Пример HTML-страницы

Жашагым келет 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет. 3-бөлүм.

Кызымды эптеп сооротуп жатсам, бышылдаган дагы үн чыгып калды.Мыкы мектепке барбаптыр. Бизди көрүп үйдүн бурчунда өзүнчө ыйлап туруптур. Мыкыны көрүп мен дагы өзүмдү кармана албай калдым. Ыйлап жибердим. Мыкы бизге жетип, экөөбүздү кучакта чогу ыйлап жаттык.
—Апа, болду ыйлабаңызчы. Мен дагы чыдабай баратам. Салим менен атамдын кайгысынан да сиздин кыйналганыңыз көбүрөөк жүрөгүмдү эзип жатат. Мен бармын апа. Мен бармын. Силерди эчкачан өксүтүтүп койбойм. Карындашыма ата, ага дагы болом. Болгону сиз мага күч берип туруңузчу. Сиз сынбаңызчы апа. Апаке сиз менин эң кымбат адамымсыз. Ар бир көздөн аккан тамчыңыз мени бууп жатат. Көкүрөгүм кандай күйүп жатканын билесизби.
—Мыкы басыл балам. Өзүм менен болуп жатып силердин акыбалыңарды көрбөй калган турбаймынбы. Мени кечирип койгулачы. Эми жаныңда болом, сен мени эмес мен сени жубатчу болом балам. Сен эми биздин таянаар тообузсуң. Сен бекем бол. Бир туугандарыңды да сага ишенем.
—Экөөбүз багабыз апа, экөөбүз. Сизди жоготсом мен өзүмдү жоготкон болом.
—Антпе балам.
—Көп жашайм деңизчи, таштабайм деңизчи бизди апа.
—Таштабайм балам..

«Убакыт баарын даарылайт»!-деп ким айтты экен э? Мына кыркы жакындап калса деле менин жаратым эскирер эмес. Олтурсам-турсам көз алдымда тартылганы тартылган. Кыйналып кеттим. Жалгыз кызымды аяйм. Кызым күндө менин эле көзүмдү карап, кабак-кашымды аңдыйт. Кызыма канчалык жылмаюууга аракет кылсам да оозум тигилгендей ачылбай жатпайбы. Эми менин милдетим ушул үч баланы эрежеге жеткирүү. Оо кудайым, Мыкым өз алдынча бир туугандарына толук камкор болгуча мага жакшы өлүм даярдап тур.
Ишенсизби уктап жатсам дагы өзүмө өлүм тиленчү болдум. Үй-бүлөмдүн эки жака бөлүнгөнүнө чыдай алаар эмесмин. Түгөйүм ошол жакта болгон соң, менин да ордум ошол жакта.
Күндөн-күнгө көңүлүм айнып, куса баштадым. Аты жаман илдет рактын биринчи белгилери ушундай!-деп укканым бар. Кайгырганда эле куса берет экен. Алсызмын.. Орудамдан тургум келбейт. Эртең менен эптеп кызымды бала-бакчага даярдап берем. Тамагымдан гүкүм өтпөй туруп алды. Жыйырма күндө терим сөөгүмө жабышып калды. Күзгү дегенди унуттум. Балдарым менден чочулап жүрүштү. Башымды көтөрбөй кусканымдан тынчсызданды окшойт. Мыкы бир күнү өзүмдүн апамды жолдон тосуп келиптир. Мектептин тушунан түшүп, Мыкынын чыгышын күткөн сымал. Каарып калган, айылдын ылдыйына түшүү да оңой эмес да. Кусуп, ооруп жүргөнүмдү тайенесине айткан окшойт, жинденип кирди.
—Ай бир эле сенин эриң өлгөндөй эмне жатасың сулайып. Карачы идиш-аягыңдын батташканын. Мына эртең-бүрсүгүн кыркы болгон жатса жатышыңды карачы.
—Апа келдиңизби? Апа түшүмө Турат кирип туруп алды да, күнүм жакын окшойт. Балдарга сиз каралашып коюңузчу э.
_Ай башы үзүлгүр десе, эми сенин өлүгүңдүн үстүндө отурганым эле калды эле. Кайдагыны айтпачы. Тураттын түшүңө киргенин ага жоорубагын. Ал сени ыйлаба!-деп жатат. Мени кой бер, тынч жаталы деп жатат. Балдарыңды карай турган бекерчи жок азыркы заманда. Баарынын өз түйшүгү өзүнө жетип жатат. Балдарыңды өзүңдөн калтырбасын кудай. Бас чай кой, ачка болдум.
—Мыкы бир нерсе чыр-пыр эте койчу балам. Тайнеңе чай берели.
—Дарика кызым, кайненеңдер келип жатышабы?
—Ооба күн алыс келип жатышат. Үйдө оокат калган эмес, ошолор ташып жатат да апа.
—Апеей кокуй, эмнеге бизге айтпайсың? Эки агаң турат, жардам бермек да.
—Койчу апа, ушул жашка келип алып төркүнүмдөн ташып жемек белем. Айыгайын өзүм иштейм буйруса.
—Ий ошентсең алтыным. Келе албай эле кыжалат болуп жүргөм. Мени көрсө дагы бошошобу!-деп. Мейли айланайын тирүүнүн күнү өтө берет, баары жакшы болот. Андан көрө келчи жүрөгүңдү көтөрүп койоюн. Кусуп жатсаң жүрөгүң эле түшкөн го дейм, гөргө кирип алат деген не деген шумдук дейм да. Эл кылбаганды кыласың да балам.
—Апа азыр деле кучагына барып жатып алгым келип жүрөт, айла жок да болгону. Кудай жанымды бышык кылыптыр.
—Сен балдарыңа керексиң, мени ойлобосоң да балдарыңды ойло.
—Ийи эми буйруганы болот да. Атам келген жокпу эмне?
—Атаң кыркындагы согумду өзүм чыгарам!-деп тоого кеткен.
—Кайнатам болбойт окшойт апа.
—Капырай эмнеге?
—Биз турсак, эмнеге кайын-журту кылат дейт да.
—Дебейт, атаң өзү түшүндүрөт.
—Ал айтпаса да эл айтатко. Короодогу кунажындын бирин сойоор апа, жөн кой деңиз.
—Мейличи эми, атаң дагы силерди аяп жатат да. Күйөө балдарымдан Туратты жакшы көрөм дечү эле.
—Туратты жаман көрүү мүмкүн эмес эле да. Турушу менен алтын, кудайдын эң момун пенделеринин бир эле да. Сыз жердин астында кантишти экен байкуштарым.
—Койчу эми кайра баштабай. Ай Мыкы чайың даярбы?
Мыкы чай койду астыбызга, анан апам алып келген этти кууруп келиптир. Көрсөм кускум келет. Жебей араң чыдап олтурдум. Апам аны байкап урушуп жатып жедирди.
—Апа койчу мени жаш баладай кылбай. Жегим жок.
—Же дегенде жеп алчы балам. Эртең ушинтип же!-деп жалдыраган адамды да таппай каласың.
—Эми сен жөнөп калдыңбы апа. Кимиңердин күйүтүңөрдү көтөрөт экенмин э? Кимиңердин күйүтүңөр мени да жыга чабаар экен.
—Каарып калбадымбы, ошого эле айтып жатам кызым.
—Өлүмдү мага угузбачы апа.
—Өзүңчү өзүң? Өзүңө өлүм тилеп бүтпөй койдуң го. Балаңа кандай куйкаланып күйдүң? Менин дагы сени жоготсом күйүтүм андан ашса ашат кем калбайт. Өмүрлөрү кыска экен, айла жок. Жашоону мындан ары улантыш керек.
—Мейличи апа, маакул. Айтканыңыз болсунчу. Болгону жүрөк үшүтөөр сөз айтпаңызчы. Жейм мына апа, жеп жатам. Эки чайнам этти сугуна койдум эле кусуп жиберип эшике араң жетиштим. Апам болсо көзүнө жаш кылгыртып олтуруп калды.
Ошентип кыркы дагы өтүп кетти. Мен болсо жакшы боло албай койдум. Тамакты көрөөр көзүм жок. Бир күнү отурсам эле ичимде курт баскандай жөргөлөйт. Болду дедим. Күнүм жетиптир дедим. Ичимдеги иче карыным чирип, ылдый самсалап жатыптыр дедим. Эч кимге айтпадым. Сүйүндүм. Ишенесизби сүйүндүм. Тураттын жанына бараарымды эстесем жүрөгүм катуу дүгүлдөп жатты. Жөн гана жашоомдун акыркы күнүн күтүп жүрө бердим. Кудай сага оңой өлүм жок дедиби, эч эле ажалым келбей койду. Анан үч-төрт ай өтүп ичимди тепкилеп баштады. Көрсө Турат мага дагы бир белек таштап кетиптир. Менин боюмда бар экен. Билген соң ыйлаарымды же күлөөрүмдү билбей турдум. Бул жалган жашоого дагы бир жетимди алып келгенде эмне пайда? Бул байкушту дагы жалган жашоонун азабына малгандан эмне пайда. Бул бала төрөлбөшү керек!-деп чечтим. Өзүбүздүн эле даарыгерибизге бардым.
—Эже түшүнөсүзбү баланы алдырышым керек. Мен бул балага татыктуу эне боло албайм. Бул баланы дагы жетимдиктин дооруна сүргүм келбейт, түшүнүп коюңузчу.
—Дарика бул сага жаңы жашоо тартуулош керек кайра. Кубанбайсыңбы. Туратың Салимди жанына алып кеткенине өзүн күнөөлү сезип, сага орун басар таштаптыр. Кой бар бышымды оорутпай үйүңө бар.
—Шаарга барып деле алдырта берем керек болсо.
—Бар бара бер, каалаганыңды кыл. Мен бойдон албайм, эчкачан.
—Ики алып эле жүрбөдүңүз беле.
—Ай куу баш ал деген айласыздан, ичинен өлүп калгандарды алып жатпаймынбы. Ойлонуп сүйлөбөйсүңбү, эриңди мен өлтүргөндөй мага келип аңкылдаганын.
Акшыя карап басып кеттим. Үмүт арткан эжем да эшигин тарс жаап алды. Ойлондум.. Кечке ойлондум. Эл тура электе шаарга жөнөп кеттим. Ооруканага барып УЗИге түшсөм төрт айдан өтүптүр. Эркек экен.. Албай коюшту, чоңоюп кетиптир. Өзү Тураттын каза болгонуна төрт жарым ай болду, демек чын эле өлөөр алдында эле боюмда болгон экен да. Карап кой, ушунчалык азаптан өлөйүн десем да бул шумпай жармашып, жашап кеткенин. Эми эмне кылам э?
—Төрөйсүң да, төрөйсүң. Бала өз ырыскысы менен төрөлөт, өзү менен өзү чоңоюп кетет. Азыр убалга калсаң кийин түбөлүк тозокто күйөсүң.
—Сиз врачсыз го, мага азыр тозокту айтпайле коюңузчу.
—Эже күйөөгө тийбеген селки болсоңуз го түшүнмөкмүн, балдары бар эле соонун аял экенсиз эмнеге бойдон алдырам дейсиз?
—Өз энем түшүнбөгөн силер түшүнмөк белеңер ээк.
—Эже туура эмес айттыңыз азыр. Сизди биз эмес эле сиз эчкимди түшүнбөй жатасыз.
—Ушундай жинди болуп калдым да.
-Бир жолу бар дагы.
—Кандай жол?
—Балаңызды жасалма төрөтүп алабыз. Бирок, бала тирүү калбайт.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE