Пример HTML-страницы

Сыноо 15 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

15-БОЛУМ.

— Макул кудай жалгагыр, иштебей эле коеюн.

— Иште-е, сени да сүйгөндөр бар… — Тимур колун шилтеди.

— Тимур, антпечи алтыным, Бакы биздин бактыбыз, ага татыктуу ата-эне болуубуз керек го?

— Сен татыктуу бол, суранам сен ичпечи.

— Ичпейм, мындан ары сен дагы ичпе ээ?

— Ооба, аракет кылам, ичпегенге тырышам, — Тимур кайра өзүнө келе калып башын мыкчып отуруп калды, — Билбейм, сен куткарчу, ичпе дечи.

— Ичкиликтин пайдасы жок экенин өзүң деле жакшы билесиң.

— Бул сөзүң мени кемсинтет Гүлү.

— Анан эмне дешим керек?

— Жөн гана ичпе деп айтчы.

— Ичпе, биздин тилек-максат бул эмес го Тимур.

— Во-во, ушинтип айтсаң.

— Бакы чоңоюп келе жатат…

— Уулумбу, уулум үчүн баарына даярмын, — Олдоксон тура калып наристени алмак болду.

— Акырын, уктап жатат.

— Мына, мен масмын, сен баламды карматпайсың.

— Түшүнсөң Тимур, бала жаш, уктап жатат го.

— Өз баламды алганга акым жокпу?

— Уктап жатат, баланын уйкусун бузган шаар бузгандай болот дейт.

— Ма-акул, — деген Тимур кыңкая жатып уктап кетти, Гүлайым аны соолукса эле сүйлөшөм деп жатып таңга маал уктап калган экен таң атканда көзүн ачса ал эбак кетип калыптыр. Ойлонуп далай таңдарды атырды андан кийин, сүйлөшкөнгө бир дагы мүмкүнчүлүк болбоду, ыйлап-сыктап баласы бир жашка толгон күнү дагы үйгө келбей ичип жүрүп алды эле кайнатасыныкына барса алар экөө тең ичип отурушуптур, аны көргөн соң ирээнжип эчтеке айтпай баса берди. Анан ыйлап ата-энесиникине барды алар кейип-кепчип баласын алып калып өзүн окууңдан калба деп кайра жөнөтүштү, Наргиза төрөбөй жүргөн, Бактыбекти алар карап багып жатышты. Гүлайым баласын таштап келгенге ого бетер ичип туруп алды Тимур, аңгыча кыш келип бирде кеч, бирде эрте келип жүрүп акыры келбей калды. Гүлайым кайнатасыныкына дагы барды, алар ала гүү эле, Артурга жолугуп бүт айтты да үйүн кулпулап өзү батирге чыгып кетти. Арадан бир ай өтпөй анын окуусуна эки-үч аял келип алып кетти, Тимур суукта жатып тоңуп өлүптүр. Кайын журту андан көрүшүп ар кандай сөздөрдү айтып Тимурдун өлүмүн андан көрүштү, ошентип арманы ичте калды, Тимурга жолуккан күндү каргады, окуусунан калды, баласына кетип калды. Күнү-түнү ыйлап отурганын көргөн Кумат не кылаар айласын таппай жанына келип көңүлүн улап күлдүрүп, уулун алып келип анан ала качып:

— Гүлү, карасаң Бакытты, сага таарынып жатат, — дейт.

— Гүлү, Бакыт биздин балабыз, эми сени карабайт, — Наргиза бир жагынан чыгат.

— Мейли, силерде эле болсун, — Гүлайым күлүп тим болду, бирок ошондон баштап анын жүрөгү ооруп баштады, көп жолу ооруканага барып дарыланып кайра чыгат, бир айдай жакшы жүрүп эле кайра кармап туруп алды. Акыры шаардагы үйүнө келип жалгыз жашап калды, ага кайниси Артур менен Аида келип турушат, көбүнчө ата-энесинин ичкенинен качышат, Артур бойго жеткен, эптеп карындашынын кийим кечеси үчүн иштеп жүрүп бир кызды сүйүп калды. Гүлайым аны угуп унчукпады, анткени өзү сүйгөн Тимурдун ичкиликке берилип кеткенин ойлоп сөз кошподу, «Баары бир бул деле ичип кетсе кыз байкуштун шору да, мен окшоп бактысыз жесир болуп калганча сүйбөй койсун», — деп ойлонуп отурганда Артур:

— Жеңе, Эля менен сиз сүйлөшүп көрбөйсүзбү, — деп калды.

— Эмне деп?

— Менин кайним болот дейсиз да.

— Анан.

— Мени мактайсыз, анан кызды көндүрөсүз да.

— Кантип, мен айтканга болмок беле?

— Айтсаңыз анан көрөбүз да.

— Аракет кылайын.

— Рахмат, рахмат жеңе, мен сизге аны көрсөтөм ээ? — Артур кубанганынан Гүлайымды өөп-өөп алды, — Качан көрсөтөйүн?

— Өзүң каалаган күнү, — деп Гүлайым жылмайып койду.

— Жеңе, — деп Аида сырттан кирди, — Бакытты алып келбейсизби, көргүм келип сагынып кеттим, — Келип кучактап калды, — Алып келесизби жеңе?

— Бакыт азыр кичине да, мен иштесем ким багат аны?

— Мен карайм.

— Окууңчу?

— Окубайм, ансыз деле сегизди бүтөм.

— Жок дегенде тогузду бүтсөң анан иштеп же окушуң керек го?

— Жеңе, мени ким окутат, ата-энемдин кейпи тигил, андан көрө сиз иштеңиз, мен сизге жардам берип Бактыбекти багамын.

— Аида, — деди угуп отурган Артур, — Сен жеңеме жардам бер, мен атамдарды ичирбей үйгө камайм, аларды эми такыр ичпей турган кылбасам болбойт, ансыз дагы карыздарын төлөй берип тажадым.

— Ооба, жеңемдин ишинен калтырбайлы, апамдарга эми мен барбайм.

— Сен кал, мен кеттим, — Артур чыгып кетти.

— Аида, сен эмнеге апамдарга баргың келбейт?

— Апам ичип алып уруша берет, жөн эле классташтарым менен сүйлөшүп койсом эле жер жебериме жетет, бузулуп бүттүң дейт, — Аида ыйлап жиберди.

— Сени кичинеңден эле ичишеби?

— Ооба, башынан эле ичишет, эми Тимур акемдин өлгөнүн шылтоолоп оңуп эле калышты.

— Капа болбо ээ, мен сага жардам берем.

— Сиз ансыз деле бизге көп жардам бердиңиз.

— Менин ата-энем болгон эмес, — Гүлайым улутунуп алды, — Мен аларды өз ата-энемдей көрүп сыйлайын дегенмин Аида.

— Ошону түшүнүп жатышабы?

— Түшүнөт, болгону көнүп алышкан, ошондо деле сыйлашың керек, ата-энени таба албайсың, башканы тапсаң болот, — деп кызды Гүлайым сооротуп чачынан сылаган бойдон ойлуу отуруп калды, анткени түн кирип эл уйкуга кирген маал эле, өзүнүн дагы уйкусу келип көздөрү өзүнөн өзү жумулуп бара жаткан эле…

Калыйпа уулунун абалы күндөн күнгө күчөп бара жатканын көрүп көз жашын төгүп-төгүп алчу болду, Насырынбек экөө сары санаа болуп тамак-ашын жасап анын үйүнө барып алышкан. Алар ичирбегенге аракет кылганы менен эле баары бир чыгып кетип ичип келет, күндө ага айтып жакшы жашоого үндөшкөнү менен угаар түрү жок. Алар бир күнү кеңешип Заринанын ата-энесине бири бармак болду. Акыры Калыйпа өзү барды, келинин көрүп таңгалып калды, көрсө Заринанын өзүнүн ички туюму алдабаптыр, Россияга баргандан бир ай өтпөй эле ал тамак иче албай кусуп кайра эле баса берген, үйүнөн кеткенине алты айдан ашкан, ичиндегиси сегиз ай болуп калган болчу. Жалынып-жалбарып жатты Калыйпа, Зарина ыйлап:

— Мирлан мени төрөбөйсүң деген апа, — деди.

— Ошондо неге мага айтпадың, урушканыңарды деле билбей Россияда деп ойлогонмун.

— Сиздерге айтпадым, бирок Мирлан мени кет деп туруп алды.

— Мен билбедим садага, Мирлан сен кеткенден бери көз ачпай ичип жатат, эми сенин боюңда бар экенин билсе кандай кубанаар экен, — деп Калыйпа өзү дагы кубанып үйүнө келди, Мирлан дагы кызуу болчу, Калыйпа айтканда ал ишенбеди, бирок ойлонду, эртеси аны жуунтуп таза кийинтип алып ээрчитип барды. Зарина таарынычын айтты:

— Мен сага айтпадым беле, күтөлү деп акыры кудайым берет дегениме көнбөдүң.

— Билбедим Зарина, мени түшүн, кечир эми.

— Сен башканы сүйөм дебедиң беле?

— Качан?

— Ошондо айткансың.

— Кызуу болуп айтсам керек кечир, үйгө кетели.

— Жо-ок, мен төрөгөнчө бул жерде болом.

— Эмнеге?

— Мен айттым го Мирлан, төрөгөндө баламды көтөрүп барайын деп жүргөм да.

— Эми эмне болду?

— Көп козголбо, — деп жатат врачтар.

— Үйдөн өзүм деле карайм.

— Сен түшүн Мирлан, аман-эсен көз жарып алайын.

— Мейли, канча убакыт калды?

— Бир айга жетпейт.

— Анда макул, — деп Мирлан унчукпай апасы менен кетип калды, ал эки-үч күнгө чейин ичпей калды, ата-энесинин кубанганын айтпа, үйүн жууп тазалап желдетип наристе келе турган кылып даярдап жатышты. Ошол күнү Эрлан келип аны угуп ал да кубанып кетти, болгону ал аябай жаман түш көргөнүн, түнкүсүн жүрөгү эле лакылдап жатканын айтты:

— Апа, жүрөгүм эле лакылдайт, эмне болуп жатам?

— Врачка көргөзөйүнбү?

— Жо-ок, эч жерим ооруган деле жок да.

— Жүрөгүңдү көтөртсөм окшойт, корккон жок белең?

— Жо-ок, эчтекеден корккон эмесмин.

— Чоочуп калгансың го?

— Билбейм, — Эрлан унчукпай калды. Эртеси аны көзү ачыкка алып бармак болуп жатканда Мирлан аябай мас болуп келди, ал жулкунуп эч кимге ээ жаа бербей жатып уктап калды. Анын ичсе дагы мындайын көрбөгөн ата-эне аны балалуу болоорун айтып соолуктурмак болду, бирок ал эч нерсе билбей жатты. Ал күнү алар врачка дагы көзү ачыкка дагы барбай калышты, Эрлан үйүнө кетип жатып көнгөн түшүн көз алдына келтирип бара жатты, ал түшүндө өзүн бирөө башка чапканын, канжалап жерде жаткан өзүн, өзүн алдына алып өксүп жаткан бир адамдын колдору дагы билегине чейин кан, бирок өңүн көрө албады, болгону өзүн бооруна кысып отуруп анан жок болуп кетти, өзү кандайдыр бир терең ордун түбүнө түшүп кеткендей болду, андан кийин чоочуп ойгонуп кетип уктай албай койду. Үйүнө келсе Асел алты айлык баласын кучактап алып жаткан экен, аны көрүп тура калды:

— Келдиңби?

— Ооба, бала уктадыбы?

— Эми эле уктаган, өңүң эмне…

— Билбейм, бир нерседен корккондой болуп эле жүрөгүм түрсүлдөйт.

— Муздак суу ичип көрсөң.

— Ичтим, жатып эч алайынчы.

— Врачка бардыңбы?

— Жок…

— Эртең экөөбүз баралы.

— Макул.

— Тамак ичесиңби?

— Ичип келдим.

— Жат анда, — Асел төшөгүн жылуулап жаап коюп өзү кучактап жатып калды, түн бир оокум, Эрлан катуу чоочуп ойгонду, сыртка чыккандан коркуп ашканадан суу ичти, Асел эч нерседен бейкапар катуу уйкуда, сырттан калдыр деген дабыш чыкты эле жүрөгү болк этип алды. Бирок аны эркектик намыс чыйралтты, ал өзүнүн ажалы күтүп турганын, болгондо дагы эгиздей ээрчишип бирге өскөн, бир эле эне-атадан туулган бир тууганы анын жанын чыркыратып алаарын сезбеди. Өзүн кармай сыртка чыкмак болуп жатканда эшик болоор болбос такылдады, ошол кезде Мирлан башына эч нерсе келбей Заринанын боюна болгонуна сүйүнүп бир аз күн өзүн алаксытканы менен: «Баламды өзүм аламын дагы Заринаны кетирем, мен Аселди сүйөм, ансыз менин көргөн күнүм түн, жашоом арманга айланат, мен Эрланды жок кыламын дагы Аселге үйлөнөм», — деген оюнан кайтпады. Бүгүн түндөп ата-энеси уктап жатканда үйдөн акырын чыгып колуна өзүнүн кээде отун жара койчу чакан балтасын алып келген эле. Эрлан үйдөн чыга калса караан үй айлана басып кетти:

— Эй, сен кимсиң? — деди Эрлан чыга калып, бирок андан үн чыкпады, кайра кирип кетмек болду, бирок ууру экен деп артынан жүгүрүп үй артына барса эч ким жок кайра артына бурула бергенде аны карылуу кол кекиртектеп калды, бекем кучактап кекиртегинен кысып алганда ал кыйкыра албай тырпырап калганда Мирлан аны колундагы балта менен төбөгө эки-үч жолу чапканда Эрландын денеси шалак дей түштү, жерге акырын жаткырып алып кучактап шыбырай ыйлап отурду:

— Кечир мени, кечир бир боорум, кечир мени! — деп акырын чекесинен өптү да эми өйдө болуп жатканда Аселдин үнү угулду эле Мирлан үйдү айланып жүгүрүп кетти.

— Эрлан, Эрла-ан! — Асел үй айлана басып келип эле Эрландын онтолоп жатканын көрүп бакырып жиберди, — Эрла-ан! — деген үндү угуп колундагы балтаны жолдогу кранга жууп кийимин өрттөп жиберди да таңга маал өз үйүнө келип балтаны өз ордуна коюп, бут кийимин тазалап кийимин которунуп ордуна жатып алды. Бирок көз алдына эми эле өз колу менен балталаган иниси келе берип калтырап чыкты: «Мен эмне кылып койдум, эмнеге ушуга бардым, мен эмне болуп турам, эми эмне болот», — деп чүмкөнүп алып ыйлап жатканда алардын үйүнө бирөөлөр келгендей болду. Көп өтпөй эле Калыйпанын кыйкырыгы угулду. Анан уктап жаткан Мирландын эшигин ачты:

— Мирлан, тур батыраак, тур балам! — Калыйпа ыйлап жүргөн.

— Эмне болду апа, башым ооруп жатат.

— Тур балам, Эрланды бирөө сабап кетиптир, ооруканага алып кетиптир!

— Эмне, ким сабаптыр? — Өйдө болуп эптеп кийинди, костюму менен трикосун өрттөп ийген, ич көйнөгүнө тийген канын эптеп катып коюп ата-энеси менен ооруканага жөнөштү, келсе эбак эле моргго киргизип коюшуптур, ал ооруканага жетип үзүлгөн экен. Ошентип Эрланды текшеришти, баш мээ талкаланып кеткен экен, мойнундагы муунткан так бар экен ал дагы белгисиз бойдон калды. Мирлан улам достору көңүл айтып келип соо күнү болбоду, Зарина дагы келген, ал күйөөсүн үйгө киргизип ысык чай берип жаткырып коет, бир аз эле соолуга түшсө көз алдына Эрлан келип кайра ичет. Эрланды текшерип үч күндөн кийин алып келип коюшту, Мирлан эч кимге көрүнбөй үйүнө барып ич көйнөгүн, байпактарын өрттөп бут кийимин караңгыда чала жууганын көрүп аны тазалады да кайра барып калды, Аселдин акыбалын айтуу кыйын, улам эси ооп кайра эсин жыйып эле:

— Эрлан, Эрла-ан мени таштап кеттиңби? — деп бакырып ыйлайт, Калыйпанын андан бетер үнү басылбайт, жанында Гүлүйпа бар, Гүлайым менен Канайым, Эркайым, Кумат болуп келишкен. Аселдин төркүндөрү, Заринанын төркүндөрү, Саида болсо чыркырап баш жагында, Мирлан бул көрүнүштү көрүп отуруп негедир Аселди жек көрүп кетип коер алдында:

— Муну Асел билет! — деп жиберди отурган жеринде, — Ошол гана күнөөлүү!

— Балам, эмне деп жатасың? — Насырынбек уулун таңгала карап калды.

— Ошого келген бирөө өлтүрдү да.

— Кой антпе балам, келинде күнөө жок, эл укпасын.

— Мен билем, баарына Асел күнөөлүү! — деп аркы терки басты, көз алдына инисинин жүзү келе калганда өзүнүн өлтүргөнүнө өзү ишенбей Аселди жек көрүп туруп алды: «Эгерде бул болбосо мен инимди өлтүрөт белем», — деген ойго бекип алды. Эрланды коюп келгенден кийин дагы ал сөздү айтты, бирок калтырап калчылдап сүйлөп жаткандан улам аны инисине күйгөндөн ушинтип жатат деп ойлошту да аны тыйып койду. Асел жаш баласы менен ыйлап-сыктап кайнагасынын сөзүнөн улам эмне дээрин билбей жүрдү. Мирландын сүйүүсү жек көрүүгө айланды, келинин көргөн сайын ага кыжыры келгенден улам аны көп келтирбей, келсе дагы аны келинге жакындатпай сак-сактап турушат. Кыркы өткөндөн кийин:

— Апа, акем менден көрүп жүрөт, менин андай адамым деле жок эле, — деди Асел ыйлап туруп.

— Ал ачуу менен айтты го балам, кандай ниетиң куурагыр экенин ким билсин, — Калыйпа көз жашын сыгып алды, — Ким экенин белгисиз болуп жатпайбы?

— Анан эмнеге акем мени күнөөлөйт?

— Ал ачуусу менен эле айтты да балам, көңүлүңө алба.

— Билбейм, мени башкача карайт.

— Ойлонбой эле кой садага, өңгөдөн жанагы канкорду тапса болот эле, — Калыйпа бышактап отуруп калды. Мирлан балалуу болгондон кийин бир аз алаксып үйүнөн чыкпай калды, Зарина ага ичинен ыраазы, бактылуу үй-бүлөө болуп жашап жатышты, Мирлан баласынын аты Дияз деп койду, бирок баягы акылынан адаштырган сүйүүсү аны жек көрүүгө алып келди, көз алдынан инисинин артына бурула албай тыпырап алышканы кетпей: «Асел күнөөлүү, ал болбосо мен Эрланды өлтүрбөйт болчумун, эми аны өлтүрөм, ал тирүү турса мен тынч жашай албайм», — деп ойлонуп эми келинин өлтүрмөккө даярданып жаткан. Дияз алты айдан өтүп калган, бешикте жаткан наристе бир убакта чаңырып ыйлаганда Мирлан менен Зарина экөө тең тура калышты, аны сооротуп көптө барып укташты. Үч күнү катарынан ошондой болду, эртеси Зарина кайненесине барып айтып молдого дем салдырышты, ошентип баланын түн бир оокумда ыйлаганы калбай кийинчерээк күнү-түнү ыйлап, ыйлаганда дагы уктап жатып эле бирөө чымчып алгандай чаңырат да көпкө ыйлап басылбайт. Врачтарга көрсөтүшсө ден-соолугу жакшы дешет, молдого дем салдырышты, ошентип жүрүп эле бала эт он менен жалын болуп күйүп ысып эки айдан кийин жөрмөлөп калган бала шалдырап жатып калды. Андан кийин тамакты берсе ичет, ыйлабай дагы жалдырап жатып калды, колдору дагы кыймылга келбейт, кыскасы шал болуп калды. Ошондон көп өтпөй эле Мирлан түндөсү чоочуп ойгонуп кетсе босогодо башынан кан агып жүзүнөн ылдый аккан Эрлан босогодо туруптур, колунда баласы. Аны эки бутунан көтөрүп алган, башы ылдый карап тарбалаңдап жүрөт:

— Эрлан, Эрлан баланы эмне кыласың? — деп тура калганда Зарина да ойгоно калды, Мирлан туруп барып бешикти караса бала уктап жатыптыр.

— Мирлан, сага эмне болду?

— Эчтеке, баланы эле карадым, — деп Мирлан босогону акырын караса эч ким жок экен, — Сен эмнеге ойгонуп алдың?

— Сен Эрлан, Эрлан деп тура калдың го?

— Түш көрсөм керек, — деген Мирлан баланы акырын отура калып караса дем алганы билинбейт, — Зарина, баланы карачы, бети муздак экен.

— Эмне, үшүп калыптырбы? — деп келип боорун чече коюп баланы алган Зарина бакырып жиберди, көрсө бала эбак эле жок болуп калган экен, ата-энесине жетип келди Мирлан, ошентип алар наристесинен айрылып калды, ыйлап-сыктап аны коюшту. Ошондон баштап Мирландын түшүнөн Эрлан такыр кетпей койду, күндө уйкусун бузуп бакырып тура калган күйөөсүнөн корккон Зарина кайнатасыныкына барып айтып да ыйлап да отурду:

— Апа, коркомун Мирландан, азыр такыр эле сүйлөшпөй да калды.

— Эмне кылсак экен, жакшы молдого дем салдырсакпы?

— Билбейм, мен эмес Асел күнөөлүү деп бакырып тура калат, күндө ошол.

— Ал эмнеси ботом, Эрлан түшүнө кириптирби?

— Айтпайт.

— Кой, өлгөндү жоктоп эмне кайрып алдымбы, бир баламды да жоготуп албайын, — деген Калыйпа келини менен кошо келди, алар эшикти ачып киргенде эле:

— Жо-ок, мен эмесмин, Аселде күнөө, баламды алдың жетет го, мен сага кантип тиймек элем?! — деп бакырып колуна келген буюмду туш тарапка ыргытып жатыптыр, Зарина менен Калыйпа ага алы жетпей зорго кармашты, бирок ошондон тартып аны ооруканага алып кетти, Мирлан такыр өзүнө келбей киши тааныбай жаман акыбалга келди. Аны ооруканадан нары эле жиндиканага алып кетти, Насырынбек менен Калыйпанын кайгысы адам көтөрө алгыс болду, Аселдин ошол кезде үй айлык боюнда бар экен, ал ай күнүнө жетип калган, Зарина кетип калмак болуп кош бойлуу экенин билип бир жумада бир күйөөсүнө барып келип кайнатасыныкында болуп калды. Ошондо Асел ага өзүнүн шекиген оюн айтты:

— Жеңе, минтип айтканга оозум барбайт, бирок менин шегим бар.

— Кандай, кимде шегиң?

— Акемде…

— Койчу Асел, кантип өз бир тууганына колу барсын?

— Сиз айттыңыз го, мен эмес Асел күнөөлүү деп кыйкырды деп.

— Анан.

— Акем аны өзү өлтүрүп алып мени күнөөлөмөк болгон, бирок милицияга айта албадым.

— Кой Асел, мен бул сөзгө ишенбейм.

— Анда ким өлтүрөт, Эрлан бирөөгө жамандык кылчу эмес.

— Асел, анда кайнагаң экөөңөрдүн бир нерсеңер болгондур? — Зарина аны ачуусу келип сынай карап калды.

— Жеңе, кантип ушуну ойлодуңуз?

— Экөөңөр тең бул ишти билесиңер, кайнага калтайбаса, келин келтейбейт деп экөөңөр мен жокто Эрландын көзүн буусаңар керек да? — Жини келе обдулуп ордунан турду, — Зыяны балама тийди, арбак кечирбейт дейт, мен келбесем Эрланды өлтүрүп экөөңөр жашамаксыңар го? — деп Зарина бакырды.

— Жеңе, арбак алдында мен тазамын, акеме башкача караган эмесмин!

— Анда эмнеге мен эмес күнөө Аселде деп кыйкырат?

— Ой Зарина, силерге эмне болду? — Калыйпа кирип келди.

— Эрланды Мирлан менен эле келиниңиз өлтүргөн го апа, — деп Зарина кармана албай кыйкырып ийди, — Мирлан айткан, баланы Эрлан көтөрүп алыптыр, ошол бойдон көрүнбөй калды деп, төрөй албай жүрүп зорго төрөгөн баламды жеди, эми мен кайрылып келбейм апа? — деди да жүгүргөн бойдон чыгып кетти.

— Эмне дейт Асел, эмне деди Зарина? — Калыйпа келинин калчылдай карады.

— Апа, мен акемден эле көрөм, Эрланды акемден башка эч ким өлтүргөн жок.

— Ок, андай болбойт, өз инисин кантип өлтүрмөк эле?

— Мына бул акемдики беле? — Асел бут кийим кийгендеги апкыт тарткычы менен бирге ар дайым ала жүрчү тырмак алгыч менен бирге үйүнүн бир ачкычы илинген брилокту көрсөттү.

— Муну кайдан алдың?

— Эрлан жыгылган жерден.

— Жо-ок! — Калыйпа бакырып отура калды, — Жо-ок, кантип ушундай болсун?

— Калыйпа, эмне болуп кетти? — деп Насырынбек кирип келди, Асел дагы ыйлап отурган, — Эмне болду балам? — Экөөнү алмак-салмак карады. Калыйпа унчукпай чыгып кетти. Асел дагы үн катпады, Насырынбек аялынын артынан чыкты, ал үндөбөй бир жакка кийинип чыгып кетти, ал эки баласынын сүрөтүн алып көзү ачыкка кетти, өзү бирөөнү угуп жүргөн аялга барды. Зарина болсо кетип калды, аны токтотконго эч кимиси үлгүрө алган жок, билбей деле калышты. Калыйпа адегенде Мирландын сүрөтүн коюп:

— Ушул балама төлгө ачып бериңиз сиңдим, — деди муңая.

— Бул баланын акыбалы оор, — деп башын чайкады көзү ачык, — Бул адам канын мойнуна алган, чоң күнөө жасаган, ортодо бир аял бар, ошону кызганган.

— Оо куда-ай! — Калыйпа көз жашын куюлта карады, — Эми эмне болот?

— Эми оңолбойт, ошол калыпта бир топ жыл азап тартат.

— Кайрадан өзүнө келбейби?

— Жок, аны арбак кыйнап турат.

— Рахмат сизге, — Калыйпа Эрландын сүрөтүн көргөзгөн жок, таксиге отуруп жол бою ыйлап келди, Насырынбек аны көрүп эле:

— Мирланга бардыңбы? — деди.

— Жо-ок, — Үйгө кирип ыйлап жаткан Манасты алды, Асел отуруп тура албай жатып тамак жасап жүрөт, үнсүз ыйлап отура берди, кечки тамакты ичкенден кийин Асел идиш аяктарын жууп анан бөлмөсүнө кирди.

— Калыйпа, Зарина болсо кетиптир, эмне болду? — Насырынбек аялын карады.

— Мен сага эмне деп айтаарымды дагы билбей турам, ким ойлойт ушундай болот, — деп ким ойлоптур?! — Калыйпа ыйлап отуруп баарын айтып берди, — Кантип ошого барды-ы, эки көзүмдөй көргөн балдарым бири-бирин жоготот деп оюма келсечи-и! — Буркурап ыйлап жаткан аялына сөз кошо албай Насырынбек дагы үнсүз ыйлап отурган эле.

— Ортосунда аял бар дедиби?

— Ооба, түшүнбөй калдым, Зарина болсо Асел экөөнүн…

— Андай болушу мүмкүн эмес.

— Мен дагы ошентип ойлойм, анан эмнеге өчөштү десең?

— Ким билсин…

— Оо кудай ай, эми кандай кылсам экен, Эрландын мүрзөсүнө тайытсамбы Мирланды?

— Тим кой, өз жазасын ала берсин! — деди Насырынбек кайраттана.

— Кантип чыдайм, бир балам өлүп калса, бири тирүүлөй жаза тартабы?

— Тартсын, эмнеге ошого барды, мени ойлонткон ошол.

— Кантип билебиз, эмнеге ошого барды, кантип колу тийди? — Экөө түн бир оокумга чейин ыйлап-сыктап отуруп анан жатышты, Саида эки балалуу болуп калган, тез-тез келип кабар алып турат. Кийинки келгенинде ал Мирландын акыбалын көрүп ыйлап кеткен, ага бул жөнүндө билгизбей турган болушту, ал тургай ичтен тынып гана тим болуп калышты. Элден тартынды, бир кездеги бактылуу үй-бүлөө ушинтип томсоруп ый аралаш үшкүрүк менен оор күрсүнүү гана кирип чыгып бул үйдө киши барын билгизип тургандай. Калыйпа ошентип жүрүп ооруп калды, Насырынбек үйдө болгону менен эч ким менен сүйлөшпөйт, Асел экинчисин кыз төрөгөн, ал эки бала менен эптеп күн өткөрүүдө, апасы менен сиңдиси Асыл келип кабар алып турат. Мирландан эч кимиси кабар албай калды, бир күнү Зарина барса ал аны таанымак турсун караган да жок, жакын барып алып барган тамагын берейин десе:

— Эй, сен кимсиң, жогол нары! — деп колундагысын чаап жиберип качып бара жатты, — Мен эмес, мен эмес, баарына Асел күнөөлүү! — Жүгүрүп бара жатып көмкөрөсүнөн жыгылды, Зарина аны көрүп ыйлап турганда Мирланды палатага алып кирип кетишти, анын жанына улгайган аял врач келди:

— Кимиң болот кызым?

— Күйөөм эжеке.

— Өкүнүчтүү, мурда ооруган жок беле?

 

УЛАНДЫСЫ БАР…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE