Пример HTML-страницы

Чүйдө эл кармап жаткан ири форель балыктарын ээси эмне үчүн сууга коё берген? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында ондогон жергиликтүү тургундар ирригациялык каналдан форель балыгын кармап жатышат.

Балык чарбаларынын биринде болгон кырсыктан кийин ал жерге жүздөгөн балыктар келген.

«Кечээ авариянын кесепетинен сугат тармагынын каналдарына салмагы бир килограмм жана андан көп болгон бир нече тонна тирүү форель балыгы түшүп кеткен. Ири балыктардын үйүрүн көргөн жергиликтүү тургундар форель балыгын кармоо үчүн кайырмактарды, торлорду колдонушкан», — дешет күбөлөр.

Бул окуя боюнча Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Курманалиев төмөнкүлөргө токтолду.

«Биздин маалымат боюнча, Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтүндөгү балык чарбаларда жарык өчүп, балыктар өлүп калбашы үчүн арыкка коё беришкен. Ошондон агып келген балыктарды биздин тургундар кармап жатышат», — деди ал.

Ал эми Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтүнүн башчысы Кемелбек Асановдун айтымында, 10 тоннага жакын балык сууга коё берилген.

«Биздин жергиликтүү ишкерибиздин чарбасындагы балыктарга кислород жетишпей, өлүп баштаганда, сууга коё берген. Болжол менен 10 тоннага жакын балык болгон», — деди ал.

Балык чарбанын башчысы — З.Т.

Ижарага алуучу — 1979-жылы туулган Л.Ш.Ф.

Буга чейин Turmush басылмасы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында балык баккан дамба жарылып, 60 тоннага чукул балык Нарын дарыясына агып кеткенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE