Пример HTML-страницы

Түптүк С.Алсеитова сүйүктүү жумушун Москвадан тапкан

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районуна караштуу Ой-Тал айылынын 40 жаштагы тургуну Саадат Алсеитова үйүнө чакан наабайкана ачып, кошумча пайда табууда. Өзүнүн жеке кондитердик цехин ачууда алгач кандай кадамдарды жасаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 1981-жылы Ак-Суу районуна караштуу Зындан айылында төрөлүп, өскөм. Атам мектепте мугалим, апам бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенчү. Мектепте 9-классты аяктаган соң, Каракол шаарындагы кесиптик окуу жайдан тикмечи жана чач тарач адистигине ээ болдум. Эмнегедир жумушка болгон шыгым ойгонбой, бул эки кесипте теӊ иштеп кеткен жокмун. 2001-жылы Түптүн Кичи-Ѳрүктү айылына келин болуп бардым. 2010-2011-жылдары жолдошум экөөбүз үй-бүлөлүк киреше табуу максатында Россияга иштегени кеттик. Москвадагы кондитердик фирмада 6 ай эмгектенип жүрдүм. Ал жакта таттуулардын түрүн жасаганды үйрөнүп, кызыгуум артып жатты. Ошентип жан дүйнөмө жакын жумушумду таап, бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүп келем», — деди ал.

С.Алсеитова наабайкана ачардан мурун окуу борборлордон билим алганын айтат.

«Мурун убактымдын басымдуу бөлүгүн балдарыма, бүтпөгөн үй тиричилигине сарптачумун. Убакыт өтүп, балдарым чоңоюп, үйдөгү жумуштарды өздөрү эле аткарып калышты. Мен үйдө бош отуруп калдым. Ушундан улам кондитердик чакан цех ачууну туура көрдүм. Анткени айыл жергесиндеги көпчүлүк аялдар базарда, мектепте, бала бакчада жана башка жумуштарда эмгектенип келишет. Конок тосордо таттууларды буюртма менен алышат.

Өзүмдүн жеке кондитердик цехимди ачардан мурун окуу борборлорго, мастер-класстарга барып, тажрыйба топтодум. Андан соӊ 2021-жылдын февраль айында цехтин ичин оӊдоп-түзөөгө, керектүү жабдууларды сатып алууга долбоор жаздым. Ал адегенде айыл өкмөттөн, андан райондон жактырылып, «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан 3 жылга үстөксүз насыя (имаратты оӊдоп-түзөгө 800 миӊ сом) алдым. Бир ай мурун бул долбоорум жүзөгө ашып, азыр үй-бүлөмдүн жардамы менен наабайкананы иштетип жатам. Бүгүнкү күндө нандын эки түрүн, пряник жана булочканы такай жасап сатуудамын. Буюртма түшүп калса, пирог, торт, чак-чак өӊдүү азыктарды жасап берем.

Жаңы бир жумушту баштоодо алгач адамда каалоо болушу керек. Андан соң ошол каалоону жүзөгө ашыруу максатында кадам жана өзүнө болгон ишеним болушу абзел», — деди ал.

Саадат Алсеитова жолдошу менен 2 уул жана 1 кызды тарбиялоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE