Пример HTML-страницы

Закарийа (саллаллооху алайхи ва саллам)дын дубасы

https://kyrgyzcha.site/?p=50377&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Закарийа (саллаллооху алайхи ва саллам)дын дубасы

Диний кабарларга караганда Палестина өлкөсүнүн айылдарынын бири болгон Назарет кыштагында улгайып калышканы менен дагы эле балалуу болушпаган Имран жана Ханна аттуу эки диндар жубай жашашчу.

Ошондой күндөрдүн биринде бул аталган жубайлар Аллахка дубалар менен кайрылышып Жараткандан өздөрүнө перзент сурашып, эгер Робби аларга перзент берсе, аны өмүр бою кудайга кызмат кылуусу үчүн Аллахтын Үйүнө (Мечитке) тапшырышары тууралуу назир-убада кылышат.

Ошондон кийин Ханна кың төрөп, атын Мариям деп коюшат.

Мариям үч жашка толгон кезде ага илим жана таалим-тарбия алдыруу максатында Ханна өзүнүн бир тууган эжеси Айшанын күйөөсү (башкача айтканда өз жездеси) болгон жана Аллахтын үйүндө имамдык кылган Закарийа Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын колуна алып келип тапшырат.

Закарийа (саллаллооху алайхи ва саллам) Мариямды өз карамагына алып, аны атадай камкордук жана энедей мээрим менен тарбиялап өстүрөт.

Ошентип Мариям такыба♥, салих жана момун кыз болуп бойго жетет.

Закарийа алайхи ва саллам анын алдына качан гана кирбесин анын алдына ар түрдүү ырыскы-тамактардын турганын көрөр эле.

Ошондо буга таң калган Закарийа алайхи ва саллам:

Мариям кыздан анын сырын сурайт.

Ал окуя тууралуу кабарларды мындайча баяндайт:

Закариянын Аллахтан уулу сурашына себеп болгон көптөгөн жагдайлардын ичинде бир окуя өзгөчө себеп болгону кабарларда баяндалат жана ошол окуя мындайча болуп өтөт:

Келечекте Иса пайгамбардын апасы боло турган Мариям-кызды Закарийа пайгамбар камкордукка алып, кепилдик кылып жүргөн кезинде наристе Мариямдын ибадатканасына кирип, анын алдында турган бейиштен түшүрүлгөн берекелүү ырыскыларды көрөт да:

«Оо, Мариям!

Бул сага кайдан? — деп сураган кезде, Мариям ага:

«Бул — Аллахтан!

Чындыгында, Аллах кимге кааласа сансың ырыскы берет»-деп жооп берет.

Ошол окуя жана ошол сөз ага катуу таасир — эткендиктен, ошондон кийин Закария тахажжуд намаздарында өзүнө Аллахтан төмөнкү дубалар аркылуу уул бала сурай баштайт:“

رَبَّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرَّيَّةً طَیَّبَةً إِنَّكَ سَمِیعُ الدُّعَاءِ

РОББИ ХАБЛИИ МИЛ ЛАДУҢКА ЗУРРИЙЙАТАҢ ТОЙЙИБАТАН ИННАКА САМИИУДДУАААА

«Оо, Эгем!

Мага жакшы перзент бер. Анткени Сен -дубаны Угуучусуң»-деди.

Төмөндө келтирилүүчү дуба да Жараткандан эч качан үмүт үзбөс, Аллахка гана тобокел кылуучу жана өз тилектерин ишке ашуусун чоң сабр, улуу шүкүр, залкар топук менен күтө билген Закарийа алайхи ва салламтарабынан Аллахка кайрылып айтылган.

Ошол дубадан кийин анын жашы бир топ улгайып калганына карабастан ага Аллах Таала эң сонун, абдан салих уул бала тартуулаган. Ал дуба мына:

رَبَّ لَا تَذَرْنِي فَرْدًا وَأَنْتَ خَیْرُ الْوَارِثِینَ

РОББИ ЛАА ТАЗАРНИИ ФАРДАВ ВА АНТА ХОЙРУЛ ВААРИСИИН.

Закарийа Эгесине:

«Эгем, Сен мураскорлордун эң мыктысысың, мени жалгыз калтырба», — деп жалынды.

Ал эми Закарийа алайхи ва саллам дубасын кандайча кабыл кылгандыгы тууралуу улуулугу чексиз Жараткан Аллах Куран аркылуу бизге мындайча кабарлайт:

Биз ага да жооп кылып, Йахйаны бердик жана анын айалын (төрөгө) жаоамдуу кылдык. Акыйкатта, алар жакшы иштерге шашылышкан, Бизге үмүт жана коркуу менен дуба кылышкан. Алар Бизге мойун сунуп, баш ийишкен. (21:90).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE