Пример HTML-страницы

Ошто 5 жаштагы кыздын бетине кайчы сайылып калган. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда бетине кайчы сайылып калган кичинекей кызга операция жасалды.

Тактап айтканда, 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына 5 жаштагы кызын алып барышкан. Бейтапка дароо операция жасалган.

Кичинекей кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып түшкөн. Ошол учурда колунда кайчы бар болчу. Кайчы оң жак бетине 6-7 сантиметрге кирип, мурун көңдөйүн тешип, көзүнүн асты аркылуу баш сөөккө чейин жеткен.

Бактыга жараша бычак чоң артерияларга тийген эмес, болбосо баланын өмүрүнө чоң залал тийип калмак.

Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгарууга даярдык көрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE