Пример HTML-страницы

ТУРУКСУЗ МАХАБАТ

https://kyrgyzcha.site/?p=55340&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУРУКСУЗ МАХАБАТ

 

Жайдын толуп турган кези болчу. Асманда токумдай булут жок, күн чакчайып

тийип турган. Абдылда чарчап келип, кызын эркелетип сөөрүдө жайбаракат отурганда

дарбазанын түбүнө жеңил машина келип токтоп, сомодой эки милиционер кирип

келди.

– Ормонов Абдылда сизби?

– Мен.

– Анда кийиниңиз, биз менен милицияга барасыз.

– Эмнеге?

– Барганда билесиз. Тез кийиниңиз.

Күндүн ачыгында асман айрылып, булут жарылып чагылган чарт деп түшкөндөй

эле болду. Абдылда эмне болуп кеткенине түшүнбөй, эмне кылаарын билбей калтарый

түштү. «Чакыртса өзү деле барат элего, айдатып баргандай анчалык эмне күнөөсү

бар?» деп Нурзат чебелектеп сураса алар кыска гана «билбейбиз» деп жооп айтты.

Законго баш ийип кийинип милициянын астына түштү.

Абдылда мектепте балдарга сабак берет. Бүгүн чарчап, башы ооруп, жаны

кыйналып, сабагын берип бүтөр менен үйгө келген. Чай ичип, эс алып жатайын деп

ойлогон. Бирок күтүлбөгөн окуяга капталып санаага батты. Машинада кетип

баратып:«Ууру кылбасам, ушак сүйлөбөсөм, бирөө менен урушпасам эмне күнөөм

бар?» деп ойлойт. Ары ойлоп, бери ойлоп баягы эле иштеген ишине такалат. Болгон

күнөөсү балдар сабак билбесе, сабакка даярданып келбесе, тентектик кылса опузалап

тилдеп коймою бар. Балким ошол балдардын ата-энеси арыз берген чыгар деп түш

жоруйт. Санаага алдырып, ой тоону ойлогончо келчүү жерге келип калышты. Капитан

жигит началнигине алып кирди. Чоң үстөлдү кучактап отурган милициянын

полковнигин көргөндө огобетер сүрдөп жүрөгү түшүп калды.

– Отуруңуз Ормонов, – деди полковник сүрдүү тиктеп.

Абдылда начальник көрсөткөн отургучка отуруп оозун тиктеди.

– Кана сүйлө!

– Эмнени сүйлөйм?

– Мурунку кетирген аялыңыздын аты Гүлмайрам беле?

– Ооба.

– Ал аялдан Азат деген бир эркек балаң бар беле?

– Ооба.

– Ал бала кайда?

– Энесинде. Энеси мен жокто алып кетиптир. Ошо бойдон анын үйүндө, келген жокКалп! – деди полковник ордунан туруп, – ал үйдө бала жок. Аялың уулумду

мурунку эрим Ормонов Абдылда уурдап кетти, алып бериңиз деп арыз жазыптыр.

Арызы мына.

Абдылда полковниктин астына таштаган аялынын арызын кайра кайра окуп:

– Мен баланы көргөн жокмун, билбейм кайда экенин. Ал өзү катып коюп жөн

эле жалаа жаап жатат. Билем анын ким экенин, ал жеткен аферис.

Абдылда чү деген жерден аялын «аферист» деп жамандаганы полковникке

жаккан жок. Ал тескерсинче Абдылданын өзүн аферист деп ойлоп сурагын улантты,

бирок канчалык кыстаса да күнөкрдөн «билбеймден» башка жооп алалбаган соң

ачууланып дежур милицияны чакырып:

– Алпар муну камап таштагыла, жалгыз отуруп баласын кайда жашырганын

жакшылап ойлонсун. Эстегенде, эсине келгенде алып келгиле, – деди.

Абдылда терезеси тордолгон күңүрт караңгы кичине камерада отуруп калды.

Санаасы сансыз сапырлды. Баласынын жоголгон азабын бир тартса, экинчи жагынан

полковниктин ишенбегенине жаны күйдү.

Абдылданын тагдыры, көрөөр күнү баарлык эмгекчил, жашоого аракет кылган

адамдардай эле жакшы башталган. Айыл жеринен онунчу классты бүтүп

унуверситеттин матиматика факултетине кирген. Үчүнчү курста, ошол эле

унуверстетинин тарых факултетинде окуган Гүлмайрам деген кыз менен таанышкан.

Гүлмайрам айыл жеринен келсе да орусчаны жакшы билген, тың, чыйрак, орто бойлуу

жарокер кыз эле. Анын эки бөлүп өрдүргөн олоң чачы соорусуна түшүп көрктүү

келбетине, келишкен мүчөсүнө куп жарашчу. Кырдач мурду, терилген ичке кашы

аппак жүзүнө өзгөчө көрк берү. Баарынан да киши менен сүйлөшкөндө карагат көзү

күлүңдөп адамды өзүнө тартып алчу. Анын кереметтүү нур чачкан сулуу көзүнө көп

жигиттер ашык болчу. «Аялдын бактысы сулуулукта», – деп бекер айтылбаптыр.

Акыйкатта Гүлмайрам сулуунун сулуусу эле. Топ кыздардын арасында турганда ал

чолпон жылдыздай жаркырап көзгө алгач урунчу. «Кыз кылыгы менен», – демекчи

анын керемет кылыгы, басып турганы эл көңүлүн бурбай койчу эмес.

Абдылда да келбеттүү, сымбаттуу, адамкерчиликтүү жигиттин жигити болчу.

Экөө бирин бири жактырып, «институтту бүткөндө баш кошобуз» деп макулдашып кол

кармашып окуп жүрүштү. Бирок арадан таарынышып сүйлөшпөй калган учурлар да

болгон. Ага себепчи Гүлмайрам эле. Ал олоң чачын кырктырып, ойсоктоп башка

көңүлү жаккан жигит менен таанышса Абдылданы карабай, аны жактырбай калган

жылкы мүнөзү бар болчу. Гүлгө конгон көпөлөк сымал жүрүш-турушу жеңил,

жигиттен жигит тандашы анын махабатка туруксуз экенине шек келтирчү. Анан ал

жаңы таанышкан жигиттен көңүлү калабы же жигит мунун ким экенин билип

жактырбайбы, айтор арабөк калганда Абдылдага кайра жабышчу. Мындай махабатка

болгон туруксуздугу бир эмес бир нече жолу кайталанган. Акыры экөө алысташып

көпкө сүйлөшпөй калган. Башкадан бактысы ачылбаган соң Гүлмайрам бир нече ирет

Абдылдага сүйүүсүн козгоп жалындуу кат жазган. Анын туруксуз махабатынан көңүлү

сууган Абдылда ага жооп кайтарган эмес. Акыры жолдош кызын ортого салып,

мурункусундай жарокерленгенде өчүп бараткан сүйүү кайра тутанып жарашып

алышкан. Унуверситетти аяктаганда баш кошуп, экөө тең айылдагы мектепте мугалим

болуп орношушкан. Жаңы баш кошкондо орустар айтмакчы «бал айында» ортодогу

сүйүү оттой жанып, иш менен алаксы болуп жылдын жармы кандай өткөнү билинген

эмес. Бирок ошол арада Гүлмайрамдын чалпоо мүнөзү, ажаандыгы, эри туруп башка

эркекке көз арткан туруксуздугу чыга баштаган. Эрине мамлеси сууп сыйлашуу бара-

бара азайып, кумга сиңген суудай азайгандын үстүнө азая берди. Эринин туугандары

келсе эптеп узатып алар кеткенден кийин «туугандарыңа айтып кой, цыгандайсамсаалап экинчи келбесин» деп эрине урушуп ичтен жеген курттай жеп турчу. Бирок

артистиги, аферистиги артыкча эле. Башка чоочун эл менен сүйлөшкөндө жаркылдап

күлүп, жароокер мамле кылганга эл аны жеткен акылдуу, адамкерчиликтүү аял деп

түшүнүшчү. Өзгөчө эринин катынпоз жолдоштору келгенде, деги эле башка эркек

менен сүйлөшкөндө үнү да мээримдүү өзгөрүп, өзү да такыр башка болуп кетет.

Бакырайган сулуу көзү жалжылдап жүрөктү жылыткан нур төгүлөт. Гүлмайрам

кийинки учурдаэринен өзүн өйдө сезип, акыл айтып, кагып-силкип калды. «Сен

тупойсуң, эчнерсеге түшүнбөйсүң, жашоону билбейсиң», – деген заар мамлеси,

кемсинткен сөздөрү дайыма айтылып, шынаадан шылтоо таап ажылдап, кажылдап

албуутанып урушчу болду. Кылдан кыйкым таппаса сырттан келгенде «туфилийңди

тазалап кирбесиң» деп уруш чыгарат. Абдылда анын мүнөзүнүн өзгөргөнүн аялынын

боюна бүтүп денеде горманалдык өзгөрүш болгонуна жоруйт. Мезгил келип, кудай

берип эркек төрөдү. Азат деп атын коюшту. Эки ай өткөндөн кийин декрети бүтүп

баланы эмчектен чыгарып, Абдылданын апасына алпарып беришти. Колу-жолу бош

болгондон кийин Гүлмайрам эри жоктой, эри менен эсептешпей эркин жүрүп, эркин

жашап калды. Ошол учурда ат тезегин кургатпай районго тез-тез барып, кээде кызып

келчү болду. Бир күнү Гүлбайбайрам «Эрди катын бирге иштешкен туура эмес экен.

Мени тилдесе сени тилдегендей, сага урушса мага урушкандай сезилет экен. Биз бөлөк

иштешибиз керек», – деген шылтоо менен районого методист болуп которулуп кетти.

Экөө эки жакта иштеп турушту. Райононун башчысы Сулайманкулов менен ынак,

мектептерди текшергенде чогуу барып текшеришет. Конок болушат. Кээде ошол жерде

конуп да калышат. Иштен дайыма кеч келет. Эри катары «Эмне кечиктиң?» деп сураса

«кечигемби, кечикпейминби сенин ишиң болбосун» деп атырылып бир тийет. Ал

ажылдап албуутанып киргенде жинди кишиге окшоп көзү алактап, дегенге түшүнбөй,

айтканды укпай, өзүнчө эле бир кызык болуп кетет. Ал учурда ага теңелиш мүмкүн

эмес. Бир күнү иштен кеч келип, жок жерден уруш чыгарып:

– Мен сени менен жашабайм, кетем, – деп ажылдап кирди.

– Ээй, алтыным «келин кетем деп коркутат, кемпир өлөм деп коркутат» кылбай

жөн сүйлөчү. Ачууң келсе эле кетем деп коркутасың. Кеткиң келсе кет, сени эчким

кармабайт. Бирок баланы кантесиң. Тирүүлөй жетим кыласыңбы? – деди Абдылда.

– Эркек бала эриники, Азат сага калат. Баланын мага кереги жок, – деп

сумсайды.

– Чын эле ажырашасыңбы?

– Ажырашам дегенден кийин ажырашам. Ажырашууга макулдугуң бербесең сот

аркылуу ажырашам.

– Ажырашкың келсе «балага доом жок» деп тилкат жазып бер, ошентсең сотсуз

эле ажырашууга макулдугум берем, – деп Абдылда жөн эле тамашалап айтып койсо

аялы эч буйдалбастан «баланы атасына калтырам, аны эчубакта талашпайм» деп тилкат

жазып берип:

– Мына сураган тилкат, ал да азыр көзүмө көрүнбөй жагол. Итти чык десе да

чыгат. Чыгып кет үйдөн азыр. Жол мына, – деп эшикти ачып койду.

Абдылданын сезимине аялынын эки жүздүүлүгү, ажаандыгы, ар бир иштин

аягына чыкпаган туруксузтугу жүрөктү эзип жүргөн. Анын эркектик намызына тийген

соң кийим-кечегин көтөрүп квартирадан чыгып кетти. Ошол бойдон кайрыылган жок.

Акыры сот менен закондуу ажырашып тынышты. Арадан үч ай өткөндө Абдылда

башка тааныбаган айылда кудалар менен конокто болуп калды. Чайдын үстүндө сөздөн

сөз чыгып ошол айылдык жигитЭэ, курдаш, сен менин Сулайманкулов тууганымдын карамагында иштейт

турбайсыңбы. Ал мурунку аялын кетирип коластында иштеген бир сулуу келинди

алыптыр. Баш кошкон тоюна туугандарды чакырыптыр. Мен да катышып калып, жаңы

аялын көрүп «атка бергиз кунан бар, кызга бергиз жубан бар», – деген кыргыздын

макалын эстедим. Агамдын аялы ай десең айдай, күн десең күндөй сулуу экен.

Адамкерчилигичи? Адамкерчилиги укмуш! Келген конокторду чарк айланып

жайдарыланып тейлеп, жаңы таанышкан туугандарына жаркылдап күлүп, жакшы

жарокер сөздөрүн айтып ичпегенди да ичирди. Эл ыраазы болуп тарашты.

Абдылда бир нерседен шекшип сурады:

– Аты ким экен ал келиндин?

– Аты Гүлмайрам. Атына заты жарашкан, жүзүнөн жылдызы жанган акылдуу

келин экен.

Абдылда өзүнүн кетирген аялынын атын укканда таш тиштегендей болуп

отуруп калды. Ууртаган чайын аз жерден бүркүп жиберген жок. Оозун салфетке менен

сүртүп:

– Ырас эле аты жакшы экен. Майрамда төрөлгөн окшойт. Бирок «ат аласы

сыртта, адам аласы ичте» дейт эмеспи, кимдин ким экени бара-бара көрөсүздөр да…—

деп сыпайы жооп айтып тим болду. Анткен менен Абдылда үстүнөн оор жүктү алып

таштагандай өзүн жеңил сезип кетти. Анткени аялым келип баланы талашабы деп

кабатырланчу. Эми эри менен болуп баланы ойлобос, балким төрөп алар деп кубанды.

Арадан беш-алты ай өткөндөн кийин Абдылда да өзүнөн бираз кичүү сулууча келген,

балабакчада башчы болуп иштеген Назира деген кызга үйлөндү. Ал «кара далы» кыз

болсо да тубаса абийирин сактаган, мүнөзү жоош, адамкерчилиги, элге кылган жакшы

мамлеси эринин жүрөгүнөн орун таап сүйүүсүн арттырды. Назира менен үйгө ырыс-

кешик, ынтымак, бакты кошо кирди. Жорожолдоштору келип, туугандары каттап

турушту. Азатты колуна алып, үстүнө үйрүлүп түшүп өстүрдү. Бала алты жашка

чыкканча Гүлмайрам үч эрге тийип чыкты. Ага Абдылда таңыркаган жок. «Кыздын

сыры төркүнүнө маалим» – демекчи аялы эстүү баштуу эрге тийсе да аны менен

ынтымак жашап кетерине ишенчү эмес.

Абдылда бир сапар иштен чыгып келатса көчөдө Гүлмайрам туруптур. Арыктап,

жүдөп калыптыр. Кийген кийми да начар. Бетме бет кез келген аялынан бурулуп

кетүүгө ниеттенгенде аялы астынан тороп:

— Абыке, бир мүнөткө токточу, – деди.

Абдылда токтоп калды, ал келип:

– Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дейт экенго. Мен дагы элге окшоп

жаңылдым. Жаңылганда да чоң жаңылдым. Сенден ажырап, жалгыз болуп

жалгыздыктын азабын тартып атам.

Абдылда күзгү чегирткедей жылуулук издеп байкуш болгон аялын сынай

тиктеп:

– Мени чанып, уулуңду унутуп тийген эриң бар эмеспи, эмне үчүн жалгызмын

дейсиң?..

– Жок. Ал жеткен акмак экен. Ажырашып тындык.

– Менин угушумда үч эрге тийипсиң, эмне алардын баары акмак бекен?

Гүлмайрам аны укмаксан болуп, бир айткан сөзүн миң кайталапАйттым го эрим жок деп. Жалгызмын. Мен эртеден бери мектептин астында

акмалап сени күтүп турганым баламды алайын деп келдим. Азатты өзүмө бер. Өзүм

багып, өзүм тарбиялап өстүрөм.

– Бала кичинесинде кереги жок, эми чоңойгондо керек болуп калдыбы сага? –

деди Абдылда, – бала берилбейт. Азатты алам деп ойлобо!

Абдылда бурулуп базабергенде Гүлмайрам чөгөлөп тизесин кучактап көз

жашын көлдөй агызып:

– Алтыным Абыке, кечир мени, – деди эски адатына салып, мусапырдын кейпин

кийип— сен акылдуу, боорукер эмес белең, өз уулумду өзүмө бер. Сен кыздуу

болупсуң, аны уктум. Кызың өзүңө кут болсун. Өмүрү узун болсун. Аялың жаш экен,

боюнда бар экен, ал сага дагы төрөп берет. Мени жалгыз таштабай уулумду бер. Бала

өгөй эненин тарбиясынан көрө, өз энесинен жакшы тарбия алып чоңоёт.

– Астыма чөгөлөп, бутумду кучактап алдаган аферистигиң кой, – деди Абдылда,

– Мен сага ишенбейм, эми алдатпайм. Азат сени тааныбайт, сени эне дебейт. Сен ага

жакшы тарбия бере албайсың. Өгөй болсо да өзүнүн өстүргөн энеси бар, – деп Абдылда

жыландай оролгон колдон араңдан зорго суурулуп шаша жолуна түшкөндө артынан

көчөнү жаңырта албуут кыйкырыгын салып:

– Шашпа акмак, мен баламды зордуктасам да алам, соттошсом да алам! Сага

көрсөтөм! Шашпа! – деп калаберген. Айткандай сотко берип алалбады. Анткени

аялынын «баламда доом жок» – деген тилкатын көргөндө сот баланын атасынын

пайдасына чечкен. Бирок ал албойдон калбай Азатты бир ирет бала бакчадан уурдап

кеткенде милиция менен барып араң апкелген. Бу сапар бала көчөдө ойноп жүргөндө

жок. Өз энесинин үйүнө чейин издеп барып таппай калышты. Баласын ойлоп,

сарсанаага батып, башы ооруп үйгө келген күнү аялы ушинтип каматып отурат. Бир

жуманын ичинде бирнече суракка түшүп, кетирген аялы менен да беттештиришти.

Аялынын боздоп ыйлаганын көргөндө Абдылда «чын эле бирөө уурдап кеттиби» деп да

ойлоп кетти. Бирок аферист аялынын айтканына ишенген жок.

Сарсанаага батып жалдырап жатканда дагы суракка чакырды. Бу сапар капитан

текшерүүчүгө эмес милициянын начальнигине апарды. Полковник мурункусундай

кабагы карыш түшпөй жылмая күлүп тозуп алды. Бөлмөдө жүрөктүн үшүн алып

Гүлмайрам отуруптур. Аны көргөндө жылан көргөнсүп Абдылданын бүткөн бою дүр

дей түштү.

– Келиңиз Абдылда Оморович, отуруңуз, – деди үстөлдү көрсөтүп, –

аялыңыздын жанына жакын отуруңуз. Суракта баланы бири бириңиздерге шылтап

ачык даанасын айтпай койдуңуздар. Беттештирейин дедим. Көзмөкөз отурганда

чындыкты айтып берээрсиздер.

Полковниктин алдында жылмыңдап күлүп, жайдарыланып отурган аялы чагып

алатургансып Абдылда андан обочо барып үн катпай отурду. Гүлмайрам «баламды

ушул эле атасы уурдап кетти», – деп ажылдап кирди

– Гүлмайрам айым, мен сизге түшүндүм, – деди полковник аялга суроолу

тиктеп, – демек балаңызды атасы уурдап кеткени чын экен да. Ушундайбы?

– Ушундай, ушундай, бул жеткен арамза, карабайсызбы, беттешкенде бети

күйүп, тилин жутуп дудук болуп отурганын… Бул жеткен тозоку, калпычы…

– Көрүп турам. Сиз эриңиздин баланы уурдаганына ишенесизби? Жаңылган

жоксузбу?Жаңылган жокмун. Эмнеге жаңылмак элем. Менин баламдын башкага эмне

кереги бар, ушул эле тозоку уурдады. Сиздин көзүңүзчө чынын айтып, уурдаганын

мойнуна алып уулумду колума карматсын.

– Азыр чындыкты билебиз. Шашпаңыз, – деп полковник конопканы басканда

сырттан дежур милиция кирди.

– Жолдош капитан, аркы балалуу аялды алып келчи, – деди.

Капитан бурулуп чыгып кетти. Аз убакыт өтпөй ачылган эшиктен Назира

Азатты жетелеп, артынан дагы бир чоочун токтолгон аял кирди. Аны көргөндө

Абдылда атып барып уулун кучактап өпкүлөп айтарга сөз таппай калды. Гүлмайрам

балага баралбай, баланы атасынан тартып алалбай туруп калды.

– Отургула, – деди полковник, – чындыкты азыр Сакиш эжеңер айтып берсин.

– Мен поезде проводник болуп иштейм, – деп сөз баштады Сакиш, – биздин

маршурут Бишкек-Москва. Өткөн жумада саат экиге жакыдаганда Бишкектен жөнөдүк.

Казакстандын аймагынан өтүп баратканда бир келин чуркап келип «эже, бир селсаяк

бала вагондун бурчунда бүрүшүп отурат. Бети башы көкала, ачка көрүнөт», – деди.

Барсам ушул бала. Мен отурган күпөгө апкелип, тамак берип, ысык чай ичирип,

тоюндуруп сураштырсам бул баланы апасы көчөдө ойноп жүргөн жеринен зордоп алып

кетиптир. Үйгө кетем деп ыйласа «эч жакка кетпейсиң, эми мени менен жашайсың», –

деп уруп согуп, издеп келгендерден жашырып подвалга камап коюптур. Эки сутка

өткөндөн кийин подвалдын фортучкасынан качып чыгып темир жолдогу вагонго кирип

жашыныптыр. Поезд жүргөндө биринчи токтогон жерден түшөм деп ойлоптур, бирок

элден жазганып түшө албаптыр. Мен баланы жибербей, сыртка чыгарбай кайтарып

Москвага алпарып кайра апкелдим. Келгенде айткан дарек боюнча баланы Назиранын

колуна тапшырдым. Менин билгеним мына ушул.

– Баланы күйөөңүз эмес сиз өзүңүз уурдаганыңызды эми мойнуңузга аласызбы

Гүлмайрам айым? – деди полковник аялды жек көрүү менен тиктеп, – сиз калпты

чындай айтып элди ишендире билген, рольду мыкты аткарган кыйын артист экенсиз.

Калп көз жашыңызга ишенип күнөөсү жок кишини бир жума камадык. Бирөөнүн убал

сообун ойлобогон, жалаа жапканды жакшы көргөн азаптуу аял турбайсызбы…

Биртоп сөздөн кийин, калыс камабагандыгы жөнүндө Абдылдадан полкомник

кечирим сурап:

– Мына бала табылды, эми баланы кимиңер аласыздар? – деди полковник.

– Баланы мен төрөгөм, мен алам, – деди Гүлмайрам.

– Бала тапкандыкы эмес баккандыкы. Баланы өз баламдай сүйүп мен өстүргөм.

Бала атасында калсын деген соттун да чечими бар, баланы бербейм, – деп Назгүл

чыкты.

– Анда мындай кылалы, – деди полковник ордунан туруп, – Азат чоңюп эсине

кирип калды. Заң боюнча бала кимди кааласа ошого барат. Ошол үчүн азыр баланы

эшиктин киреберишине тургузам. Бир бурчка атасы Абдылда сиз турасыз, экинчи

бурчта Гүлмайрам сиз турасыз. Бала кимге барса бала ошонуку болот.

Полковник айткандай болду. Баланын энеси бир бурчка, баланын атасы бир

бурчка турушту

– Азат, – деди полковник баланын башынан сылап, – сен азыр апаңды жакшы

көрсөң апаңа бар, атаңды жакшы көрсөң атаңа бар. Кимди жакшы көрсөң ошого бар.

Коркпо.Бала жалдырап атасын, энесин бир аз тиктеп турду да чуркап барып Назираны

кучактады…

 

АЯГЫ….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE