Пример HTML-страницы

ДҮЙНӨ КЫЗЫКТАРЫ 

https://kyrgyzcha.site/?p=55383&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ДҮЙНӨ КЫЗЫКТАРЫ

 

• Бегемоттор суу астында жарык дүйнөгө келет.

• Дүйнөдө китептердин салмагы боюнча биринчи орунда географиялык атлас турат. Ал Британиянын музейинде сакталуу. Салмагы 320 килограмм, бийиктиги 1 метрге жетет.

• Куранда эскерилген Самуд эли тоо бетин тешип, үй салганга чебер болгон. Алардын таш хан сарайы азыркыга чейин Иорданияда турат.

• Жирафтардын узун мойну бактагы жалбыракты үзүп жегенге ыңгайлуу болгону менен, эңкейип суу ичүүдө бир топ тоскоолдук жаратпай койбойт. Суу ичиш үчүн эки бутун эки жакка сунуп анан гана ылдый көздөй эңкейишет. Мындай абалынан жырткычтар көп пайдаланышат, алар жирафтарды сууга келгенде гана кармашпаса башка учурда аларды колго түшүрүү оңойго турбайт. Бирок жирафтар да акылдуулук кылып суу ичкени экиден-үчтөн келишет, бирөөсү ичип жатканда экинчиси кайтарып турат.

• Жапон үй-бүлөлөрүндө бир туугандардын бири – бири менен сүйлөшпөөсү адаттагы эле көрүнүш. Телефон номерлерин да билбей калышы толук мүмкүн.

• Хамелеондун организми түскө жана жарыкка өтө сезгич келип, бир нече секунддун ичинде чөйрөнүн ар кандай түсүн алууга жөндөмдүү. Башкача айтканда, бул процесс анын ой жүгүртүүсүнөн көз карандысыз, терисинин алдындагы пигменттери температуранын өзгөрүшүнөн, жарыктын таасиринен же жаныбардын коркконунан улам ишке ашат.

• Шимпанзелер өзүн күзгүдөн тааный ала турган жападан жалгыз жаныбар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE