Пример HTML-страницы

Сактансаң сактайт

https://kyrgyzcha.site/?p=55372&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Сактансаң сактайт

 

Тилекке каршы, учурда зыяндуу адаттарды алып жүрүү жагынан аялдар эркектерди кууп баратат. Адамзат тукумун улантуучу деп эсептелинген аялзатынын колунда келечектеги муундун тагдыры турганын айрым аялдар түшүнө беришпейт. Биз көп маани бербеген спирт ичимдиктеринин аялдын организмине тийгизген терс таасири оголе көп.

 

 

Мээ

Алкоголь канга киргенде эритроциддер бири-бирине жармашып калат да, микрокапиллярларды бууп коёт. Натыйжада, капиллярлар көөп, жарылат. 100 грамм аракты колдонгондо мээнин миңдеген клеткалары өлөт да, кайрадан алар эч качан калыбына келбейт.

 

 

Жүрөк

Алкоголь кан менен кошо жүрөккө барганда жүрөк булчуңдарынын клеткалары бузулат. Жүрөк май ткандары менен капталып калат. Артерия менен капиллярларда уюп калган кычкылтектин жана азык заттардын жолун бууп, алардын жүрөк булчуңдарына жетүүсүнө тоскоолдук кылат. Натыйжада ткандар кургап калат. Бул болсо инфаркт деп аталат.

Уюган канды жоготуу үчүн жүрөккө катуу иштегенге туура келет, ошондуктан булчуңдар тез чарчайт да, жүрөк оорусу пайда болот.

 

Боор

Аз болобу, көп болобу, алкоголду колдонгондо анын уусунун эң биринчи соккусун боор өзүнө кабыл алат. Боордун клеткалары куурап, алар май менен бириге албай «ыркы кетет». Ошентип боордун иши бузулуп, мындан цирроз келип чыгат. Цирроздон — рак пайда болот.

Боордун тазалоочу функциясынын күчү кете баштаганда адам тез мас болот, эртең менен кыйналат, ал убакта боор да кыйналып жаткан болот. Андыктан, боор алкоголдун уусун жеңил иштеп чыгуу үчүн ач карын ичпөө сунушталат.

 

Бойго бүтүү учурундагы алкоголь

Алкоголь кош бойлуулукка чейин эле аялдын жумуртка клеткаларына жана эркектин спермасынын сапатына өз таасирин тийгизет. Андыктан эгер акыл-эстүү, ден-соолугу чың, физикалык жана психикалык жактан кемчилиги жок балалуу болом десеңиздер, бойго бүтүрүүдөн үч ай алдын ичимдиктен баш тартыңыздар, анткени, сперматозоиддер 82 күндө калыбына келет.

 

 

Жатын

Алкоголду көп колдонгон аялдар өнөкөт оорулар менен көп оорушат. Алардын айызы 36-38 жаштарында эле токтоп калат. Бул аялдардын жатынын өлчөмү кичирейип кетет, жатын түтүктөрүндө жарака пайда болуп, жумуртка клеткаларынын түзүлүшү бузулат. Натыйжасы балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроого чейин жетет.

 

 

Түйүлдүккө тийгизген таасири

Алкоголдук ичимдикти көп колдонгон аялдын ичиндеги түйүлдүктө төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болот:

1. Түйүлдүктөгү зат алмашуунун жана тамактануунун бузулушу. Аял кош бойлуу кезинде колдонгон алкоголь мээнин туура эмес өнүгүп жаткандыгына байланыштуу түйүлдүктүн өсүү темпин жайлатат. Жаңы төрөлгөн баланын салмагынын аз болушу, боюнун кыска болушу да энесинин кош бойлуу маалында спирт ичимдиктерин ичкендигине байланыштуу. Мындай балдарды медицинанын тили менен түйүлдүктүн алкоголдук синдрому деп коюшат. Алар курсак жатканда эле алкоголго көз каранды болуп калышат. Жарыкка келип, алкоголдон ажырап калганга көнбөй төрөлгөндө эле кыйкырып, чыргоолонуп төрөлүшөт. Мындай учурда мурунку врачтар баланын оозуна бир тамчы спирт тамызып коюшкан. Бала аны сугалактык менен жалап алган да, ушундан кийин тынчтанган. Мындай балдардын алгачкы 24 саттын ичинде дем алуусу тез-тез болуп, колунун манжалары титиреп, ичи көөп, айрым учурда кусушу мүмкүн. Мындай балдар эмчекти оозуна албай кыйнашат, салмагы такай нормасына жетпейт. Алар такай кыйкырып, чыргоолонуп турушат, жакшы укташпайт, физикалык жактан да, психикалык жактан да жай өнүгөт.

2. Баш сөөктүн түзүлүшүнүн бузулушу. Мындан улам баш сүйрү, өтө чоң же тескерисинче кичине болуп калат. Баш сөөктүн бет бөлүгү да жакшы өнүкпөйт, башкача айтканда, кулагынын формасы туура эмес, маңдайы өтө бийик же жапыз, көздөрүнүн формасы да башкача болуп, кыйшык же бири-биринен өтө алыс жайгашып калышы мүмкүн. Эриндеринин жырык болуп калышынын себеби да дал ушул алкоголь.

3. Түйүлдүктүн өсүүсүндөгү кемчилик жана түрү сууктук . Мында чыканактардын бүгүлбөй калышы, колунун манжаларынын бирдей узундукта болушу, денеге бириккен моюну жок баштар — булардын баары алкоголдун натыйжасы. Сырткы түрү сууктук менен кошо ички организмдердин мутанттыгы да болот.

4. Мээнин бузулушу (интеллектуалдык өнүгүүсүнүн бузулушу). Алкоголдун таасиринен улам нерв системасынын бузулушунан балдардын интеллектуалдык өнүгүшү өспөй калат.

Жогоруда айтылган оорулардын баары бир балада болушу мүмкүн эмес. Алкогол ар кайсы түйүлдүккө ар башкача таасир этет. Ошого байланыштуу түйүлдүктүн алкоголдук синдрому жеңил, орточо, оор деп үчкө бөлүнөт.

Алкоголдук синдромдун оор түрү аял кош бойлуу кезинде күнүнө 4-5 рюмкадан арак ичкенде пайда болот. Орточо түрү — 3-4 рюмкадан, жеңил түрү — аял 2 рюмкадан арак ичкенде пайда болот.

Ичимдиктин кичинекей дозасы да кош бойлуу аял үчүн кооптуу. Андыктан балаңыздын келечегин ойлосоңуз, бул мезгил аралыгында алкоголдон биротоло баш тартканыңыз туура болот.

Эне сүтүндөгү алкоголь

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмчек эмизүү учурда бир күндө колдонулган алкоголдун бир же эки бирдиги эненин да, баланын да ден-соолугуна зыян тийгизбейт (1 бирдик=25 мл пиво же 125 мл вино). Алкоголдун бир бирдиги эненин канынан ар эки саатта тазаланып турат. Андыктан балаңызды эмизүүдөн эки саат мурун колдонулган спирт ичимдигини балаңызга жетпейт. Эсиңизде болсун, сүт аркылуу балага өтүп кеткен алкоголдун кичинекей дозасы да анын нерв системасына терс таасирин тийгизет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE