Пример HTML-страницы

Михаил Титарев кыргыз тилин кантип үйрөнгөнүн айтып берди. Ал учурда Германияда иштеп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 28 жаштагы Михаил Титарев. Ал 1 жылдан бери Германияда жашап, иштеп жатканын Тurmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Михаил Титарев 1996-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында туулган. Ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетин аяктап, учурда Германиядагы ресторанда ашпозчу болуп эмгектенип жатат.

Ал кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн.

«Кичинекей кезимде, 4-5 жашымда кыргызча билбей, жалаң орусча сүйлөгөнүм эсимде. Андан кийин мектепке барганда кыргызча сүйлөп жүргөнүмдү эстейм. Бирок кантип сүйлөй баштаганымды эстей албайм. Өзүм байкабай эле үйрөнүп калган окшойм. Көбүнчө апам менен атамдан үйрөнсөм керек. Апам кыргыз, атам орус болсо дагы кыргызча жакшы сүйлөчү. Көчөдөгү досторумдун дээрлик баары кыргыз болчу, алар менен ойноп жүрүп үйрөндүм деп ойлочумун. Бирок кыргызча сүйлөй албай турганымды университетке тапшырганда түшүндүм. Көрсө, орусча сөздөрдү аралаштырып, чала кыргызча сүйлөп жүрө бериптирмин. Бактыма университетте кыргыз тили сабагын тандап, Алтынбек Исмаилов агайга туш келип, анын үйрөтүүсү боюнча таза, так сүйлөгөнгө аракет кыла баштадым.

Кыргыз тилин үйрөнүү оор болгон жок. Кичинекейимден бери үйдө эки тилде тең сүйлөшүлгөнү үчүн оордугу өзүмө деле байкалган эмес. Заманбап терминди колдонуп айтканда билингв болуп чоңойдум. Токтогулда жашап жүргөндө эч ким таң калчу эмес. Мектепте, көчөдө, кайсы жакка барбайын, баары кадимкидей эле кабыл алышчу кыргызча сүйлөгөнүмдү. Бирок 11-классты бүтүрүп, Бишкекке келгенде өзүмдү өзгөчө сезип калдым. Кайсы дүкөнгө кирип соода кылбайын, баары таң калып, ооздору ачылып, көздөрү тостойуп кетчү. Реакциялары таң калуу эмес, шокко жакын болчу деп айтсам да болот.

Буга байланыштуу күлкүлүү окуялар аябай көп болгон. Баарын айтып бүтүрүү мүмкүн эмес. Бирок кээ бирлерин айтып берейин. Бир жолу жумушумда капчыгым калып калыптыр. Чогуу иштеген бала таксиден берип жиберди. Анан эле таксист байке жетейин деп калганда мага чалып, орусча сүйлөй баштады. Мен кыргызча жооп берсем, «Ай, точно сага беремби? Орус бала тосуп алат деди эле го?» деди. «Ооба, ошол орус бала менмин, келе бериңиз» деп койдум. Келгенден кийин күлүп, «Кыргызча сүйлөгөнүңдү угуп, сенин келбетиң мындай болоорун күткөн эмесмин, азаматсың» деди. Анан чогуу күлүп, капчыгамды алдым да, коштоштук.

Бишкекте мурда түнкүсүн бир мейманкананын ресепшенинде иштечүмүн. Анда да телефон чалып, брондогон коноктор менен кыргызча сүйлөшүп, алар келип, мени көргөндө орусча сүйлөй башташчу. Кыргызча жооп берсем, «Жана сени менен сүйлөштүмбү?» деп таң калып, күлүп коюшчу. Кыргызча сүйлөнүмдү угуп, мактап, чай пул таштагандар да көп болчу. Көбүнчө телефондон сүйлөшүп, анан жолукканда таң калышчу.

«Манаска» жаңы тапшырганда кыргыз тили сабагын тандап, окуйун дегем. Мени башталгыч, алфавиттен окуй баштаган тайпага жазып коюшуптур. «Орус деп эле ошентип коюшкан го» деп ойлоп койгом. Эртеси мени ошол тайпага жазган эжеге барайын деп жатсам, эки тайпалашым кошулуп барышты. Алар Бишкекте төрөлүп өскөндөр болчу. Мен барып, «Эже, мени уланткыч тайпага жазыңыз, мен алфавитти билем» дедим. Ал эже «Сен кыргызча билесиңби?» деп сурады. «Эже, мен сизге азыр кыргызча кайрылып жатам го» десем, «Туура, байкабай калыптырмын» деп, уланткыч тайпага жазды . Анан тайпалаштарымдан эмнеге келгендерин сураса, «Бизди мунун тайпасына кошуп коюңузчу» дегендери эстен кетпейт.

Баса, университетке жаңы тапшырганда 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата концерт болуп, «Манас» эпосунан үзүндү айткам. Досторумдун баары сыймыктанышкан», — деди ал.

Михаил Титарев бош убактысында китеп окууга аракет жасайт. Анын айтымында, бир жумада бир китеп окууну максат кылган.

«Быйыл бир жумада бир китеп окуйм деп максат койгом. Азырынча жакшы эле кетип жатам. Сериал көрөм, музыка угуп, аба ырайы жылуу күндөрдө веосипед тебем. Мен жашаган жакта жамгыр көп жаайт. Интернеттен кызыктуу фактыларды окуганды дагы жакшы көрөм. Ошондой эле досторум менен социалдык тармак аркылуу долбоор ишке ашырууну пландап жатабыз», — деди ал.

Каарманыбыз 5 бир тууган, эки агасы, иниси жана карындашы бар.

«Атамдын аты Николай, апамдын аты Айтбү. Атам 2021-жылы 63 жашында бул дүйнөдөн кайтты. Апам азыр 58 жашта. Негизи менин атам, да апам да митистер. Чоң атам украин, чоң апам немис болгон. Таятамда өзбек менен кыргыздын, таенемде уйгур менен кыргыздын каны бар. Бирок мен сөздү узартпайын деп эле атам орус, апам кыргыз деп кыскача жооп берип коём. Атам менен апам экөө тең Токтогулда төрөлүп өсүшкөн. Агаларым менен иним учурда Орусияда жашап иштешет, бирок орус жарандыгын алышкан эмес. Алар үй-бүлөлүү, иним бойдок. Эки жеңем тең кыргыз. Буюрса инимдин үч жеңесин тең кыргыз кылууну тиленүүдөмүн. Апам менен карындашым болсо Токтогулда жашайт», — деди ал.

Михаил Титарев үй-бүлө куруп, жубайы менен дүйнөнү кыдырууну кыялданат. Ошондой эле китеп жазууну максат кылат.

«Өзүм жөнүндө бир кызыктуу факт — мен Ысык-Көлгө жашоомдо бир дагы жолу барган эмесмин. Буюрса үйлөнүү тоюмду көлдүн жээгинде өткөрөм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE