Пример HTML-страницы

ЖЕНЕМДИ ЧЫНДАП СYЙДYМ…

https://kyrgyzcha.site/?p=47181&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖЕНЕМДИ ЧЫНДАП СYЙДYМ…

 

Сүйүү жок, эч качан болгон эмес” дешет. Бирок бар экен. Ал бүтүндөй жашооңду астын-үстүн кылып, айланаңды болуп көрбөгөндөй кооз же тирүүнүн тозогу кыларын айткым келди. Менин окуям буга күбө…”

 

“БИР ТУУГАНЫМ…”

– Биз эки бир тууганбыз. Агам экөөбүздүн сырткы келбетибиз окшош болгону менен, көз карашыбыз таптакыр коошпойт. Ал – үй-бүлөнүн ишенген адамы, токтоо, ишенимдүү адам, а мен, тескерисинче, бир жерде токтобогон, кыз жандуу, тобокелчил, көчө жигитимин. Мен үйүмдө бекетке жүргүнчү конгондой жүрөр элем. Бир күнү агамдын бөлмөсүнө баш багып, анын чыкыя кийинип, галстугун байлап жатканын байкадым.

– О-уу, күйөө болчу жигит даярданып жаткан экен, ээ?

– Ооба, Нуриза менен жолугам…

– Кызык, ошол кичинекей сары кыз эми колукту дечи.

– Баарынан кызыгы, экөөңдүн туулган күнүңөр бир күндө экен. Ошол күнү экөөңдү жакындан тааныштырам деп ойлоп койдум.

– Ошондой бекен?

Нуриза атамдардын биздин айылдагы жакшы санаалаш адамдарынын кызы. Кичинесинде үйгө келип калганда анын чачынан тартып, куурчактарын катып коюп ыйлаткандан тажачу эмесмин. Биз шаарга көчүп кеткенде катышыбыз үзүлүп калып, кийин атамдар конокко барып келип эле Нуризаны агама ылайыктап калышты.

Ошол күнү агам менен убадалашкан кафеге баш бактым. Бир кыз жаагын таянган боюнча терезени ойлуу тиктеп отуруптур. Көңүлүм эрксизден бурулуп калды. Сулуу экен! Ойлуу тиктеген көздөрүндө кыялкечтиктин, жумшактыктын, белгиси бар. Мындай жанды карап туруп эс аласың. Ага карай кадам шилтегенимде агам кирип келди.

– Илим, сенин да эрте келген күнүң болот экен, ээ? Жүрү, Нуриза да күтүп калыптыр.

Мына сага! Нуриза ушул беле? Өзүмчө дел боло түштүм.

– Бул – Илим, сени ыйлата берген тентек жигит ушундай азамат болгон,- деди агам тамашалай.

– Тааныдым, көз карашы эсимде калган экен,- деди жылуу жылмайган ал. Мага ошол күндөн тозоктун оту башталды.

 

“ЖЕҢЕМЕ БОЛГОН ЖЫЛУУЛУК”

– Ушундай болду, эчен кызды кареги менен айланткан Илим Нуриза деген жандын капканына кабылды да калды. Башында “агамдын колуктусу болуп, биздин үйдүн босогосун аттаса, бул тартылуу өзүнөн-өзү жок болот” деп ойлогом. Ал тургай өзүмдү ишендирген элем. Бирок… Көргөндө качам, үйгө жолобой жоголуп кетем. Бирок кайра эле бир кымбат нерсемди түшүрүп алгандай издей баштайм. Шарт кескен шарлыгым, жиндилигимдин баары кагылды.

Бир күнү үйгө кеч келдим. Нуриза үй иштери менен алек болуп жүргөн экен. Мени көрүп акырын үн катты.

– Кел, азыр тамак жылытайын. Ачка болгондурсуң…

– Жок, өзүм эле…

Мага минтип апам да мамиле жасабай калганына көп болгон. Мага тааныш эмес жылуу мамиле ого бетер үрөйүмдү учуруп жиберди.

– Нуриза, тим кой. Мен өзүм…

– Илим, отурсаң, сени менен сүйлөшкүм келет. Эч ким менен сүйлөшпөйсүң. Келгенден бери ушул нерсеге таң калам.

Куру намысым ойгонуп “эмне ишиң бар, биздин мамиледе?” деп жибере жаздап барып, көзүнө көзүм урунганда шалдырай түштүм.

Ишенип койгула, ата-эне балдарынын баарын бирдей көрөбүз десе, калп айтып жатышат. Биздин үй-бүлөнүн сүймөнчүгү – башынан эле агам. Тартиптүү, мыкты окуган, ийгиликтүү агамдын көлөкөсүндө мен өмүр бою ата-энем үчүн экинчи планда элем. Кичинемде бүдөмүк атаандашуу бар эле. Кийин кыжырга айланды, ата-энемдин мени да байкашын, мага да көңүл бурушун кааладым. Оюма келген жорукту жасап жүрүп көчө баласына айлансам керек. Ошол күнү биринчи жолу адам аттууга жан дүйнөмдү ачтым. Нуриза мени аядыбы же табиятынан ушундайбы, мага камкор мамиле жасай баштады. Келгенимди, кеткенимди сурап, ишимди сурап, мага ишеним арткан биринчи адам да жеңем болду.

Ал менин сезимдеримди алгач байкабады. Агам менен бактылуу эле. Бир билгеним, мен аны агамдан көп эсе артык сүйчүмүн.

 

“МЕН СЕНИКИ БОЛБОГОНУМА ӨКҮНӨМ”

– Өзөгүмдү өрттөп бараткан бул нерсеге туруштук бере албасымды сездим. Кетишим керек эле.

– Кайда кетесиң?- деди атам адатынча угуп-укпай туруп.

– Башка өлкөдө иштеп келем.

– Деги сен тынчыйсыңбы?- күңкүлдөгөн атам сыртка чыгып кетти. Апам наалып, агам унчукпай кутулду. Көзүмдү көтөрсөм Нуриза өңү өчө шалдайган боюнча мени тиктеп туруптур. Жүрөгүм дирт эте түштү. Ошондо гана ал менин сезимимди билерин сездим. Андан да кызыгы, мендеги сезим анда да бар экенин туйдум. Бир гана көз караш менен эченден берки кыйналган сезимдерди айтып алдык. Азыр эркимде болсо кучактап, дүйнөдөгү болгон жакшы сөздөрдү арнабас белем! Айла жок…

Кетер күнү жаздыгымдын алдынан кат таап алдым. “Илим, сени ойлогум келбейт, бирок ойлобой калсам, өзүмдү жоготуп алгандай сезем. Сени көргүм келбейт, көрбөй калсам, өмүрүм токтоп тургандай сезилет. Бир аз, бир аз эле эрте жолукканда эмне… Улукту мен акылым менен тандагам, а сени жүрөгүм тандады. Өрттөнүп бараткан көз карашыңдан биринчи күндөрү коркуп жүрсөм, кийин ага көнүп калдым. Өрттөнүп кеттим. Бирок кеч… Бул катты окугандан кийин көрүшүп кереги жок. Кечир мени!”

Өмүрүмдө биринчи жолу ыйладым. Өкүнүчтөн, өмүрдү кайрып ала албаган айласыздыгыман ыйладым. Эртеси эч ким менен коштошпостон жолго чыктым.

Быйыл чет жакта жүргөнүмө 2 жылдын жүзү болот. Ошол аралыкта мен өзүмдү таптым. Өзүмдү түшүнгөнгө менин махабатым түрткү болду. Эми ар кимде ар кандай ойлор жаралышы мүмкүн. Бирок мен уяла турган, Нуризанын, менин адамдык намысыма шек келтире турган эч нерсе болгон жок. Болгону, мүмкүн болбогон жерден жолдорубуз биригип калды. Жардын кырынан кезиктик да, аргасыз ажыраштык. Башкалар үчүн экөөбүз тең бактыбыздан баш тартып, сүйүүбүздү түп-тамыры менен жулуп салдык. Бирок өкүнбөйм. Эгерде мага кайра эле ушул тагдырга ээ болосуң десе, баш тартпас элем. Кийинки өмүрүмдө, андан кийинки өмүрдө да бир гана сени сүйүп өткүм келет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE