Пример HTML-страницы

Кылым жашаган Маази Жутаңова 100 жылдык мааракесин белгиледи (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Мамажан айылынын тургуну Маази Жутаңова 100 жашка толду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына анын келини билдирди.

Маази Жутаңова Мамажан айылындагы эң кары адам. Келини Айганыш Оморованын айтымында, кайненеси учурда чыйрак, сөздөрү даана, дени сак.

«Энем 11 баланы төрөп, анын жетөө гана калыптыр. 4 уул, 3 кызынан 19 небере, 32 чебереси бар. Баарын жогорку окуу жайларда окуткан, баары жетекчилик кызматтарда иштешти. Улуу кызы 75 жашта. Кайын атам согуштун ардагери. Кайын энем тылда иштеп, пахта терип, фронттогуларга байпак токуп, балдарын чоңойткон экен. Кечээ, 12-мартта мусулман жашын кошуп, 100 жылдыгын өткөрдүк», — дейт Оморова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE