айырмачылыктары көп. Тикенектүү бийик короо дубалдын ичи, түрмө хаталары, камералары эле түрмөгө окшошпосо башка эмне окшоштуктары бар. Эркинен ажыраган «бас» десе басып, «тур» десе туруп, «жат» десе жатып, кың дебей баш ийген жалаң мөлтүрөгөн жаш сулуу кыздар. Мында иштеген кызматкерлердин бардыгы өздөрүн өздөрү билишип каалагандарын жасашат. Тоокторду баса калган короздордой тырпыратып баса калып зордуктап салышса дагы көрмөксөн, билмексен болуп коюшат, кайра бири-бирие ыраазы болгондой карашат. Бул менчик түрмө эмес, бул жаш сулуу кыздар кокусунан кабылчу тирүүлөрдүн тозогу. Тиги дүйнө тозогу менен эч

айырмачылыгы жок. Оо Кудайым, ушундай да жашоо болобу? Шаарга неге келдим экен». Диана өзүнө тапшырылган уставдарды жаттап жатып ушул жакка кабылган тагдырына нааразылана,  турмушуна кайгырып жатты.

 

У.б

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE