Пример HTML-страницы

ТОКОЛДОН ТУУЛГАН БАЛА. 4-БОЛУМ. АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=44510&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТОКОЛДОН ТУУЛГАН БАЛА.

4-БОЛУМ.

 

 

Калпанын бараар жери жок калды. Уулу менен пайгамбар жашында көчөдө калган ал күндүзү Атыр менен кер-мур айтышып, экинчи кайткыс болуп, үйүнөн чыгып кеткен. Бир чечимге келип, мындан аркы өмүрүн тукум улаар перзенти, өмүр бою аны күткөн аялзатын бактылуу кылып калган жашоомду өткөрөйүн деген оюнун ташы талкан болду.

 

Калпа уулун жетелей, ушул эле айылдын чекесинде жашаган Жапардыкына бет алды. Улгайган адамдын эми артка кайтар жагы жок эле. Атыр менен талашып тартышкысы, аны менен үй-жай, мал-жан бөлүшкүсү келбеди. Жаш аял ала койгонунун айынан киши колдуу болуп чарчаган небереси, күйүткө чыдабай жиндиканада дарыланып жаткан кызынын санаасы аялынын көз карашын музга айлантып, анын астында бүжүңдөп, өзүн ар дайым күнөөлүү сезип жашоодон чарчады. Акыркы эки жылда Айгүлдү кайрадан алдап, уулун бактырып, жеке кызыкчылыгына пайдаланып жүргөндө айыбын толугу менен сезсе да, убада кылгандай аялынан кетип калууга эрки жеткен жок. Жашоо образын кескин өзгөртүүгө коркоктук кылып койду. Эми аялы кубалап чыккандан кийин, жашоосун өзгөртпөөгө амалы да жок эле. Бирок, кечээ эле барар жери бар, Айгүлдүн кучак жайып тосуп алары дайын болсо, бүгүн талаада калды. Эми анын азыркы ою – чыныгы эркектик сапаттары жоктугунан үч аялдын убалына калса дагы,жок дегенде аталык милдетин аткарып, карыган чагында адамдык сапатынын акыркы калдыктарын сактап калуу эле.

 

Өмүрүндө биринчи жолу алдына максат койгон ак чач адам саяпкер Жапардыкына келе жатты. Экөө жаш чагында кыйышпас дос болгону менен, ортодо бириктирген кызыкчылыктар болбогондон кийин, салкын тартышып, эки айрылыш жолго түшүшкөн. Буга Жапардын адамгерчилиги аз сапаты, татаал мүнөзү да себепкер болгон эле.

 

…Жапар Калпанын анын үйүндө жашап туруусуна макулдук берди. Боору ооругандыктан же эски достуктун урматына эмес. Күлүк аттары көбөйүп, түйшүгү түмөн болгондуктан бир канча убакыттан бери жардамчы издеп жаткан эле. Көрүнгөндү жалдаганга да болбойт, көзүнүн карегиндей кам көргөн күлүктөрүн оюндагыдай табын бузбай бага билген ишеничтүү адам табылбай жаткан. Анын ою ордунан чыгып, жылкы жаныбардын сырын жакшы билген Калпа алдына бүгүлүп келди.

 

Экөө тең жаш кезинен күлүк аттарга кызыгып, Жапар өмүрүн нукура кыргызча жашоого арнаса, Калпа кадимки “советтик коммунист адамдын” жолун карманды. Советтик система кыйрап, аны менен кошо Калпа да кудум өмүр бою эчтеме жасабагандай сынык тепши менен калса, кык жыттанып, мал артынан жүргөн Жапардын иши жүрүшүп, короосу күтүрөп, асыл тукум малга толуп, күлүк аттары биринен сала бири чоң байгелерди алып жаткан кези эле.

 

 

 

* * *

 

Калпа уулу Алимбек экөө Жапардын оту менен кирип күлү менен чыгып, билинбей бир канча жыл өттү. Күн сайын таң заардан турган абышка кулдай жумшалып, эл жатканча тыным албайт. Күлүктөргө убагы менен жем-чөп салып, суу берип, жал-куйругун тарап, жаткан жерин тазалайт. Аттардан ашкан убактысы Жапардын башка мал-жанына арналат. Катаал саяпкер кожоюнунун өзгөчө көрсөтмөлөрүн жаземдебей аткарып, анын ишенимине кирди. Түмөн түйшүк анын маанайын түшүргөн жок. Ат таптоо анын жүрөгүнө жаккан жумуш экенин жан дүйнөсү кечигип аңдап, күлүктөр менен алек болуп жүргөндө бул дүйнөнүн бардык жаман-жакшысын унуткарып, эргүү алып, жаш кезинен саяпкерликти аркалабаганына өкүнүп калат. Жанында кужурап жүргөн уулу Алимбек да жылкыга жакын экендиги сезилип, куйма кулак бала атасы менен кожоюндун ат таптоо тууралуу сүйлөшкөндөрүн боюна сиңирип, жаштайынан саяпкерликтин сырларын билип чоңоюп келе жатты. Бала тестиер болгондон тартып, ага жаңы милдет жүктөлдү: ат үстүндө мышыктай ойногон, эптүүлүгүн байкаган кожоюн эми ага ишенип күлүктөрүнө чабандестикке дайындап, бирин экин ат чабыштарда байге да апкелип берди…

 

Ата-баланын жалданма болсо да, жайбаракат жанга жагымдуу жашоосу Жапар казак жеринен жаңы сатып келген асыл тукум тай жоголгон күнү астын-үстүн болду. Шыйрактары ипичке, өзгөчө сулуу тай өзгөчө эрке дагы экен. Татынакай жээрде тайга маңдайындагы кашкасынан улам Айкашка деген ысым ыйгарды Жапар. Мурдагы кожоюну сатып жатып эскерткен: тай энесинен бөлүнбөй, ушуга чейин эмген экен.

 

Чоочун короого түшүп, чоочуркаган, энесин издеп жалгызсыраган Айкашканы Алимбек байкоостон качырып алды. Атканага киргенде эшикти жапканды унуткарган экен. Байланбай бош турган келгин тай дароо эшикке зыр койгонун берки күлүктөр менен алек болгон тестиер байкабай калды.

 

Тайды байкабай качырып алдым деп мойнуна алган Калпа чүрпөсүн саяпкердин каарынан арачалап калды. Убакытты өткөрбөстөн, эки топко бөлүнүп, издөөгө чыгышты.

 

Калпа уулун учкаштырып, бир тарапка бөлүндү. Ата-бала төш этектей, кыштоо тарапка бет алышты. Бир маалда кар үстүнө түшкөн жалгыз жылкы баласынын изин байкай калышып, аябай кубанып кетишти, из биринчиден кичирээк жылкыныкы болсо, экинчиден карга өтө терең кирбептир, мындан улам жайдак тайдыкы деп болжолдоого толук негиз бар эле. “Мүмкүн Айкашканыкы” деп божомолдоп из кубалап жүрүп отурушуп, айылдан кыйла алыстап кетишкенин да, караңгы кирип кеткенин да байкабай калышты. Ээкти шакылдатып, сөөктөн өткөн аяздуу суук аларды токтото албады: Жапардын каары кыш чилдеден да катуу эле.

 

Айылдын оттору жылтылдап алыста калды, кайра артка кайтайын десе жоголгон тайдын изи турат, ана-мына таап алышыбыз мүмкүн деген илгери үмүт жетелей берди.

 

Алар дагы канча убакыт из кубалап жүрүп отурушат эле, ким билет. Бирок, жакын жерден чыккан карышкырдын улуган үнү жок жоготкондорду бул оюнан кайттырды. Калпа ичинен катуу тынчсызданса да уулуна билдирген жок. “Кой, кайталы, уулум. Мылтык да алып албаптырбыз. Мынабу кашабалар Айкашканы соо деле коюшкан эместир, эмдигиче. Өзүбүз кырсыктай электе жолго түшөлү. Жапар эми бизди жеп койбостур” деген абышка ат тизгинин кайра артка бурду. Бирок, кеч болуп калган экен. Көп өтпөй эле алардын изине бир эмес, бир нече карышкыр түшкөнүн сезди, карт адам.

 

Бул жылы кар калың түшүп, карышкыр күч болуп турган эле. Кашабалар керек болсо айыл четиндеги үйлөрдүн короосуна түшүп, койлорду кырып да кетип жатышкан.

 

Камчыдан башка куралы жок Калпа атты болушунча сабап келе жатты. Артынан сая түшкөн карышкырлардын деминен жүрөгү түшүп, кар малтап, эки адамды көтөрүп чуркаган жылкы жаныбар тез эле чарчады. Ач карышкырлар көздөрүнөн от күйүп, курмандыктарын алыстан курчай жүгүрүп баратышты, дирилдеген ат биротоло коркунучтан буту тушалып, бир чети үстүндөгү жүгүнөн бели майыша, бир орунга токтогондо Калпанын аталык сезими акыркы чечкиндүү кадамга такады. Көзүнөн жаш айлана, перзентин акыркы жолу жыттады. “Барагой, балам. Мындан башка арга жок. Токтотпой, чап, айылды көздөй. Сенден суранарым – аман калганга аракет кыл, сенин жашаганың – менин жашаганым, уулум!”. Чечкиндүү аттан секирип түшүп, коргошун уютулган камчы менен атты сооруга тартып тартып жиберди. Баятан бери коркунуч тушаган буттарын камчынын ачуу даамы чечип, ат чыңыра кишенеп, ооздугун качырата чайнап, ордунан октолду. Жүгү жеңилдей түшкөнүн сезген мингич жаңы күч менен, шердене күчүнө күч кошула чуркады.

 

“Атакеее!”

 

Көзүнөн жашы он талаа болгон тестиер чабандес атынын мойнун бура, атасына бакырды:

 

— Бол, ата учкаш, кантип сизди таштап кетем?! Жетишебиз качканга!

 

Калпа жылкы азыр тыңый түшкөнү менен, эки адам минсе кайра эле алсырап, жай чуркарын туюп, баласына киркирей бакырды:

 

— Кач, деп жатам! Экөөбүздү көтөрүп узакка кете албайт, айыл алыс!

 

Эти ооруган жылкы баласы айылды көздөй чурады, бала тизгинди бош кое көзүнөн жашы он талаа болуп ыйлап келе жатты. Ал артына миң ирет кайрылгысы келсе да токтогон жок, атасынын сөзү ал үчүн мыйзам эле. Атасын карышкырлардын таландысына таштаганга аргасыз болгон бала ушул саатта арт жагында картаң адамдын карышкырдан камчы менен коргонуп жатканын, бир-экөөнү төбөгө чаап, ордунан жыкканы менен, акыры чарчап, көпчүлүккө жеңдиргенин, кашабалар ырылдай адам менен кармашып, бурдап тиштегенин, атасынын катуу оорудан кынкыстай, карга жыгылып, биротоло жеңилип бергенин сезип келе жатты, буркурап келе жатты. Бала кезинен көптөгөн азап-тозокторду башынан өткөргөн Алимбек бүгүн таянган тоосунан айрылды, бул дүйнөдө жападан жалгыз калганына, эң кымбат адамынын аянычтуу өлүмүнө себепкер болгон күнөөсү кыйнап, карышкырларга жем кылып таштоого аргасыз болгонуна ботодой боздоп, алсыздыгына каары кайнай болкулдап ыйлап келе жатты…

 

Атасын жоготкондон кийин Алимбек катуу кайгыга алдырып, чөгүп кетти. Ал эми Жапар саяпкер аны аяган жок, болушары жок немени биротоло кулга айлантты. Эми анын койчусу да, ат чапкан чабандеси да Алимбек, тапталып жаткан аттардын түмөн түйшүгүн да анын мойнуна үйүлгөн. Алимбекке баары бир эле, эмне жесе да саман жегендей даамсыз, көп иштейби, аз иштейби, уйкусу канабы же канбайбы чатагы жок, кызыктырбаган күндөр өтүп жатты.

 

Бирок, анын күүгүм турмушуна жарык чачкан жалгыз шоола бар эле. Эрезеге жеткен сайын, шоола балбылдап, күн сымал нурун тегиз жайгандан жая берди. Ал шоола – күлгөндө тептегиз тиштери жаркырай түшкөн, караторунун сулуусу, керме каш селки — саяпкердин небереси Айша болчу. Экөөнүн ортосундагы жакын мамиле Калпа карышкырга жем болгон каргашалуу түндө бүчүр алган. Ошол мүнөттөр анын жадында куду бүгүнкүдөй эсинде. Атты чаап келип, эшиктин алдына кулап түшүп, боортоктоп өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган баланы саяпкер жемелеп, “Айкашка кайда?!” деп бакырып жатса, секелек Айшанын чоң атасына караганда адамгерчиликтүү мамилеси анын жан дүйнөсүндө өчпөгөн жаркын из калтырды. Күйүткө жеңдирип, үч күн, үч түн дене табы көтөрүлүп, жөөлүп эс-мас болгон Алимбектин үстүнө үйрүлүп түшүп, суу ууртатып, чекесине муздак чүпүрөк басып, жанына чыккан жок. Бала үч күндөн кийин өзүнө келди, бирок “тайды мен качырып ийбесем, атам карышкырга жем болбойт эле” деген ой анын мээсин курттай жеп арыктатты. Аттын кулагы менен тең ойногон тентек чабандес өлүмгө жакындаган чалдай сүйлөбөс тартып, чөгүп бара жатканында ага ар нерсени айтып, алаксытып көңүлүн көтөргөн Айша экөө күндөн күнгө жакындашты…

 

Экөөнүн балалык таттуу мамилеси бой жетишкенде башка баскычка өтүп, сүйүүгө айланып, бири-биринен баш тарта албаган абалга жетишти. Саяпкер чоң атага бул албетте, жаккан жок. Жалгыз уулунан калган жалгыз кыз анын жашоодогу жалгыз үмүтү дагы эле. Анын жыйнаган мал-мүлкү, жашоосундагы болгон ар бир жеңиши эми ушул небереси Айшага гана тиешелүү. Анан кандайча карегиндей көргөн небересин таянар тоосу, келечеги жок томоякка кыят?

 

“Айшага жолобо” деп бир эскертти, эки эскертти, бирок тыянак чыккан жок. Оту менен кирип, күлү менен чыккан малайы небересинин жанына чыкпай, экөөнүн бири-бирин уурдана тиктеген мээримдүү көз караштары көбөйүп бара жатты. “Жылуу жумшак айтып эле үйдөн кетирейин” деген чечимге келгенде кеч болуп калган, эки жаш бири-бирисиз жашай албай калганын эбак түшүнүп, эч качан бири-биринен ажырабоого шерттешип коюшкан.

 

Алимбектин аттардын ичинен өтө жакшы көргөнү – Карагер эле. Мунун да себеби бар. Атасы өлөөр жылы жаңы сатылып келген асыл тукум кунан, бөтөнчө азоо Карагер дароо Калпага гана көнүшүп алды, бир гана Калпаны үстүнө мингизчү. Ал жалган дүйнөдөн көчкөндө, саяпкер Жапардын Карагерге байланышкан бардык үмүтү да өчтү. Сезимтал жаныбар кадимкидей аза күтүп, үстүнө эч кимди мингизбей, азоолугу күчөдү. Ат чабыштарда чуркамак турсун, жетелеген жакка баспаган кежир чобурга айланды. Аны баш ийдирип, таптап, үйрөтүү үчүн Жапар эмне гана кылган жок, жайлоого да агытты, аса байлап жем-чөп бербей ачка да кармап көрдү. Сабаганга да көнбөдү. Көктүгүнөн улам Кара Эшек атка конгон жылкынын тапталып, байге алып берээринен саяпкердин акыры үмүтү үзүлдү.

 

Саяпкер Алимбектин жанына келгенде ал ушул маалда Карагердин жал-куйругун тароо менен алек эле.

 

— Алимбек? Бүгүн кийим-кеченди алып үйдөн кет. Кудайга шүгүр, милдетимден кутулдум, эрезеге жеткирдим. Эми ач калбайсың, жумуш таап иштесең болот.

 

— Жапар ата, мени куубаңызчы. Сизде эле иштейин.

 

Саамга унчукпай калган Жапар үнүң бек чыгарды:

 

— Сени кетирейин деген ой деле жок эле. Себеби сага белгилүү. Канча ирет эскертсем да айга колуңду сунганынды токтоткон жоксуң. Айшага тең эмес экенинди көзгө сайып айтыш керек беле?

 

— Айша экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Бири-бирибизсиз бактылуу боло албайбыз, Жапар ата.

 

Жалооруду Алимбек.

 

Жапар тарс жарылды.

 

— Анан сен аны бактылуу кыла аласыңбы? Макул экөөң баарына көз жумуп үйлөнүп ал, анан сен аны кантип эч нерседен кем кылбай багасың? Өзүң бирөөдө малай жүрөсүң, анан аны да малай кылгандан башка эмне колуңдан келет? Айша жокчулукка көнгөн эмес, эртен эле айлаң кетип, күндү алып алганыңа өкүнөсүң.

 

Кызуу кандуу бакылдап жаткан Жапар кантип жанына Айшанын келип калганын сезбей калды.

 

— Чон ата. Бизге тоскоол болбоңуз. Эгер экөөбүз бирге боло албасак, анда мен дүйнөдөн так өтөм.

 

Кыздын үнү так кесе чыкты.

 

Жапар эч нерсе дей алган жок. Ага эрке небересинин кыялы белгилүү эле. эгер ал көгөрсө, өлтүрөм деп коркутсаң да, оюнан кайттыра албайсың. Муну тушүнгөн карт бөрү аларды амал менен ажыратууну көздөдү.

 

— Болуптур. Алимбек, мына сен өзүңө катуу ишенет экенсиң. Айшаны эч нерседен кем кылбаарыңа да көзүң жетет. А менин көзүм жетпейт. Мен билип турам, неберемди жада калса киерине кийими жок жүдөө тутарыңды. Бул бала неме аны али түшүнбөй турат. «Сүйүү» имиш. Эртең эле катаал турмуш силердин сүйүү имишиңерди муунтуп өлтүрөт. Болуптур эмесе, далилде, Болбой турган нерсени болтура аларынды, кылам дегенинди кыла аларыңды. Мен ошондо сага ишенейин.

 

Эгер сен мына бу Кара Эшекти,- колун Карагерди көздөй жаңсады,- көлдө өтө турган ат чабышта башкы байгеге жеткирсең, анда мен силерге тоскоол болбойм.

 

Тапкан акылына ыраазы боло ичинен жымыйган саяпкер басып кетти. Карагердин сырын билген үчөө тең анын атчабышта биринчи байге албашына көздөрү жетип турду.

 

Саяпкердин койгон шарты адегенде Алимбекке жакты. Мурда Айшага жетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жоктугуна ичинен кан өтүп жүрсө, эми ишке ашпай турганы алдын ала белгилүү тапшырма болсо дагы, кандайдыр бир илинчек табылганына кубанды. Эми ал Карагерди айланчыктап, жанына чыкпай, аны үйрөтүүгө аракети тынбады. Бирок, анын үмүтү бара-бара бүлбүлдөп өчүп бара жаткандай: Карагер дагы эле эч кимди мингизүүгө жол берген жок.

 

…Бүгүн Алимбектин өзгөчө маанайы пас. Баягы Жапардын тапшырмасын алгандагы сүйүнүчү кумга сиңгендей. Андан бери арадан ай өттү. Ат чабышка Карагерди кошууга чапчак убакыт калды. Эгер бүгүн-эртеңден атты таптоого чындап киришпесе, анда аны табына келтирүүгө жетишпей калышы мүмкүн. А Карагер болсо тапталмак турсун, жонуна чымын кондурбайт.

 

Капаланган боз улан атасынын бейитине барды. Ичине бук толгондо, сүйүнүчүн же күйүнүчүн атасына барып бөлүшкөн адаты бала кезден калган. Бейитке барып куран окуп, эки-үч сааттай өзү менен өзү сүйлөшүп, жеңилденип алмайы бар. Түбөлүк уйкуда жаткан атасы уулунун ар бирин сырын уккан: жетимдиктин зарына күйүп, арызданган муңдуу күндөрү, Айша экөөнүн бактылуу мүнөттөрү, түрмөдө жаткан энесинин жаманаттысына намыстанып ыйлаган кези деги койчу, анын жүрөгүнүн түпкүрүндө жаткан ар бир сырына үнсүз бейит күбө болду, уулунун катаал турмушуна карабастан татыктуу инсан болуп келе жатканына да үнсүз сыймыктанып, уулу ыйлаган күнү ага кошулуп үнсүз ыйлады. Мына бүгүн да бейит Алимбектин айласыз абалына күбө болуп, күрсүнө ага кулак салды.

 

-Эх, атакебай… Кандай айла кыламын. Карагериң сени унута албай койду го. Атакебай, бир саатка туруп барып, атың менен сүйлөшсөң боло? Бирок, сен турбайсың. Сен мындан жаман күнгө кептелген күнүмдө да ушинтип унчукпай тим болгонсуң.

 

Атакебай… Бул дүйнөгө неге жаралганымды да түшүнбөй кетем. Апам экөөң мени неге дүйнөгө алып келгенсиңер, ушинтип өмүр бою азап менен жашасын деппи. Сен менин айымдан карышкырга жем болдуң. А апам болсо… Апамдын жытына зармын. Мени багып өстүрбөгөнүнө да кайылмын, мага ак сүтүн бербегенине да кайылмын. Болгону апанын жытын кандай экенин билсем ээ…

 

Көзүнөн жашы буурчактаган Алимбек көпкө бейиттин жанында чөк түшүп отурду. Бир маалда селт эте башын көтөрдү.

 

-Жыт… Албетте!!!

 

Ордунан ыргып турган жаш жигит чымын куюн боло айылды көздөй чуркады.

 

Күйүккөн жигит айылга тынбай жүгүрүп жетти да, өзү баш калкалаган кепеден жаман чабаданын көңтөрүп төгө, ичинен атасынан калган күрмөнү сууруп чыкты. Бул күрмөгө атасынын тери сиңген, жуубастан сагынганында жыттап-жыттап кусасын басаар эле. Атасынын жыты башка жытка аралашпастан сакталашын каалагандыктан өмүрү жонуна салган эмес. Азыр биринчи жолу аны кийип отурат. Чапчак. Жетилиптир, жетим. Топчуларын топчулана атканага чечкиндүү арыштады.

 

Карагер эшиктен Алимбек киргенде эле окуранып жиберди. Мурдуна тааныш жыт, канча жылдан бери жадынан чыгарбай кусалана күткөн жыт келди! Алимбек анын жанына келип, жалынан сылады. Жылкы аны тааный, күткөнүндөй эмес экендигине бир аз чунаңдап барып, кайра анын күрмөсүнөн жыттай тынчтанып туруп калды. Улан Карагерди нары бери жетеледи, жоошутуп барып шап жайдак минди. Карагер былк эткен жок! Баягы мингизбей асман айдан кетип түйүлгөн, жетелесе кежирлене баспаган жылкыдан дайын жок. Жоошуп туруп берди, жаныбар.

 

* * *

 

Көл кылаасында өткөн ат чабыш тарыхта калган залкар инсандардын бирине арналган зор мааракенин бир үзүмү эле. Бирок, мааракедеги көптөгөн иш-чаралардын ичинен ат чабышты көрүүнү эңсеп келгендер арбын болду. Буга бир чети ат чабышка сайылган байгенин чоңдугу себепкер болсо, экинчиден башка өлкөлөрдөн да күлүктөр кошулуп, жарыш кызыктуу болоору алдын ала белгилүү болуп калган.

 

…Алимбек Карагерди болушунча сабап келе жатты. Жонундагы чабандестин ага байланышкан зор үмүтүн актагысы келгендей, ансайын күлүк да жал-куйругун шамалга сылатып, арышын таштап келет. Марага бир гана айлампа калды, казактардын жээрде күлүгү менен Карагер экөөнүн бири байгени алары дайын болуп калды: минута сайын бирде жээрде, бирде Карагер озот. Акыры казактын чөлүндө өскөн күлүк алдыра баштады, көлдүн нымдуу абасына көнбөгөн жылкы чаалыгып калган эле. Ал эми Карагер болсо Алимбектин тапкан акылы менен көл кылаасында табына келтирилген.

 

Ошентип, жаш саяпкер Кара Эшек атка конгон кежир жылкыны акылы менен марага биринчи алып келди!

 

…Өмүрүндө өз күлүгүнүн артта калышын биринчи жолу кудайдан тиленген Жапарды шалдайып турган жеринен Алимбек таап, өрөпкүй колуна үч миллион сомдук байгенин сертификатын карматты. Жапар аны акырая тиктей, кайра кайтарды:

 

-Өзүңө калтыр…Той өткөргөнгө керек болот.

 

* * *

 

Жазиранын ар бир күнү окшош. Зеригиштүү, кунарсыз өтүп жатты өмүрү.Эң бир жемиштүү өтчү курагы темир тордун артында саяга кетти. Элчилеп күйөө ээрчитип, бала эмизбеди. Элчилеп жумуштун жаагын айрып, күпүлдөп карьера жасабады. Башында жаңы түрмөгө түшкөндө камеранын дубалын кулатчыдай жаалы кайнап, тагдырына баш ийгиси келбей, дили карарып, күн сайын “мүмкүн башкача чечим чыгып келет” деген үмүт менен жүргөн эле. Бир канча жыл өткөн соң адилетсиздикке кайнаган каары басаңдап, тагдырына моюн сунду, карегинен жанган оту кайтып, күйүп бүткөн оттун күлү сымал жаш келин да өчтү. Мөөнөтүнүн аягына жакындаган сайын, токтоо тартып, ар бир окуяга күйүп-бышпай, эмоциясыз баа берген жүзгө чыккан карыяга түспөлдөштү. Жылып өткөн жылдар анын сулуулугун, сезимталдыгын уурдады. Ал үчүн өзүнүн жашоосу эч кандай баага ээ болбой, бир гана каалоосу – уулу Алимбектин бактылуу болушу эле.

 

Эми аны эч нерсе таң калтыра да, ачуусуна тие да, кубандыра да албачудай.

 

Ушундай бозоруңку күндөрдүн биринде түрмөнүн башчысы аны кабинетине алдырды.

 

— Отуруңуз.

 

Суроолуу тиктеген камактагы аялдын жүзүн тике кароодон тайсалдаган башчы:

 

— Сиз бүгүндөн тарта боштондукка чыгасыз, Жаңыбаева.

 

Конвоирге кайрылды:

 

— Азыр Жаңыбаеванын буюмдарын бердиртип, тоскоолдуксуз чыгышына көзөмөл болуңуз.

 

Дендароо тарткан Жазиранын оозунан суроо чыкты:

 

— Дагы бир жылчы?

 

— Сизден бардыгыбыздын атынан кечирим сурайм. Тилекке каршы, бул сиздин камакта өткөн жыйырма төрт жылыңызды кайтарып бере албайт. Сизди токтоосуз бошотууга чечим чыкканынын себеби – мындан жыйырма төрт жыл мурда өлтүрүлгөн бала боюнча жаңы фактылар ачыкка чыгып, жаңы кылмыш иши козголуп жатат. “Кызды байкоосуздан өлтүрүп алганмын” деп өзүнүн энеси мойнуна алып, укук коргоо органдарына кайрылган.

 

— Эмнее-е!?

 

Чаңырып жиберди аял.

 

— Менин өмүрүмдү, жаштыгымды уурдап, айтарыңар “кечирип койбу”?! Ким менин уулум эне сүтүн эңсеп ыйлаган маалын кайтарып берет?! Ким менин уулума энесин кайтарып берет?! Эми мен ага эне боло аламбы? Эми менин ага керегим барбы? Эмнеге чындыкка мындан жыйырма төрт жыл мурда жеткен жоксунар? Эми кечиккен чындыгыңарды өзүңөр алгыла! Мени кайра камап койгула! Мага эми баары бир каякта өлсөм дагы. Мен бардыгын жоготком.

 

Калчылдай үнү кардыккан аялды жер тиктей, аягына чыга уккан түрмө башчы жайбаракат сүйлөдү:

 

— Жазира, уксаң. Эмне үчүн уулуңа керегиң жок? Сен кадимки эле энесиң, болгон айырмаң- баланды бакпаганың. Сен аны таштандыга таштап кеткен жоксуң, бирөөгө саткан жоксуң. Сенин денең бул жерде болгон менен дилиң уулуң менен болду.. Ал буга чейин “менин энем киши өлтүргүч” деп эл алдында башын көтөрө албай келгендир, ыраспы? Энесинин күнөөсүз экенин билсе, башка адамдардыкындай эле сыймыктанчу энеси бар экендигине уулуң кандай кубанат билесиңби? Канчалык эне мээримин сагынып, куса болсо дагы, ушул сезим анын жүрөгүн оорутуп, сага таарынычы ашып-ташып ыйлаган күндөрү болгондур. Ал сенин мээримиңе кандай кусадар экенин билесиңби? Баргының, барып уулуңдун сага болгон кусасын кандыр, энелик милдетинден кеч болсо да кутул.

 

Түрмө башчысынын сөзү аялга соолуган өсүмдүккө куюлган суудай таасир этти.

 

Канча жылдан бери ыйлабай калган аялдын көзүнөн мөлтүр жаш кулады, бул жаш анын жашоосундай ачуу, ичинде кайнаган бугундай ысык эле.

 

— Балама керегим болсо, барайын,- деди көзүндө жакшылыктын жышааны пайда болгон картымак аял.

 

* * *

 

 

 

Колуна төмпөйгөн пакет көтөргөн улгайган аял Жапар саяпкердикине келе жатты. Укканына караганда, уулун багып-өстүргөн саяпкер өткөн жылы бул дүйнөдөн көчүп, чечекейдей көргөн небересин кор кылбоосун күйөө баласына табыштап, болгон дүнүйө-мүлкүн, жел жетпес күлүктөрүн аларга мураска калтырган экен. Бактылуу жаштар кыздуу болушуп, эл катарында тирилик өткөрүп жаткандарын, Алимбектин таптаган күлүктөрү байгеден куру калбай атагы алыска тараганынан да кабардар болду аял. Жалган жалаа менен чейрек кылым түрмөдө отурганы небак айылына жетип, мурда Жазираны жектей узаткан айылдаштары эми аны боору ооруй, жылуу маанай менен учурашып жатышты. Түрмөнүн баландасы адамды соо коебу, өз жашынан кыйла картаң көрүнгөн зайыптын жүзүнө мезгил так салган, бир гана көздөрүндө мээрим күлүндөй, уул-келинине төгүлүүгө шашылып турду.

 

Ким айтып барганын ким билет, алдынан узун бойлуу, атасы түспөлдөшкөн келишимдүү жигит тосуп чыкты. Эненин жүрөгү андан ымыркай кезинде энесинин этегине салып берген уулун жаземдебей тааныды. Ал эми Алимбектин жүрөгүндө сагыныч, кусалык толуп-ташып турган эле.

 

-Апа…

 

-Уулум!

 

Кучакташып калган эне-баланы карап турган кошуна-колоң, жакын санаалаштары экөөнө кошулуп ыйлап турушту.

 

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE