Пример HTML-страницы

ИЗСИЗ ОТКОН ОТУЗУНЧУ КУЗ.

https://kyrgyzcha.site/?p=47103&preview=true Кызыктуу окуялар.

ИЗСИЗ ОТКОН ОТУЗУНЧУ КУЗ

 

 

 

Биздин той ошол жылдын кеч күзүндө болду. Оболу баары жакшыдай сезилди. Жашоо бир калыпта, жолдошум, кайненем, кайнатам, баары мектепте иштеген билимдүү, түшүнүктүү адамдар. Кесибиме ылайык мага да мектептен саат алып беришти. Эртең менен жумушка кетем, кечинде келип тамак жасап төрт адамга берип койгондон башка жан өгөөлөгөн тиричилик деле жок. Бирок күйөөм экөөбүз жаш жубайлардай болуп сагынышып, ысык болгон жокпуз, ал тургай, барчу жумушубуз чогуу болсо деле ээрчише басып колтукташып барбадык. Биздин жубайлык мамиле экөөбүз баш кошкон күздүн кечиндей салкын бойдон калып калды.

 

Жаңы жыл алдында мектептеги жаш мугалимдер чогулуп англис тилинен сабак берген Рита деген келиндин үйүнө отурмай болуп сүйлөшүп жатышыптыр. Мугалимдер бөлмөсүнө кирип барсам «сен да барасыңбы?» деп сурап калды бирөөсү. Суроо артында кызыктай көз караштар турганын туйсам да маани бергим келген жок. «Оо­­ба, барабыз», — дедим ишенимдүү, Анткени кайненем: «Мектепте кандай майрамдык кече болсо “үйдөн сурайын” дебей, дароо кошулгун», — деп мектепке жумушка киргенде эле эскерткен. Үйгө келсем Жоомарт короодо кар күрөп жатыптыр.

 

– Жаш мугалимдер Ританын үйүнө отурмай болушту, бизди да чакырышты, — дедим кабак-кашын карап. Ал бир ирмемге токтоп калды да, анан укпагандай карды тез-тез күрөп кирди. Эмне кыларымды билбей туруп эле калдым. Ары жакта тоокторду киргизип жүргөн кайненем угуп турганбы, басып келди да:

 

– Сен кирип кийине бер, Жоомарттын да кийимдерин даярдап кой, — деди токтоо. Аябай ызаланып, баргым келбей дивандын четинде отурсам кайненем артымдан кирип:

 

– Эки жат адам бири-бирине көнүп, жыты сиңишкенче далай сыноону баштан кечирет. «Эрдин нанын жеш үчүн темирден тиш керек» деп ошону айтат. Мындайда аял кечиримдүү, ийкемдүү, билмексен болуп койсо эле баары өтөт. Жакшынакай болуп кийинип, жаркылдап барып келгиле. Ал жерде да ар кимдин кебине кулак түрбөй, акылың менен бол, — деди да чыгып кетти.

 

Рита бизди негедир ашыкча өнтөлөп үйгө алып кирди. Баары шайыр отурушуптур, бизди көрүп эле дымый түшүштү. Иштегениме эки эле ай болгондуктан көбүн таанычу эмесмин, бирок дээрлик баарынын жүзү тааныш. Бир гана бакыраң көз, ак жуумал, ичке келин жат эле. Мени сынай караган көздөрдөн боюмду кайда катарымды билбей кысылып кеттим. Рита:

 

– Бул бизге жаңы келген мугалим, башталгыч класстарга берет, билесиңер да. Аты Жасмин, — деп тааныштырганда жанагы бейтааныш ак жуумал келин селт этти, биринчи көзүмө ушул нерсе сайылды. Аялдан сезимтал жан болбос, анын колундагы вилканы кыса кармаганын, кирпиги тикчийип сыдырыла түшкөнүн байкап турдум. Рита тарелканы алдыма коюп шыпылдап салат салып жатты. Аңгыча ысык тамак келди, тосттор айтылып, ичкилик ичилип ортодогу абал жумшарып калгансыды. Мен гана ийнеде отургандай отурдум. Баары кызымтал тартып, ал тургай, Жоомарт да кызып калды. Ырлар ырдалды, анекдоттор айтылды. Ырдабаган эле мени менен Жоомарт. Мен го табиятымдан ырдай албайм, а Жоомарттын эмне колунан келерин билчү эмесмин, сурап кызыгып да көрбөптүрмүн. Бир кезде баягы ак жуумал келин колуна комуз алды. Мен селт эттим, мени менен кошо үй ичи селт этип, баары мени астыртан карап алганын сездим. Жоомартты карасам, ал ушундай бир армандуу кабак менен тиги келинди эч кимден кысынбай, тартынбай карап туруптур. Келин чынында абдан жакшы ырдайт экен. Ыр бүткөндө баары дуулдап кол чаап, а Жоомарт ордунан туруп сыртка чыгып кетти. А менде болсо ушундай бир жан ачыштырган ич күйдүлүк, жек көрүү ичиме толуп чыкты. Бир кезде тиги келин ордунан туруп мага:

 

– Кана, Жоомарттын келинчеги Жасмин сулуу, ыр кесени сизге сунайын, ырдап коюңуз. Менин атым Зулайка, ушул айылдын кызы болом, кошуна айылга келин болуп түшкөм. Жолдошум шоопур, алыска көп кетет. Азыр жалгыз келгенимди айып этпессиз, — деди да, колундагы кесени мага сунду. Мага мени сынап, демитип, табалап тургандай сезилди.

 

– Мен ырдап көргөн эмесмин, Зулайка, анткени сыздап ырдаганга себеп жок. Күйөөм деги алыска көп кетпейт, — дедим мен да кер какшык узатып. Зулайканын кирпиги кайрыла муздак жылмайды. Ортодогу абалды жумшартайын дедиби, Рита:

 

– Жасмин, чыныларды алып чыгышып койчу, баары кызып калыптыр, эч кимиси уккудай эмес, — деди өтүнө жалооруй карап. Чыныларды кармаган колум калчылдайт. Ритага жардамдашып идиш жууп жатканым менен оюмдун баары Жоомарт менен Зулайкада.

 

– Рита, тиги Зулайка да биздин мектепте иштейби? — дедим акыры, үнүм калтырап жатканын жашыра албай. Колумдан келишинче токтоо болгонго аракеттенген болдум. Рита жууп жаткан идишин токтото калды да, анан:

 

– Ооба, музыкадан сабак берчү, — деди негедир акырын.

 

– Мен неге көрө элекмин? – десем, унчукпай калды да:

 

– Жумуштан чыгып кеткенине эки ай болду, — деди. Мага Рита бир нерсени жашырып жаткандай сезилди. «Жоомарт экөөнүн мамилеси бар беле?» деп сурайын деп оозумду далай таптап барып, кайра намыстанып унчукпадым. Үйгө кирсем Зулайка жок, кетип калыптыр. Жоомарт болсо бир сааттай жоголуп келди. Ал эшиктен кирди да:

 

– Кана, достор, ичели, үзүлүп кетсин ичеги! — деп кыйкырды. Мен анын ушул биз жашаган эки ай ичинде минтип өзүнөн чыгып кыйкырганын биринчи көрүшүм.

 

Биз түн оой тарадык. Жоомарт көпкө уктай албай ооналактап, бири-бирибизди аңдып жатып уктап кетипмин. Чочуп ойгонсом таң атып, уйларды бадага айдап баратышканын көчөдөгү үндөрдөн улам сезип ыргып турдум. Шашкалактап чаканы алып уй сааганы короого чыксам кайненем сыртта бирөө менен күңкүлдөп урушуп жатыптыр.

 

– Аны эмне чакырасыңар, ботом? Келинимди мен силерге ишенип жибергем, — десе, тиги аял:

 

– Эжеке, ал биздин компанияда бар да, “сен келбе” дейлиби? Келиниңиз эч нерсени байкаган жок, — деп актанып жатты. Чаканы канчалык этият кармасам да шырк этип кетти эле, угуп калган кайненем дароо дарбазаны жапты.

 

– Ким келиптир, апа? — дедим сыр бербей.

 

– Рита сүт сурап келиптир, “айран уютам” дейт, — деп койду.

 

Жоомарт күн өткөн сайын түнт тартты. Бирок бирге жашаган беш айда бир жолу мага катуу айтып, же үн көтөрүп каккан жок. Эмнени айтсам унчукпай аткарат, эмне сурасам алып келет. Бирок кечинде гана качан төшөккө жатарда куду алмаштырып койгондой суз тартып, апасын сагынган баладай томсоро шуу үшкүргөнү гана жүрөгүмдү үшүтөт. Март майрамына эки күн калган. Ошол күнү мектепте концерт болуп кечирээк келгем. Дарбазадан кирип эле демейде жай сүйлөгөн Жоомарттын ачууланган үнүн угуп боюмду далдаага тарта туруп калдым. Күйөөмдүн үнү өзүнчө салынган ашкана үйдөн чыгып жатты.

 

– Апа, мен сиз айтканды кылдым, дагы не кыл дейсиз? Зулайкага неге бардыңыз? Анда эмне күнөө? Мени үйлөнүптүр деп көчөгө чыкпай, адамдар менен сүйлөшпөй койсунбу? Сиз алган келин мага жат, апа, биз болгону жакшы кошунабыз. Чыдаса аны көрөбүз, чыдабаса жолун тоскон эч ким жок!

 

Андан аркы кепти укканга кудуретим жетпей чоң үйгө кирип кеттим. Бир кезде эшик “шарак” эткенинен терезеге келсем, Жоомарт ашкана үйдөн бирөө желкеден алып ыргыткандай күү менен атып чыкты да, көчө бойлоп басып кетти. Артынан эле кайненем да чыгып, ачуусунан кызарып-татарып короо шыпырып кирди. Бул кишинин адаты ушул, абдан ачууланганда короо шыпырып же алма кыркып кирет. Мен ичкериде ыйлап жаттым, кайненем короо шыпырып жатты. Ошол учурда үч аял жалгыз Жоомарт үчүн ыйладык, менимче. Үчүнчү адамды эстегим келбесе да аргасыз, балким, аны азыр Жоомарт сооротуп жаткан чыгар деп ойлоп ичиркенип да алдым. Жоомарттын кеч келгенин, анан ашкана үйгө киргенин угуп жаттым. Ал ошол түнү биринчи жолу биз жатчу бөлмөгө кирген жок. Түштө чай ичип отуруп:

 

– Жоомарт шаарга кетти, мен бир ишке жибердим, майрамдан кийин келет, — деп койду кайненем. Муну мага айттыбы же кайнатама айттыбы, билбейм. Ошол күнү кечке ойлуу жүрдү. Мага бирдеме айтчудай астыртан карап, кайра зардеси жетпей жаткансып көзүн ала качып тунжурап, чайналып жатты. Күн бою жүрөгүм сыгылып, бирок жатып алганга да уятым жол бербей эптеп кыбырап оокат кылган болуп жүрдүм. Кечинде уй тоскону чыксам теңтуш келиндер:

 

– 8-мартта отурушка барасыңарбы? — деп сурап калды.

 

– Жок, Жоомарт эртең менен шаарга кетти, майрамдан кийин келет го, — десем, келиндердин бири:

 

– Апей, Жоомартты түштөн кийин эле дүкөндөн бирдеме алып жатканын көрдүм окшойт… — дегенде эле жанындагысы:

 

– Кой, окшотуп алсаң керек да, — деп нукуп койду.

 

Үйгө келип кечки оокаттын баарын жасап, анан жатымыш болуп бөлмөмдү ичинен кулптадым да, терезеден сыртка чыктым. Спорт костюмдун капюшонун баса кийип көчөнүн башына чыктым. Жол жээгинде отурган боз балдардан Зулайканын үйүн сурап билип алдым. Балдар айткан үйдү тез эле таптым. Киргенге даай албай бир топ турдум да, анан демимди басып акырын короого баш бактым. Арт жактагы кош терезенин пардасынын чет жагы толук жабылбай бир аз ачылып, ошол жерден сыртка бир үзүм жарык түшүп туруптур. Жакындап барып тыңшасам, үй ичинен бир үн угулгансыды. Анан бир кезде акырын кобураган эркектин үнү угулду. Үндөрдү ажырата албай, же терезеге жетпей айлам кеткенде ары жакта тамга жөлөнүп турган шатыны алып келдим да, ошого чыгып терезенин бурчунан шыкааладым. Айнектин кычыгынан ары карап турган эркектин жылаңач далысын гана көрдүм. Аял ыйлап, эркек аны сооротуп жаткансыды. Бир кезде эркек ордунан турду да, аялды колуна көтөрүп ары басты. Ошондо эркектин ийнине башын койгон аялдын жүзү бир саамга даана көрүнө түштү. Зулайканын өңүн дароо тааныдым. Аны көтөргөн эркек Жоомарт эле. Шатыны кармаган колум карышып канчага турдум, билбейм, бир кезде шашып түштүм да, дуулдап чуркап жөнөдүм. Үйгө кирип, өрттөн качкандай шашып бир сыйра кийимимди, майрам алдында берилген айлык акымды алып чуркап чыктым. Азыр калып калсам эле бул азап бүтпөчүдөй сезилди. Баарынан кайненеме таарындым, мага «мен бир ишке жибердим» дебеди беле. Жиберген иши ушулбу? Үйгө да баргым келген жок.

 

Андан бери жети жыл өттү. Мындан эки күн мурун капыстан кайненеме жолугуп калдым. Ал мени дароо тааныды да, анан жылуу учурашып:

 

– Аа балам, аай, кичине чыдасаң баарын жеңмексиң. Жоомарт мага: «Коштошуп келем, апа, акыркы жолу барып баарын жыйыштырып келем», — деп кетти эле. Бакыт жерде жатпайт, аны күрөшүп табат. Зулайка көңүлдөш, а сен ак никелүү жар элең, балам. Артынан аңдып көрдүң, андан эмне майнап? Кетип калып эмнеге жеттиң, кимден өч алдың? Жалгыз бой, баламдан улуу аялга бактыңды тарттырып ийип кала бердиң. Сүйүү эмне, ал — бир жылт эткен учкун, үйлөбөсөң өчмөк, өчпөсө да табы кайтмак. Сен ошо табы кайтканча күтсөң болмок. Мейли эми, бактың ачылсын, — деди да, басып кетти. Эстүү кайненемдин сөзү мени катуу ойлонтту. Чын эле чыдасам болот беле? Кайненем айткандай, шаардан эмне таптым? Алты жыл ичинде башы бош жакшы эркекке жолуккан жокмун, мага жаккандар үй-бүлөлүү. Алардын бүлөсүн бузсам, Зулайкадан айырмам кайсы? Качан жолугат мени сүйгөн чыныгы эркек? Мен туура кылдымбы? Ушуга гана жооп издедим… Бул менин өмүрүмдүн дагы бир күзү, болгондо да опасыз, изсиз өткөн отузунчу күзү болчу…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE