Пример HTML-страницы

ЗУХД-БАЙЛЫКТЫ ЖҮРӨКТӨН ООЛАК ТУТУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=41238&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЗУХД-БАЙЛЫКТЫ ЖҮРӨКТӨН ООЛАК ТУТУУ

Ар түрдүү дүнүйөлүк жана напсилик азгырыктарга алдырбай, жандүйнөнү ибадат жана изги мамиле менен шөкөттөөнүн натыйжасында Алладан башка бүт нерсе жүрөктөгү өз баркын, маанисин жоготсо бул абал -зухд болуп эсептелет.

Захид-бул күнөөдөн сактануу үчүн шектүү саналган нерселерди да таштаган, Алланы сүйүп, Анын ыраазылыгынан куру калуу коркунучун жүрөктө сергек тутунган, дүнүйө нематтарын максаттуу колдонгон пенде🌹

Мындайча айтканда дүнүйөкорлукту жүрөктөн сырт кармаган адам захид деп аталат.

Ислам залкарлары Кудай алдында чынжүрөктөн кулчулук кылып, дүнүйөгө болгон алаканы зухдчулук жана топуктуулук менен чагылдырып өткөн. Алланы сүйүү жана коркуу сезиминен башка бүт нерсе алардын жүрөгүндө жөнөкөй буюмга айланган. Зухудду бул өңүттөн карай турган болсок, дүнүйөкорлукка, ачкөздүккө каршы бышык калкан деп эсептөөгө болот.

Алдамчы дүнүйө көзбойомочулугу, убактылуу көзөлдүгү менен көп адамды өзүнө байлап алган. Аныгында адамзаада байлыкты жүрөктөн сыртта кармап, максатуу колдонуп, акыреттик соопко-байлыкка айлантышы керек. Ышкы менен кумарга баш байлап сүрүлгөн өмүрдү Алла Таала мындайча сүрөттөйт🌹

“Билип койгула!

Чындыгында (бул) дүйнө — оюн, азгырык, кооздук, жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү, бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө) өсүмдүктөрү каапырларды таң калтырган жамгыр сыяктуу. Кези келгенде кургап, сапсары болгонун көрөсүң, андан кийин кайра топуркка айланат. Акыретте катуу азап (бузукулар үчүн), ал эми Алланын ыраазылыгы жана кечирими -(момундар үчүн)🌹Дүйнө жашоосу-алдамчы ырахат» (Хадид, 20).

“Акыретке салыштырмалуу будүйнө бириңердин манжасын деңизге салганына окшош. Ал адам манжасынын канчалык деңгээлде (деңизге) айланганын көрсүн» (Муслим, Жаннат, 55).

“Кимдин оюда акырет болсо, Алла анын жүрөгүн кеңдик, ишине жеңилдик берет, дүнүйө ага моюн сунуп артынан ээрчийт. Ким дүнүйөнү арзууласа, Алла анын эки көзүнүн ортосуна кембагалчылыкты койот, ишин баш-аламан кылып чачыратат. Натыйжада маңдайына жазылгандан артык дүнүйөлүккө ээ болалбайт» (Тирмизи, Кыямат, 30/2465).

Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) үммөтүн байлыкка каршы токпейил жана Алла багыштаган нематтарга шүгүрчүл болууга үндөгөн🌹

“Силерден да жашоо шарты оорлордун турмушуна карагыла, өзүңөрдөн мыктыларга карабагыла. Бул Жараткан багыштаган наматтардын баркын аңдоо үчүн дагы да изги иш» (Муслим, Зухд, 9).

Пайгамбардын бул усулун өзүмсүгөндөрдүн белгиси саналган “зухд» менен “такыбачылыкты» айрым инсандар жаңылыш түшүнүп алышкан. Ачыгы, булардын аныктамасы түбү келип нематтардан ырыскы жана байлыктан баш тартуу деген түшүнүккө такалат. А аныгында мал-мүлк айрым ибадаттардын өзөгүн түзгөндүктөн, Жараткан даргөйүндө жогорку баага арзыйт. Маселен, Курандын көптөгөн аятында инфак-кайырым деген сөз айтылат. Ошондой эле ажылык менен зекет дин Исламдын беш негизинин ичинен орун алган. Аталган ибадаттарды орундатуу белгилүү өлчөмдөгү мал-мүлккө, байлыкка ээ болуу менен орундалат. Асыресе “берген колго» караганда “алган колдун» жогорулугун маалымдаган Пайгамбар хадиси белгилүү өлчөмдөгү байлыкты табууга шыктандырат. А зухд дин сунуштаган бул жагдайга каршы эмес.

Күнөөгө жана кайдыгерликке батып каламбы деген коркунучтан улам дүнүйө-байлыкка токпейил, сыпаа болуу үчүн, албетте, зухд менен такыбаалыкка муктажбыз. Белгилей кетчү нерсе, канаат, топуктуулук жүрөк иши, кыймыл-аракет иши эмес. Тактап айтканда, дүнүйө нематы менен алектен, бирок аны жүрөккө жолотпо, жакындатпа дегенди туюнтат. Демек , зухд -жакырлык эмес; жүрөктүн бай, кедейге зарыл болгон оң мүнөзү. Кудайдын жазымышы менен жакырчылыкта жашаган пенде дүнүйөнү чын жүрөктөн арзуулап, байлыкка чаңкап жүрсө, ал зухд жана топук кербенинин өкүлү эмес. Тагдыр сунган жакырчылыкта жашаган момун пенде чын ыкластан, ыктыярдуу түрдө гана кембагалдыкка топук кыла алса, ал жүрөгүн дүнүйө-байлык ооруусунан куткара алат.

Зухдка Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мыкты аныктамасын берген🌹

“Бул дүйнөдө зухд – адалды арам кылуу, же мал-мүлктү таштоо эмес.

Бул дүйнөдөгү зухд–жалгыз гана Алла Тааланын колунда болгон нерсеге өз колуңда болгонго караганда көбүрөөк ишенүү; башың бир балээге кабылып, ал балээ сенден кеткиче анын сооп жана сыйлыктарынан үмүткөр болуу…» (Тирмизи, Зухд, 99).

Изгилик элестери🌹

Ыяс бин Салабанын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусунан караганда сахабалар Алла Элчисинин жанында олтуруп байлыктан кеп салып калышат. Ошондо Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам)аларга мындай деген🌹

“Силер уккан эмессиңерби, уккан эмессиңерби? Жупуну жашоо ыймандан, жупуну жашоо ыймандан🌹» (Абу Давуд, Таражжул, 1/4161; Ибн-и Мажа, Зухд, 4).

Тактап айтканда, дүнүйө-байлыкты жүрөктөн тыш кармап, канаат менен топукту эш тутуп жашоо…

🌹Азирети Айшанын айтуусуна караганда Мединанын жергиликтүү тургундарынан бир мусулман аял зыяраттап келет. Алла Элчисинин кабатталган катуу таарда жатып уктаарын көрүп көңүлү түтпөйт. Үйүнөн жүнгө толутурлган жууркан алып келип тартуу кылат. Азирети Пайгамбарыбыз жууркандын жаңыланышын жакшы кабылдабайт:

“-Айша! Жуурканды ээсине тапшыр. Ант этип туруп айтам; эгер каалаганымда Алла тоолорду алтын, күмүшкө айлантып, мени менен чогуу бастырып, ыктыярыма байлап коймок» (Ахмад, Китабуз-Зухд, 30 б).

🌹Абдулла бин Масуд (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:

Алла Элчиси ойгонот. Таарга жатып уктагандыктан, бетинен тарта оң капталына чейин анын изи түшүп калганын көрдүк. Боорубуз ачыды. Төшөк же жууркан берсек деген сунушубузду четке кагып мындай деди:

“Дүйнөнүн мага эмне кереги бар! Дүйнө менен менин байланышым мындай: жайдын күнү алыска сапарга чыгып, чаалыккан кезде бир дарактын көлөкөсүндө тыныгып, анан кайра жолуна түшкөн киши сыяктуумун. (Тирмизи, Зухд, 44 – 2377)».

🌹Сахл бин Саад (Алла ага ыраазы болсун) күндөрдүн биринде өзүнөн кийинки муундарга маалымдады🌹

-Алла Элчиси Пайгамбар болуп жиберилгенден көзү өткөнчө эленген унду көрбөдү.

-Азирети Пайгамбарыбыздын убагында сиздер элек колдончу белеңиздер?

-Ал Пайгамбар болуп жиберилгенден көзү өткөнгө чейин элек дегенди көргөн жок.

-Эленбеген арпанын унун кантип жегенсиздер?

-Биз арпаны жаргылчакка тартып анан сапырчубуз. Кебектин учканы учуп, учпаганы камырга аралашып кетер эле- деди (Бухари, Атимма, 23).

🌹Анас (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:

Бахрайндан Сүйүктүү Пайгамбарыбызга мал-мүлк келди. Бул жолку келген мал-мүлк мурункуларга караганда алдаканча көп эле. Ал жакшылап назар деле бурбады, намазын окуп келген соң узактан көрүнгөн мусулманды да чакырып, мүлктөн үлүштөдү. Бир дирхам калтырбай тараткан соң үйүнө кайтты (Бухари, Салат 42, Жизя 4, Жихад 172).

🌹Ааламдардын Ардагы кооздукка, чырайлуу буюмдарга көңүлүн уурдаткан жубайларына Курандын жоболору менен эскертүү берип эле тим болбостон, дүнүйө кооздугун же Алла Элчиси менен акырет үзүрүн тандоону сунуштап, бир ай бою өзүнчө жаткан. Бул окуя үчүн төмөнкү аяттар түшүрүлгөн🌹

“Эй Пайгамбар! Жубайларыңа: «Дүнүйө жыргалчылыгын жана кооздугун кааласаңар, дароо келгиле, силерге пайда келтирип, жакшылык менен ажырашайын. Эгер Алланы, Анын Элчисин жана акырет журтун кааласаңар, анда Алла жакшылык жасаганыңарга зор сыйлык даярдап койгон» деп айт» (Ахзаб, 28-29).

Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Айшадан(Алла ага ыраазы болсун) баштады:

“-Мен сага маанилүү бир иш сунуштайм. Жооп берүүгө ашыкпа. Ата-энең менен да кеңешип көргөн соң жооп берсең болот» деп, келген аятты окуп берди. Күтүүсүз суроо, келген аяттын таамайлыгы момундардын энесин бир топ чыйралтты. Ойлонуп олтурбай дароо жооп айтты:

-Демек, сизди тандоо маселесинде үй-бүлөм менен кеңешейинби? Эч качан андай болбойт! Мен Алланы, Анын Ардактуу Элчисин жана акырет үзүрүн тандайм🌹

Анын суроосуна бардык жубайлары бирдей маанидеги жоопторду беришти (Муслим, Талак, 29).

🌹Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) колунан азаттыкка чыккан Савбан (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:

Алланын Элчиси жолго чыгарда үй-бүлөсүнөн кызы Фатима менен эң акырында коштошор эле. Сапардан кайтып келген соң эң алгач Фатиманын үйүнө бара турган. Күндөрдүн биринде Алланын Элчиси дагы бир сапардан кайткан кез. Фатима каалгасына асемделген кездеме (парда) асып койгон эле. Асыресе, Хасандын да, Хусайндын да колунда бирден күмүш билерик бар экен. Пайгамбарыбыз негедир бул жолу Фатиманын каалгасына келип, үйүнө кирбей кайтып кетет. Фатима жагдайдын чоо-жайын дароо аңдайт да, парданы алып, балдарынын колундагы күмүш билериктерди да чечип салат. Тиги экөөнө билериктин бирөөсүн гана берип койот. Хасан менен Хусайн ыйлап, Пайгамбарыбызга даттанып барышат. Алланын Элчиси (Фатиманын үйүнө барып) билериктерди алып, мага:

«-Эй, Савбан! Буларды баланчаныкына алып барып бер. Хасан менен Хусайн менин үй-бүлөмдөн болот. Алла Таала аларга ыроолочу жакшылык-нематтарды дүйнө жашоосунда эле колдонуп коюуларын каалабайм. Эй, Савбан! Фатимага сөөктөн жасалган мончок, (Хасан менен Хусайнга) дагы сөөктөн жасалган эки билерик сатып ал!» деп тапшырма берди (Абу Давуд, Таражжуль, 21/4213).

🌹Алла Элчисине гана тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн бири катары Анын дүнүйө жыйнабаганын, колунда эмне болсо, баарын Алла жолуна сарптаганын айта алабыз. Сахабалардын ичинен Абу Зар (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт🌹

Азирети Пайгамбар менен Мединанын чет жакасындагы таштак жерде басып баратабыз. Алдыбыздан Ухуд тоосу көрүндү.

–Эй, Абу Зар.

-Кулак сизде, Пайгамбарым.

–Менин ушул турган Ухуд тоосундай алтыным болсо, ал мени сүйүндүрбөйт болчу. Карызды төлөш үчүн бөлүп койгон акчамдан тышкары жанымда бир динар болсо, анын үч күндөн ашык чөнтөгүмдө жүрүүсүн каалабайм» (Муслим, Зекет, 32; Бухари, Истикраз, 3).

Жол улап баратып Алла Элчиси мындай деди:

“-Дүнүйөдө байлыгы көптүн акыретте сообу аз. Адамдардын колундагыга токпейил бол, аларды сураба, пенделер сени сүйсүн🌹”(Ибн-и Мажа, Зухд, 1).

🌹Амр бин Авфтын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусуна караганда Алла Элчисинин тапшырмасы менен Бахрейнге кеткен Абу Убайда (Алла ага ыраазы болсун) көп мал-мүлк менен келди. Ансар атанган Мединалык жергиликтүү мусулмандар анын келгенин угуп багымдат намазына жыйналышат. Намаз окулган соң кетүүгө камына баштаган Алла Элчисин ансарлар тегеректеп калышат. Аларды бул абалда көрүп мыйыгынан жылмайды:

-Абу Убайданын Бахрейнден мал-мүлк алып келгенин уктуңар го дейм?”

Баары бирдей баш ийкешти. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) сөзүн улап көңүлүн өйүгөн санааны айтты:

“-Сүйүнгүлө жана сүйүнтө турган нерселерди үмүт кылгыла. Аллага ант этем, мен силерге келчү кембагалдыктан коркпойм. Дүнүйө-байлыктын силерден мурункулардын алдына жайылганы сыңары, силердин да алдыңарга жайылышынан, байлык үчүн алардын жарышканы сыңары жарышка силердин да түшүп кетишиңерден, аларды байлык бүлүндүргөнү сыңары, силерди да бүлүндүрүп кетеби деп коркомун” (Бухари, Рикак, 7; Муслим, Зухд, 6).

🌹Дүнүйөгө берилип, акыретке кошкөңүл кароонун чоң коркунуч экенин аңдаткан береги мисал абдан ибараттуу:

Амави бийлигинин учуру. Халид бин Валиддин уулу Абдуррахман башчылык кылган Ислам кошууну Истамбулду каратуу тууралуу Алла Элчиси айткан сүйүнчү жана мактоого жетүүнү үмүт кылып жолго чыгат. Кошуун ичинде Абу Аюб ал-Ансарий да болот. Римдер шаар чебине артын салып каршылык көрсөтүп жаткан маалда ансардан бир аскер тизгинди бош койо берип Византиялыктардын ортосуна чейин кирип барат. Буга күбө болгон момундар🌹

“Өз колуңар менен өзүңөрдү коркунучка түртпөгүлө!” деген аятты эске алып:

“-Ой тообоо! Тигини карагыла, каратып туруп коркунучка атылганын!” деп таң калышат. Кеп мааниси башка жакта жатканын аңдаткысы келген Абул Аюб ал-Ансари мындай деди:

“-Момун мусулмандар! (Жаңылыш ойлобогула!) Бул аят биз ансарлар жөнүндө түшүрүлгөн. Алла Таала Пайгамбарына жар болуп динди көтөргөн чакта биз “Мындан ары мал-жандыктын башына кайтып, аларды асыроо менен шугулданалы” -деген элек. Ошондон көп өтпөй Алла Таала өз Элчисине береги аятты түшүргөн:

“Алла жолунда кайырым кылгыла жана өз колуңар менен өзүңөрдү коркунучка түртпөгүлө. Жакшылык кылгыла, анткени Алла жакшылык кылганды сүйөт🌹” (Бакара, 195).

Байлык менен коюн колтук алышып, Кудай жолуна кызмат кылууну таштап салганыбыз үчүн “өз колу менен өзүн коркунучка түртүү” деген аныктама колдонулган.

Жараткан Алланын бул эскертүүсүнө жандилден кулак төшөп, ошого жараша кадам таштаган бул кутман сахаба дүнүйөнүн сан түркүн кооздугуна кол шилтеп, өзүн Кудай Таала жолуна кызмат өтөөгө атап, ушул айкашта шейит кеткен. Сөөгү чепке жакын жерге коюлган (крз. Абу Давуд, Жихат, 22/2512; Тирмизи, Тафсир, 2/2972).

🌹Алла Элчисинин үйү өтө жупуну болгон экен. Атактуу аалым Хасан Басринин энеси кутман эне Умму Саламанын кызматчысы болот. Хасан бала кезде Азирети Пайгамбарыбыздын үйүнө көп баргандыгын, бөлмөлөрдүн шыбы өтө жапыз болгондугун жана өйдө көтөргөндө колу шыпка тийерин айткан. Бөлмөлөрдүн каалгалары кара жүндөн жасалган кийизден болгондугу маалымдалган.

Бул жупуну үй Амавилердин бийлиги учурунда бузулуп, үй орду мечитке кошулат. Сахабалардан кийинки муундун өкүлү саналган таабииндин чоң имамдарынын бири Саид бин Мусайяб бул ишке ичи ачышканын мындайча билдирген🌹

“Ант болсун, ушулардын өз калыбында калтырылышын абдан каалачумун. Жаңы муун жана бул куттуу жайды зыяраттап келген пенделер Алла Элчисинин кантип өмүр кечиргенин көрүп дүнүйө жыйбас эле🌹” (Ибн-и Саад, I, 499-500).

🌹Сулайман Пайгамбар мал-мүлккө, байлыкка болгон сүйүүнү жүрөктөн чыгарып салгандыктан өзүн кембагалмын деп саначу. Сөз жеткис сыпаалыгы болгон экен. Кедей-кембагалдар менен чогуу олтуруп, сукбатташып:

“-Кембагалга кембагалдар менен олтуруу жарашат” деп айтчу экен.

🌹Айтууларга караганда Азирети Нухка суроо салышат:

-Эй, узун өмүрлүү Пайгамбар! Көзкарашыңда дүнүйө кандай экен?

“-Дүйнө он эки эшиктүү үйгө окшош экен. Бир эшигинен кирип, берки эшигинен чыктым” дептир (Ибн-и Асийр, ал-Камил, I, 73).

Нух пайгамбар өзүнө камыштан бир кепе курат. Көргөндөр баш чайкайт:

-Аттиң, ушунча аракет кылган соң чоң үй куруп алсаң болмок? Кеменгер пайгамбар:

-Акыры бир күн өлө турган пендеге бул да көптүк кылат. (Абу Нуайм, Хиля, VIII, 145).

Окуяны Жабир бин Абдулла баян эткен🌹

Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Абу Убайданы жетекчи кылып дайындап, Курайш кербенин тосуп чыгууга бизди жиберди. Башка эч нерсе табылбагандыктан азык үчүн азыноолак курма салып берди. Жетекчибиз аны бизге бирден берет, аз-аздан шимип, анан суу ичип алчубуз. Ошентип, бир курма менен кечке азыктандык. Камчылар менен жалбырак күбүп, сууга жибитип жедик (Муслим, Сайд, 17).

Кутман сахабалар жадагалса муктаждыкка жетерлик азыктын жок экендигинен даттанышкан эмес, тек гана Алла жолундагы кызматты кадиксиз аткарууну көздөшкөн🌹

🌹Күндөрдүн биринде Азирети Абу Бакирге (Алла ага ыраазы болсун)бир кесе толтура куюлган бал шербетин сунушат. Кесени колго алып, ичип-ичелек жарыктык сахаба ыйлып жиберет. Аны көргөндөр да кармана албай көзгө жаш алышат. Ыйлашынын себебин мындайча түшүндүргөн:

“Алла Элчиси менен чогуу элем. Бир маалда; “Мага жолобо, мага жолобо! деп, бир нерсени жанынан кууп калды. А мен эч нерсе көралган жокмун. Эмнеге мындай кылганынын билгим келип сурадым. Ал мага буларды айтты:

“Мага болгон болуму менен дүнүйө көрсөтүлдү. Мага жолобо! дедим. Ал мага жакындаган жок. Бирок: Аллага ант болсун! Сен менден качып кутулганың менен, сенден кийинкилер менден кутула алышпайт! деди да, көздөн кайым болду”.

Мен дүнүйөгө болгон арзуудан корккондугум үчүн ыйладым🌹” (Абу Нуайм, Хиля, I, 30-31).

Азирети Абу Бакир халифалык доорунда да өтө жупуну жашаган. Өлүм алдында өзүнө таандык жердин бир бөлүгүн сатууну, халифалык мезгил ичинде мамлекеттен айлык катары алган акчанын баарын кайтарып берүүнү керээз кылган (Ибн-и Асийр, ал-Камил, II, 428-429).

🌹Азирети Абу Бакир өлүмү алында сүт берген төөсүн, кийим бойогон идишти жана баркыт чепкенин Азирети Умарга тапшырып коюну кызы Айшага керээз кылат. Айша эне атасынын керээзин так орундатып, аманаттарды жаңы халифага табыштайт. Кайгы-муңга мүңкүрөп турган Умар ал колдонуп жүргөн буюмдарды көрөрү менен жүүнү бошоп кетти көрүнөт:

“-Эсил кайран журтатасы! Алланын ырайымына бөлөнгүр! Өзүңдөн кийинкилерди кыйын абалга калтырып кеттиң го!” деп муңканат (Ахмад, аз-Зухд, 110-111; Суюути, Тарихул-Хулафа, Мысыр, 1969, 78-79 б).

🌹Азирети Умардын халифалыгы мезгилине Сирия, Палестина, Мисир өңдүү өлкөлөр каратылат. Ошондой эле Иранга караштуу аймактар бүт бойдон Ислам өлкөсүнүн карамагына өтөт. Византия менен Ирандын бай казыналары Ислам дүйнөсүнүн борбору саналган Мединага агыла баштайт. Момун мусулмандардын курсагы тоюп, эл ичи шаңга толот. Бирок момундардын халифасы өлкөнүн саат сайын өсүп жаткан аброюна манчырканбай, казынанын ашып-ташып жатканына карабай, азга канаат, барга топук кылып, жамаачы чепкен менен эл алдына чыгып кутпа окуган. Турмуш-тиричиликке араң жете тургандай өлчөмдө казынадан айлык алгандыктан карыз алган учурлары болду. Алганы көр тиричиликке эптеп жетип жатты🌹

Сахабалардын билермандары халифанын бул абалына бир чети намыстанса, бир чети боор ооруду. Айлык акысын көтөрүүнү талкууга алышты. Бул пикирди ага сунуштагандан айбыгышып, халифанын кызы, Алла Элчисинин жесири Хафса (Алла ага ыраазы болсун)аркылуу кайрылышат. Ысымдарды атабоо шарты менен айлык акыны көтөрүү боюнча маселени билдирүүнү өтүнүшөт. Ал сахабалардын оюн макул көрүп, маселени атасына айтты. Алла Элчисинин ачарчылык азабын чегип, өзөк жалгаганга бир курма таба албаган кейиштүү күндөрүнө күбө болгон атасы кызынан сурады:

-Кызым! Алла Элчисинин тамак-аш жана кийим-кечектеги абалы кандай эле?

-Араң жеткидей деңгээлде болгон -деген жоопту уккан халифа сөзүн мындайча улады:

“Эки дос (Азирети Пайгамбар менен Абу Бакир) жана мен Актыкка сапар тарткан үч жолоочуга окшошпуз. Биринчибиз өз деңгээлин тапты. Экинчибиз жолдон адашпай биринчиге жалгашты. Мен үчүнчү жолоочу катары досторума жолуккум келет. Эгер ашыкча жүк менен кете турган болсом, аларга жеталбай калам! Же сен менин бул жолдун үчүнчүсү болушумду каалабай турасыңбы?

🌹Шаан-шөкөт менен бардар жашоону каалабаган Абу Зар ал Гыфариге(Алла ага ыраазы болсун) казынадан төрт миң динар айлык бөлүнчү экен. Ал андан өзүнө жетиштүүсүн алып, калганын бей-бечараларга тараткандан тажабачу деп айтышат.

Бир дирхамы барга караганда эки дирхамы бар адамдын сурагы дагы да оор болорун айтып какшаган бул сахабага Шам аймагынын акими үч жүз дирхам бердирип жиберет. Тартууну көрүп, көңүлү чөгөт. Келген адамга агынан жарылат:

“-Бу аким мырза бизден дагы кембагал адамды таба албадыбы? Бизде башпаанегибиз, сүтүн ичип, этин жегенге коюбуз, иштин майын чыгара аткарган кызматкерибиз бар. Мындан ашыкчасына ээлик кылуудан коркомун” деп, тартууну албай, артка кайтарат (Ахмад, Зухд, 147).

🌹Кадырман сахабалардан кийинкин муундун кайраты жана, албетте, Алланын буйругу менен жер бетин ыйман толкуну каптады. Тарик бин Зияд беш миң адамдан турган колу менен Испаниянын токсон миңден ашкан тогуз түмөнүнүн бүлгүнгө учуратты. Тарик испан королуна тандык казынанын үстүнө чыгып алып, өзүнө өзү буларды айткан:

“Тарик! Сен кечээ мойнунан байланган кул элең. Баралы келген саатта Алла сени азаттыкка чыгарды. Айбаттуу аскербашчы болдуң. Бүгүн болсо Испанияны караттың, бүт өлкөнүн казынасы таман астыңда турат. Эртең эле Алланын алдына сөзсүз барарыңды эсиңден түк чыгарба!”

Кулдун кишилик сапатын түптөп, анан аны изгиликтин сересине чыгарган-бул эмне деген ажайып тарбия!..

🌹Шах Накшибанди олуянын таалимин алган улуу олуя Мухаммед Париса ажылыкка аттанат. Багдад шаарын аралай өтүп баратып нур жүздүү соодагерге назары бурулат. Ал алтын-күмүш сатуучу экен. Кардарларды тынымсыз тейлеп, өтө берилип иштегенин көргөн олуя дүнүйөгө баш оту менен кирип кеткен тура деген ойго кетет:

“Аттиң! Берилип ибадат кылар чакта дүнүйө илдетине кабылыптыр!.”

Бирок бир кыйла баарлашкан соң алтын саткан жигиттин жүрөгү Аллага арналганын, ар бир мөөнөттө Аны эстеп турарын сезет. Бул ирет ичинен🌹

“Көз тийбесин! Кол пайдада, жүрөк Аллада!..” деп кымыңдап, акдилден жигитти алкап жолго түшөт.

Жигиттин бул абалы тасаввуф тилинде “халват дар анжуман” деп аталат. Тактап айтканда, калайыктын ичинде болгону менен жүрөктөн Алла менен чогуу болуу, көпчүлүк ичинде жалгыздык абалды жашай билүү…

Мухаммед Париса Меккеге барып, Каабанын көшөгөсүнө жабышып, өпкөлөп ыйлап жаткан ак сакалдуу абышканы көрөт. Жанаша туруп аны минтип бериле ыйлаганына суктана:

“Атаганат! Мен да ушинтип бериле ыйлап, Жаратканга мунажат кыла алсам кана!” дейт ичинен. Кийинчерээк олуялык караш менен абышканын жүрөгүнө назар салып аныгын көрөт. Анткени анын жалбарышы, төккөн көз жашы байлык, дүнүйө үчүн экени айкын болот.

Икаядан байкалгандай дүнүйөгө токпейил, захид кароо пенде үчүн зарыл нерсе. Анын байлыкка да, кембагалдыкка да залакасы жок. Акырет ишин аксатпай дүнүйөлүк иштери улантуу бул абалды өнүктүрүүдөгү эң маанилүү жагдай болуп эсптелет🌹

🌹Малик бин Динар Алланын сүйүктүү пенделерине саналган Рафиинин жылаңаяк, жылаңбаш чуркап баратканын түшүндө көрүп суроо салат.

-Кайда баратасың?

-Зындандан кутулдум, ушуга шүгүр.

Малик бин Динар таң заардан анын үйүн көздөй бет алат. Жетип жетпей чуру-чуудан улам Рафиинин көз жумганын билет.

Азирети Пайгамбарыбыз🌹

“-Дүйнө момундун зынданы, каапырдын бейиши” деп айткан🌹(Муслим, Зухд, 1).

🌹Мал-мүлк, бийлик-мансапка каршы токпейил болуп, байлыкты өз напсисинин жыргалчылыгы үчүн эмес, Алланын пенделерине кызмат этүү максатында кабыл этүү артыкчылыгын көрсөткөн рухий көсөмдөрдүн бири Явуз Султан Салим Хан өткөн дүйнөдөн. Улуу Каган күндөрдүн биринде кол астындагыларга кайрылат:

“Тоңмоюндук кылууну максат кылган болсоңор, ачык айткыла, бул мансапты дароо тапшырайын. Мен бул ишти дин Исламга кызмат кылуу максатында алдым. Баш ийүү, биригүү сунушу менден, кабылдоо силерден. Мен түн уйкудан, бейпил тумуштан кечип, Ак динди жаю үчүн күч жумшап келем. Эгерде Исламга салым кошууга ниетиңер жок болсо, ансыз деле менин бул орунга ышкым жок”.

🌹Жыйынтыктап айтканда, адампенде Жараткан Алланын ыразылыгын көздөп, ошого жараша жан үрөшү керек. Жүрөктөгү сүйүү Кудай Таалага баш ийди дегиче пендеде зухд абалы пайда боло баштайт. Зухд абалы олжо алган сайын напсини азгырган мал-мүлк көзгө жылуу көрүнбөй, анын Аллага таандыктыгы айкындалып, кайрым менен баага татыйт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE