Пример HTML-страницы

АЙТЫЛБАГАН АРМАН.

https://kyrgyzcha.site/?p=40906&preview=true Кызыктуу окуялар.

АЙТЫЛБАГАН АРМАН.

 

Мындай тагдыр кайталанбаса экен.

 

Кеч кирип калган убак. Айлана кулак-мурун кескендей жымжырт. Мындай тынчтыкты жан кейиткен ый гана бузуп турду. Көөдөндү жарып чыккан бул ыйда жан адамга айта алгыс арман менен жүрөккө толгон бук бар эле. Өкүнүчтүүсү — мына ошону билген эч кимдин жоктугу. Ушул күнгө чейин жан адамга сырын айтпай жашырып, тымызын сыздап келген Ширин бүгүн да болгон күчүн көз жаштан чыгарып отурат. Кызды капыстан чыккан үн чочутуп жиберди.

— Эмне отурасың бул жерде? Бас үйгө!

Оозунан арактын жыты буркураган өгөй атасы Касым жетип келип ийинден тартканда Шириндин бүткөн бою калтырап кетти.

— Тарт колуңду! Эмне, кумарың канбай калдыбы?- ый аралаш жекире cүйлөдү кыз.

— Канбай калды. Жүрү, дагы бир жолу ырахатка батырып койчу,- ыржалаңдап күлө сүйлөдү өгөй ата.

— Жайыма кой мени! Кет!

Көзүнүн жашын жамгырдай төккөн кыздын жүзүн көргөндө Касым эмнегедир боору ооругандай саал ойлоно токтой калды да, саамдан кийин:

— Өзүңдөн көр. Бир да жолу төшөктө оюм менен болгон жоксуң. Дайыма каршылык кыласың да турасың. Айтканымды укпайсың. А сен мени угушуң керек. Анткени, өгөй да болсом атаңмын,- деди бурк эте.

Ушул жерден Шириндин күйбөгөн жери күл болуп кетти. «Атаңмын деп коёт. «Ата» деген сөздөн айлангыр! Эч болбосо адамдык сапатың бар болсочу. Айбандан айырмаң жок. Апам байкуш кайсы каргашалуу күнү сага жолукту экен?! Сендей наадандарды Кудай да албайт окшойт». Ушинтип сыздады ичинен кыз.

— Зордуктаганыңды качан коёсуң? Таза элем, кыздык абийириме кол салдың. Аябадың. Жаштыгыма, көз жашыма да карагың келбеди. Убалымды ойлободуң. Ушуга чейин бул ишти апама айтпай жашырып келдим. Бирок коркконумдан улам эмес, апамды аяганымдан улам. Мындан ары чыдабайм. Бүгүн апама баарын айтам. Уктуңбу?- деди Ширин көз жашын төгө буркурап жатып.

— Айтпайсың!

— Айтам!

— Эгер айтчу болсоң таарынба! Анда апаң экөөңдү тең өлтүрүп коём. Буга ишенип кой.

— Айбан! Акмак!

Касым кыздын андан аркы сөздөрүн угуп-укпай теңселе басып үйдү көздөй жөнөдү.

***

Касым экөө бир кезде бирин-бири жактырып, арзышып баш кошушса да, Тумар жаңылып калганын кеч түшүнгөн эле. Жаңы таанышканда адамгерчиликтүү, жакшы адам сыяктанып көрүнгөн Касым Тумарды өз сүйүүсү менен тартып алган болчу. Анын ошондогу таттуу сөздөрүнө, берген убадаларына ишенбеди беле курган жаны. Баарынан өкүнүчтүүсү, үйлөнгөндөн кийин экөөнүн бактылуу жашоосу көпкө узаган жок. Алгач аз-аздан гана ичип коюп жүргөн Касым бара-бара ичкиликке баш-оту менен берилип, бөтөлкөнүн түбүнө түштү. Анын кесепетинен иштеген жумушун да таштап, бекерпозго айланды. Ошентип, баягы ысык сезимден эч нерсе калбай, тескерисинче, тез эле жубайлардын ыркы кетти.

Ушулардын баарын ойлоп, санаага берилген Тумар бул күнү кечинде жумушунан шашыла чыгып үйүнө бет алды. Келсе Касым уктап жаткан экен. «Үйдүн ичи арак жыттанат. Дагы ичип келген го!»- ачууланып алды өзүнчө. Аңгыча сырттан кызы кирип келди.

— Келдиңизби, апа?

— Ооба, келдим. Бүгүн жумуштан демейдегиден кеч чыгууга туура келип калды. Анын үстүнө…

Сөзүнүн аягына чыга электе Тумар Ширинге тигиле карап токтой калды.

— Мени карачы! Сага эмне болгон?- деди анан чочуй.

— Эч нерсе.

— Калп айтпа. Дагы ыйлагансың го. Көздөрүң кызарып, шишип калган турбайбы.

Ширин саамга үндөгөн жок. Оюнда апасына ичиндеги болгон арыз-арманын айтып, сырын бөлүшкүсү келди. Ушуга чейин айтпай жашырып келген кайгы-муңун ачыкка чыгарууну каалады. Апасынын көкүрөгүнө башын жөлөп, буркурап ыйлап алса кана, аттиң! Анда эле жан дүйнөсү жеңилдей түшпөйт беле. Бирок ошого эрки жетпеди. Айтайын деп баратып туттуга тилин тиштей туруп калды кыз. Канчалык өзүн-өзүн кармаса да, көзүнүн чанагына мелт-калт жаш толуп, жүзүнөн ылдый куюлуп кетти. Муну көргөн бечара эненин жүрөгү кандайдыр бир жамандыкты сезип, чебелене түштү:

— Мен көптөн бери сезип жүрөм, кызым. Менден жашырган кандайдыр бир сырың бар. Эмне үчүн айтпайсың мага? Энең менен сырдашпаганда ким менен сырдашасың?

Эрээркеп кеттиби, айтор, унчукпай турган Ширин апасын кучактай буркурап жиберди. Анан Тумарга көз жүгүрттү. Анын да көздөрү жашылдана түшүптүр. «Байкушум десе. Тигил бекерпозду, анан мени багам деп жалгыз иштеп жүрүп кыйналып бүттүң. Жашоодон эч жакшылык көргөн жоксуң. Канча жылдан бери жаман эриңдин азабын тартып келатасың. Деги ушуга эмнеге турмушка чыктың экен? Карачы, жүзүңө эрте эле бырыш түштү. Ден соолугуң да жайында эмес. Эгерде өгөй атам мени зордуктап жүргөнүн уксаң кантээр экенсиң? Жүрөгүң көтөрө алабы ошол кайгыны? Ансыз да жүрөк оорулуу болуп калбадыңбы» . Ушинтип жатты ичинен.

— Эчтеке, апа. Мен жөн эле… Курбум экөөбүз бүгүн да урушуп кеттик. Ошого капаланып эле… Сарсанаа болбочу,- деди ый аралаш.

— Акыркы убактарда курбуң экөөң бат-баттан урушуп кетип жатат окшойсуңар. Өткөндө да, андан мурун да ушинтип айттың эле.

— Ооба, мамилебиз келишпей жатат.

— Анын эмнесине ыйлайсың? Бүгүн урушсаңар эртең табышып аласыңар. Башкысы, кекчил болбогула,- кызынын алдап койгонуна ишенген Тумар соорото сүйлөдү.

Көзүнүн жашын аарчый өз бөлмөсүнө кирип кеткен кызын узата карап калган Тумардын көңүлү чөгө түштү: «Ойлоп көрсөм, таңдан кечке чейин жумушта болуп, башынан эле кызыма көп көңүл бурбаптырмын. Үйгө кечинде келем, кайра эртең менен кетем. Керээли-кечке өзү менен өзү болот. Жанында атасынан бөлөк эч ким жок. Ал баары бир эркек. Анын үстүнө, өгөй. Аттиң, эгерде көпчүлүк аялдардай болуп оокатымды кылып үйдө отурсам… Күйөөм иштеп бакса…» Тагдырына наалып алды Тумар. Анан эч нерсе сезбей уктап жаткан эринин койнуна кирди да, адатынча арактын жытынан жийиркене тескери карап жатып алды.

***

Бүтүрүү экзамендерин берип, мектепти аяктаган Ширин жогорку окуу жайына тапшырууга камынып жаткан эле. Бирок эмнегедир акыркы күндөрү ден соолугу жайында болбой, тамакка болгон табити да начарлап кетти. Бул «элден кем кылбай жогорку окуу жайына тапшыртып, кыйнала-кыстала эптеп окутуп алайын» деп жаткан энени бушайман кылбай койгон жок.

— Ачык айтчы. Кайсы жериң ооруп жүрөт?

— Ичим.

— Күндө ооруйбу?

— Жок, кээде эле.

— Доктурга алпарып текшертейинби?

— Жок, барбайм.

— Эмнеге? Сени көрүп мен да кыйналып жатпаймынбы.

— Басылып калар. Анын үстүнө, аз күндө жогорку окуу жайына тапшырышым керек да. Доктурду коюп ошого даярданайын.

— Эч болбосо тамакты жакшыраак ичсең боло. Карачы, арыктап кеттиң.

— Ичейин эле дейм. Бирок тамакты көрөрүм менен жүрөгүм айлана баштайт. Анан кускум келет,- деди кыз апасына жалооруй карап.

Бул мүнөттөрдө эмнегедир Тумардын ою алда кайда кетип, кабагы бүркөлө түштү.

— Апа, эмне болду? Аябай ойлонуп кеттиң го.

— Эмне болмок эле. Оюмдун баары эле сенсиң да.

Тумар саамга үндөгөн жок. Тек гана кызына таң кала тиктеп, эмне деп ойлоо керектигин билбей турду. Бир аздан кийин гана:

— Эртең сөзсүз доктурга барышыбыз керек,- деди алда нерседен кабатырлана.

Эч нерсеге түшүнбөгөн кыз «макул, барса баралы» дегендей унчукпай гана тим болду. Бул түнү санаасы-санга бөлүнгөн Тумар түнү менен уктай албай кыйналып чыкты.

***

Эртеси Тумар кызын түз эле гинекологго алып келди.

— Кызыңыздын бир айлык боюнда бар экен. Токсикоз болуп жаткан турбайбы,- деди доктур текшерген соң.

— Боюнда бар дейсизби? Кандайча? Мындай болушу мүмкүн эмес!

Тумар уккан кулагына ишенгиси келбеди. Бир заматта жер астын-үстүн болуп кеткендей сезилип, көзүнө жаш тегерене түштү.

— Кыязы, сиз жаңылып калдыңыз окшойт. Дагы бир жолу жакшылап карап көрүңүзчү.

— Мен көп жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу адисмин. «Эч нерсе билбеген неме го» деп ойлоп жатсаңыз жаңылышасыз. Сиз эмне, мени кемсинткиңиз келеби?- гинекологдун ачуусу келип кетти.

— Жок, кантип эле ошентейин?! Сиз мени туура түшүнүңүзчү. Кызым али турмушка чыга элек. Анан кандайча…

Гинеколог Тумардын сөзүн бөлүп жиберди:

— Аны үйүңүзгө барып кызыңыздан сураңыз. Кантип боюна болуп калганын өзү билет да. Азыр мени башка пациенттерим күтүп жатышат. Сиз менен сүйлөшүүгө убактым жок.

— Аа, ооба… албетте… Кечиресиз.

Кабинеттен чыккандан кийин Тумар көз жашын токтото алган жок. Башы тегеренип, бут алдынан жер көчүп бараткан сыяктанды. Анан аркасынан ээрчий чыккан кызын жекире карады:

— Бетпак! Уятсыз! Атаң экөөбүздү шерменде кылдың. Эми элдин бетин кантип карайбыз, ыя? Мен сени багам деп жанымды карч уруп иштеп жүрөм. А сен менин эмгегимди баалагандын ордуна бешиктен белиң чыга электе эркек менен жатып…

Андан аркысын айта албады. Ызасына муунуп, туттуга түштү. Эки-үч жолу жаакка чаап жиберди Ширинди.

— Апа, мен… мен…

Мукактанган Ширин баары бир эч нерсе айта алмак эмес. Азыр анын жүрөгү канап турганын, көөдөнүндө жан адамга айта алгыс оор кайгысы бар экенин апасы кайдан билсин?! Ансыз да ичинен сызып, көз жашы кургабай жүрбөдү беле. Мындай болору үч уктаса түшүнө кирбеген кыз бул мүнөттөрдө эмне кыларын билбей айласы түгөнүп турду. Күчүн ыйдан чыгарып, апасы эмне десе да унчукпай кутулуудан башка аргасы жок эле.

— Баланын атасы ким? Деги ал сага үйлөнө турган немеби?

— …

— Айтпайсыңбы?

— …

— Унчукпай кутулайын дейсиңби? Болуптур. Айтпасаң өзүң бил. Баланы эмне кылуу керектигин үйгө барып атаң менен чогуу чечели. Ага айтпасак болбойт. Жашырганыбыз туура эмес,- деди өзүн колго алып, сабырдуу болууга аракеттенген Тумар көз жашын аарчый.

«Атам мененби? Ошол ата болбой курусун! Сен жокто мени зордуктап жүргөнүн, бул баланын атасы да ошол акмак экенин кайдан билмек элең. Койнуңда жылан жатканын али сезе элексиң. Муну сага эбак айтсам болмок. Бирок сени, оорулуу жүрөгүңдү аядым, апа». Буркураган кыз үйүнө жеткиче ичинен сызып, мына ушуларды ойлоп келатты.

Эне-бала үйгө келгенде саал кызуураак Касым короону ирээттемиш болуп жүргөн экен. Экөөнүн тең капалуу жүзүн көрүп, бир балакетти сезгендей жүрөгү «болк» эте түштү. «Иттин гана кызы! Кой десе болбой апасына айтып салган го. Эми эмне кылдым?» Ачууланып алды ичинен.

— Ой, силерге эмне болгон? Деги тынччылыкпы? — өгөй ата кооптоно сүйлөдү.

— Кайдагы тынччылык?! Азап тартып жүрүп өтмөй болдум го бул жашоодон. Же сен ичкениңди токтотпойсуң. Же башка эркектердей болуп иштеп бизди бакпайсың. Ал аз келгенсип эми минтип…

— Эмне эми минтип?

— Кыскасы, Шириндин боюнда бар экен.

— Эмне? Кандайча? Кимден экен?- деди мындайды күтпөгөн Касым эси чыга.

— Аны кайдан билейин?! Сурасам айтпай койду. Бирөө зордуктап койгон го деп ойлоп жатам. Болбосо кызым кантип эле өз эрки менен ушундай ишке барсын. Айтор, билбейм. Ар кайсыны ойлой берип башым катып бүттү.

«Кудай жалгап, мен тууралуу айткан эмес экен. Оозунан чыгып кеттиби деп коркуп жаттым эле»,- өгөй атанын эми гана санаасы тынчыды. Анан эч нерседен сыр бербей:

— Болору болду да. Эми «атасы ким?» деп териштиргенден майнап чыкпайт. Андан көрө эртерээк боюнан алдыруу керек,- деп тим болду.

Буларды угуп турган кыз чыдабай кетти акыры. Келечеги жок, тепселенген адамдай сезди өзүн. «Мындай бактысыз тагдырдын кимге кереги бар? Андан көрө өлүм артык эмеспи». Бүтүндөй акылын бул мүнөттөрдө ушул ой ээлеп турду. Башкача ойлоого дарамети жеткен жок. Үйдөгү болгон дарылардын баарын чогултту да, ошол эле күнү ичип алды.

***

Бүгүн Тумар Ширинди ооруканадан чыгарып келди. Кызынын өмүрүн сактап калган доктурларга ичинен миң мертебе ыраазы.

— Акылсызым десе, бул эмне кылганың? Апаңды аябайсыңбы. Сенсиз мен кантет элем?! Экинчи мындай кылбай жүр, макулбу?- деди көзүн жашылданткан Тумар кызынын үстүн жууркан менен жылуулап жаап жатып,- Болору болду. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Эми өткөнгө өкүнгөндө эмне пайда. Башкысы, сенин аманчылыгың керек мага.

Ширин үндөбөдү. Өзүнүн аман калганына анча cүйүнө бербесе да, боюндагы баланын түшүп калганына кубанычтуу эле.

— Апа,- деди саамдан кийин,- айтчы, атам менен бактылуусуңбу?

Мындай суроону күтпөгөн эне саал ыңгайсыздана түштү.

— Мен үчүн бул өтө оор суроо. Сага эмне дээримди да билбейм.

— А мен билем. Бактылуу эмессиң. Ал сага татыксыз. Адамдык сапаты төмөн. Алтургай ал… Ал мени…

Акыры апасына болгон окуяны айтып түшүндүрүүнү чечкен кыз андан аркысын айтууга эрки жетпей мукактанып кетти. «Билем, апа, сага мындай кепти угуу өтө оор. Бирок баарын ачык айтышым керек. Анткени, мындан аркы тагдырымдан корком. Эгер ал мени дагы зордуктаса, анда…» Оюнун ушул жерине келгенде Ширин токтоно албай буркурап жиберди.

— Сага эмне болду, Ширин? Ыйлабачы. Унутчу өткөндү. Минтип чөгө бергениң жарабайт. Билем, Касымды башынан жактырбайсың. Анын колуна кичинекейиңде эле келсең да, ушул күнгө чейин таптакыр өз атаңдай көрбөй койдуң. Ооба, ал дайыма ичет, мага кол көтөрөт. Бирок, жаман болсо да менин өмүрлүк жолдошум эмеспи. Кудай жалгыздыктан сактасын, кызым. Сен муну азыр түшүнө элексиң. Али жашсың.

Тумардын бул кебинен кийин эмнегедир Ширин жанагы оюнан баш тартты: «Жок, айтпайм. Азырынча жашырганым эле дурус. Баары ушул бойдон калсын. Өз тагдырым талкаланганы аз келгенсип, эми апамдын турмушун бузгум келбейт». Анан кепти башкага буруп кетти:

 

Быйыл окууга тапшырбай эле коёюн, апа. Сага кыйын болуп калат. Мойнуңа жүк болууну каалабайм. Андан көрө иштеп, акча тапканга аракет кылайын.

— Мейлиң. Аның деле туура дечи. Бирок кайдан иштейсиң? Азыр жумуш табыш да кыйын.

— Убакыт көргөзөт, апа. Эптеп бир жумуш таппай эмне болуптурмун.

— Берекем десе, эмнеси болсо да бактылуу болсоң болду. Сенин көз жашыңды көрсөм жүрөгүм жарылып кетер. Кайгыңды көтөрө албайм го, кызым. Анда эле турган ордумда мүрт кетемби дейм. Кудай жаманчылыгыңды көрсөтпөсө экен. Эне байкушту Жараткан ушинтип жаман жаратып койгон тура,- төшөктө жаткан кызын чекеден сүйгөн Тумардын көз жашы жүзүнөн ылдый куюла түштү.

Апасынын ушул сөзү, мөлтүр жашы кыздын жүрөгүндөгү жаратты сыйрып кетти. Көкүрөгүндөгү айтылбаган арманды, муң-зарды эч качан апакесине айтпоого эми өзүнө-өзү бекем ант берди.

***

Арыктын жээгиндеги көк чөптүн үстүндө стакан кагышып эки эркек отурду. Эбак эле кызып калган бул экөө — Касым менен анын бөтөлкөлөш досу Касен.

— Ии, дос, ошентип, кызды иштетип жиберип ийдим дечи.

— Ооба, ошенттим,- маашырлана сүйлөдү Касым.

— Ким болуп иштеп жатат?

— Тигүүчү.

— Үйдөн барып-келип эле иштейби?

— Жок. Жумушума алыс болуп калат экен деп батирге чыгып алды. Энеңди урайын десе! Ал жөн эле шылтоосу да. Эмне, менден качып кеткенин билбей, түшүнбөй турат дейсиңби?! — капыстан ачуусу мурдунун учуна келе түшкөн Касым дагы бир стакан аракты дем албай туруп жутуп жиберди.

— Хе-хе-хе…- муну уккан Касен кытмыр күлдү,- Билинбей жүргөнүң менен сен деле бир топ окшойсуң, ыя? Кыязы, бечара кызды анда-санда чаап, урушуп койчусуң го. Бекер качты дейсиңби.

Бул учурда Касым бир топ эле кызуу болуп калган эле. Ошентсе да кимдир бирөө угуп калбасын дегенчелик кылып эки жагына бир сыйра көз жүгүртүп алды да, Касенди көздөй акырын эңкее мойнун созду.

— Эй, дос, эч кимге айтпайсыңбы? — деди шыбырай сүйлөп.

— Эмнени?

— Азыр мен сага айтчу сөздү.

— Айтып эмне, катын белем?! Айтсам экинчи аракка жетпей зар болуп калайын.

— Болду, карганбай эле кой. Ишендим.

— Анда айтпайсыңбы маалкатпай.

— Ширин өзүнүн кыздыгын мага арнап койгон. Катын болгон, эй, ал мага. Ха-ха-ха!..

Кылган ишине чексиз ыраазы боло каткырып жаткан досуна Касен таң кала карады.

— Койсоңчу, кантип эле? Өз эрки мененби?

— Күчкө салып эле тырпыраттым да. Жаш, сулуу кызды көрүп дүүлүгүп кеттим. Анан макулдугун күтүп отурамбы.

— Баары бир өгөйлүк кылган экенсиң, ээ. Муну Тумар кантип билбей жүрөт? Эгер билсе…

— Ал эч качан билбейт. Шириндин оозунан чыкпайт бул иш. Сен да айтпайсың. Айтсаң мууздап коём.

— Айтпай калайын, дос. Айтсам аракка жетпей…

— Э, болдучу, кайра-кайра какшанып карганбай! Кел, андан көрө дагы бир стакандан согуп жиберели.

Экөө дагы ичишти. Анан дагы, дагы… Арактын аркасы менен Касенге ушинтип жан адам билбеген жашыруун сырын ачып койду Касым.

***

«Кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей, акыры жабылуу аяктын оозу ачылды. Кулагы укканды ичине ката албай Касен аялына, аялы кошунасына, ал дагы бирөөнө айтты. Кыскасы, тез эле тааныган-билгендердин учу-кыйырына тараган кеп Тумарга да жетпей койгон жок. Өзүнүн эле бир тууган абысыны суук кабар айтып келген бул күн каргашалуу болду.

— И, жеңе, кандайсыз?- учурашып өттү шырдактын четине көчүк баскан абысыны.

— Кудайга шүгүр. Жөн-жай эле келдиңби?

— Жаман кеп угуп келдим, жеңе. Ошону сизге кантип айтарды билбей турам.

— Ботом, ал эмне кеп экен?- чочуп кеткен Тумардын өңү кумсара түштү.

— Элдин баары эбак эле угуптур. Биз болсок эми билип отурабыз. Мен ишенген жокмун. Кантип эле…

— Маалкатпай айтчуңду тезирээк айтчы!- жүрөгү кандайдыр бир жамандыкты сезген Тумар бир чети чыдамы кетсе, бир чети кооптоно калды.

— «Касым өгөй кызын зордуктап коюптур» деп кеп кылып жатышыптыр го элдин баары. Мындай үрөйдү учурган суук сөз кайдан чыгып кеткенин билбейм. Бул жалган ушак, туурабы, жеңе? Деги, эл оозунда элек жок. Бирге экини, экиге үчтү кошуп айта беришет. Сиз муну кулагыңыздын сыртынан кетириңиз.

Саймедиреп далайды сүйлөдү келин. Бирок Тумар андан аркысын уккан жок. Көз ачып-жумгуча жер астын-үстүн болуп кеткендей сезилип, ааламы ченемсиз тарый түшкөнсүдү. Алгач ишенгиси келбесе да, эмнегедир бул ушактын чындыгы бар экенин, жөн жерден чыкпагандыгын дилинде туюп турду. Далайга чейин мелтирей бир чекитти тиктеп, кудум бул дүйнөнү унуткаргандай бир орунда катты да калды. Анан өңү кумсарып, көзүнүн чанагына мелт-калт жаш толуп, эриндери титиреп барып жүзтөмөндөй кулады. Энесинен айрылган жаш баладай көз жашын көл кылып, чачын жула ботодой боздоду байкуш келин.

— Менин бактысыз болгонум аз келгенсип, эми кызымдын багын байладыңбы, ит? Кенедейинен көз алдыңда чоңоюп, бойго жетти эле го. Кантип колуң барды ушул ыплас ишке? Өз кызыңдай көрбөсөң да, абийирин булгабай таза койбойт белең. Шордуу башымды Кудай кайсы күнү сага жолуктурду экен?! Жакшылык көрбөй кал! Ылайым арак сенин түбүңө жетсин! Каргыш тийгир!

Күйөөсүн ушинтип каргап-шилеген Тумардын жан дүйнөсү жанчылып, болгон үмүт-тилектеринин баары быркырап талкаланып кеткенсиди ушул мүнөттөрдө. Бул жалган дүйнөнүн кымындай да кызыгы калбай калгандай тоюп турду бул жашоого. Анан көз алдына назик таажыларын чаң баскан, жалбырактары зөөкүрдүн ыплас бут алдында тебеленип, жанчылып калган, кунары кеткен гүлгө окшогон кызынын муңайым элеси, шүүдүрүмдүү шиберге окшоп сууланышкан кирпиктери тартыла калды.

— Кагылайыным, ай. Менден өткөн шордуу белең сен. Ушул итке башымды байлаганым бактыңды талкалады, кызым. Сенин балалык аруулугуңду, кыздык тазалыгыңды коргогонго энелик дараметим жетпедиби менин? Бир зөөкүргө тебелетип койдумбу намысыңды? Энелик касиетим кайсы анда?

Ал ансайын зары күчөп, арманы булактай оргуштаган Тумарды алапайын таппай эси чыга карбаластаган бечара абысыны да соорото алган жок.

— Жеңекебай, койчу, антпечи. Өзүңдү колго алсаң боло. Бул жөн эле ушак да. Ошого да ишенесиңби. Олда, Кудай, ай! Кайдан да айта койдум эле. Тилиме тибиртке чыксачы андан көрө.

Ушинтип калдалаңдап жеңесинин ар жак-бер жагына чыккан келин капыстан чебелене чыңырып жиберди. Аба жетпей аптыга түшкөн Тумар күтүүсүздөн жүрөгүн мыкчый калган эле. Анан тез эле тилин күрмөөгө алы келбей, эриндери көпкөк болуп көгөрүп кетти да, саал чабалактап жиберип, саамдан соң кыймылсыз жатып калды. Кирпиктерин ирмебестен шыпты тиктеген калыбында катып калган көздөрүндө тирүүчүлүктүн бүтпөс арманы ошол бойдон өчпөй кала берди…

***

Боз үй тигип аза күткөн эл Тумардын сөөгүн бир түн түнөткөн соң жерге беришти. Чырылдап чыркыраган Ширин апасынын эмне болуп каза болгонун өз көзү менен көрбөсө да, анын негизги себебин жүрөгүнүн түпкүрүндө туюп, боолголоп турду. Өзүнө боор толгой караган сандаган көздөрдү көрүп, «атаны бечара, ай-йээ, Касым бөөдө убалына калбадыбы» деп шыпшына сүйлөгөн сөздөрдү уккан соң бул айылга бир мүнөт тургусу келбеди. Эл тарап кетери менен кийимдерин алды да, жерде эс-акылын билбей мас болуп уктап жаткан өгөй атасына ары жийиркене, ары жек көрө бир карап алып чыгып кетти. Көз жашын тыя албай апакесин жоктоп, жол жээгинде жөө кетип бараткан кыздын бет маңдайынан аңгыча муздак шамал сокту. Улам аккан көз жашын улам кургата сооротуп, маңдай чачын сылай эркелетип жатты шамал.

***

«Убакыт баарын дарылайт» дешет. Апасы каза болгондон бери бир канча ай өтсө да жүрөгүндөгү жараты айыкпады Шириндин. Антсе да күнүмдүк жашоого, ишке алаксыган кыз бүгүн адатынча жумуштан кеч чыккан эле. Батирди көздөй жөө келатып ойго батып кетти: «Акча чогултуп, мен да эл сыяктуу жогорку окуу жайына тапшырсам… Билимдүү болуп, таза кийинип иштесем…»

— Чоң кыз, чогуу баспайлыбы?

Аркасынан чыккан чоочун үн чочутуп, оюн бөлүп жиберди. Караса бейтааныш жигит экен.

— Караңгыда жалгыз баскандан коркпойсуңбу? — деди кара тору жигит.

— Жок, коркпойм. Көнүп калгам,- астейдил жооп кайтарды кыз.

— Ошентсе деле сендей сулуунун жалгыз жүргөнү кооптуу. Кааласаң мындан ары күндө үйүңө чейин узатып барып турайын.

— Рахмат. Бирок тааныбаган адамга дароо макулдук бере албайм,- Ширин жигитке жылмая карады.

— Аа, кечирип кой. Мен атымды айта элек турбаймынбы. Улар.

— Ширин.

— Эми макулсуңбу?

— Байкап көрөйүн.

Бири-бири менен тамашалаша сүйлөшкөн экөө тез эле тил табышып кетишти. Жолдо катар кобурашып отуруп Ширин кандайча үйүнө жетип калганын да байкабай калды.

— Эми мен кирейин. Караңгы да болуп кетти. Сизге рахмат,- кыз наздана ооз учунан унчукту.

— Ширин, токтосоң. Бир аз жанымда тура турчу. Мен… мен…

— Айта бериңиз.

— Кандай десем? Айтайын деп тартынып жатпаймынбы. Кызык, буга чейин бир да кыздан сүрдөп көргөн эмес элем. А сенден… Кыскасы, мага жагып калдың.

Мындай кеп угам деп ойлобогон кыз уялып, алтургай эки бети кызара түштү. Эмне дээрин билбей саамга унчукпай турду да:

— Жакшы калыңыз,- деп бурула басып үйүнө кирип кетти.

— Ширин…

Умсунган баладай жоопсуз калган жигит бир топко чейин артынан карап турган соң кетүүгө аргасыз болду.

***

Ошол күндүн эртеси эле Улар Ширинди кечке маал үйүнө келаткан жолдон тосуп алды.

— Кандайсың, Ширин?

— Жакшы. Көптөн бери күтүп турасыңбы?

— Жарым саат болуп калды.

— Эмнегедир сени келет деп ойлобоптурмун.

— А мен келдим. Мени сага жүрөгүмдөгү таза сүйүү айдап келди. Ишенесиңби ушуга?

— Билбейм,- уяң жооп кайтарды кыз. Жагымдуу жүзү бар кара тору бул жигитти өзү деле бир көрүп сүйүп калганын сезип турса да, кыз намысы «ооба» деп жооп берүүгө жол бербей койду.

— Түнү бою сени ойлоп чыктым. Аруу элесиң мага таптакыр уйку бербей койду. Экөөбүз көптөн бери тааныш сымал бир башкача сагынганымды айт. Ушунчалык көргүм келди. Ошон үчүн минтип бүгүн кайра жетип келдим.

Улар Шириндин колунан кармап, назик гана сүйүп койду. Анын сүйүү толгон чексиз мээримдүү көз карашы кызды саал тайсалдатып жиберди.

— Менден тартынып жатат окшойсуң. Тартынбачы, суранам. Болгону, айтканыма ишенчи. Мен сенин эң жакын адамыңа, жөлөк-таягыңа, махабатыңа айлангым келет.

— Махабатымабы? — уяң жүзү менен суроо узатты кыз.

— Ооба, махабатыңа. Тунук, кирсиз жана түбөлүктүү махабатыңа.

Жигит кызды акырын белинен тарта кучактай калды. Таттуу эриндеринен эми өбөйүн дегенде мындайды күтпөгөн Шириндин дене-боюн майда калтырак басып кетти.

— Коё бер! Жакындаба мага!- кыйкырып жиберди Ширин.

— Ширин, сага эмне болду?- кыздын коркунуч баскан жүзүн көргөн жигит калтаарый түштү.

— Эмне, түшүнгөн жоксуңбу? Тийбе дейм мага!

— Сага жамандык кылайын деген оюм жок. Коркпочу. Жүрөгүм сүйгөн адамдын көңүлүн кантип оорутайын?! Мен болгону сени кучактап, эриндериңдин балын бир татып көргүм келген. Андан башканы ойлободум. Капа кылсам кечир.

Жигиттин күнөөкөр адамдай башын жерге сала кечирим сурап турганы кыздын уйгу-туйгу жүрөгүн саал тынчтандырып койду. «Мага эмне болуп кетти? Чын эле кучактайын дегени гана болбосо, Улар эч нерсе деле кылган жок го. Кыязы, өгөй атамдан кийин эркектин жакындаганынан коркуп калсам керек». Ушинтип ойлоду ичинен кыз.

— Ширин, эми кучактасам болобу?

Кыз унчукпады.

— Дагы эле коркуп жатасыңбы. Айттым го, тийбейм деп. Мен сени сүйүп калдым. Керек болсо келечекте сага үйлөнүүнү каалайм. Мен үчүн сенин кыздык абийириң, эч кимдин колу тие элек аруулугуң бийик турат. Аны булгагым келбейт. Ар нерсенин өз учурунда болгону жакшы да, туурабы? Же дагы эле ишенбей жатасыңбы мага?

«Кыздык абийиримби? Аруулугумбу? Кайдагы аруулук менде?! Мен эбак эле өңү өчкөн, жыпар жыты кетип, тебеленип калган гүлмүн да. Сага бирөөнөн калган эскинин эмне кереги бар?» Буркурап жиберди Ширин. Кыздын күтүүсүз көз жашы Уларды тайсалдатып, эсин чыгарды.

— Жаным, ыйлабачы. Мен куруюн, сени ушунчалык капа кылган мен жерге кирейин. Оюмда деле жаман эч нерсе жок эле. Мынчалык оор кабыл аларыңды билбей…

Үндөбөдү Ширин дагы эле. Тек гана Улардын көкүрөгүнө башын жөлөп, көз жашын көл кыла ыйлап жатты. Азыр анын эсине бактысыз балалыгы, өгөй атасына кор болгон тазалыгы, ыраматылык апасы түшүп, эрксизден кайгынын түпкүрүнө кулап бараткан эле. Кыязы, ыйлап бугун чыгарып алсын дедиби, Улар да жайына койду. Тээ далайдан кийин гана эсине келгендей жигиттин сууланышкан көкүрөгүнөн башын тартып алды кыз.

— Кош, Улар. Кош, менин алгачкы тунук сүйүүм. Сени эч качан унутпайм. Түбөлүккө жүрөгүмдө жашайсың сен. Эми мени унут. Издебе мени, суранам. Мен сен үчүн жаралган адам эмесмин. Менде сен күткөн аруулук да жок. Өтүнөм, аркамдан келбе.

Башка эч нерсе айтпады Ширин. Ыйлаган бойдон чуркап кетти.

— Ширин, токтосоң! Ширин дейм. Бул эмне дегениң? Мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун. Бир ооз түшүндүрсөң боло. Кетпечи, Ширин. Мен сени унуткум келбейт. Сүйөм сени, угуп жатасыңбы?

Бирок Ширин уккан жок. Тез эле узап кетти. Ысык сезим уялаган жүрөгүн минтип капыстан кайгы баскан жигит эртеси Ширинди тосуп алуу үчүн дагы келди. Анан анын эртеси да… Анткен менен сүйүктүүсүнүн караанын таба албады. Атүгүл жашаган батири да ээн калган экен. Бир заматта таптырбай кетти махабаты. Жүрөгүндөгү айтылбаган арманын жигитине айтууга Шириндин дарамети жеткен жок. Жетмек да эмес. Анткени, көкүрөгүндөгү арманы дагы бир адамдын жүрөгүн оорутуп, көңүлүнө жарака кетиришин каалабады…

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE