Пример HTML-страницы

Беш нерсенин кадыры

https://kyrgyzcha.site/?p=53432&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Беш нерсенин кадыры

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен!

Бардык мактоолор Аллахка айтылып, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)га Аллахтын саламдары болсун!

Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) үммөтүнө бул өзөктүү насааттында:

“Беш нерсенин кадырын бил дейт:

Карылык келгиче жаштыктын;

Дарт келгиче, ден соолуктун;

Жакырчылык келгиче, байлыктын;

Убакыт тардыгы закымдагыча, бош убакыттын;

Өлүм келгиче, жашоонун;” (Хаким)

Жаштык Жаштыктын өзү сулуулук, керемет!

Ойду омкоруп, тоону томкоро турган кезде пенденин ибадатка келиши зор жакшылык. Күч-кубаттуу жаштыкты Аллах жолуна арноо, акыреттик соопторго жетишүүгө эң эле сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Орозо кармоого кубат жеткен, парз намаздан сырткары напил намаздарды, тахажудду окуганга мүмкүнчүлүк тапкан, байлык табууга, тапкан байлыктан зекет берүүгө колу жеткен, ажылык улуу сапарына барууга, сапар түйшүгүн көтөрүүгө дарман болгон жаштык курактын кереметин караңызчы?!

Биздин жаштык кандай өтүп жатат?

Аллах берген мүмкүнчүлүк өз жолунда, максаттуу өтүп жатабы?

Алла Таала жаштыкты белек кылып, ошол эле учурда сыноо да кылып койду. Ошол эле учурда, бактылуулукка себеп кылып койду.

Хадисте айтылгандай:

“Сурак Күнүндө төрт нерсеге суралмайын пенденин кадамы бир жерден жылдырылбайт. Жашоосун, жаштыгын кандай өткөрдү? Кандай илим алды жана кантип пайдаланды? Мүлкү, аны кандай жол менен тапты жана кандай жолго жумшады?” Караңыз, күлгүн куракты ырахатына сурак бере турган учурга бара жатабыз. Балким, жакын калдык, балким, жок…

Имам Муслим баяндаган хадисте:

“Эч бир көлөкө табылбаган Сурак Күнүндө Алла Таала жети адамды Өз Көлөкөсүнө алат… Алардын бири жаштыгын Аллах жолуна арнаган адам♥”.-деп айтылат.

Аллахтын Көлөкөсүнө жеткирген улуу жеңишке умтулалы.

Жалындаган жаштыкты жакшылыкка арнайлы.

Жаштыктын жамандыгынан Алла сактасын.

Ден соолук♥

Ден соолук кадырын ооруган жан билет… Дененин саламаттыгы да сыйынууга, жакшы иштердин жарчысы болууга зор мүмкүнчүлүк. Динибизде бейтаптын ибадатына жеңилдик берилгени менен ички дилинде:

“Атаганат, ден соолугум болгондо, кадимки соо адамдардай ибадат кылсам…” деген көксөө турат. Ден соолугу чыңдарыбыз Аллахкка миң мертебе мактоо айтып, күч-кубаттуу кезибизде Аллах ыраазы болгон, кабырыбызга, акыретибиге жетип турган сооптуу иштерди көп кылып калалы. Кудайым, бекем ден соолук берсин. Бейтаптарга шыпаасын насип кылсын…

Байлык•••••••

Байлык бакытка жеткирет, же балээге кириптер кылат. Байлыктын туура жолдо табуу, туура жолдо колдонуу- бакытка жеткирсе, мунун тескериси-балээге кезиктирет. Адал байлыктын болуусу Аллахтан келген нээмат. Байлыктагы кедейдин акысын берүү мусулманчылыктагы эң негизги принциптердин бири. Ошондой эле, бай адам ысырапкор болбошу керек. Кандай гана ысырап болбосун, байлыктын берекесин кетирип, акыры бир күнү кедей абалга алып келет. Кедейликти алдын алуунун жолу ысырапкорлуктан алыс болуп, муктажга жардам берүүнү адатка кылуу болуп саналат. Садака байлыктын берекесин арттырып, балээлерден тосот. Бирок, садака бир гана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн болушу шарт…

♥Аллах бизге адалдан байлык берип, аны Өзүнүн жолунда колдонууну насип кылсын. Мал-мүлкүн Алла жолунда сарптагандар – ар сабагында жүздөн дан (урук) алган, жети баш өндүргөн бир даана данга окшош. Алла кимге кааласа көбөйтүп берет. Алла – Жоомарт, Билүүчү. (2:261)

Убакыт•••••••

Убакыт кылыч сыяктуу. Сен аны кеспесең, ал сени кесет… Убакыт Мусулман үчүн бош убакыт деген түшүнүк болбошу керек. Ар бир көз ирмемди кармап калууга, пайдалуу өткөрүүгө аракет кылуу керек.

Хулайфа ас-Салих ысымдуу сахаба:

“Чындыгында, күн менен түн сага каршы закымдайт, сен аларга каршы аракет кыл”,- деп насаат кылса, белгилүү аалым Хасан Басри мындай деген: “Оо, пенде! Чындыгында, сен күндөрдөн турасың. Ар бир күн өткөн сайын сенин де өмүрүң өтүп жатат…”

Алла Таала Ыйык Куранда убакытка ант берип, мындай дейт:

“Асрга ант. Албетте, инсан (зыянда) коромжуда. Бирок, ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар жана ак менен сабырдуулукка бири-бирин насаат кылгандар (коромжуда эмес)”. (Куран:2)

Бир күнү биз дагы унчукпай калабыз…🌙

Тирүүлүк бар, демек өлмөк бар. Өлүм, андан кийинки жашоонун бар экенине ишенүү — ыймандан. Демек, ыймандуулар өлүмдөн кийинки жашоого ишенгенден кийин ага кам көрөт. “Эртең эмне жейм? Эмне кийием?”- деп курсак менен дүйнө жыргалчылыгына даярдык көргөндөй эле, акырет жашоосуна да даярдык көрүү зарылчылыгы бар. Аллахтын өкүмдөрүнө баш ийүү, ал чийип берген чийин менен жашоо, Анын ыраазычылыгын табуу акыреттик азыктардын негизин түзөт. Бул жалганда сапар тартып бара жаткан жолоочудай жашап, бара жаткан багытыбызга карай тынымсыз аракет кыла берүүбүздү Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) насаат кылбады беле?!

Өлүм бизге кайсы секундда келери белгисиз… Ошондуктан, ар убак акыреттик иштердин үстүндө болуубуз керек. Эсиңиздеби, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)♥

“Уйку — кичи өлүм, жаныбыз бизден убактылуу ажырайт”,- деп бул дубаны айтып уктап:

“Оо, Жараткан!

Өзүңдүн атың менен өлүп, Өзүңдүн атың менен тирилем”. Ойгонгондо: “Өлүмдөн кийин жашоо берген Аллахка мактоолор болсун…” дей турган.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE