Пример HTML-страницы

Пресс хата 13 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

13-болум.

 

Туура байкагансын. .. Жылаан ыкмасы. Ошондой деп эле аталат. Жылаан адатта, душманын короору менен шакекче болуп жыйрылып, мойнун жогору которуп, серпилип барып чагууга ыкыс берет. Бул стилди колдонгондор да жыйрылган, тар ал-абалда туруп, капыстан тузоло калып, манжаларынын учтары менен урат. Кээ бир учурда алыстан секирип келип тийишет. Тентайлашынын устунон кол салган учурлар кездешет.Муну алар: » Дарактан кулаган ак жылаан» деп аташат.Негизинен, манжалардын учтары, же, алакандын кыры менен — талуу жерлерге: моюнга, журокко, ичке, козго катуу урушат. Бул учун урушкерлер — манжаларынын учтарын жерге такап, астан-астан денесин жуздон ашык ирет которуп, салааларын бекемдеп бышыктырышчу. Ошондой эле жыйланайлак буттарынын учтары менен бир нече километрге чуркашчу.Таштардынустундо секирип, жыгачтарды, черепицаларды колдору менен сындырганыга чейин барышчу.Ушуда — «турнанын» ыкмасмы да кенири колдонулат. Турналарды деги кордун бел сен?

-Турна? — озуно озу суроо берип коюп, ойлонуп калат бала. — Ии, коргом. Чон атам корсоткон… Кузго жуук узун тартып, желе-желе болуп, катарынан бузулбай учуп отушот. Ун чыгарышат ошолбу? Чон атам: жылуу жактрга учуп баратышат, дечу.

— Чон атан барбы азыр? — суроо берет Володя.

— Бар. — ушул созду айтаарын алып, журогу бир булкунуп алат баланын.

 

Баякунчороок, эки кишинин суйлошуп жаткандарын кулагы чалган. Ошондо, бири: » Акматбай карыя жакшы карып келатат. Балдары жакшы чыкты, келиндери да мыкты. Айылдын — оозунда созу бар акылман карыясы. Эми олсо да арманы жок эмеспи» деп айтып жатканын угуп, балалык журогу муздай тушкон. Кичинекей кабагы туйуло, алиги, соз суйлогон кишини жактырбай тиктеп алган. Айылда:» Баланча каза болуптур! » — деп уйдогулор дупуроп, ошол жакка аттанып калышкандарын уга коро журсо дагы, кичинекей журогу чон атасынын козу отооруно эч ишенчу эмес. Олбостой туюлчу чон атасы.

Дал ушул калыбындагыдай: калпакты кайкалата кийип, сакал-мурутн сыйда серптирген уйутунон жазбай жылуу демин Рысбектин кулагына жакындатата, кез-кез илгерки санжырадан жобурап коюп, эл арасында, бала-бакырасынын кашында туболук омур суро беруучудой туюлат. Мына ошондуктан, Володянын кийинки кебинен кийин журогу тыбырай тушкону бекеринен эмес.

-Чон атамбы? Тируу! — оз оюн бекемдегиси келгендей бек айтты бала. Анын оюн тушундубу, кайрылып суроо жанырткан жок Володя. Созун улантты: — «Турна» ыкмасыд а озунчо техникага ээ. Турна кубаттуу канаттары менен абаны жиреп учкан сыяктуу, бул ыкмада машыккандар адатта кулачын кенири жайып, тентайлашын козго, кокого урат. Бул учун коп убакыт таштарды алакан менен урууга, жоон бутактарды ортосунан боло чапканга уйронушкон.

-Жолборстун ыкмасычы?-суроо берип ийет бала аягын бутуртпой. Кабагы чытыла тушот Володянын. Бирок озунун куноосун сезгенсип, ачык жуз менен озун карап турган баланын кешпирин коруп, жылмаят мыйыгынан:

-Адам суйлоп жатканда, кебин аягына дейре угуп уйрон. Бул да, сабырдуулуктун бир белгиси. Сага бугунку кундон баштап, чон сабырдуулук талап кылынат.Мына ушуну такыр эсинден чыгарба.ЧЫдамкай адам гана кыйынчылыкты жене билет. Болуптур…. Жолборстун ыкмасынын бир озгочолугу — кубаттуулугунда. Бул ыкма менен даярдыгы бар адам ашыкча куч коротуп олтурбай эле, атаандашынын кыр соогун, же кабыргасын жулуп алууга жараган. Мындай ыкмада машыккандар адатта, уруш ал абалы — буттарын кенен таштап, томонуроок олтуруп, кен кулаачын жайып кубаттуу соккуларды жаадырган. Мындан жолборстун кооз, арийне, кубаттуу кучунун элеси байкалат. Ыкмалар коп балакай. «Богомол» , «ордок» , короз», «чычкан» , «тулку» , жана башка стилдер бар.

Тынымдан пайдаланып, астыртан суроо узатат Рысбек:- Эмне учун стилдердин баардыгы жан-жаныбарлардан алынган?

 

Негизинен алганда, суроон туура. Чынында эле, эмнеликтен? Мен ойлойм: адамдар деле, ошол турна, жолборс сыяктуу, жаныбарлардай эле — жаратылыштын бир болукчосу. бирок адам алгачкы ийкемдуулугун, табиагатка болгон боордоштугун жоготуп койгон. Цививлизация! Ал эми, айбанаттарга болсо, ар дайым коргонууга, же тамак таап жеш учун турлуу айла амладарды колдонууга туура келет. Мына, ошондон улам, алардын денелери кучтуу онуккон. Адам аргасыздыктанбы, не, ой жугуртуусунун кучтуулугунонбу — уруш искусствосунун ыкмаларын айбанаттардын эсебинен байытууга барып жатпайбы. Тушунуктуу болгондур балакай?

— Тушунуктуу.

— Тушунуктуу болсо, анда бугунчо жетишет. Анда эмесе, Кудай Тааланын дагы бир макулугу бар — балык деген. Ошону туурап, колго чумкуп келели, кандай дейсин?

— Жакшы болот! — Кеттик анда!

Бул жээкте таштар жокко эссе. Кумдуу сайроон. Арыдан бери чечине салышып, эки караан; бироосу чон киши, экинчиси кичине бала сууга бут малышты.

— Эмне? коркуп кеттинби? — астыда кетип бараткан Володя он ийнинен кылчая берип, жылмая суйлоду: Суу канчалык салкын болсо, денени ошончолук бышыктырат.

Ашыкча этин болбой, чымыр болосун. Суу астында жургондо, козунду ачып журосунбу?

— Албетте!.. Антпесе болобу?.. Суунун термелгенинен ойдо корунуп турат эмеспи… Аа… мынабу, арканыздагы тырык эмнеден болгон Володя байке? — Рысбек жаны таанышын сол ийнинен ылдый опкосу тушундагы тери чогулуп калгансыган тырыкты колу менен нускады.

— Булбу?.. Тиги, жер кыдырып жургондогу окуя. Бир акмак бычак менен сайып жиберген. Селсаяк турмушта эмне окуялар болбойт дейсин?!.

— Коп жерди кыдырдынызбы?

— Ооба кыдырбаган жерим аз. Кези келгенде, шашпай айтып берем. Азыр болсо, мени мынабу кооз кол койнуна азгырып турат окшойт. — ушинтип айтары менен оозун ачып жыя электе, бел курчоосуна келип кол терендигинен ушунчалык женил, тизесине чейин куулоно, бийикке которуло берип, ошончолук ийкем денесин тупкучтой ийип барып, кол иримине Володя сунгуп кирип кетти. » Дельфиндин эле озу!» — деди оюнда, суктануусун жашырбаган Рысбек. Дельфиндерди телевизордон коргон. Кооз, кучтуу дениз жаныбарларынын дениз устуно атылып чыгып, айланасына сууну чачырата, терендикке житип кетип жатканы негедир эсинде калыптыр. Володянын азыркы кыймылы да ошону элестетип ийди. Эртерээк эле, кундур-тундур машыгып, Володянын денесиндей мучосу чымыр, корктуу, булчундары таштай катуу болгусу келген ой конулун оропкутуп турду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE