Пример HTML-страницы

Ажал менен кармашкан махабат.

https://kyrgyzcha.site/?p=36056&preview=true Кызыктуу окуялар.

АЖАЛ МЕНЕН КАРМАШКАН

МАХАБАТ

Ош шаарында дарыгерлердин

кайдыгерлигинен 25 жаштагы келин

түбөлүккө эне болуу укугунан ажырады.

Шаар тургуну Мехригүл Саитова боюна бүткөнүнө алты ай болгондо ооруп калып,

эгиз уулун жоготту.

Дары менен төрөгөн жаш эне, андан ары

эки жолу операция болуп, жатынын

алдырууга аргасыз болгон. Ал аз

келгенсип Мехригүлдүн эки кулагы да таптакыр укпай калган. Жаш үй-бүлө

өкүлдөрү мунун баарына Саитованы

боюнда бар кезде караган дарыгерди

күнөөлөшүүдө.

Ал эми медицина кызматкерлери болсо

бул айыптоолорду четке кагууда. Кантсе да бул Муратовдордун үй-бүлөсүндөгү

жалгыз көйгөй эмес. Мехригүлдүн күйөөсү

Исманали Муратов да бир нече жылдан

бери боору жарактан чыгып, азыр чала

жан. Эми бул азап аларга үстөккө-босток

болгон сыяктуу. 3 кг. алма баяны

25 жашка эми эле толгон Мехригүл

Саитова боюнда болоору менен эле Ош

шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер

борборунун 5-филиалына каттоого

турган. Алгач анализдери жакшы эле чыгып жатып, кийин буту-башы шишип

кеткен. Маселенин баары ошондон кийин

гана ачыктала баштайт. Мехригүлдүн

жолдошу Исманали Муратов мындай

дейт:

— Жубайым кош кат мезгилинин алгачкы эки айында жакшынакай эле УЗИге түшүп,

башка анализдерин тапшырып жүргөн.

Көрсө, ошондо эле жыйынтыктары начар

экен. Биз карапайым адам аны каяктан

билмек элек. Ал эми анын дарыгери

Минавар Арзыева болсо көңүлкош мамиле жасап, “сенде баары жакшы,

ойлонбой бара бер” деп жүрө берген. Бир

жолу УЗИден баланы текшертсе эгиз экен.

Бирок УЗИнин адистери эгиздердин бири

анча чоңойбой калыптыр деп айтат. Анан

аялым дарыгерине келип, ушундай болуп жатат десе, врач Арзыева “эгиз баланын

бири сөзсүз кичине болот да, сен кайдан

көрдүң экөө тең болгонун” деп кайра

аялымды урушуп коюптур. Көрсө, ошондо

эле проблема башталган экен.

Ошентип Саитованын абалы күндөн-күнгө оорлой баштайт. Алар аталган эмканага

кайрадан баш багышат. Дарыгер Арзыева

болсо Мехригүлгө “алма же” деп гана

кеңеш айтып, узатып коюптур. Исманали

Муратов:

— Ошентип жүрүп аялым алты айдан өтүп калган кезде поликлиникага дагы барган.

Барса дарыгери аялыма “эрте мененки

сегизден кечки сегизге чейин 3 кг. алма

жеп тур, же болбосо 1 кг. творог жегин

да, кайра келгин” деп жөнөтүп жиберет.

Бул 30-октябрь, жума күнү болчу. Бирок ушундан кийин эле Мехригүл таптакыр

кыйналып, оорусу күчөп кетти. Анан

ишемби-жекшемби эптеп чыдадык да,

дүйшөмбү күнү кайра ошол №1 үй-

бүлөлүк дарыгерлер борборунун 5-

филиалына бардык. Барсак жанагы Арзыева деген дарыгер иш ордунда жок

экен, анын жанындагы кесиптеши карай

турган болду. Ал бир сыйра текшерип эле,

“Эмне үчүн мынчалык оор абалда сен

жайма-жай жүрөсүң, тез дарыланышың

керек, дароо төрөтканага жөнөгүлө” деди. Машинем менен алып барайын

десем, “болбойт” деп, тез жардам

чакырып, Ош шаардык төрөтканасына

алып кетишти.

Жаш жубайлар быйыл мартта баш

кошушкан. Бирок төрөтканага келишкенде алар

кечигип калышкан экен. Ош шаардык

төрөтканасынын дарыгерлери да

Мехригүлдүн абалы өтө оор экенин жана

аны операция кылуу зарылдыгын

белгилешет. Исманали ошол күндү минтип эскерет:

— Алар дагы “ эмнеге эртерээк келген

жоксуңар, эмнеге дарыланган жоксуңар”

дешти. “Биз билген жокпуз, бизге

эмканадан дарыгерлер айткан жок”

десек, “Мехригүлдүн абалы өтө оорлоп кетиптир, балдарды боюнан алып салыш

керек, болбосо эненин өзүнүн өмүрүнө

коркунуч келет” дешти. Жок дегенде эки-

үч апта чыдасак, 7 айлык кылып төрөсө,

балдар адам болуп кетеби деп, биз кыйла

талаштык. Бирок аялымдын абалы саат сайын оорлоп бараткан экен. Анан акыры

ары-бери ойлонуп көрүшүп, операция

менен эмес, дары берип атып Мехригүлдү

өз алдынча төрөтүштү. Балдар ыйлап, бир

жакшына эле төрөлдү. УЗИде айткандай

эле эгиз экен, экөө тең уул экен. Бирок сегиз-тогуз саат жашагандан кийин экөө

тең чарчап калды, экөөн тең ажал алып

кетти.

Бир бөлмөдөгү WhatsApp

Бирок маселе муну менен эле бүтүп

калбайт. Дары менен төрөгөн Мехригүл Саитованын абалы андан ары оорлоп,

дарыгерлер ага дагы эки жолу операция

кылышат. Алар заара түтүгүн жаап

калганы үчүн натыйжада Мехригүлдүн

жатынын биротоло алып салууга аргасыз

болушат. Өтө көп кан кеткендиктен ага 60тай адамдын донордук каны куюлган.

Дарылар да өтө кымбат болгондуктан

жаш үй-бүлө колунда бар буюм-тайым,

машинесин сатып, туугандардан карыз

сурап атып, 7-8 миң доллардай акча

кетиришкен. Өмүр бою эне болуу укугунан ажыраган

Саитова 34 күн реанимацияда жатат.

Өзүнө келген учурда эки кулагы тең укпай

калганын жолдошу Муратов айтып

отурду:

— Ошентип бир аял эне болуу бактысынан кур калды. Бул бир үй-бүлөгө чаң тополоң

салып, ажырашууга чейин алып бара

турган окуя болуп жатат. Анткени ар бир

адам тукум улагысы келет, ар бир адам

балалуу болгусу келет. Эгер менден башка

бирөө болсо, ушундайда ажырашып кетиши мүмкүн. Бирок мен Мехригүлдү

сүйөм, эч качан андай жолго барбайм.

Экинчиден, эки кулагы тең укпай калды.

Эми ал кантип жашайт? Бул дарыгер бир

өмүрдү, бир жашоону талкалады. Андан

сырткары, эки баланын өлүмү турат бул жерде. Башынан өткөндөр, балким

билээр, кичинекей болсо да, баланы өз

ата-энеси көмүүдөн өткөн азап жок экен.

Муратов азыр аялын үйдө өзүн калтырып

кете албайт. Анткени Саитова же эшиктин

коңгуроосун уга албайт, же телефондун музыкасын укпайт. Азыр Мехригүл менен

Исманали дептерге калем менен жазуу

аркылуу, же телефондогу WhatsApp менен

гана сүйлөшүп калышкан.

Биз дагы Саитовадан WhatsApp аркылуу

маек алдык: Мехригүл Саитова

— Операциядан болдубу дейин десек,

менин абалым ага чейин эле абдан

оорлошуп кеткен экен. Менин ушундай

абалга түшүшүмө Минавар Арзыева деген

дарыгер күнөөлүү, баары ошонун шалаакылыгынын айынан бол

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE