Пример HTML-страницы

Бырыштын эки түрү бар:

https://kyrgyzcha.site/?p=55343&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бырыштын эки түрү бар:

Майда жана терең. Майда бырыштар – туурасы менен чуңкурлугу бир миллиметрге жетпеген бырыштар. А терең бырыштардын туурасы менен чуңкурлугунун өлчөмү бир миллиметрден көп болот.

Биз күлгөндө, кайгырганда, каарданганда, бир нерсеге таң калганда түшкөн бырыштар – мимикалык бырыштар деп аталат. Алгачкы мимикалык бырыштар маңдайга түшөт. “Каз таман” деп аталган бырыштар – адамдын көп күлгөнүнүн белгиси. Эгер жашоосунда жагымсыз нерселер көп болсо, ал адамдын мурун жана эрин тараптарына көп бырыш түшөт. Ал эми жаш курактын өтүшү менен түшкөн бырыштар – бул курактык бырыштар болуп эсептелинет. 25-27 жаш куракта бетте араң байкалган бырыштар пайда боло баштайт, 35 жашта алар кадимкидей байкалат да, 40 жашта даана тартылган сүрөттөй болуп калат.

Бырыштын убагынан эрте түшүшүнүн себептери

Терисинин түрү. Башкача айтканда, майлуу беттерге караганда кургак терилүү беттерге бырыш эрте түшөт.

Уктаганда башты туура эмес коюп жатуу (өтө бийик жаздыкка же жаздык койбой жатуу) ээкке жана моюнга бырыштардын түшүшүн шарттайт.

Нерв системасынын бузулушу, жугуштуу жана өнөкөт ооруларды баштан өткөрүү, аялдарга тиешелүү оорулар, ашказан-ичеги жана башка оорулар иммунитетти жана теринин серпилгичтик деңгээлин түшүрөт. Мунун натыйжасында терибизде бырыштар пайда болот.

Айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлери: күн, шамал, аба, температура.

Бетти тез-тез жууп, масканы жана косметиканы ашыкча эле көп колдонуу бетибизди кургаткандан башка эч кандай пайда алып келбейт.

Зыяндуу адаттарыбыз да теринин сапатына өз таасирин тийгизет. Мисалы, тамеки чегүү бир гана ден соолугубузга зыян келтирбестен, бетке бырыштын түшүү процессин тездетет.

Дагы бир себеби климаксучурундагы организмдеги гормоналдык өзгөрүү болуп эсептелинет.

Эгер сизге жакса досторунуз менен да болушуп коюнуз!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE