Пример HTML-страницы

Чыр-чатаксыз үй-бүлө болбойт

https://kyrgyzcha.site/?p=55354&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Чыр-чатаксыз үй-бүлө болбойт

Миң идеалдуу үй-бүлө болгон күндө да казан-аяк кагышпайт деген кепилдик жок. Болгону ар үй-бүлө ар кандай урушат. Көрсө, уруштун жаман жагы менен катар жакшы жактары да бар экен. Yйүңүздө кезектеги чыр башталганда төмөндөгү кеңештерди эстесеңиз, өтө тереңдебей жеңил өтүп кетет деп ишенебиз.

 

Түгөйлөр

үчүн уруш зарыл нерсеби?

— Уруш учурунда топтолуп калган эмоциялардын баары сыртка чыгат да, жеңилдөө сезилет. Буктун баарын ичке сактоого болбойт, ал ден-соолукка зыян.

— Түгөйлөр ортосунда маалымат алмашуу жүрөт. Уруш учурунда алар бири-бирине эмнени каалап жатканын, канчалык деңгээлде каалап жатканын жеткире алышат.

— Эгер түгөйлөр көпкө чейин урушпай калышса, сезимдер өчө башташы мүмкүн. Уруш түгөйлөр ортосундагы мамилени жаңылоого, бардык кызыкчылыктарды нөлдөн баштоого жардам берет. Мындан тышкары, көпчүлүк түгөйлөр жаңжалдан соңку төшөк оюнунан болуп көрбөгөндөй ырахат алышаарын тастыкташат.

Уруштан кантип качуу керек?

1. Уруш башталаар алдында өзүңүзгө суроо берип көрүңүз: «Мен үчүн үй-бүлө, жакшы маанай маанилүүбү же таштандыбы?» Балким таштандыны төгүп келүү жеңилирээктир?

2. Уруштан кутулуунун эң жөнөкөй жолу — алаксуу. Пол жууңуз, шкафтагы кийимдерди алып, иреттеп чыгыңыз. Сиз бул иштер менен алек болгондо эмоцияңыз жоголуп кетет.

3. Чыр-чатактын алдын алып, бир жакка кетип калыңыз: дааратканага, жуунуучу бөлмөгө, же болбосо жөн гана крандан сууну чыгарып, оозуңузду чайкап келиңиз.

4. Эгер түгөйүңүздүн бир кемчилигин байкап калсаңыз, ал үчүн уруш чыгаруунун зарылдыгы жок. Анткен менен анын сиз сүйгөн башка жакшы сапаттары бар да. Эсиңизде болсун, сиз деле идеал эмессиз, бүгүн болбосо башка күнү кемчилик кетиресиз.

Урушту кантип токтотууга болот?

— Урушту көз жаш менен токтотууга болот. Көпчүлүк эркектер ушундан соң өздөрүнө келишет. Бирок түгөйүңүздүн өзү таап алышын күтпөй, эмне үчүн ыйлап жатканыңызды ага айтууңуз керек.

— Коркутуу менен токтотууга болот: «Эгер сен азыр кыйкырганыңды токтотпосоң, мен…»

— Күлдүрүп токтотсо да болот. Урушуп жатканыңыздарда ар кандай күлкүлүү кыймыл-аракет кыла берсеңиз, экөөңүздөрдүн тең урушту улантайын деген ниетиңиздер жоголуп кетет.

 

Жаңжалдан

соң кантип

жарашуу керек?

1. Анализдөө. Уруш басаңдап калганда отуруп, болуп өткөн окуяны өз алдынча анализдөө керек.

2. Жыйынтык чыгаруу. Анализден соң бир жыйынтык чыгарышыңыз мүмкүн. Мисалы, түгөйүңүздүкү туура деген. Эгер аныкы туура эмес болгон күндө деле мамилени биротоло үзүп салууга чейинки деңгээлде эместир.

3. Жарашуу. Канчалык эрте жарашсаңыз, жеңилдөө, жан-дүйнөңүздүн тынчтыгы ошончолук тез болот. Адатта жарашууга ким биринчи барса, ошол алсыз жана күнөөлүү деп эсептелинет. Чындыгында ал тескерисинче күчтүү. Бул ишенимдин, жакшы мамиленин, түгөйүнүн көңүлүнө кароонун белгиси. Ал эми таарынычын ичине көпкө чейин сактап жүргөн адам өзүнө жана өнөктөшүнө ишенбейт.

4. Жакшы сөздөрдү айтуу. Чыр-чатактан соң түгөйүңүзгө жылуу сөздөрдү арноодон тартынбаңыз. Бир аз мурун аны кандай тилдебеңиз, «сүйөм» деген бир сөзүңүз баарын жууп кетет.

5. Жыйынтыкты чыңдоо. Жарашкан соң жыйынтыкты чыңдап алыш керек. Ал үчүн эртеси күнү жылуу сөздөр менен SMS жазып, чакан белек тартуулап же тамаша сүйлөп койсоңуз болот.

 

Уруштун

да эрежеси бар

1. — Урушка ылайыктуу убакытты жана жайды тандап алыңыз. Эч качан балдардын, тууган-уруктун, башка адамдардын көзүнчө урушпаңыздар. Бир гана экөөңүздөргө тиешелүү маселелерди башкалардын билишинин кажети жок.

— Жатаар алдында урушуу сунушталбайт. Бул нерсе уйкунун бузулушуна, толук кандуу эмес эс алууга алып келет.

— Көпчүлүк учурда уруш кечки убакта чыгат. Анткени бул учурда түгөйлөрдүн экөө тең чарчап, күнү бою жыйналган чыңалуудан улам сиркелери суу көтөрбөй турган маал болот. Мындай учурда «кечки акылдан таңкы акыл» деп чыр-чатакты эртеңкиге калтырууга аракет кылыңыз. А эртең менен ал маселе актуалдуулугун жоготуп, урушууга негиз жок болуп калат.

— Эгер түгөйүңүздүн туулган күнү же кандайдыр бир кубанычтуу күн болсо, мүмкүн болушунча уруштан алыс болуңуз. Анткени, мындай учурда адам карама-каршылыкты эки эсе курч кабыл алат.

2. Канчалык күнөөлүү болгон күндө да түгөйүңүздү сыйлаңыз. Таарыныч, кызганыч, жек көрүү сизди муунтуп турган мүнөттө да бир нече убакыт мурун эле ал сиздин эң сүйүктүү, эң кымбат адамыңыз болгонун эсиңизден чыгарбаңыз.

3. Эч качан жеңишке жетишүүгө аракет кылбаңыз. Уруш учурунда кимдики туура, ким күнөөлүү экендигин эмес, түшүнбөстүк эмнеден келип чыккандыгын талкуулаңыздар.

4. Урушуп жатканыңыздарда түгөйүңүздүн жаман экендиги жөнүндө эмес, ошол учурдагы өзүңүздүн сезимиңиз жөнүндө айтыңыз. Мисалы, «сен калпычысың, акмаксың» эмес, «сен менден болгон ишти жашырганың үчүн мен өзүмдү ашыкча сезип турам».

5. Өткөн таарынычтарды эч качан козгобоңуздар. «Билесиңби, сен он жыл мурун мени минткенсиң» деген сыяктуу сөздөр таптакыр ашыкча. Өткөн нерсени кайра калыбына келтирүүгө болбойт, ал эми учурда болуп жаткан көрүнүштү туура багытка буруу боло турган нерсе.

6. Yйдөн чыгып кетүүдөн качыңыз. Эшикти тарс жаап чыгып кетүү менен карама-каршылыктан кутула албайсыз, тескерисинче, баарын татаалдаштырып аласыз.

7. Унчукпай коюуга болбойт. Бул эң бир кыжырды келтирүүчү нерсе. Унчукпай коюу менен маселени чече албайсыз, тескерисинче, анын чечилишин кечеңдетесиз. Суткалап сүйлөбөй коюуңуз менен сиздин майда-чүйдө кемчилигиңизге чейин эстеп алганга түгөйүңүзгө шарт түзүп бересиз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE