Пример HTML-страницы

ТАГДЫР ТАБЫШТЫРГАН ЖОЛДОР

https://kyrgyzcha.site/?p=41233&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАГДЫР ТАБЫШТЫРГАН ЖОЛДОР

 

— Байке, жүрүңүз үйгө, биз менен чай ичиңиз, — деп үмүттүү карап турган кошунасынын кичинекей уулу менен кызын көргөндө Алмаз эмне деп айтаарын билбей туруп калды. Жакында эле көчүп келгенин, кичинекей кызды өзүнүн кызына окшоштуруп, колуна шириндик карматып, башынан сылап койгону эле болбосо, булар жөнүндө эч маалыматы жок болчу. Эшикти такылдатканынан «эч ким деле келбейт болчу» деп чыккан. Апасы шашып балдарын издеп чыга калбаса, кичинекейлерге жүрөгү элжиреп, тиктеп тура бермек.

— Оой, мен кухняда тамак жасап жүрө берген турбаймынбы, силерди ойноп жатат десем, сыртта жүрөсүңөр го. Меди, Тимур, силерге не болду, киргиле үйгө,- деп, кошунасынан кечирим сурап, үйүнө балдарды алып кирип кетти. Эки эшик жабылганы менен, эки кошуна өздөрүнчө талдап жатышты…» Жапжаш кыз, бирок, эки баласы бар, негедир үчөөнү эле көрүп жүрөм, же үй ээсин көрбөй калып жатамбы » деп, өзүнө баш ийбеген ойлор менен алпурушкан Алмаз дал ушул көрүнүш жалгыздыктан сууруп чыга калгандай сезим калтырганына таң калганы менен, өзүн ыңгайсыз сезип кетти.

«Кызык, Медини башкача көрүп, колуна конфет карматып , башынан сылап койгонун көрүп эле калганым болбосо, бул экөөнүн кошуна менен сүйлөшүп жатканына таң калдым. Балдары деле көрүнбөйт, ошолор менен ойноп, тааныш болуп калдыбы дегидей » деп, Барчын өзүнчө алаксый түшүп, жанында балдар жок экенин көрүп, башка бөлмөгө издеп кирди.

— А силерге не болду, мурчуюп калыпсыңар го, жүргүлө, манты даяр болду.

— Мен жебейм,— деди, Тимур жүзүн буруп.

—Мен да жебейм,- Медина да агасын туурап, тескери карады.

— Капырай, силерге не болгон, өзүңөр суранып манты жасаттыңар, даяр болуп калса, жебейм деп.

— Биз Алмаз байкени чакырып, чогуу жейбиз деген болчубуз.

— Алмаз байкеңер ким?

— Биздин кошунабыз.

— Кой, антпегиле, шаарда айылдагыдай эмес, кирип чай ич десе кире беришпейт, экинчи антпей жүргүлө. Бейтааныш адам менен сүйлөшпөгүлө.

—Жок, Алмаз байке бейтааныш эмес, биз менен көп сүйлөшөт. Дайыма жумуштан келгенде бизди издейт, чогуу отуруп алып, конфет жейбиз. Сиз албагыла деп урушканыңызды айтсак, ушул жерде жеп алып, анан киргиле дейт болчу. Балдар ойноп жатканда, бизди карап отурат, эч ким тийишпесин деп, сиз үйдө иш кылып жүрө бересиз, терезеден карап коюп, а байке бизди карайт ,— деп алып,Тимур сыры ачылып калгандай айыптуу карады.

Бирок, али таарынычы жазылбай турду.

Медина экөөнүн бул кылыгына күлөөрүн же урушаарын билбей туруп калганда,

кайра суранып башташты.

— Макул деп коюңузчу, сиз жакшы апасыз го,— Медина үмүттүү карады.

— Ал байкеңерге уят да, бирөөнүн үйүнө кирип чай ичип калмак беле?

— Мен чакырып келем, биз менен чогуу чай ичиңиз десем, макул деген,- деп, Тимур колунан жетелей сыртка жөнөдү.

Эшигин тыкылдатканын угуп, дагы эмне болуп кетти деген Алмаз :

— Аа, силерби, үйгө киргиле,- деп алып, ыңгайсыз боло түштү.

—Жок, байке, сиз биздин үйгө кириңиз, апам сонун тамак жасады, чогуу жейбиз,—

деп, Медина колунан жетелей баштады.

—Кечиресиз, кирбесеңиз булар мага сүйлөбөй таарынып да, тамак жебей да коюшат окшойт, сизди коноктойбуз деп экөө сүйлөшүп алышкан экен. Ыңгайсыз, бирок, аргасыз болуп калдык, сиз экөөбүз тең,— деди, Барчын өз босогосунан өтпөй.

—Мен азыр,- деп, Алмаз үйүнө кирип, дароо чыга калды.

Стол үстүн дароо жайнатып жиберген менен Барчындын бир кызыктай болуп жатканын байкабаганга аракет кылып, Алмаз балдар менен сүйлөшүп жатып,

алардын апасына кайрылып:

— Менин атым Алмаз, жакын кошуна экенбиз. Силерди көргөнүмө бир ай болду окшойт. Медина менин кызыма аябай окшош, жашы да тең экен. Ошон үчүн биринчи көргөндө эле кызымды көргөндөй болуп кеткен элем. Короодон көрбөй калсам, издеп турам, туурабы, Меди?

Сөздү Барчын улап кетти:

—А кызыңыз кайда, туура эмес суроо берсем, кечиресиз.

— Кызым таенесинде. Мен өзүм чоңойто берейин деп колуна алган. Аялым кызымды жарыкка алып келип, а өзү жарыкчылык менен коштошуп кете берди.

Кызымдын ордуна кыз кылып алайын деп карап жатат. Мен да талашпадым. Ар жума сайын барып турчумун. Таенеси » сен капа болбо, көп келе бербесең, сен кеткенден кийин, кызыңдын чыры көбөйөт экен, атама барам деп, сага берип койсом, түйшүгүң көбөйөт.Чоңое берсе, сенин кызың да» деген үчүн көп бара албай калдым. Бир айда бир барам. Кадимкидей жалгызсырайм, эми…энемди деле түшүнүп турам. Ошентип кыйналып жүрсөм, Меди короодо ойноп жүрүптүр. Өз кызымды көргөндөй боло түшкөм. Ошентип, бул кыз мени бир аз алаксытты. Жумуштан келип, издегеним да ошондон улам.

Тимур менен Медина отургучтарын Алмаздын жанына жылдырып, жанашып отурганын көрүп, Барчын : — Ай, байкеңерди тамак же деп чакырып алып, колун тосуп алыпсыңар го, бир аз жылгыла,— дегенине карабай жанашып отуруп алышты.

» Балдардын атасы кайда?» деп сурагысы келди, бирок, тартынып унчукпады.

Сыпайы ыраазычылык билдирип, коштошуп чыгып кетти. Барчын да ушул суроону бербесе экен деп турган болчу.

Кошунасы чыгаары менен жеңилдей түштү.

—Эми минтип чакырбагыла, болбосо, кайра айылга көчүп кетебиз.

— Ал жакка барбайбыз, Мику менен мушташып кетет экенмин, а апасы бизди сиз жокто көп урушат эле го. Анан сиз угуп алып, дагы ыйлайсыз. Микунун атасы деле урушат эле бизди, сизге айтпайт элек.

Эми ал жакка барбайбыз дедиңиз эле го,- дегенде, экөөнү кучактап алып, дагы ыйлады.

—Макул, барбайбыз, уктайлы ээ, мен силерди жакшы көрөм. Ыйлатпайм. Силер да мени угуп жүргүлө.

Көпкө уктай албай жатты, бир тууган агасы, жеңеси, алардын өзүнүн колунда калган туяктарынын келечеги да көп ойлонтчу. Эми минтип, жат бирөөнү жакын көрүшүп, ага ыктай отургандарын көрүп, жүрөгү тилинип турду, ата дегендин орду да бөлөк болот турганын айылда иниси жүргөндө да байкаган. Медина инисин ата деп алган болчу, анын баласы кызганып, ‘ бул менин атам, силердин атаңар өлүп калган деген сөздү укканда, Медина эмес, өзү да ыйлаган. Ага чейин деле балдар урушуп кетчү, бирок, ушул ирет шаарга кетишибиз керек деген чечимге келген эле.

Эми келгенден кийин да Алмаз байкеге байлана баштаганы ойго сала баштады…

Кошунасы бир жумага жакын көрүнбөй кетти. Өзү да эки кичинекейлерине кошулуп издей баштаганына уялып кетчү. Улам эшигин каккылаган сайын үчөө тең үмүт менен эшиктин ачылышын күтүшөт. Тилекке каршы, эч ким жок. Сар-санаа болуп баштады, кайда жоголуп кетти деп.

Өзүнөн озунуп алдыда чуркап келген Медина менин Тимур » Алмаз байке» деп кыйкырып жибергенин угуп, өзү да шашып жетип келди. Сыртта күтүп туруптур.

— Мен да силерди сагынып кеттим, келип эле силерди издедим,— деп, балдар менен баладай божурашып отурат. Жанына келип калган Барчынды көрүп, тура калды.

— Ой, байке, тынч элесизби? Сизди көрбөй калып, кыжалат болуп кеттик.

— Ооба, телефон номериңди алсам болмок экен, Меди издейт дедим. Айылда кызымдын таенеси кайтыш болуп калып, ошол жакта жүрүп калдым. Жумушумдан суранып кеткен элем, ооруп жатам деген болчу. Көзү барында аманатын айтып калайын деп чакырыптыр. » Кызыңды өзүң ал, бирок, өгөй энеге кор кылба » деп, кете берди. А баса, бул менин кызым, Адеми, — деп, жат чөйрөгө келип кошулган үчүнбү,

маанайы жок отурган кызын кучактап койду.

— Барчын, азыр үйгө кирип, чай ичкиле, айылдан ала келгендерим бар эле, чогуу чай ичели.

—Макул, азыр дароо эле кире калабыз,- деп жооп берип алганына кызара түштү.

Чай үстүндө сөз жалаң балдар жөнүндө гана болгону менен Алмаздын өзү үчүн да башкача камкор болуп жатканын көрүп, ичи жылый түштү. Ашыкча сөзү жок, өтө маданияттуу экенине ыраазы болду. Көзүнө тике карай албай, улам кызынын чачын сылаган болуп, астыртан өзүнө көз таштап жатканын Барчын да сезип жатты.

Аздан соң үч кичинекей өздөрүнчө жылдыздары келишти окшойт, сүйлөшүп да, ойноп да жатышты. Маңдайлаш калган абал ыңгайсыз болду өңдөнөт, Барчын «биз үйгө кайталы» деп калды. Балдар уга турган эмес, «Апоо, бир аздан кийин кетели» деп жалдыраса, аргасыз күтүп отурду.

Ортодогу ыңгайсыздыкты Алмаз оңдоп кетти:

— Балдардын атасын көрбөй жатамбы же…Туура эмес сүйлөдүм, бирок, кызыгып жатканым чын. Чын эле, балдарыңдан да сурабадым. А өзүңдөн суроого мажбурмун.

— Балдарымдын атасы да, апасы да көзү өтүп кеткен, тагыраагы, менин бир тууган байкемдин балдары. Колунда диплому бар, бирок, жумуш таппай калып, Россияда иштеп жүргөн. Жеңем экөө да ошол жактан табышып, эки балалуу болушту. Азыр биз жашап жаткан үйдү алышты. Колундагы кызы тогуз айлык болгондо, «бала караган кызга анча ишенбейм, жакшы карай албай жатат, анан, ошол акчаны силерге эле берип турайын. Дагы бир жыл иштеп келели, үйгө керектүү буюм алалы, келип, өз адистигибиз боюнча эле иштейбиз, карап бериңиз» деп апама ташташат. Анда мен студент болчумун. Чоң баласы үчкө чыгып калган. Апам курган » эми, үйүңөр бар, балам өзүң бар дейин десем, экөөң эки жакта жүрбөгүлө дейм, карабай койчу белем, бирок, балдар сагынат да силерди» деген эле. Ошондо байкем :» Апа, бир жыл эле иштейбиз, биз да кыйналбай тирилик кылабыз, чыдап коюңуз, бир жылды жокко

санап койсок, баары жайында болот, анын үстүнө, ишибиз да жакшы болуп жатат» эле, бир жылды жокко санап коюп туруң деп өзү да жок болуп калды.( ыйлап жатты) Экөө тең кырсыктан кайтыш болуп калды. Билесизби, бала сезет экен. Апам чакыртканынан сабактан суранып үйгө келген болчумун. «Балаңыз ооруп калыптыр, жолдо келе жатышат» деп бизге угузушат. Ошол түнү тыным албай, кичинекей кыз ыйлап чыкты, чыргоолонуп.

Тез жардам чакырып көрсөтсөк, баары жакшы эле дешет. Колумдан түшүрбөй көтөрүп чыктым. Жер жарыганда үйгө кишилер, туугандар келе башташты. Көрсө, сөөктөрүн алып келишиптир. Андан кийинкисин билбейм, өзүмө келсем, эл азайып калган экен, катуу жыгылган экенмин. Врач отурат, «өзүңдү абайла, сабыр керек, болбосо, баспай каласың, тиги эки бөбөктү ким карайт, сени ким багат » деп… Кудайдан тилеп жаттым, мени айыктыра көр, аман болуп, ушуларды карайын, апам кыйналбасын деп шыпты тиктеп жатам. Эки күндөн кийин басып калдым. Өзүмдү колго алдым.

— Кечир, Барчын, оор жүктү артынып жүргөнүңдү кайдан билдим…

— Ооба, байке, оор жүк…Бирок, анын оор экенин билип турсам да мойнума алдым.

Апам уул-келининен ажыраганда ден соолугунан кошо ажырады, көтөрө албады.Балдарды мага тапшырды, кичүү иним өзүм карайм деп көшөрдү. Мени өз турмуш жолун таап алсын дегендир…

Окуумду сырттан бүтүрдүм. Ишке кирип иштеп жүрдүм. Бир күнү Тимур кирди ,бир нерсе айтчудай болуп.

— Эже, эми мен кимди апа деймин?

—Өзүм да сага айтайын деп жаткан болчумун. Түнү апаң түшүмө кирип, Тимур менен Мединага сен апа болуп бер деп.

—Урааа, апа дей берсем болобу, апам өзү айтып кетиптир да. А бизге ким ата болот. Микунун атасын ата десем, ал сенин атаң эмес дейт.

—Кимди ата деп айтаарыңды эми атаң өзү айтат.

—Дагы түшүңүздө айтат да ээ?

—Ооба.

Тимур өзгөчө сезимтал, боорукер бала, карындашын аяп турат, чоң адамдай эле акылы бар деп калам. Мени да аяганын көп байкайм, ооруп калса да тынчымды албайт. Бирок, баары бир бала да…

Экөөнү сооротконум менен кыйкырып ыйлагым келет…А мага алсыз болгонго болбойт эле, мени үмүт менен караган экөө маңдайымда отурат, мага таянып…А Мединанын тили мени апа деп чыкты. Ошол боюнча буларга апа болуп калдым. Айылда көпкө жүргөнгө болбойт дедим, мектепке барса, бирөөнүн оозунан

» жетимсиң » деген сөздү укпасын дедим. Байкемдер алган үй ээн калбсынчы деп, бул жакка көчүп келдик, жумушка орноштум. Экөөнү жакын жердеги бакчага жайгаштырдым. Иним да каралашып турат. Биздин таржымал ушул, байке, эми биз баралы.

Балдар ойноп жаткан бөлмөгө кирип, эки кыз кучакташып уктап калганын көрүп, күлүп жиберди. Тимур гана уктабай отурат.

— Алмаз байке, атам сизди бизге ата бол деп түшүңүздө айта элекпи?

— Жок, балким мени таппай жүрөт ,- деп алып, өзү да чочуп кетти.

—А сен бизди угуп отурдуңбу?— деди ыңгайсыз абалдан чыга албаган Барчын.

—Ооба, Медина менен Адемини чыгарбай отурдум, чоң адамдар сүйлөшүп жатканда аралашпайт деп.

—Азыраак сүйлөчү ээ, жүрү кеттик,- деди Барчын күлкүсүн араң тыйып.

—Мединаны өзүм көтөрүп барайын,— деп, колуна ала койгон Алмазга ыраазы боло түштү.

» Жакшы эс алыңыз, Алмаз байке» деп эшик жаап жаткан Тимур бир нерсени кулагына шыбыраганын көргөн менен » не деп шыбыраштыңар» дегенге дити барган жок… Ансыз да бүгүнкү күн бири-бирине мурдагыдан да жакындатып койгонун сезип жатты.

Эки кошунанын бош күндөрү бирге сейилдегени кадимки көрүнүшкө айланып баратты. Бири-бирин издеп турушат. Жакшы тамакты бөлүшүп калышты. Ушундай күндөр канчага уланаарын ким билет, биринчи кадамды Алмаз таштады.

» Экөөбүз үчүн да, балдар үчүн да бирге жашоо сунушун айтсам, каршы эмессиңби,

Барчын, балдарыбыз бири-бирине үйрөнүп калды, мен жакшы ата болуп берем, сага жакшы жолдош болоюн, сөзүмдү жерге таштабайт деп ишенем» деп айтып алып, чочулай карады.

Барчын үн-сөз жок чуркаган боюнча кирип кетип, кайра чыккан жок. » Каап, жөн эле койбой, эми эмне деп актанам. Балдарга эмне дейм, эмне кетип калды дешет да азыр» деп, өзүн тилдеп жатты. Скамейкада жалгыз отурганын көргөн Медина жетип келди:

— Апам кайда кетти?

—Ойной бер, Меди, апаңдын жумушу бар экен.

Телефонун алып, «Мени кечирип кой, мен куруюн, сага байке боюнча эле калайын.

Сөзүмдү алдым» деп, Барчынга жөнөтүп койду. Жооп жок…Балдарын үйгө киргизип, коштошуп өз үйүнө кирген менен бүт ою кошунасына шашып айтып алган сөзүндө болуп жатты. » Эх, жөн эле жашай берсем болмок…» Түн бир оокумда телефонго кабар келди. » Байке, мени кечириңиз. Кирип келе бергенимди жактырбайт экен деп кабыл албаңыз. Мен сизден адамдык сапаттын баарын көрүп турам, сиз да мага жагасыз. Мен каршы эмесмин. Сунган колуңузга колумду сундум. Мен сизге ишенем, калган сөздү эртең дем алыш эмеспи, ошондо сүйлөшөлү» . Кубанып кетти. «Эх, алтыным, мени аябай кыжалат кылдың, өзүмдү жемелеп жаткам. Демек, кадамды адашпай таштаптырмын, жакшы эс ал» деп жазып, бирок, жөнөтпөдү.

Обу жоктонуп кетпейинчи деп койду.

Эртеңки күн алыс эмес го…Кыялданып жатып уктап кетиптир. Кызы эбак ойгонуп алыптыр.

— Ата, уйкучу ата, туруңуз, бүгүн кайда барабыз?

—Азаматсың кызым, жакшы ойготуп койдуң, бүгүн тоого чыгып келебиз, тиги досторуңа да айтып кой ээ, эртерээк даярданып турушсун.

—Ураа,- деп алып, ушуну эле күтүп тургансып, чуркап чыгып кетти.

Тимур чын төгүнүн билейин дегенби же апасы жөнөттүбү, шашып кирди.

—Байке, тоого барабыз деп жүрөт го, Адеми.

—Ооба, балам, тез даярдангыла, азыр жөнөйбүз.

—Мени балам дедиңизби, байке?

—Ооба, балам.

Тимур чуркап жетип, кучактай калды.

—Мага ата болосузбу эми?- деди, шыбырай.

— Ооба, экөөбүз сүйлөшкөнбүз да аны,— жылмайып койду.

Кызын жетелеп чыгып ,машинасына керектүүлөрүн салып жатса, Барчын терезеден карап турган экен. Көздөрү чагылыша түштү…Жагымдуу жылмайды.

 

—Жылуу кийим алдыңбы, Адеми?- Барчындын үнү жанынан угулду.

—Ооба, атам алып жаткан.

—А өзүңчү, балдар да үшүп калбасын, — Алмаз Барчынды аяр карап койду.

» Аябай сулуу болуп кетипсиң» деп айтып жибере жаздап, өзүн кармап калды.

Бул жагымдуу мамилени Алмаз да, Барчын да жактыруунун, бири-бирин түшүнүүнүн белгиси деп кабыл алып, ортодогу тоскоолдук чегине түшкөнүн байкашты.

Тагдырдын бир эшиги жабылса, экинчи эшиги ачыла турган күн алыс эмес экен.

Анын катаал жолунда баратып издегениңди кайдан кезиге турганын алдын-ала болжолдой албайсың, ал өзү табыштырып коёт турбайбы…

Унаанын ичи балдардын күлкүсүнө толуп, жагымдуу музыка шаңшып абасы таза тоону көздөй зымырап баратты.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE