Пример HTML-страницы

УМУТ ЖЕ ЭНЕНИН ЖЕҢИШИ

https://kyrgyzcha.site/?p=46559&preview=true Кызыктуу окуялар.

УМУТ ЖЕ ЭНЕНИН ЖЕҢИШИ

 

 

 

Айылдын керемет таңы. Чымчыктар өз тилинде сайрап, тиричилик башталган эле. Таң эрте ойгонгон Шааркан эне үйдөгүлөрдү ойготуп албайын деп акырын кыймылдай баштады. Ашканага кирип, ун салган каптын оозун ачып, камыр жууруганга киришти. Түшүнө маркум абышкасы кирген экен. Жыт чыгарып, ага атап куран түшүрүп койгусу келди. Ордунан туруп баратканда жанындагы үбөлүк бош чакага тийип, аны каңгыратып жиберди. Ошол замат тили заар келининин жүзүн элестетип кемпир жыйрыла түштү. «Аңкылдайт эми, катыгүн ай, акырын кыймылдабай» деп кейип алды кемпир байкуш. Оюн жыйгыча эле төркү бөлмөдөн жарым жылаңач чыга келген келини көзүн үлүрөйтө жактырбай тиктеп алды.

– Бир күн да ушул үйдө тынчтык жок. Дайыма эрте туруп алат темселеп. Жата бербейби…

– Балам, абышкам түшүмө кириптир. Жыт чыгарып коёюн дегем… Анын үстүнө балдар да окууга барганча жаңы бышкан нандан жеп кетишсин деп…

– Ой, өзүңөр билгендей кылгылачы… Силкинип кирип кеткен келинин аркасынан шалдырай карады эне. «Дээринде жок да, тартиби болсо, эчкинин жашындай өмүрүм калганда жыландай чагат беле…» деп алды үшкүрө. Ааламы тарыды, тиги дөңдө жаткан абышкасынын жанына барып жатып калгысы келет. «Ал күн да келер, неберелерим бир аз кол арага жарап калсын» деп ойлоду кайра.

Тирүүлүктүн көчү ушинтип улана берет эмеспи. Эки небереси бар. Көздөрүн жалдыраткан неберелерин эстеп ичи жылып кетти. Колдору шыпылдай биртике камырды жайып, май токоч жасап, калганын катырак көмөч нан кылып коюуну чечти. Кадимки жашоосу менен жашап жаткан эне үчүн таптакыр күтпөгөн жорук болду. Ошол күнү кечинде уулу Дастан сөз баштады.

– Апа, келиниңиз үйгө ремонт баштайм деп жатат.

– Ии, айланайын, жасасын.

– Сизди… тиги… Сиз таежемдин үйүнө барып турсаңыз кантет?

Эненин көөдөнү сыздап кетти. «Бирде болбосо бирде ушундай болмок» деп ойлоду. Көзүн бардап ачып алып уулун кадала тиктеди. «Мунусу да кабагын бүркөп калганбы?..» деп дили ооруду.

– Менин оордугум катуу тийип жатабы силерге, балам? Өз үйүмдөн кетип, кайда барам мен?

– Ойлогонуңуз эле жамандык. Биз, тескерисинче, сыр-мырдын жытынан алыс болсун деп жатпайбызбы. Дайыма келиниңизден эле кыйкым таап турат экенсиз,- деди уулу корс эте.

Шагы сынган эне үшкүрө отуруп калбаспы. Күңкүлдөп, өткөн жумада эле келини уулунун кулагын жеп жатканын уккан. «Качан адамча жашайбыз? Эки бөлмөлүү үйдө тыгылып өлө турган болдук. Жок дегенде энеңди туугандардыкына жеткирип салбайсың. Качанкыга чейин баарыңдын кир-когуңду жууп жүрөм? Мен да кең-кесири жашагым келет». «Тилде сөөк жок» деген ушу белем, келини бежиреп далайга сүйлөнгөн. Ортолорунан чыр чыгып кетпесин деп, эне укса да укмаксанга салып койгон эле. Кантсе да ичинен чыккан баласы келиндин сөзүнө кирет деп үч уктаса түшүнө кирген эмес.

Шааркан эне калтыраган колдору менен чынысын араң таап, оозуна алып барганга чамасы келбеди. Эненин абалын бөйрөгүн таяна тикчийип тиктеп турган келин, башын салган уул кайдан байкасын? Эртеси эле кийимдерин баштыкка салып, энесин алыскы сиңдисиникине алып барып таштады уулу. Жетимиш тамыры зыркырап турганын таптакыр сезбеди.

 

ххх

 

Шааркан апа уулун алып кетет деп бир ай күттү. Машинанын дабышы чыкса селт эте үмүт кылып карап калып, уулу эмес болсо оор дем алып отуруп калганын байкап сиңдиси андан бетер ачууланат. «Деги эле чекесине чымын кондурбай бакты эле эжем, кайрымы жок» деп күңкүлдөп алат.

Ошол күндөрдүн биринде Шааркан апанын айылынан жаман кабар угулду. Кимдир бирөө ат чаап келгенде сиңдиси чочуй кыйкырып алганын угуп, Шааркан эне карбаластай түштү.

– Эмне болуп кетти?

– Дастан жол кырсыгына кабылыптыр дейт, эже.

– Ок, антип айтпайт!- деп чочуп кеткен эне турган жеринде тегеренип жиберди. Ооруканага жеткенде «эмне дейт, айланайындар? Баламдын абалы жакшыбы?» деп жатты ал өткөн-кеткендин баарынан жалдырай сурап.

– Абалы оор эле, апа. Бирок жаш организм эмеспи, үмүтүбүздү үзбөйлү,- деди врач келин ага боору ооруй.

Дастан үч күндөн кийин өзүнө келди. Көзүн ачары менен өзүнө тигилип турган апасынын көздөрүн көрдү. Чебелене керебетин айланган, өмүрүн сурап, тилеп алган апакесинин жүзүн көрдү. «Апа, апаке, кечириңиз мени!» дейин дейт, үнү чыкпайт. Апасынын үнү угулбайт. Ушул чүкөдөй кемпирдин тилеги менен кайрадан жашоого кайтып келгенин ал али биле элек эле.

Дастан жарым жылдан ашык ооруканада жатып, бир аз жакшы болгондо үйүнө чыгарып келишти. Эки бөлмөлүү үйдүн терезелери сынып, ичи каңгырап ээн калганын көрүп Дастандын жүрөгү атып кетти.

– Кай-да бал-дар? Кели-ниңиз?- деди кекечтене.

– Алар… Сен капа болбочу… Жаның аман калды, ошого шүгүр,- апасы жалдырап эмне дээрин билбей.

– Анын эмнесин жашырасыз? Аялың сенин абалыңды уккандан кийин эле көр-жерин жыйыштырып, балдарды алып баса берген. «Оорулуу күйөө менен жашабайм» деген экен аның. Мына, эми көзүң ачылдыбы?- деп кыйкырып коё берди таежеси. Дастан шалдырай жатып калды.

Ошол күндөн баштап Шааркан апа тынч албады. Таң эрте туруп тоого чыгып, пайдалуу деген чөптөрдүн тамырын жыйнап келет. Кезинде өзүнүн атасы айылда атагы чыккан табып болчу. Анча-мынча кулагында калган нерселердин баарын колдонуп уулун дарылай баштады. Эптеп көтөрүп алдын тазалап, майыптардын арабасына отургузуп ары-бери сүйрөйт. Мүнөздөп тамак берет. Эненин акыбети кайтар күн да келди. Бир күнү чарчап сырттан кирип келе жаткан. Керебеттен түшүп, там-туң баса турган баладай калтылдап араң турган баласын көрүп сүйүнүчтөн энтигип:

– Балам, акырын, абайла…

– Апа…

– Коркпо, балам, бир кадам ташта…

Дастан чымыркана эки-үч кадам таштады да, күп кулады. Чырылдай үстүнө түшө калды апасы. Мына ошол учурда гана өмүрдө ападан кымбат, энеден кудуреттүү эч ким жок экенин ойлоду баласы. Апасын кучактап ыйлап жиберди.

– Ыйлаба, балам, жаның аман болсо болду.

Бул Шааркан апанын сүйүнүчтөн аккан көз жашы, турмушундагы эң оор жана таттуу жеңиши болчу. Чиркин, жашоонун тиреги ушул чүкөдөй эненин ийининде кармалып турганын ким билмек…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE