Пример HTML-страницы

Кыянат 16 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

16 болум

 

Аделя сабактан чыгып келе жатканда окшош аппак аюунун кийимин кийген эки адам жолун тороду. Биринин колунда кучак толгон кызыл роза, биринде Аделя деген жазуусу бар жүрөкчө шарлар. Кыздын кубанычтан көздөрү жайнай түштү.

 

– Силерди ким жөнөттү?- деген суроосуна экөө тең үн катышкан жок. Аделяга буюртманы берип, айланып жүгүнүштү да, жолун улап кетишти. Аделяны курбу кыздары тегеректеп калышты.

 

– Кимден келди?

 

– Билбейм.

 

– Кандай сонун букет?!

 

– «Аделя, мен сени сүйөм!» дейт. Оо…

 

– Сени чындап сүйөт окшойт.

 

Кыздар Аделяны ортого алып туруп калышты. Аделя Байэлди ойлоп кубанып койду, башка эч кимди ойлогон жок. Аңгыча айдоочусу Айбек келип калды. Шарларды, гүлдү араң батырып машинага түштү.

 

– Оо, туулган күнүңдү жигитиң эрте куттуктай берейин деген турбайбы.

 

Аделя жылмайып койду. Өзүнчө кубанып, ичинен Байэлге ыраазы болуп жатты. Бул белектин ээси Арс экенин ойлогон да жок.

 

ххх

 

Байэл байкабай акырындан сазды көздөй бара жатты. Саз дагы бир караганда билинбей, качан гана ортолоп барып калганда соруп алат эмеспи. Арзыбаган акчага азгырылып жүрүп келечегин түмөн туманга айландыргандар канча… Байэлди адал эмгек менен тамак таап жейм деген аракети дайыма коштоп жүрө алган жок.

 

– Ушинтип кара курсактын тойгонуна кубанып жүрө беремби, үй-жайлуу болоюн, бир өмүрдү эл катары жашайын, Кудай берет дебей, аракет кылайын. Кудай ансыз деле берди. Байдын жалгыз эрке кызы аркасынан ээрчиген байдын балдарын эмес, мени тандады. Аделяны атасы менден алып койбосун. Мендей кара жанынан башка эч нерсеси жок томаяк жетимге жанындай көргөн кызын бере коймок беле? Мен кандай болбосун акчалуу адамга айланышым керек,- деп туруп алды. Жан дүйнөсү да, өзү да ырыстуу тойбогон неме «акча гана баарын чечет» деген ойдон өйдө көтөрүлө албады. Жеңил ойлонуп жатканын, кээде акча дагы маселени чече албай каларын аңдаган жок. Байэл Капарлардын курамга чакырганына дердеңдеп калган.

 

– Канчалаган кыйын балдар жүрөт. Аларды эмес, мени тандады. Анан да келерим менен иштерине аралаштырышты, демек, мага ишенишет. Мен дагы булардын ишеничин актайын,- деп ойлонуп жатты. Ага окшогон далай бала булардын курмандыгы болгонун кайдан билсин? Байэл сыяктуу артынан издей турган кишиси жок немелер дайыма булардын бутасында.

 

Баха жигиттерди топтоп бир жарым сааттай бүгүнкү кыла турган иштери тууралуу түшүндүрдү. Көз байланып калган маалда алар кайдадыр жөнөп кетишти. Унаа бир мекеменин алдына келип токтоду.

 

– Тигине машинасы,- Тахир кара Жипти көрсөттү.

 

– Туура эле баамдаптырбыз.

 

Баха Капардын оң колу болсо, Тахир сол колу. Ал экөөнүн да жанында жүргөн бирден бала бар. Тахирдин жанында жүргөн бала азыр камакта отурат. Анын ордуна Байэлди алышты. «Сууруп чыгып алабыз» деп ага убадалашканы менен, эч кандай аракет көрүшкөн жок. Негизи булар артын тазалап жүрүшөт. Өздөрүнө каршы көрсөтмө берсе көбүн сатып кетишет.

 

Аңгыча мекемеден эки киши чыгып унааны беттеп басышты. Ээн жерден жолугабыз деп ушул жакка келишкен. Бирок ойлогондой болбой калды.

 

– Эмне болгон өзү бул жерде? Кыймыл демейдегиден көп.

 

– Унаалар сүзүшкөн турбайбы.

 

Аңгыча унаа жүрүп кетти. Тахир алардын артынан айдап жөнөдү.

 

Акмалап айдап отуруп, ээн жерге келгенде Тахир ылдамдыкты жогорулатып тигил машинаны ашып өттү. Алдыга чыгып жолун тороду. Күү менен келе жаткан унаа сүрүлүп келип токтоду. Капардын балдары экенин Чыңгыз дароо тааныды. Бирок тоготпогондой машинадан эч ким түшпөй койду. Баханын жини келип кетти. Жакындаганда унаанын эки дөңгөлөгүн атып салды. Унаанын алды жагы жапырая түштү. Атып салбасын дедиби, ичиндеги экөө тең сыртка чыга калышты. Алдыдагы лөкүйгөн жигит түшөрү менен тапанчасын алып Баханы көздөй кезеди. Баханын балдары Чыңгызга карап кезеп калышты. Байэл биринчи жолу курал менен бирөөнү коркутуп жатат. Тахир ага үйрөтүп жатканда анча олуттуу сезилген эмес. Азыр куралды пайдаланып жүргөндөй түр көрсөткөнү менен, ичинде сүрдөп турду. Абалды Баха өзү курчутуп жиберди. Болбосо сөз менен эле сүйлөшүлө турган иш болчу. Бир аздан кийин тапанчалар түшүрүлүп, Чыңгыз менен Баха бир топ сүйлөшкөн соң маселе чечилди көрүнөт. Экөө кол алышып Баха «жүргүлө, кеттик» дегендей балдарга ишарат кылып унааны көздөй басты. Балдар куралдарын Тахирге өткөрүп жай-жайына тарап кетишти.

 

Эртең менен эрте кайрадан Капар балдарын чогултту.

 

– Бул кечээги иш үчүн силердин эмгек акыңар,- ал ар бирине ар кандай суммадагы акча берди. Кыязы, дайындаган иши өтөсүнө чыккан көрүнөт. Өз пайдасын өндүрүп алса керек. Өзүнчө көңүлү жайдары.

 

– Бүгүн, Байэл менен Тахир, Алматыга товар жеткиресиңер.

 

– Баха, сен болсо акчаларды жыйнап кел.

 

– Товар келдиби?- Тахир сурады.

 

– Келген, даяр, эртелеп чыга берсеңер болот. Бүгүн өтмөктө биздикилер күзөттө турушат.

 

– Байэл, паспортуң жаныңдабы?

 

– Карап көрөйүнчү,- боорундагы чакан сумкасын чукулап туруп калды.

 

– Бар экен.

 

– Анда эртелеп чыгалы. Кайра келип калышыбыз керек.

 

Байэл Тахир менен Алматыга кетти. Бүгүн Аделянын туулган күнү экенин эсинен чыгарып койду. Ойгонгондон бери улам-улам телефонун карап Аделя отурат. Бул күнү таң эрте куттуктап ойготчу Байэлден дайын жок. Күн түштөн ооп калганда кыз өзү телефон чалып көрдү, өчүк экен. Жанатан жини келип жаткан кыз эми сарсанаа боло баштады. Курбулары менен туулган күнүн белгилемек. Кечээ сүйлөшүшкөн. Байэл менен бирге барууну пландап жаткан. Минтип андан дайын жок. Кеч кирип, курбу кыздар биринен өтүп бири чалып, жаза башташты. Маанайы жок болсо да кийинип кечеге даярдана баштады Аделя.

 

– Кызым, сага эмне болду? Ким сени капа кылды? Бүгүн сенин күнүң да. Маанайыңды эч нерсе түшүрбөсүн,- бөлмөгө кирген апасы дароо кызынын кабагы салыңкы экенин көрдү.

 

– Баары жакшы. Маанайым жайында эле,- кыз жылмайып койду апасына. Бирок бул жылмаюу чын жүрөктөн эмес экенин эне туйду.

 

– Бара турган жерди сүйлөшүп дайындап койдуң беле?

 

– Ооба. Тогуздарга чогулабыз.

 

– Бир жериң ооруп турабы?

 

– Жок. Баары жакшы.

 

Кыз апасын кучактап өөп койду. Апасы бөлмөдөгү гүлдү кармалап туруп калды. Кыз ким берди деп сураса досторум деп коёюн деп жообун эбак эле даярдап койгон.

 

– Ой, Арс дейби?..- кичинекей кагазды кармап таң калып кызын карап калды.

 

– Эмне?- апасынын колундагы кагазды жулуп алды. Чын эле Арс деп жазылуу экен. Ишенгиси келген жок. Шалдайып туруп калды. Арстын белеги экенин билсе колуна кармабайт эле. Кызынын абалын көрүп эне түшүнбөй турду. Ал эми Арс бул убакта Аделя белегин алганына машырканып, мындан да чоң кадам кылууну ойлонуп жаткан. Аделя шарлардын баарын жарып, гүлдү көтөрүп таштандыны көздөй жүгүрдү. Байэл керек болсо куттуктап койбогонун эми билди. Ызасына чыдабай ыйлап жатты. Эшикке чуркап чыккан кызынын артынан эне да чуркап чыкты…

 

ххх

 

Эч кандай тоскоолдуксуз товарды жерине жеткирген Тахир менен Байэл Алматыдан түн жамынып кайра Бишкекке сапар алышты. Байэл Аделянын туулган күнүн унутуп калганын эстеп өкүнүп, Кыргызстандын аймагына кирери менен телефон чалууну көздөп келе жаткан. Керели кечке чарчаган неме уктап кетти. Байэл уктагандан кийин Тахир музыкага алаксып унааны зуулдата айдап келе жатып бир кезде анын да көзү илинип кетти…

 

Аделя жини менен букетти жулмалап туруп таштандыга ыргытты. Өзүнөн-өзү шолоктоп ыйлап жатты. Эне кызын сооротуу менен убара. Ичинен ойлонуп бул жагдайга түшүнбөй жатты. Анын жинине тийбейин деп эч кандай суроо берген жок. Аделя ачуусу менен бүгүнкү туулган күндүк кеченин болбой турганы тууралуу курбусуна СМС жазып, бөлмөсүнө кирип жатып алды. Эне байкуш кызынын бөлмөсүн тегеренип жүрөт. Жай алып жата албай койду.

 

– Кайдан да кагазын ала койдум эле? Арска эмне мынча жини келди? Кечени болтурбай койгудай, мынча ыйлагыдай эмне болду?- деп суроосуна жооп таба албай бушайман.

 

– Чоңойду, жан дүйнөсүндө өзгөрүү болуп жаткандыр,- деп санааркоосун басууга аракет кылганы менен, кызынын абалын көрүп тынчы кетип жатты. Кызын мынчалык түйшөлткөн маселе аны ойлондурбай койгон жок.

 

ххх

 

Унаа жолдон чыгып барып силкингенде Тахир да, Байэл да чочуп ойгонуп кетишти. Тахир дароо “тормозду” тээп үлгүрүп калды.

 

– Кудай өзү сактады.

 

– Жолдо унаалар жогунан аман калдык.

 

Экөөнүн тең көздөрү умачтай ачылды. Кудайга шүгүр кылып демдерин баса албай жатышты. Чочуп калган немелер машинасын жол жээгине токтотуп эс алууну туура көрүштү.

 

Буга чейин эс албай жүргөнгө экөө тең катуу укташыптыр. Терезеден ачуу тийген күндүн нурунан ойгонду Тахир. Караса саат 10дон өтүп калыптыр.

 

– Байэл, тур, саат түш болуп калыптыр.

 

– Ушунча уктадыкпы?- экөө ойгонуп сапарын улашты. Бул маалда Капар Алматыга товар жеткирип кеткен балдарга сарсанаа болуп, эбак ары-бери чалып ызылдатып баштаган. Жанында кечээ жеткирип кеткен товардын акчасы да бар болчу.

 

– Телефондору өчүк. Чек арадан өтүшпөптүр. Эмне болду буларга?

 

– Тахир бизди кабарсыз калтырчу эмес эле. Ага бир нерсе болгонбу? Түндө экилерде баратабыз деп жазган. Ошол бойдон байланыша алган жокмун,- Баха чылымдан дембе-дем чегип отурду. Аңгыча Капардын телефонуна чалуу келди.

 

– Жакшы болсо эле болду. Рахмат кабарың үчүн,- дегенин укту Баха.

 

– Эмне болуптур?

 

– “Ак-Жолдон” өтүшкөнүн айтышты. Келип калышса керек. Калганын келгенде билебиз да.

 

Байэл Бишкекке келери менен Аделяга чалып жатты. Такыр албай койду кыз. Каттарды жаза берди. Эч эле жооп болгон жок. Аделяны дагы таарынтканы үчүн өзүнө жини келди. Аңгыча унаа керектүү дарекке жетти. Дарбаза ачылып ичке кирип келишти. Адаттагыдай Капар менен Баха чылымды чегип эшик алдында отурушуптур.

 

Жигиттер саламдашып, Тахир көкүрөгүндө асынган сумкасынан бир тутам акча алып чыгып Капарга сунду. Эмнеге кечигишкенин сурады эле, жаралган жагдайды түшүндүрүп айтты Тахир. Капар аларды бүгүн эс алгыла деп кетирип жиберди.

 

– Жүрү, жөн кетпей мен сени биздин залга табыштай кетейин. Машыгууң ансыз да үзгүлтүккө учурап жатат.

 

– Эртең барбайлыбы,- деди Аделяга шашып жаткан Байэл.

 

– Бас, жол бою эле бара кетебиз. Жакын эле.

 

10 мүнөткө жетпей экөө залга кирип келишти. Машыгып жаткан балдар аябай көп экен. Тахир бирин бери чакырып сүйлөшүп, Байэл менен тааныштырды. Байэл залдагы түзүлгөн шартка суктанып алды. Ал эми ушул залда машыкмай болду.

 

ххх

 

Байэл чыгары менен Аделя окуган окуу жайдын дарегин айтып, ошол жакка жеткирип коюшун өтүндү. Тахир Байэлди түшүрүп, жүрүп кетти. Жигит дайымкы отурган отургучта улам окуу жайдан чыккандарды карап отурат. Аделянын курбуларынын баары чыкты, бирок Аделя жок. Аделянын жанынан көп көрүп жүргөн кыздын аркасынан жетип барды.

 

– Кандайсың?

 

– Салам. Эмне болду?

 

– Аделя…

 

– Ал бүгүн келген жок.

 

– Кечээ чогуу болдуңарбы?

 

– Жок. Билбейсиңби, ал туулган күндүк кечени токтотуп салды.

 

– Кандайча?

 

– Эмне болгонун эгер сен билбесең, анда менден сурабай эле кой,- кыз Байэлди акырая карады да, басып кетти.

 

Байэл эмне болгонуна түшүнбөй бушайман болуп туруп калды. Отургучта ойлонуп отурду да, чечкиндүү ордунан турду. Гүл саткан жайга барды. Айланып гүлдөрдү кыдырып чыкты.

 

– Саламатсызбы, сизге жардам керекпи?

 

– Эже, кыздарга жаккан эң жакшы гүлдөн чоң кучак бериңизчи,- деп жиберди жигит.

 

– Көпчүлүк кыздар пионду жактырышат. Бирок андан көп алам десеңиз кымбат болуп кетет.

 

– Ала берем.

 

Байэл кучак толгон гүлдү алып таксиге отуруп, Аделянын үйүн көздөй жөнөдү. Атасы мага десе өлтүрүп салса да барам деп чечти. Такси Байэлди айткан дарегине жеткирип, жүрүп кетти. Ал дароо дарбазанын коңгуроосун басты. Эки жолу басты, эч ким чыккан жок. Кечке баскылай берди. Байэл өзүнүн жоругуна таң калып жатты. Мурун коңгуроону басмак тургай эшиктин алдына келе алчу эмес. «Ким мынчалык коңгуроону кечке басып жатат?» деп Аделя жини келип эшикти шарт ачып жиберди. Жигитти көрөрү менен дарбазаны дароо жапты. Бирок үйгө кирип кете албады. Дарбазанын түбүндө тура берди. Байэл да кеткен жок. Аделянын ичкериде турганын сезди. Тыным албай сүйлөй берди. Алматыга кеткенин, байланышууга мүмкүн болбой калганын айтып актанып жатты. Жолдо кырсыкка учурап кала жаздаганын да айтты. Атайын айтты муну. Аделянын боорукер экенин, ага санааркаарын жакшы билет. Бир кезде эшик ачылып көздөрү шишиген, чачтары уйпаланган Аделя чыкты. Байэл сүйүнүп кетти. Кыздан кечирим сурап колундагы гүлүн берди. Кыз гүлдөрдү араң көтөрдү, жаш айланып турган көздөрүн кубаныч аралады.

 

– Мен жактырган гүлдү каяктан билдиңиз?- кыз Байэлге эч эле таарына албайт. Ушинтип эле жазылып кетет.

 

– Билдим да,- жигит күлүп тим болду.

 

Экөө кечинде жолугуша турган болуп коштошушту. Аделя үйдө өзүнөн башка киши жок экенине кубанды. Акчасын аябай бир кучак пион алып Байэлдин үйгө чейин келгенин чоң эрдик катары көрдү. Кечке эч нерсеге көңүлү чаппай жаткан кыздын бир заматта көңүлү жай боло түштү.

 

ххх

 

– Саламатсызбы? Батир боюнча байланышып жаттык эле,- телефондун ары жагынан аялдын үнү угулду. Байэлдин интернет желесине жайгаштырган жарнамасы иштей баштады көрүнөт.

 

– Саламатсызбы? Сизди угуп жатам,- Байэл үнүн олуттуу чыгарып сүйлөшө баштады.

 

– Биз Москвадабыз азыр. Жакында Бишкекке барабыз. Өзүбүзгө үй карап жаттык эле. Сиздердин батир бизге аябай жакты. Дал ушу сиздикиндей эки бөлмөлүү батир карап жатканбыз.

 

– Бул батирди сатпайт элем, акча зарыл керек болгондуктан сатып жатабыз. Бүгүн Бишкектен эле арзан экен деп көргөнү келебиз деп жаткандар бар. Биз дагы тез арада сатышыбыз керек. Сиз жетишесизби, билбейм. Силер Москвадан келгенче көп болуп кетет го. Анан силер албай койсоңорчу?- Байэл аялды ынандыра алды. Бул ишти чынында бат өздөштүрүптүр.

 

– Сизге анда ишенимдүү болуш үчүн акча которолу. Азыр өзүмдө жети миң доллар бар, ошону которуп турсам болобу?- аял шашкалактап жооп берди. Мындай арзан, жакшы батирди колдон чыгаргысы келген жок.

 

– Макул, анда сиздерди күтөйүн.

 

– Эсебиңизди жөнөтүп коёсузбу?

 

Үй алам деп толкунданып турган аялга алдап кетпейби деген ой келген жок. Кат аркылуу келген эсепке дароо акчаны которуп жиберди. Байэл бир заматта акчага марып отуруп калды…

 

(Уландысы бар)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE