Пример HTML-страницы

«Кичинекей Асан жана энеси».

https://kyrgyzcha.site/?p=41085&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Кичинекей Асан жана энеси«.

 

Кичинекей Асан, атасынын төлөй турган карыздарын эсеп-теп жатканын көрүп, бөлмөсүнө жүгүрүп кетет. Мен деле апама берген жардамдарым үчүн акча сураганга акым бар турбайбы деп ойлойт. Эртеси апасы ашканага келип, үстөлдүн үстүнөн кагазга ирети менен жазылган эсеп таап алат. Ал кагазда мындай деп жазылган экен: Апасынын Асанга төлөй турган карыздары: Дүкөндөн быштактарды көтөрүп келгени үчүн -50 куруш. Каттарды почтого алып барып салып келгени үчүн -40 куруш. Апасына жакшы бала болуп бергени үчүн -60 куруш. Гүлдөргө суу куйганы үчүн -100 куруш. Баардыгы биригип -250 куруш. Апасы кагаздагы эсепти окугандан кийин Асанга эч нерсе дебейт. Кечинде Асан үстөлдүн үстүнөн 250 куруш көрүп, абдан кубанып, чөнтөгүнө салып алат. Акчанын жанында бир кагаз жаткан болот. Ал кагазда: Асандын апасына төлөй турган карызы деп жазылып, булар тизмеленген экен: 10 жыл үйдө бактылуу жашагандыгы үчүн-эч нерсе, 10 жыл үйдөн жеген тамагы үчүн-эч нерсе. Ооруганда караганы, чыгымдары үчүн-эч нерсе. Жакшы бир апасы бар болгону үчүн-эч нерсе. Баардыгы биригип-эч нерсе. Кичинекей Асан кагазды окуп, абдан уялып, ыйлаган бойдон апасын кучактап алып кечирим сурайт да, 250 курушту апасынын чөнтөгүнө кайра салып коёт.

 

 

*Эне мээрими*.

 

Үйдүн эң жакшы жери үстүңкү кабаттагы бөлмөнүн терезеси болчу. Ал жерден көчөнү, шаарды курчап турган тоолорду карап отурууга мүмкүн эле. Күн сайын түштөн кийин апасы балдары менен отуруп алып, чарчап келе жаткан күйөөсүн, окуудагы балдарын күтүүчү. Балдары жете элек жатып эле кыйкырып учурашышчу. Апалары коп жылдан бери ооруп, буттары басчу эмес. Бирок ага карабастан балдарынын кийимдеринин, бут кийимдеринин таза жана тыкан болушуна коз салар эле. Балдары барган жерлерин, уккан ырларын, сабактарын айтып беришсе, кубанычтан көздөрү жадырап укчу. Баарынан да балдарынын кырлардан терип келген гүлдөрүн ото жактырчу. Гүлдөрдү дароо бир вазага коюп, бир жума бою сыймыктана карап отурар эле. Кээде балдар ичи көндөй үлүлдүн кабыгын, кичинекей куш уясын алып келишчү. Эне буга кубанычы койнуна батпай абдан сүйүнчү. Бир күнү ата балдарына: «Кийинки базар күнү жакынкы бир кыштакка барам. Ал жерде иштерим бар. Эртең менен эрте поезд менен жолго чыгып, кечинде келебиз, силер да камынгыла» дегенде, балдар толкунданып, алакан чаап сүйүнүштү. Бул абдан кубанычтуу нерсе эле. Күн бою токойдо, суу жээгинде көнүл ачышмак. Дароо эле эмнелерди алып барышарын ойлоно башташты. Бир рюкзак, чыны, футбол тобу, асматөшөк… Дагы бир канча нерселер… Балдар оз ара көңүлдүү сүйлөшүп, убакытты кандай өткөрө тургандарын элестете башташты. Эне бир бурчта кайгыланып отурду. Анткени бир күнү бою үйдө жалгыз калмак. Терезе түбүндө зеригип, жол карап, бир нерсе окуганга аракет кылса да, убакыт өтпөй турганын билет. Балдарынан бирөө жанында калса. Бирок балдарына унчуккан жок. Алардын кубанычтарына жолтоо болгусу келбеди.

Түштөн кийин Явуз энесинин жанында отуруп, китеп окуп жаткан эле. Энеси сөздү туура эмес окуган учурунда кайталатып, баласына жардам берип жатты.Бир аздан кийин Явуз окуп бүтүрүп, дароо энесинин төшүнө жазданып, мойнунан кучактап: — Энеке… деп шыбырады. Базар күнү мен сени менен калгым келип жатат. Бирок эч кимге эч нерсе айтмай жок, макулбу? Энеси уулун өөп: — Уулум, мени абдан кубандырбадыңбы. Базар күнү зерикпейм эми. Эртеси эртең менен кичинекей Айша ашканада иштеп жатканда бир кокустук болду. Ал жууган табагын кургатып жатып, жерге түшүрүп, сындырып алды. Табактын сынганын энеси көрүп калды. Кызына мээрим төгө жакындап: — Сен аман бол, кызым. Текчеде башка табактарыбыз бар. Энесинин мамилесине кичинекей кыз сүйүнүп кетти… Мектепке кетүүгө камынып, үйдөн чыгып бара жатып: — Энеке, деди. Билесиңби, мен базар күнү үйдө калам. Чогуу отурабыз. Бирок эч кимге айтпа, макулбу. Апасы кечинде бөлмөсүндө бир нерселерди тигип отурган эле, улуу уулу кирип, ары-бери карап, эмне кылаарын билбей, бир нерсе айта тургансып жатты. Энеси чыдабай суроого мажбур болду: — Балам, эмне болду? — Энеке, бир оюнчук учак жасап жаткам да… Базар күнү үйдө калып, ошонумду бүтүрсөм болобу? Башкалары кетишсин. Мен бул жерде сени менен калам. Бирок муну атама, бир туугандарыма айтпа. Мындай боорукер, түшүнүктүү балдардын энеси болгонун ойлоп, эненин көздөрү жашка толду. Кечинде күйөөсүнө болгондорду айтып берсе, күйөөсү: — Базар күнү башка бир нерсе кылалы. Фабриканын ээси менен сүйлөшүп машина сурайын. Төрт киши отургудай орун бар. Явуз шофёрдун жанына отурса, батабыз. Сени дагы алабыз, кандай дейсин? Эне макул болду. Базар күнү чындап эле күндү көнүлдүү өткөрүштү. Ошол күндү жылдар бою унута алышкан жок.

 

 

Эки кеңеш.

 

Илгери-илгери Айдарбай деген акылман киши жашаптыр. Бир күнү ал эшегин минип алып келе жатса, дүкөнчү алдынан тосуп: — О-о, акылман Айдарбай! Мага жакшы кеңеш бер. Бир аз акчам бар. Келерки жылы сатканга пайдалуу эмне алсам болот? – деп сурайт. Айдарбай ойлонуп туруп: — Тамеки сатып ал. Кыш келери менен кымбаттайт. Эки эсе кымбат сатып, байып гана жатып каласың, – дейт. Ошентип дүкөнчү тамекиден көп сатып алып, кымбат сатып байып кетет. Ичинен «келерки жылы да Айдарбайдан кеңеш алам» деп ойлонот. Айлар өтүп, күз мезгили келет. Акылман Айдарбай баягы көчө менен келе жатып, артынан тааныш дүкөнчүнүн үнүн угуп токтойт. Дүкөнчү: — О-о, кемпай Айдарбай! Өткөн жылы сен мага жакшы кеңеш берип, байып алдым. Быйыл эмне сатып алайын? Кеңешиңди айтып кет! – деп кайрылат. — Пияз сатып ал. Жазында кымбаттайт, – дейт. Дүкөнчү Айдарбайдын биринчи берген кеңешин эстеп ага ишенет да, болгон акчасына пияз сатып алат. Пиязды кампасына жыйнап, кымбатташын күтүп жатат. Бирок ошол жылы

пияз түшүмдүү болуп, баасы мурдагыдай кала берет. Күн жылыган сайын дүкөнчүнүн пиязы көктөп, чекесинен чирий баштайт. Эмне кыларын билбеген ал чекесинен ыргытып кирет. Акыры пияз эч нерсеге жарабай, дүкөнчү куржалак калат. Буга ачуусу келген дүкөнчү берген кеңеши үчүн өч алууга Айдарбайды издеп таап: — Эй, Айдарбай, эмнеге пияз сатып ал деп кеңеш бердиң эле?! Сенин тилиңе кирип, минтип болгон оокатымдан кол жуудум, – деп

ачууланат. Ошондо Айдарбай: — Тууган, сен мага «акылман Айдарбай» деп кайрылганыңда тамеки сатып ал деп жакшы кеңеш берген элем. Кийинки жолу сен мени кемпай дедиң. Ошондо мен сага пияз сатып ал дегенмин. Өзүңдөн көр, баары мага кайрылганыңа жараша болду, – деп басып кетиптир.

 

 

Акылың кем болбогон соң…

 

10 жашында автокырсыкка учурап, бир колунан ажыраган япониялык бир бала…

Буга чейин ар дайым, чоңойгондо дзюдо боюнча мыкты чебер болууну кыялданып келген. Сол колунан айрылгандан бери баарынан үмүтүүзүлгөн бул жаш баланын атасы, Япониянын ошол учурдагы эң мыкты дзюдо чеберин таап, андан жардам сурайт. Спорттун чебери, ошол күндөн баштап эле баланы он жыл бою машыктырат. Бул он жылдын ичинде ага дзюдонун бир гана ыкмасын үйрөтөт. Ар күнү ушул көнүгүүнү кайталоосун айткандыктан, бала кээ-кээде агайынан сурап турчу, “бул ыкманы үйрөндүм. Качан башкасын үйрөтөсүз?” деп.

Балага: “Сен ушуну кайталайбер. Убагы келгенде өзүм айтам. Анан башка ыкмага өтөбүз” деп койчу. Ошентип арадан жылдар өтүп, толук он жыл дегенде бир күнү агайы келет да: “Даярдан! Сени чоң турнирге алып барам… атыңды жаздырып койдум” дейт. Агайынын бул айтканына албетте аябай таң калган болчу. Анткени бир эле ыкманы билет жана өкүнүчтүүсү, бир колунун жоктугу. Турнирге катышкан мыкты чеберлер менен беттешип,аларды жеңүү мүмкүн эмес деп ойлосо да, агайын сыйлап анын айтканын аткарды.Турнирге катышты.

Биринчи таймаш. Билген бир эле ыкмасы бар. Ошол ыкманы туура жана мыкты аткара алгандыгы үчүн, атаандашын жеңди. Экинчисин, үчүнчүсүн, чейрек финал, жарым финал… көптөн күткөн финалга да чыгып келди. Бул жолу да ошол эле ыкманы колдонуу менен атаандашын жеңип турнирдин чемпиону болду. Медалын алаары менен агайынын жанына чуркап барып:

“Агай! Кантип? Кантип жеңишке жеттим? Болгону бирэле ыкманы билсем” дейт. Агайы: “Балам, он жылдан бери ушул ыкманы үйрөнүп келатасың. Мунун мааниси, бул ыкманы сенден башка жакшы билген спортчу жок. Бул биринчиси, ал эми экинчиси, бул ыкмага каршы койуунун бир эле жолу бар. Аны аткаруу үчүн атаандашың сенин сол колуңдан кармашы керек” дейт.

 

Биз кемчилдик деп билген нерсе, кээде биздин эң күчтүү жагыбыз болушу мүмкүн. Акылың кем болбогон соң…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE