Пример HTML-страницы

ЧУБАК АЖЫДАН СУРОО-ЖООПТОР

https://kyrgyzcha.site/?p=43277&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЧУБАК АЖЫДАН СУРОО-ЖООПТОР

 

СУРОО: Урушчаак аялды кантип жумшартса болот?

 

ЖООП: Урушчаак аял өзүнөн өзү урушчаак болбойт. Башка түшсө байтал жорго болуп, турмуштун заарынан улам урушчаак болгондур. Мышыкты деле ургулай берсең, айласы кеткенде арстандай айбат көрсөтөт. Айтор, баккан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот, алган эри жарашса кара катын ак болот. Жарашпай калса сакоо катынга тил бүтүп, уулуу заарга айланат. Ошондуктан, биринчи айтаарым аялыңа жакшы мамиле кыл. Аны күндүздүн күнү үйдөгү идиш жуууп, кийим жууп, балдарды караган роборттой көрүп, түндөсү бир түндүк сойкудай пайдаланбай, аял катары, өмүрлүк жарың катары, эң негизгиси сен сыяктуу эле урмат-сый менен жыргалчылыкка укуктуу адам катары мамиле кыл.

 

Экинчиси, айылдын балдары үйрөтүлө элек тайларды үйрөткөндү, чарс аттарды жоошутканды билебиз да эми. Ошентип жошутуп, анча-мынча эпке келтирсе болот. Ортодогу сүйүү жалындап күйүү үчүн кичине калп айтып, аялыңды мактап койсоң жакшы болот. Аял киши көзүнө ишенбейт, кулагына ишенет. Акылына ишенбейт, сезимине ишенет. Ошон үчүн аялдар башкарган машинелердин авариясы көп болот.

 

Үчүнчүсү, ачууланып баштаганда эле кучактап, сүйлөтпөй өбө калсаң, оозу жабылат. Никелүүлөр качан өбүшсө деле боло берет. Эми элден далдоо болуп дегендей. Кээде аял киши эркектин эркектей болуп чекиндүү кадам шилтегенин жактырат. Куру жентельмендик өтпөйт бу кургур жашоодо. Аялың динге келсе, Кыз Жибектей созулуп, Айчүрөктөй суналып, Курманжандай каада күтүп, Каныкейдей жароокер болуп, Акмөөрдөй сулуу боло түшөт. “Өзүмдүкү беле?”- деп көзүңдү ачып-жуумп тааныбай каласың. Ошент, мен сага бир туугандык кеңешимди айтып жатам. Кем болбойсуң. Миң уккандан бир көргөн.

 

СУРОО: Нике шакегин тагынуу бидьатпы?

 

ЖООП: Бидьат десе да болот. Анткени бул тарсаларга (христианчылыкка) тиешелүү түшүнүк. Мусулмандарда көп никелүүлүккө жол берилет. Үч же төрт аялы бар адам канча шакек тагынып калат анда? Пайгамбарыбыз башка коомго окшошконду тыйган. Бул мына ошол окшошууга кошулган маселелерден.

 

СУРОО: Эркектерге күмүш, алтын билерик, чынжыр тагынса болобу?

 

ЖООП: Эркектерге күмүш шакек тагынууга гана уруксат бар. Алтын билерик, чынжыр эркектерге арам. Жөн эле мончокторду тагып алуу, же темир чынжырчаларды тагып алуу да арам. Эркектин эркектей болгону жакшы. Кызыл, сары түстөгү кийимдерди кийүү да макрух. Ал пасыктардын кийими.

 

СУРОО: 1 айга сапарга чыкса, 15 күнүн каср намазын окуп калганын окубай койсо болобу, же башынан толук окуймунбу?

 

ЖООП: Бир жерде он беш күндөн көп турууга ниет кылса, ошол жерге жеткенден баштап эле толук окуп баштайт. Андан аз күнгө ниет кылса, же качан кетээри белгисиз болуп, бүгүн-эртең деп жүрүп олтурса, анда канча убакыт калса деле касыр окуй берет.

 

СУРОО: Тажия өткөрүү боюнча ар ким ар кандай айтат. Шариятта өлүктү узатуу кандай болуш керек? Ысырапкорчулукту тыя албай калсак, күнөөкөр болбойбузбу?

 

ЖООП: Албетте, күнөөлүү болобуз. Негизи өлүктү узатууда 4 шарт аткарылышы керек.

 

Өлүктү жууш Кепиндөө Жаназа окуу Эрте көмүү, андан кийин маркумдан калган мурасты бөлүштүрүү.

 

Үчүлүк, төртүлүк, жетилик, кыркылык, кара аш дегендин баары бидьат. Ысырапкордук болуп саналат.

 

СУРОО: Махрга эмне сураса жакшы болот? Мени асем буюмдар кызыктырбайт. Махр көп болсо, сооп да көп болот деген чынбы?

 

ЖООП: Махр канчалык аз болсо, никенин берекеси ошончолук көп болот. Махрга акча сурап, ага каалаган нерсени сатып алса болот. Эң азы 5000 сом, көбүндө чек жок. Хадистерде келген ыйманды, Куран аяттарынан окуп берүү сыяктуу мисалдар Пайгамбардын өзүнө гана тийиштүү болгон нерсе. Ал эми бизде махрга алынган нерсе, кийин базарга алып чыгып сатканга жарай турган муктаждыкка жеткен каражат болушу керек.

 

СУРОО: Али (р.а.,) экинчи аял алам дегенде, Фатима энебиз пайгамбарыбызга бул тууралуу айтып келген экен. Пайгамбарыбыз минбардан «Али (р.а) Алинин экинчи аялга үйлөнүүсү Фатиманы капа кылат», — деп айтат экен. Ушул хадиске караганда , экинчи аял алуу ар бир аялга оор келет. Эркектерге ушул тууралуу айтасыңарбы?

 

ЖООП: Айтпайбыз. Ар бир ата ушундай аракет кылат. Пайгамбарыбыз бул жерде аталык макамда айтып жатат. Пайгамбарлыкта айткан жок. Пайгамбарыбыз деле Хадича энебизге чейин көп аялга үйлөнгөн эмес, энебиз каза болгондон кийин гана үйлөндү. Көп аялдуулук сүннөт деген да туура эмес, уруксат берилген гана нерсе. Негизи көп аялдуулук коомдук, социалдык маселелерди чечүүгө багытталган. Бирок, бизде андай болбой жатат.

 

«Акыйкат жолу» китебинен алынды

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE