Пример HTML-страницы

Ислам дининин жаңы ойлоп табууларды демилгелендирүүсү

https://kyrgyzcha.site/?p=53051&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ислам дининин жаңы ойлоп табууларды демилгелендирүүсү

♥Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мезгилинде керосин лампасы дагы жок болгондуктан, курма багынын бутактарын күйгүзүп, үйлөрүн жарык кылышкан, намазды ошонун жарыгы менен окушкан. Күндөрдүн биринде мечитке ага чейин эч ким көрбөгөн чырак алып келинет. Жөнөкөй система менен күйгөн мындай чырактын ичинде

♥зайтун майы куюлган фитили болгон. Ал убакта жаңылык катары келген бул жөнөкөй каражат адамдардын бардыгын айран-таң калтырган. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) мечитке келгенде, чыракты көрөр замат жүзүндө бир жылмаюу пайда болот. Анын “Муну ким алып келди?” деген суроосуна “Бир тууганыбыз Темиму’д-Дари Шамдан (азыркы Дамаск) алып келиптир” деп жооп беришкен. Расулуллах (саллаллооху алайхи ва саллам) дароо эле жанында турган Темиму’д-Дариге бурулуп: “Аллах ыраазы болсун Темиму’д-Дари. Сен биздин мечитибизди кандай жарык кылган болсоң, Аллах дагы сени ошондой жарык кылсын!” деп ыраазычылыгын билдирген соң, чырактын жарыгы менен намаз окуйт. Сүйүнүчү койнуна батпай, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) кайрадан Темиму’д-Дариге бурулуп: “Темиму’д-Дари, сен бизди абдан кубандырдың! Эгерде дагы бир кызым болгондо, сени күйөө бала кылып алмакмын” деп айтат. Бул сөздөр менен Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) жалгыз гана Темиму’д-Дариге ыраазычылыгын билдирбестен, жалпы мусулмандарды жаңы ачылыштар менен ойлоп табууларды ишке ашыруулары үчүн демилге берген.

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) хадистердин биринде “Эң мыкты адам – бул башкаларга пайдасы тийген адам” деген сөздөр менен мусулмандарды жакшы иштерди аткарууга үндөйт.

Дегинкиси, Куран Каримдин өзү илимге чакырат, адамдардын илимге карата ынтаасын күчөтүү үчүн пайгамбарлардын мужизаларын кеңири баяндайт жана ал мужизалар изилдөөлөрдүн идеал үлгүсү экендигин айтат.

Ооба, пайгамбарлар адамзаттын руханий жашоосунда жол көрсөтүүчү болуп, аларды буруу жолдордон түз жолго чыгарып, бейпилдикке жетелегендей, акылды нурданткан жаратылыш илимдеринде да алар адамзатка жолбашчылык милдеттерин аркалап, ар бир пайгамбар илимдин белгилүү бир салаасында нукура адис, даанышман устаз катары ошол илимдин туусун желбиреткен. Ушундан улам, адамзат бардык материалдык жана руханий жетишкендиктердин ачкычтарын пайгамбарлардан алган десек болот. Курандагы пайгамбарларга тиешелүү муьжизалар адамзатты ошол бийиктикке чейин өнүгүп-өсүүгө умтултуу максатында баяндалган. Пайгамбарлардын муьжизалары белгилүү бир бийик чекти түзүп, адамзатты ошол бийикке жетүүгө умтулдурурат. Алар Куранда баяндалуу менен адамзатты алга жетелөө милдетин иш жүзүндө аткарат. Мындан аркысы адамдардын изденүүсүнө байланыштуу.

Адамзат изденип, алга умтулуусу керек. Изденүү аркылуу колдон келишинче илимий ийгиликтерди жаратып, мужизалардын чектерине жакындоосу керек. Ошол чектерге жетип калган кезде да, мужизалардын мөмөлөрү төгүлгөн көк жээкте сайрандоого тийиш .

Куранда дайыма изилдөө жүргүзгөн адамдардын жерде үйрөнө турган көп нерселери бар экендиги буйрулат

“Жер жүзүндө толук илим ээлери үчүн канчалаган белгилер бар. ”

Мына ошондуктан кийинки мусулман башкаруучулар да Пайгамбарыбыздын жолун жолдогон. Бируни Хорезмшахтан мындай билдирүү жиберет:

Бир жолу Хорезмшах мени чакырат. Барганда, атынан түшүп, мени менен жөө басуунуну каалайт. Атынан түшпөсүн деп, ар нерсени айттым. Ал болсо, макул болбой, мындай деди:

“Илим – бардыгынан жогору турат. Калган кызматтар менен даражалардын бардыгы илимден кийин турат”. Ушундай эле мамилени кийин келген башка өкүмдарлар да кылып келишкен. Улуу Селчук өкүмдары Малик Шах мындай деген:

“Эң мыкты өкүмдар – бул аалымдарды зыярат кылган өкүмдар, ал эми аалымдардын эң начары – бул падышанын зыяратына берилип кеткен аалым”. Бул сөздөрү менен ал аалымдардын падышадан да жогору тургандыгын айткысы келген.

Осмон дөөлөтүнүн мезгилинде да илимпоздор дайыма жогорку орунда турган. Мисалы, Явуз Султан Селим Египетти багынтып алып, кайра кайтып келе жатканда жамгыр жаайт. Кыска мөөнөттүн ичинде айлана суу менен баткакка чыланат. Чатырларга калкалап, жамгыр токтогон соң, жолун андан ары улантышат. Падыша ошол мезгилдеги атактуу илимпоз Камал пашазаада менен чогуу ат үстүндө бара жаткан. Бир кезде Камал пашазааданын аты чалынып кетип, анын бутунан чачыраган баткак падышанын кийимин булгайт. Жан-жөкөрлөрү чуркап келип, падышанын кийимин тазалап баштаганда, Явуз аалымды көзүнүн кыйыры менен карап, мындай деген экен:

“Тим койгула, тазалабагыла. Андан көрө мага жаңы кийим алып келгиле. Муну болсо мен өлгөндө күмбөзүмө жаап койгула. Себеби, окумуштуунун минген атынан чачырап, кийимимди булгаган бул балчык маарек болот, урматка жана таазимге татыктуу”.

Бул сөздөрү менен өкүмдар аалымды ыңгайсыз абалдан куткарып, ошол эле учурда илим жана аалымдын кадырын, маанисин эң сонун формада билдирген экен.

Ислам дини менен башка диндердин илим боюнча түшүнүктөрүнүн ортосунда олуттуу айырмачылыктар бар. Бир дагы цивилизация Ислам сыяктуу жашоонун бардык шарттарына сүңгүп кире алган эмес. Ислам дининде илим пайда болушу жагынан Аллахка негизделет. Мындай түшүнүк аалымдын Жараткандын чексиз илиминин алдында кубанычка жана толкунданууга бөлөнүүсүн камсыз кылган. Бул бейпилдик жана ишеним жаңы ачылыштарды жасоо үчүн эң мыкты себеп болгон. Ислам окумуштуулары жалпы илим чөйрөсүндө ар бири өзүнчө бир деңиз болушса да, эмгегин жазууда дайыма “бисмилла, хамдала жана салвала ” деген сөздөр менен баштаган. Жанабы Хакктын илиминде илгерилөө үчүн ишке киришүүдөн мурун, анын ийгилигин Аллахтын буйругуна байланыштырып, “Аллаху Аьлам, бис соваб” (туурасын Аллах билет) деп бүтүрүшкөн.

Биздеги кээ бир “аалымдар” байкабаган бул чындыкты батыштын кээ бир адилеттүү жана гумандуу ойчулдары байкап, Ислам дининин илимге кошкон салымдарын ачык-айкын белгилеп турушат.

Ислам коомчулугун илимдин борбору деген абалга алып келген – бул Куран♥

Чындыгында эле тынчтык жана бакыттын кылымы ушул китеп менен мезгил жана мейкиндиктин ээси тарабынан орнотулган. Ислам дини тараган жерлер менен мезгилдер бою илим жана ой эркиндиги бири-бирине карама-каршы келбегендигинин негизги себеби – жаратылыштын бир мыйзамдар системасы, жана ошондой эле Аллахтын мына ушул мыйзамдарды түзгөн, жана аларды иштеткен Башкаруучу жана Уста катары эсептелиши.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE