Пример HTML-страницы

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

5-БОЛУМ.

*******

 

— Ошондой кыл,- деп ичке киришти да тамактанууга отурушту, Бекназар аялы экоо тамакты даярдап устол устуно коюп жатышкан. Чогуу отуруп тамактангыча куугум кирип кетти, — Эртен машина базардан жолугалы,- деди да чыгып Буркут м.н Шаардагы уйго келди. Келсе эшик бек, журогу шуу этип алды: < Каткан акчаны алып качты бекен, мейли акчаны туура пайдаланып жашоосуна жаратса болду>,- деген ойду ойлонуп эшиктин конгуроосун басканда уйкусураган Эмма эшикти ачып жиберди. — Келип калдынызбы? — Ооба, зериктинби, шайтан кыз? — Аябай, кечке жаткан жаман экен. — Сыртка басып келбейт белен? — Сизди таппай калабы деп ойлодум да. — Мындан кийин бир ачкыч сенде болот, бирок алыс кетпейсин, кетип баратканда жазып таштаганды унутпа,- деп кызды эркелете мурдунан чымчып койду. — Кандай жакшы адамсыз, агам же атам болгонунузда кандай жакшы болот эле? — деп Эмма ыйлагысы келип барып токтоду. — Кантет, эми сен секелек эмессин го ? — Эрээркеп кеттим,чынын айтсам бир адам сиздей жакшы мамиле жасабаптыр. .. — Мындан ары мен сени озум карайм. — Оои жырга-ал!- деп Шамбетти кучактамак болуп кулачын жайып келе жатып токтой калды,- Сиз жакшы адамсыз,- деди анан ойлуу. — Сен дагы жакшы кыз экенсин. — Ырас элеби? — Ананчы, журогундо буудайдын тагындай кара жок,пейилин таза,ак конулсун, кандай экенинди дароо эле сезгенмин, бирок… — Эмне бирок?- Эмма Шамбетке карады. — Бирок сага ишенууго али эрте. — Эмне учун? — Сен жашсын, терен ойлоно билбейсин. — Макул,озунуз билиниз,- деди да жарк эте куло карады,- Чай коеюнбу? — Ооба,бирдеме ичуубуз керек,- деди да ичкери кирип кийимин алмаштырып кайра чыкты,- Кундузу кечке уктап кечине эмнени уктамаксын? — Бекерчилик уйкуну келтирет экен да. — Да-а, эмне кылайын деген оюн бар? — Билбейм. — Сага базардан орун алып берейин,соода жасай аласынбы? — Жакшы болмок. — Анда эки-уч кун чыдай тур. — Макул,- Экоо бет мандай туруп алып копко суйлошуп турганда чай кайнап, чай ичишти. — Сиз уйлонгон эмессизби?- деп капыстан сурады Эмма. — Уйлонгом,балам бар. — Кайда алар? — Айылда. — Аялыныз дагыбы? — Аялым жок. — Эмне болду эле? — Олгон. -Жаман болуптур, кечиресиз. — Эчтеке эмес,- Курсуно ойдо турду,- Эки-уч кун зерикпей тура тур, анан сени бизнесмен кыз кылам, макулбу? — Куло козун кысып койду. Эмма анын жанына келип: — Менин сиздей агам болгондо кандай бактылуу болмокмун, атамдын жузун дагы коргон эмесмин, апам байкуш ооруп журуп жакшылык корбой отуп кетти,- деп Шамбетти бекем кучактап алып,- Мени неге мынча сыйлап жатасыз, балким боорунуз ооруп жатабы, чынында мен озумду бул жашоодо ашыкча сезе баштагам, эч кимим жок ээн талаада боздогон ботодой боздогон кундорум болгон, сизге ыраазымын,- деп чоп эттире ооп алып ары бурулуп кетти, козундогу жашты корсоткусу келбеди. — Эмма, капаланбай жур, бул жашоодо жашаган адамдардын баары жалгыз, эч ким ата-эне м.н туболук жашабайт, атадан алтоо болсон дагы ар жалгыздык башта бар,- деген улуулардын созу бар, мен дагы атамды коргон эмесмин, апамдын олгонун корбой, ууч топурагым буйрубай калды. — Эмнеге, кандайча болуп? — Узак соз, мен кийин айтып берем. — Жарайт, мен мындан ары ыйлабайм,- деп Эмма ашканадагы идиш — аягын жууп жыйнаштыра баштады. Шамбет ундобой болмосуно кирип жатып алды, ошол туну козу илинбеди, баласын ойлоду, кайната-кайненесин ойлоп Кундузду олтурбош керек деген чечимге келди. Танга маал козу илинип кетти,ошол бойдон кун чыга ойгонду да шашылыш чыгып кетти. Ал келгенде Вулкан сыртта турган экен: — Кандай?-деди ага кайрыла. — Баары жакшы. — Тамак ичип жатышабы? — Аялы ичпей койду, куйоосу ичип атат. — Тамак алып келгиле. — Жарайт,- Вулкан ары басты, Шамбет адегенде Бектурсунга кирди: — Акбалын кандай, жакшы эс алдынызбы, директор агай? — Какшыганынды кой, мен азыр акимчиликтемин. — Оо-хоо, кайда болсо ченгелимде эчендер бар дечи? — Ооба ошондой, ар ким оз пешенесинен корсун! — Пешене,- Шамбет каткырып жиберди, жин тийгендей каткырды,- Менин пешенеме сен жаздын беле, же бийликте омур бою отурам деп ойлойсунбу? — Менин пешенеме кудай жазган, менден корбо! — Бас жаагынды! — Шамбет айланып келип баштан ары тээп жиберди, — Сенин арам ишинди жабыш учун, катынымды бузгандыгын учун!- деп тепкилей берди. — Шамбет, кечир мени, мени кечирип кой, эгерде мени кое берсен устуно уй берейин, омур бою жете турган байлык берем,- деп жалдырап ийди. — Сен кудайдын алдына барып кечирим сура! — Шамбет олтуро корбо,жок дегенде козумду ачып койчу. — Жарыкчылыкты акыркы ирээт коруп алайын дейсинби? — Кыжырлуу кулду. — Андай кыла корбо Шамбет. — Сендейден жарыкчылык дагы уялып жатат,ордун башка дуйнодо. — Шамбет, айланайын Шамбет, кечир!

— Кечире турган ишпи ушул, мен он торт жыл жалган жалаа м.н азап тартып келдимби, сен кызматтан кызматка которулуп куноосуз адамдай чартактап жашадын,- Дагы тепти,жиндене тээп туруп чыгып кетти. Бетинде чумботу бар, колунда тапанча кармаган экоо ага кирип колун чечип туруп алдына тамак койду. Кундо ушул корунуш. Шамбет Кундузга кирди, козун ачып колун чечти. — Кана суйло, куйоонду жээрип, директорду суйуп бактылуу жашап калдын, бир шопурду оной соттотуп жиберип эркин жашап жатасын, Аргенге жадагалса энелик мээриминди тогууну ойлободун,- деп тике мандайынан келди. — Ооба, ошондой. — Табан канып, апамды жалгыз таштап басып кеттин. — Эмне кылышым керек эле? -«СЕЗИМ СЕРЕСИ»

Озундун кылган ишинди туура деп ойлойсунбу? — Билбейм,- Жузун буруп кетти. — Эртен сени кое беремин, тейтендеп эки жакка жугуруп милицияга барсан жаныласын, артындан куну-туну кайтаруучулар болот, азыр мына бул кагазга арыз жазасын, кайсы жылдан бери Бектурсун м.н ойногонунду, Нурматтын олумуно менин азыркы куйоом Бектурсун Доолоталиевич куноолуу деп. — Жазбайм,мен куноолуу экенин коргон эмесмин. — Жазбасан карангы ордо тируулой чирийсин. — Эмне кылсан ошол кыл! — Ошончолук ойношунду катуу суйосунбу? — Ойношум эмес, куйоом! — Ошондойбу? — Жаакка чаап жиберди. — Олтуруп сал! — Оной эле олгун келип калдыбы? — Кыйнасан да кайылмын. — Ушунчалык кок экенинди алты жыл жашап билбептирмин. — Биле элегин дагы коп. — Болуптур,сени м.н суйлошууго болбойт экен,- Шамбет чыгып кетти, ага дагы тамак алып кирип тапанча кармап турду, Кундуз суюктуктан гана жутуп тамагын ичпеди. Ошондон он кун откондон кийин Шамбет айылга келсе Кундузду жоктоп ата-энеси урпойуп отурган экен, алар Шамбетти коруп эле: — Балам, бул сенин кылган ишинби? — деди атасы Карабек. — Кандайча? — Сенин кегин бар эмеспи. — Жо-ок, менин алар м.н ишим жок. — Эмне болду, жыйырма кун болуп калды… — Бир жакка кетишкендир? — Кетсе келишер эле, бир нерсе болгон го?- Шааркан коз жашын сыгып алды. — Кейибениздер, келип калаар, — деп Шамбет Аргенди ээрчитип уйуно кетип калды.Козундо кектин оту куйот, курган кыз жанылып калды, эми эмне болот,уй эмеректерин алып кетишиптир, эми эмне болоор экен? — деди Карабек. — Эми кандай болот? — Шааркан айласы кете куйоосун карады, — Милицияга берсек кантет ыя? — Эмне деп, далилин болбосо кандай кылып бересин, мунун артында канча адамдар бар дейсин, тутанбай турган отко май куйбай тынч туралы, — дешип кызынын ал-абалын биле албай сары санаага батып жатышты. Арадан бир ай откондон кийин Бектурсундун соогу ээн жерден табылды, андан он кундон кийин Кундузду тил оозу жок уйунун жаныдан табышты. Ооруканага жаткырып озуно келгенче Шааркан карап жатты. Ал суйлогон жок, атайын жалдырап жата берчу болду, тергоочу м.н милициялар келип сураганы м.н эч нерсе айтпады. < Билбейм,> — дегенден башка соз чыкпады андан. Анткени Бектурсунду олтургон сон журогу тушуп калган,омур бою журогуно катып, бир кездеги куноосунун отоосу учун жашырып отууну ойлоду. Шамбет эч нерсе болбогондой уйундо журот, анын уйуно баягы уйдун эмерегин тундоп алып келишти. Уйунун алдына эки кабат уй тургузду, Эмма кошо келген, коп отпой ага нике кыйдырып аялдыкка алды, Эмма ага кубанды, улуу деп жээрибеди. Жаш жигитке турмушка чыккандай эргип, эки бети албыра бактылуу болуп Шамбеттин тошуно башын жолоп: — Бактыма бир жолуккан пенде болдун, — деди коздорун кулмундото. — Бактылуусунбу, Эмма? — Абдан бактылуумун. — Улуу деп чанбайсынбы? — Жок-жок, чанбай калайын, териме батпай турганымды сезчи, карачы журогумдун ээлиге согуп турганын, — деп Шамбеттин колун кокурогуно алып барды. — Эркем, сен бактылуу болсон болду,- деп бооруна кысып жузунон суйду. — Бактылуумун Шаке. — Мен дагы, озумдон жарым жаш кичуу келинге баш кошконума кубанычтамын, — деп Шамбет сыртка чыкты. Ал Кундуз ооруканада жатаканын угуп атайын шаарга жоноду, ал келгенде Кундуз тамак ичип отурган,колунан кашык тушуп кетти. — Кундуз, акыбал кандай?- деди Шамбет аста. — Жакшы… — Куйоондун олгонун угуп конул айтып, сенин ал-акбалынды коройун дегем. — Рахмат, — Колдору калчылдап турду. — Жакшы болуп кет,- деди да кайра артына бурулду. Шааркан кызынын калчылдагын коруп ичинен сызып калды: < Бир нерсе бар,булар бир нерсени жашырып жатат,>- деген ойдо: — Кундуз, Шамбетти коргондо анча эмне корктун? — деди Шамбет чыгып кеткенден кийин. — Апа,менден эч нерсе сурабачы,анын алдында куноолуу экенимди билбейсинби? — Ыйлап ийди Кундуз,- Экинчи менден эчтеке сураба! — Мейли кызым, жаштыгын жамандыгын, озунду-озун кем кылдын, чырактай балан туруп эринди жазгырдын, жазгырып эле тим болбой каматып жаман кунду салдын башына. — Тагдырым ушул болду, уч балам жетим калды, болгон байлыгын таштабай катып кетти, устубуздо уйубуздон башка эчтеке калбады, болгону бир аз оокат калды… — Кундуз улутуна керебет- ке жатты, — Омур бою ичиме катып отчу арман калды ичимде апа! — Болду балам, эми башындын амандыгыны кубаналы. — Ушундан коро ошол баш кесерлердин колунан олсом болот эле… — Ок, олбой кал кызым, откон отту. — Менин журогумдогу азап омурум откончо эзип отот го, — Кундуз козун жумуп жатып калды, эненин журогу сыздап эчтеке дей албады, сыртка чыгып ажатканага кирип ыйлап алды, бирок ал кызынын ички сырына эч кандай аралжы боло алмак эмес. Шамбетти канчалык пендечилик ою м.н жек коруп кеткени м.н кызынын кылыгына элдин баары кеп кылып бир кезде наала кылганда Карабек экоо тен эшикке чыга албай калганын эстеп ага эчтеке дей алмак эмес эле… Арген куз келгенде мектепке бара баштады, анын кийим-кечесин жууп Эмма карап турат, экоо ынак, бир туугандай, бирге отуруп тамактанышат, Шамбет кээде эки-уч кундоп жоголуп кетет, сырдуу адамдар тункусун келип кетет,сыр билгизбей оз ишине тын, уйдо тыныраак боло элек, апасына эстелик курдурду, мандайына суротун коюп баалуу таштан койдурду. Эл аныз кылып жатышты. Демейде турмодон чыккан адамдардын кобу жудоп-какап зорго омур кечирип калган учурлар коп кездешет эмеспи, Шамбет жакшы келди, кыйналган туру жок. Анын айланасында кычыраган адамдар пайда болду, баарынын устундо уйу бар, аял алып, экоосу мурунку аялады м.н жашап жатышкан. Алар ар убак Шамбет м.н кездешип турушат, кадимкидей уйбулолору м.н катышып турушат. Арген мектепти бутуп, эки жылдан кийин жогорку окуу жайына тапшырып окуп калды, ал бир куну сабактан чыгып келе жатып аудиториянын эшигинде турган кызды коруп басып кете албады: — Чон кыз,бироону кутуп турасызбы? — Ооба,- деп кыз жактырбагандай тур корсоткону м.н келишимдуу зынкыйган жигитти сыдыра карап койду. — Ушул жерде окуйсузбу? — Жок,ишим бар. — Деги кайда окуйсуз,сулуу кыз? — Унверситетте. — Кайсы? — Кыргыз-тил адабияты боюнча мугалим болом. А-аа озунузчу? — Адвокат болом го. — Жакшы. — Таанышып алалы, менин атым Арген, — Арген колун сунду. — Насыйкат. — Ушундай ат да болбобу?- Арген кулуп койду.- Эмнеге болбойт экен, Насыйкат деген уламыштагы кууну билесизби? — Укканым бар. — Эмесе менин кутконум келди,- деди да чыгып келе жаткан кызды карады. — Жакшы экен,бирге бассак болобу,кыздар? — Насыйкат, сен эмне дейсин? — Каалагандай болсун. — Рахмат, кыздар,- Арген жылмая кыздар м.н бирге басты. — Аа-а кечиресиз, менин атым Арген. — Мен Гулбумун,- Гулбу оштоно куло карап ортого тушту. — Силер мурун тааныш болсонор керек, ушундайбы курбум? — Азыр гана тааныштык. — Ошондойбу, улгургон экенсинер да. — Ооба, кээде кутулбогон окуялар болуп откон сыяктуу,- Насыйкат экооно тен карабай алдын карап баратып суйлоду. — Табышмактуу кыз экенсин, — Арген Насыйкатка карады. — Деги эле адамдын ичин билип болбойт эмеспи, баарынан адамдын сырдуу болгону жакшы… — Кошулам, бирок адамдар баары биз ойлогондой эмес да. — Туура, эмесе конулунуз калбасын, биз кетишибиз керек, — деди Насыйкат, — Гулбу, кеттикпи? — Албетте кеттик, Арген, корушкончо. — Корушкончо, — деп Арген аларды карап кала берди. — Кычыраган жигит экен,- деп Гулбу Насыйкатка карады,- Кайда окуйт экен? — Юридикалык факультетте. — Оо, келечекте акыйкат издеген адил адам болот тура. — Ошондой. — Мага жагып калды. — Ким корунгон эле жага береби сага? — Кимди жактырдым эле, койчу ушундайынды. — Гулжигитти деле ушинтпедин беле, Азаматчы, Айтемирчи? — Ой аларды жактырбай эле мактап койбодум беле? — Таарына тултун этти,- Озун жактырып калсан тийишпейм. — Кайдагыны айтпачы, эркек болсо эле коз сала бере тургандардан эмесмин. — Анда Аргенди мен чаап алайын. — Чапмак турсун байлап ал,- Экоо тен кулуп калды. — Мени эмес,сени жактырып калсачы? — Бир коруп жактырганга ишенбейм. — А мен ишенем, — Эки курбу аялдамада унаа кутуп отуруп уйлоруно кетишти. Арген жатаканасына келсе эч ким жок экен, кыязы тушку тамакка кеткен окшойт, чечинип алып ашканага тушту, тамагын ичип алып болмодо китеп окуп отуруп китебинин ичинен открытка таап алды, карап корсо суйуу жонундо жазылган экен: < Арген, мен сени суйом, сен мени карабайсын билем, бирок мен сени туболук суйуп отом, билесинби сени суйгонумдон улам окууга дагы конулум келбей ооруп калдым, оорума сенин гана суйуун даба болоорун унутпа! Сырдуу кыз>,- деп коюптур. — Кызык, ким болду экен? — деп отурганды бирге жашаган балдар кирип келип оз-оз ордуларына отуруп калышты. — Эрмек, Айтурган кандай кыз деп ойлойсун?- деди Асек деген. — Сенчи, сенин оюнча кандай кыз?- Эрмек кайра озуно суроо узатты. — Мага бир жери жакпайт, болбосо… — Кай жери? — Коп кулот. — Кулсо эмне, кулкусу озуно жарашкан кыз. — Ошондойбу? — Ооба,ал кулгондо карап тура бергим келет. — Сен аны суйуп калган жоксунбу? — Сенден отуно албайм, досумсун да. — Арген, сенин кызын барбы?- деди Эрмек. — Жок, эмитен кызды эмне кылам, окууга жолтоо болот.- Ой ат-та, студенттик куракты ойдогудай кыз суйуп откоргон жакшы эмеспи? — Эрмек м.н Аскет кулуп калды,- Эн сонун курак ушул курак да. — Ооба, бирок мен учун эмес. — Сен эмне доор сургун келбейби, жаштык курак бир келип кетет го? — Оз учуру бар,- деп Арген китептен козун албай отуруп алды, коз алдынан бирге окуган кыздарды, жатаканадагы кыздарды откоруп жатты ал: < Эмнеге кыздар оздорун женил баа кылышат, мен кандайча озум корбогон кызды суйушум керек, деги ал кайсы кыз, мен аны неге суйушум керек>,- деп ойлонуп отурганда Эрмек тийишип калды: — Арген, сен бироону суйуп калгансын го? — Эмнеге? — Ойлуусун. — Сабак окуп жатам, бугун китепканага барбадым. — Неге барган жоксун? — Жон эле. — Кой, бир аз сейилге чыгып кыздарга барып келели,- дешип Эрмек м.н Асек чыгып кетишти. — Жолунар болсун,- деп койду Арген: < Кызык,мага суйуу деген ыйык сезим келе элек окшойт, кыздарга таптакыр эле конулум жок, а бул кайсы кыз болду экен>,- деп негедир коргусу келди. Бирок кантип? Сабагына конулу келбей сыртка чыкты, эки жакты карап эки-экиден суйлошуп турган кыздарга конулун бурду, алар дагы Аргендин оюн окуп койгондой жал-жал карап шынк-шынк кулуп коюп жатышты. Андан ары барып кыз-жигиттердин кучакташып турганын корду, алар бири-бирине кыналышып суйуунун рахатына батып кыздын наздуу кулкусу чыгат, жигит кулкулуу соз айтып жаткандай. Арген эч нерсеге конулу келбей басып журду. Асылжан м.н Гулмира алдынан чыкты, экоо тен унверситетте окуучу. — Арген кайда жонодун?- деди Гулмира. — Эч жакка. — Бош болснн парк жакка басып келбейлиби? — деди Асылжан. — Конул жок. — Неге, качан болсо жалгыздап журосун да. — Мунозум ушул. — Суйгон кызын барбы Арген? — деди Гулмира кылгыра. — Эрте, эмне кылам эмитен. — Жаштыктын кызык учурун кыз суйуп, кыз жандабай откоруп ийгенин кантип болсун. — Али жакшылык алдыда, жаштыктын озунун убагы бар да. — Мейли, кыскасы биз м.н бакка барбайт экенсин да. — Ийи.. — Жарайт, озун м.н озун боло бер,- деп эки кыз ары басып кетишти. Арген Гулмиранын артынан карап койду: < Жакшы кыз, сулуу дагы>, — деп ойлонуп койду. Туш келди басып журуп кечинде кирди, китебина ачса эле открытка корунуп ойлору чачкын болуп дагы эчтекеге конулу келбей жатып алды, кечки тамакка дагы барган жок. Чогуу жашаган балдар кеч келип кулуп суйлошуп жатып Аргендин чогункусун байкашты: — Арген,сен кыз суйуп калган жоксунбу?- деди Эрмек… — Жок, эмитен кыз суйуп башыма азап уйуп отурамбы? — Ой ат-ат, кыз суйгон азап деп ким айтты сага, жыргалдын жыргалы суйуу даамын таттуу эмеспи, коп нерседен куруу каласын, минтип журсон. — Силер тата бергиле. — Озун бил, кыздардан откон жыргал жок, конулунду эргитет, омурду жашартат суйуу деген, оз акылын озундо,- деп кайрадан оздорунчо болуп калышты. — Айтурган мага абдан жагат Эрмек, сен кандай дейсин, ага мен жагамбы? — деп Асек Эрмекти карады. — Жагасын, бирок сен ага ачык айтышын керек. — Кантип, азырынча чочутпаш керек. — Чочутканда эмне, кайра суйунбойбу, кыздардын сырын билбейт экенсин, алар жигиттин суйом дегенин угууга эрте киришет кыздар, эртен жакшы коргон гулун сура, анан гул которуп барып суйуунду айт. — Ой айталбайм го? — Кыз алдында мокок болбо досум, эгер сырынды эмитен билгизип койсон болбойт, — деди Эрмек баарын билгендей бакылдап жатты, — Менин Гулсарама суйоорумду айтканда кандай абалда калганын билесинби? — Кандай болду эле? — Соз суйлой албай мени жалжылдай карап, чын элеби, чын айтасынбы? — деп бир топко карап эси ооп калды. — Кызык, ошончолук сурдуу болот экен да?- Асек Эрмекти далдая карады. — Кыздарга жакшы мамиле гана жагат, кооз создорду айтсан кыялданып сенин козунду карашат, эч нерсенин козуно карабай сени кудайындай корушот, ошентип алданып калганын сезбей дагы калат,-деп Эрмек мактанып кирди,- Мен эки кызды суйом, — деп айтып алар калды, эми Гулсадага дагы суйом деп койсом кундо кардымды тойгозуп чонтогум жукарганда багып жатпайбы. — Сен анда Гулсараны деле суйбойт экенсин да. — Уйлонгончо далай кыздар калат да дос. — Мен Айтурганды алдабайм, чын суйоорумду, эч кимге алмашпасымды ага айтуум керек, — Асек ойлонуп калды, — Же кат жазып сумкасына салып койсомбу? — Тике эле озуно айтканын дурус, кыздын журогу назик келет. — Эртен созсуз айтам. — Во, эми онолдун, — деп Эрмек колдоп койду. — Болду, эс алалы, эртен окууга барыш керек. — Жарайсын, соз камдап ал, андан сурдоп озунду билбей калба,- Эрмек каткырып алды,- Эх кыздар — кыздар, кандай гана ишенчээк дагы, ак конул назик жандар, мен кыздардын талуу жерин билем да. — Сен кыздарды кол жоолукча алмаштырып журсон сабакка кантип жетишесин?- деп сурады Арген баш которо. — Баарына жетишем,-деп койду Эрмек арсалактай. — Билгенинди кыл,бирок кыздарды ыйлатканын болбойт. — Ыйлап басылат да башкасын таап алат. — Кыскасы озуно сак бол, чыныгы суйууго кабылган кезде кыздардын ишенимин кетирип алганын озуно жаман болот, — деп Арген ары карап жатып алды, жарыкты очуруп жатып калышты. Эртеси ал окуу жайдын алдынан Насыйкатты дагы корду, бул жолу кыз озу жайдары учрашты. — Силерге кундо жолукмак болдум, бул жерде иштерим бар,- деди ал. — Кандай иш? — Мен бул жакта окуучумун,анан которулууга туура келди… — Бул жерде окуганында жакшы болмок экен. — Неге? — Насыйкат Аргенди карады,- Эмнеге андай деп ойлойсуз? — Кундо корушуп турмак экенбиз, Гулбуну кутуп жатасынбы? — Жо-ок,бугун ага келбедим, ишим бар. — Бутубу анан? — Ооба, кеткени жатканмын. — Бир аз баспайлыбы? — Макул, озум дагы зеригип тургам,- деди Насыйкат жылмая. — Кеттик,- деп Арген кызды колдон алды,- Журу,отуруп суйлошолу. — Колумду кое берчи, катуу кармап алдын, дегенде гана бекем кармап алганын сезип кулуп жиберди. — Кечирип койчу, Насыйкат. — Эчтеке эмес,- Экоо отуруп алып суйлошконго киришти. — Кайдан болосун, Насыйкат? — Жети-Огуздон. — Канча бир туугансынар? — Жети, эн кичуусумун. — Сен окуган жерди коруп алайын, бош убакта барып турам. — Макул, сен озун кайдан болосун? — Мен шаардын четинен болом, озум жалгызмын. — Аа-а, башка торогон эмеспи апан? — Ал башка куйоого тийип кеткен. — Аа-ай, атан кийин уйлонгон эмеспи? — Жакында инилуу болдум. — Оо жакшы экен анда, азыркы апан жакшыбы? — Ооба, мен жакшы кором, инимди дагы. — Мен кичикий баланы жакшы кором, эжемдин баласын которуп журо берем, ал мени жакшы корот,- деп Насыйкат кубанычтуу суйлоп жатты. — Насыйкат, жигитин барбы? — Жок, эмнеге сурадын? — Деги да. — Мен эч ким м.н суйлошпойм. — Аа-а, суйуп кордун беле? — Жо-ок, суйгон эмесмин, али эрте деп ойлойм. — Мен дагы ошондой деп ойлойм, себеби окууну бутуп жумушка орношуп анан деле суйууго жетишебиз деп ойлойм. — Мен ойлогон ойду ойлонот экенсин, азыр эртелик кылат. — Азамат, жашоодо баарына жетишебиз. — Макул,мен барайын, уйдогулор кутуп калышат, — Насыйкат ордунан турду. — Жакшы кал, корушкончо, — Жылмайып койду эле Арген аны м.н катар басты. — Эртен келесинби бул жакка? — Ооба. — Анда эртен баралы ээ, сен окуган окуу жайга. — Макул, кеттим анда. — Жакшы бар, эртенге чейин,- деди да Арген оз жолуна тушту, негедир бул жолу конулу эргий ырахаттанып алды: < Насыйкат жакшы кыз, биз бири-бирибизди жон гана жактырабыз, сыйлашабыз ошентип биз суйуубузду бышырабыз, ага чейин окуубузду бутуп иштегенге жетишебиз> , — деп ойлонуп алып уйун коздой жоноду. Келе жатып жолдон Гулмирага жолугуп калды. — Кандай Арген? — Жакшы. — Арген… — Эмне болду? — Аа-а эчтеке эмес… — Эмне созун бар эле?- деди да: < Кат жазган ушул болуп журбосун, катип эле озу кат жазсын, бул эмес болушу керек>,- деп ойлонуп ийди. — Арген сага бир кыз ашык болуп калыптыр. — Ким экен ал? — Атын айта албайм, бирок мына бул жерде жашайт. — Окуйбу? — Ооба, медик болот. — Суйуусун кантип кыздар озу айтсын. — Кээде боло берет, ажыр жыйырма биринчи кылым эмеспи. — Ошондо да кыргыздын кызы андай болушу мумкун эмес. — Азыр тен заман да, ар ким оз оюн ачык айтууга акысы бар. — Болуптур, озунор билгиле, а мен суйууго убактым жок,- деди да Арген жатаканага кирип кетт, Гулмира ундобой карап калды: < Эми дагы кат жазса балдарга, кыздарга корсотомун да кол жазманы табам>,- деп ойлонуп алды. Ошонун эртеси Шамбет келди, ал Аргенди уйуно алып барып: — Уулум, сен жатаканада турбай эле кой, сени бир болмо уйго алып барам, анан сенин машинан болот,-деди. — Чынбы? — Арген кубанып кетти, — Кандай машина,ата? — Эртен базар, машина карайбыз, жактырган машинанды аласын,- деп кулмунсурой уулун эркелете карады. — Рахмат, ата. — Али эрте, уулум. — Ата, апама жолуксам болобу? — Неге, сен аны билесинби? — Билем, уйун деле билем ата, каршы болбойсунбу? — Жок уулум, апана жолугушуна каршы болбойм, каалаган убакта барсан болот, сен апандын дагы, менин дагы уулумсун, он сегизге чыктын, озун чечесин. — Рахмат ата, машина алганда барайынбы? — Макул. — Мен ага мактанам ата, эч качан мага келген эмес, таятамдарга учрашып кана келчу,- Арген ойлуу атасына карады. — Эгерде сиз келбесениз айылда журмокмун, окумак эмесмин, апам мени бир дагы жолу жакшы коргон эмес. Куйоосунон отуно албаганын билчумун, — деп Арген ултунуп алды. — Турмуш ошондой уулум, анын жашоосу ошол болгондур, андан корккондур. — Коркуп оз баласын кечип коебу, ата? — Ошондой учурлар болот, бала ата-энеси жонундо билбей туруп куноолобош керек кечиришин керек апанды, кандай болсо дагы апан, ал сени торогон уулум. — Болуптур ата, апамды кечирем, -деп Арген жер карап калды. Эмма аларга тамак алып келди, уулу талпынып калган, аты Арсен, Арген абдан жакшы корот. — Арсен уктап жатабы? — деди Шамбет Эммага карап. — Ооба, уктап калды, кундуз колду кармайт, тынчы жок таптакыр, сенин кийимдеринди жууй албай калдым. — Мейли, которгонго кийим бар, шашпай баланы карай бер. — Арсенди коруп чыгайынчы,- Арген торку болмого кирди. — Эмма, Аргенди уйлонтсок кантет? — Озу уйлоно турган ою барбы? — Билбейм, сурап коройун, ушундайда уйлонгону жакшы эле. — Суйлошуп кор, али экинчи эле курс го, бир-эки жыл турсак болот го? — Озу эмне дээр экен, сурап королу ээ? — Ата, Арсен чоноюп калган тура, — деп Арген кулуп келип калды. — Сага окшош бекен? — Аябай окшошуп калыптыр. — Арген, отурчу балам суйлошолу. — Эмнени ата? — Отур, мен сага бир нерсени айтам, — деп Шамбет Эмманы карады. — Угуп жатам, айта бериниз. — Сени уйлонтолу деп жатабыз. — Эмне-е? — Арген козун алайта карады. — Суйлошкон кызын барбы? — Ата, азыр эрте го, мен окуумду бутушум керек. — Буто бересин, уйлонуп алышын керек. — Ата, азыр уйлонбойм, — деп Арген атасында дулдуя карады, — Адегенде окуп алайын, андан кийин жумушка орношуш керек, анан коробуз, — деп туруп кетти. Шамбет м.н Эмма бири-бирин карап тим болушту. Эртеси машина базарга барышып машина тандап тушко жакын Ауди-100ду жактырып ээси м.н суйлошуп бат эле маакулдашып, ээси аны каттоодон откоруп бермек болуп анан уйуно келди, Арген озу айдаганды билет, права алып берип бир жумадан кийин шаарга айдап келди, адегенде автожайга коюп сабакка кирди, андан кайра жатаканага барып Эрмек м.н Асекти салып алды да ойноп журушту. — Арген, машинанды коруп кыздар сени талашат эми, бай балдарга кыздар атайын тузак коюшат,- деди Эрмек. — Мен кыздарга оюнчук эмесмин. — Коросун го, сени айланчыктай башташат. — Силердин кызынар келбесе болду, башкасын короормун. — Биздин кыздар го келбейт, башка кыздар сага ашык боло башташат, коросун го? — Асек кымындай куло карады,- Андан коро сак бол, кыздардын торуна тушсон чыга албайсын, суйбогонунду ошондо кором, кыздар ошондой сыйкырдуу жандар болушат, назиктигин айт чиркин. — Сен жуз жылдар жашагандай суйлойсун да, кыздардын андай сыйкырын кайдан билесин?- Арген кылчая карады. — Ээ дос, коп жашаган билбейт, копту коргон билет. — Ошондойбу? — Бул озу кыздарды коргондо жантыгынан жата калат,- Асек созго кошулду. — Кана, кайда баралы? — деп Арген балдарга карады. — Жакшы эс алып келели, кыздарды алып албайлыбы? — Бугун кыздарды салбайбыз, озубузчо эле ойноп келебиз. — Жарайт, бир куну жакшы вечеринка уюштурабыз. — Анда жон эле жолдордун эрежеси м.н таанышалы, сен жакшы айдайсынбы? — Атам уйроткон. — Сак бол, демек оз алдынча бугун гана айдап жаткансын го? — Ооба, оз алдымча биринчи жолу. — Анда этият бололу, эрежелерди жакшы уйронгончо жолдо журобуз, — деп кулуп калышты, анан учоо ар бир кочону айланып журуп кеч келишти, алар каткырып кулуп жатаканага жеткенден кийин кийимдедин жыйнап алды да: — Мен кеттим, балдар, оз уйумдо жашайм,- деди. — Жолун болсун. — Жакшы бар, — деп балдар м.н коштошуп жатканда Асылжан м.н Гулмира, Аруузат деген кыздар жете келди. — Арген, кетип жатасынбы? — Ооба. — Эми окубайсынбы? — Окуйм,болгону жатаканада турбайм. — Оо, крутой экенсин да, уй алып бердиби ата-энендер? — деди Гулмира. — Мурада эле бар болчу, бироолор жашоочу, бошотуп беришти, давай жакшы калгыла. — Жакшы бар, — дешип кол булгалап кала беришти, Арген кубанычында чек жок, ал жолдо баратып апасын ойлоду, эрксиз эле Бектурсундун уйу жакка бурулуп кетип жатты. Кундуз кийинки эки баласы чоноюп калган, кичуусу бешке чыгып бедиреп апасынын жанынан чыкпайт, болгон окуядан кийин Кундуз ата-энесине коп каттабайт, озу м.н озу, коп суйлобой дагы басмырт болуп кеткен. Бектурсундун эжеси анан иниси бар. Айрыкча эжеси Кундузду жаман корчу, уйун бузуп тийди деп коп асылчуу, мурунку аялынан эки кыз, уч уулу бар, алар атасы олгондо огой энесин абдан демитишкен болчу. Бирок Кундуз эчтеке билбесин айтып тим болгон. Арген келген учурда дагы кайнежеси Тумаркан бар эле, ал Кундузга: — Сен жолукканы Бектурсун онбоду, уй-жайын буздун, балдарынан болдун, акыры олтуруп тындын, сен анын кандайча олгонун билесин, кеч эмес эми дагы, сен ачыгын айт, карматып жазасын алгыдай болсун,- деди. — Эже, Бектурсундун кандай иши барын кайдан билем, мени дагы байлыгынар кайда катылган деп олгондон бери кылды, — Кундуз куноолуудой жер карады. — Кандай билбейсин, жок дегенде унун, онун баамдап калгандырсын. — Менин буту-колум байлануу, козум танылуу болду, сыз жерде жаттым, азапты жыйырма эки кун тарттым, Бектурсунду кайда алып кеткенин билбейм, мени эле алып кеткен экен деп ойлогомун, анда акча ондурмок болсо керек дегем. — Тилегин гана каткыр десе, кандай гана акмактар болду экен? — Ким билсин, женемден кийин уктум, уй-мулкту Бектурсун озу жуктоткон тура, анысын кайдан билдим. — Кантейин, киши олтургон кылмышкер жазасыз калабы, тергоочудон билип, сурап жатасынбы? — Сураганда эч иги-жиги жок деп жатпайбы? — Апа,- деп улуу баласы Тургун кирди,- Эшикте бир бала чакырып жатат. — Ким экен? — Билбейм. — Азыр чыгам,- деп кайнежесине карады,- Тергоочу болуп журбосун? — Ким болсо дагы жолугуп кор,- деди Тумаркан башын ийкендетти, — Кылмыш ачылса кана, — Кундуз сыртка чыгып баратып эле Аргенди корду. — Кандайсыз,апа? — Арген умтула берди. — Эмнеге келдин? — Кундуз ушинткенде Арген токтой калды,- Эмнеге келдин, экинчи келбей жур! — деп кирип баратканда: — Апа, мени неге мынчалык жек коросуз, менин не айыбым бар? — деди Арген унун калтырай. — Сени коргум келбейт, бар кете бер! — Апа, мен баары бир сизди жакшы кором. — Бар дейр!- деген Кундуздун башы тегеренип, козу карангылай босогого жолонуп калды. — Апа, ал сизди апа дейт го, ал дагы сенин баланбы? — деп Тургун апасынын жанына келип анын козунун жашы тогулуп тиштенип турганын коруп Аргенди бир апасын бир карап туруп калды, он уч, он торттогу бала бир нерсени сезгендей экоону тушуно албай турганда Тумаркан чыгып калды. — Ким экен ал? — Эч ким, тааныштарын издеп журсо керек,- деп Кундуз коз жашын аарчый кирип кеткенде Арген артына кандай кайрылып машинасына кантип отурганын сезбей калды, буркурап ыйлап жатты, копто барып анан озуно келип машинасын айдап айылды коздой жоноду. Кун- Тууга келгенде кеч болуп калган, таятасынын уйуно кирип келип эле: — Апам мени торогонбу же багып алганбы?- дегенде Карабек м.н Шааркан бири- бирин карап саамга туруп калышты,- Эмнеге мени балам дебейт, менин куноом кайсы, атам м.н ажырашканына мен куноолуумунбу, таята?! — Уулум, отуруп тушундурчу, — деди Карабек. — Келе гой каралдым, бакпай эле озу торогон, ал ооруп журбойбу,- Шааркан тура калып Аргенди кучактап ооп бооруна кысты,- Эненди кечир уулум, аны бир каракчы жыйырма кундой уурдап кетип ошондон кийин ооруп оноло албай журот,балам. — Мен билем, апам мурда келгенде деле мени эч опчу эмес. — Андай эмес, сага кийим-кече алып келип акча таштап кетчу балам, отура гой, андан коро окуун кандай, ошону айтчы садага. — Окуум жакшы,- деп Арген дулдуя таятасынын жанына отурду. — Чай ич балам, азыр тамак бышат. — Тамак ичпейм, кайра кетишим керек. — Ботом бышып калды, эт м.н май сузмо салып берейин, — деп Шааркан ойдо туруп баратканда: — Таене убара болбонуз, мен апамдын уйуно барсам ал кабыл албады, мен ага кубанычымды болушкону, машина алганымды суйунчулойун деп баргам, — деген Арген ыйлап жатты, — Огой балага дагы андай мамиле жасабайт го, мен оз апам деп баргамын, неге мени ошончолук жек корот, айткылачы мага, торолбой жатып кандай куноо кылдым апама? — Олда-а садагам ай, аны уйго чакырып келип айтып тушундуром, — деп Шааркан кайсалактап баштыктарга бирдемелерди салып кирди: — Уулум, машинан кут болсун, журу королучу, атасы кандай жорго алып бергенин,- деп Карабек алаксытмакка тура жоноду. Экоо ээрчише чыкканда Шааркан артынан арча ысырык алып чыкты. — Качан алып берди, балам? — Кечээги базарда. — Кут болсун балам, мына муну корундукко алып ал, — деп Карабек мурдатан камдап алган эки мин сомду колуна карматты. — Таята, тим эле коюнузчу. — Ал балам, керек болот, анан дагы салт деген болот. — Унаан ак жолтой болсун балам, ылайым жорголоп жакшылыкка журуп турсун, озундун жанын бек болуп ылайым аман жур, — Шааркан машинаны ысырыктап жатты, — Ак жолтой болсун. — Рахмат таене, таята сиздерге омур бою карызмын. — Эми кир уйго балам, карангыда уйдон чыкпа. — Атама дагы жолугайын, биякка келгенимди билсе таарынышат го? — Тамак ичип алып бар анда,- деп Карабек м.н Шааркан кетирбей уйго киргизишти, бирок

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE