Пример HTML-страницы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын дүйнөгө келиши жана бала чагы

https://kyrgyzcha.site/?p=52698&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам)

дүйнөгө келиши жана бала чагы♥

Жер жүзүн жансыз  караңгылык каптап турган чак.

Адамзат тарыхында зулум, мыкаачылык өкүм сүргөн убак. Көз жашын төгүп ыйлаган көз эмес, рух эле. Көз жашы төгүлгөн кайгыдан аалам кандайдыр бир кутулуш күтүп  турган.

Жер жүзү сүйүнүч, кубаныч жана эркиндиктин булагы болгон жалгыз Алла Таалага ишенүү акыйдасынан алыс калган болчу. Ишенимсиздик, карайлаган адашуудан адамдардын айласы куруп, бир Аллахтын ордуна бир топ жасалма кудайлар көңүлдөрдү ээлеп алган, чыныгы эгесин издеген жандардын үнү кудайга жеткен болчу!

•••••••Караңгы доор•••••••

Бул доордун аты – жахилия, башкача айтканда,  караңгы доор. Бирок илимдин терси болгон караңгылык эмес, ыймандын терси болгон ыймансыздыктын караңгылыгы өкүм сүрүп турган доор эле…

Адамдар, бири-бирин жеген жырткычтардай, мээрим, боорукерликтин ордуна, бузукулуктун, караңгылыктын, зулумдуктун сазына  белчесинен батышкан кез.

Залимдердин зулум камчысы алдында, бей-бечаранын көз-жашы тыйылар түрү жок эле…

Таухид акыйдасы кыйраган ар бир доор караңгылыкка батат. Анткени асмандар менен Жердин нуру болгон Алла Таалага ишенүү адамдардын көңүлдөрүнө орнобосо, адамдардын рухтары жана абийирлери карарып, бузулууга бет алат.

Дин жана динге тиешелүү бардык негиздер кыйраган бул доордо, бир Алла Таалага ишенгендер анча-мынча бар болсо да, өтө аз жана анык багытсыз болгондуктан, эч кимдин көңүлүн өзүнө бурган эмес.

•••••••Жахилияда бутпарастык•••••••

Бутпарастар Каабаны ар кандай буттар менен толтуруп, аларга сыйынып, ошону менен сыймыктанышчу. Айрым сабаттуулары буттарды Аллахка жакындатуучу ортомчу катары кабыл кылышчу. Бир аятта бул абал төмөнкүчө берилген:

«Биз ошол (кудайларыбызга) алар бизди Аллахка ого бетер жакын кылышса деп гана сыйынабыз дешет».

Муну менен, адамдын жаратылышына маанилүү аманат катары берилген кулчулук сезими туура эмес колдонулуп, кыянатка дуушар болгон. Адамдар даракка, ташка, отко-сууга, Күнгө, Айга, жылдыздарга сыйынып калышкан, ал тургай, шире, быштак сыяктуу желе турган нерселерден өз колдору менен жасашкан буттарга сыйынып жүрүп, анан курсактары ачканда аларды жеп салышчу.

Бул тантык ой-пикир менен беймаани түшүнүктү Куран төмөнкүчө баяндап айтат:

«Алар Аллахты коюп, өздөрүнө зыян да, пайда да жеткизе албай турган нерселерге кулчулук кылышат жана: «Ошол нерселер Аллахтын алдында биздин колдоочуларыбыз» дешет. Айткын: «Аллахка асмандардагы жана Жердеги Ал  билбей турган нерселерди  (шериктерди) билдирип коймокчусуңарбы?!» Аллах алардын (бутпарастардын) шериктеринен таза жана жогору турат».

Алар бул акылга сыйгыс пикирлерин жакшы деп  эсептешчү. Эң чоң себеп катары, ата-бабаларыбыз ушундай кылып келген деп айтышар эле:

«(Бутпарастарга): «Аллах түшүргөн өкүмдөргө баш ийгиле»  деп айтылган кезде, алар: «Жок, биз аталарыбызды кандай жолдо тапкан болсок, ошого ээрчийбиз» дешет. Эгерде аталары эч нерсеге акылдары жетпеген, Туура жолду таба алышпаган болушса да ушинтеби?».

••••••• Кыздардын трагедиясы•••••••

Жахилия дооруна тиешелүү дагы бир жамандыкты Курани Карим төмөнкүчө баяндайт:

«Качан алардын бирөөсүнө кыздуу болгону жөнүндө сүйүнчү айтылса, ачууга буулугуп, жүздөрү карарып кетет. Дагы ал (кызды) айласыз кор болуп алып калуу же (тирүүлөй) топуракка көмүү (жөнүндө ойго батып), өзүнө сүйүнчүлөнгөн нерсенин (кыздуу болуунун) «жамандыгынан» (намыс кылып) адамдардан жашырынып алат. Байкагыла, алар (бул кылыктары менен) кандай жаман (туура эмес) өкүм чыгарышат».

Ырас, кыз төрөлсө, ачууланып, түнөрүп, өтө нааразы болуп, уяттан элге көрүнбөй жашынышчу. Ал мындай кабарды угар замат айласын таппай өтө оңтойсуз абалга кабылчу, жашынарга тешик таппай, эки иштин кайсынысын кылсам деп бир чечимге келе албай айласы куручу. Коомчулуктун ичинде кордолууга чыдап, кызды өлтүрбөй тирүү калтырабы, же болбосо намысын «тазалоо» үчүн кызын өлтүрөбү?…

Мына, аялзат жахилия доорунда ушундайча кордолчу жана мындайча кордоо, шылдыңдоо, төмөн даражага түшүрүү жахилия доорундагы арабдарга гана тиешелүү эмес, Рим жана Сасаний империяларында да ушундай абал бар эле. Ошондуктан Ислам дини жалгыз Аравиядагы аялдарга эмес, ааламдагы  бүткүл аялдарга жаңылануу алып келген.

Ырас, алгачкы жолу Куран мындай айбандыкка каршы чыгып, кандай себеп менен болсо дагы балдардын өлтүрүлүшүнө тыюу салган:

«Балдарыңарды кембагалдыктан (коркуп) өлтүрбөгүлө; силерге да, аларга да Биз ырыскы беребиз…».

Алла Таала аларга мындай деп айткан сыяктуу: «Балдарыңарды эмне үчүн өлтүрүп жатасыңар? Силерге да, аларга да ырыскыны Мен беремин. Көрбөй турасыңарбы, жер жүзү даркан дасторкон сымал даярдалып силерге сунулууда. Асман силерге жардамга келүүдө. Булуттарды силер үчүн айдап келип, жамгыр жаадырган, жер бетине көп сандаган өсүмдүктөрдү өстүргөн Менден башка ким болушу мүмкүн? Булардын баарына күбө болуп туруп, кайсы  акыл, кайсы абийир жана кайсы ынсап менен балдарыңарды өлтүрүп жатасыңар? Унутпагыла, мындай залимдер жазасыз калбайт.

Курани Каримдеги: «Тирүүлөй көмүлгөн (ар бир) кыздан кандай күнөө себептүү өлтүрүлгөнү суралганда…» деген маанидеги аят, ошол доордун ырайымсыздыгы тууралуу кабар берүүдө.

Бир күнү бир сахаба Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)га келип, жахилия дооруна тиешелүү бул мыкаачылыкты төмөнкүчө айтып берет: «Оо, Аллахтын элчиси! Биз жахилия доорунда кыздарыбызды тирүүлөй көмчүбүз. Менин да бир кызым бар эле. Апасына «Муну кийиндир, таякесине алпарам» дедим. (Аял мунун эмне экенин билчү. Кызы бир аздан кийин аңгекке ыргытыларын жана анда жан талашып өлөрүн билсе да, анын бул жапайылыкка каршы чыкканга акысы жок болчу. Ыйлап-ыйлап басылмак). Аялым айтканымды аткарды. Кызым, чынында эле таякесиникине баратам деп ойлоп, кубанып ары-бери чуркап атты. Аны колунан жетелеп, мурдатан казып даярдап койгон бир аңгектин жанына алып келдим. Ага: «Аңгекти карасаң»,- дедим. Эми эле ылдый карап жатканда, аны бир тээп, аңгекке түшүрүп жибердим. Бирок бир колу менен аңгектин жээгин кармап асылып калды, бир жактан жанталашып жатат, бир жактан: «Атаке, үстүң булганып калды», — деп кийимимди тазалаганга аракеттенип жатты. Мен буга карабастан, аны дагы бир жолу тээп, тирүүлөй топуракка көөмп салдым».

Сахаба муну айтып жатканда Аллахтын элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) жана жанындагылар эчкире-эчкире ыйлап жатышты.  Бирөө: «Сен Аллахтын элчисин эмнеге капалантып атасың?», — дегенде, пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам): «Дагы бир жолу айтчы»,- дейт. Ал киши окуяны дагы бир жолу айтып берет. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын көздөрүнөн сызылган жаштары куттуу сакалынан ылдый агып жатты. Аллахтын элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) окуяны кайра айттыруу менен төмөнкү нерсени айткысы келип турду: «Мына, силер Исламдан мурун ушундай болчусуңар! Кайра-кайра айттыруу менен Исламдын силерге берген адамгерчилигин дагы бир жолу эстетейин дедим!».

♥♥♥♥♥♥♥Ошол учур♥♥♥♥♥♥♥

Мынакей, дүйнөгө ошол улуу зат келе жаткан эле!

Дүйнөнүн түшүнүк, ой-жүгүртүү жолун өзү менен бирге алып келген нур аркылуу өзгөртүүчү теңдешсиз инсан, Аллахтын соңку элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) келе жаткан эле.

Жиндер жана инсандарга түбөлүк бакыт жолун көрсөтүүчү азирети Мухаммед (саллаллооху алайхи ва саллам) келе жаткан эле…

Биздин замандын 571-жылы, 20-апрелде, «Пил окуясынан» 50-55 күндөн кийин, ай календары боюнча Рабиул-аввал айынын 12-түнү, жуманын биринчи күнү, таң агарып келе жатканда Меккеде жөнөкөй бир үйдө аалам мырзасы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллооху алайхи ва саллам) дүйнөгө келди.

Ушул учурдан тарта бүткүл аалам кайгы-капаларын унутуп, ченемсиз кубанычка бөлөндү. Каран түндөр заматта нурга бөлөнгөндөй болду. Бүткүл аалам бир ооздон:

Ай-Күндөн ажар талашкан,

Арбалды нурга жер-асман! — деп жарсалып жаткан эле…

♥♥♥♥♥♥♥Апасынын сөзү боюнча♥♥♥♥♥♥♥

Жер жүзүндө башка эч бир энеге насип болбогон теңдешсиз сый-урматка арзыган Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын апасы  ал окуяны мындайча баяндайт:

«Боюма бүткөнү алты ай болуп калганда, түшүмдө алдыман бир адам чыгып: «Эй, Амина, билесиңби, боюңда ааламдардын мырзасы бар. Төрөгөндөн кийин ысмын Мухаммед кой жана муну эч кимге айтпа!», — деди.

Ошол убакыт да келди. Кайнатам Абдулмутталиб Каабага таваф кылууга кеткен эле. Үйдө болчумун. Бир убакта кулагыма укмуштуудай бир үн угулду. Көргөнүмдө денемди муздак тер басты. Бир аппак куш учуп жаныма келип, канаты менен аркамды сылады. Мен андан корккон жокмун.

Карасам, бир ак кесе толо шербет турат. Кесени алып ичип бүтөрүм менен мени кандайдыр нур каптады. Ошону менен Мухаммед дүйнөгө келди».

Бактылуу ЭНЕ Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) туулгандан кийинки болгон окуяны мындайча айтып берет: «Көзүм көргөнү Батышта бир байрак, Чыгышта бир байрак жана Каабада бир байрак. Төрөт аяктаган эле. Ымыркайга караганымда, ал саждада, колдорун көккө жайып тургандай, ошол убакта бир ак булут түшүп, баланы каптагандай болду.

Кандайдыр бир үн угулду: «Чыгыш-Батышты кыдырткыла, дайраларды кездиргиле. Жан-жаныбарлар Мухаммеддин аты менен, заты менен, сыпаты менен таанышсын!».

Бир аздан кийин булуттар көздөн кайым болуп кетти.

♥♥♥♥♥♥♥ Шифа жана Фатима айымдын көргөндөрү♥♥♥♥♥♥♥

Ааламдардын мырзасы (саллаллооху алайхи ва саллам) дүйнөгө келгенде, бактылуу энесинин жанында Абдурахман бин Ауфтун энеси Шифа айым менен Усман бин Абул-Астын энеси Фатима айым дагы бар болчу.

Төрөткө жардам берген Шифа айым мындай дейт:

«Аллахтын элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) туулган убакта, мен да ошол жерде болчумун. Кулагыма: «Аллахтын ыраазычылыгы анын үстүнө болсун!» деген үн угулду.  Күнбатыш менен күнчыгыш арасы нурга толуп, алыскы Рим улуктарынын кээ бир сарайларын көрдүм. Андан кийин Аллахтын элчисин (саллаллооху алайхи ва саллам) кучагыма алып, эмизе баштадым. Өзүмдү адаттагыдан башкача сезип, денем титирей баштады жана көзүм караңгылап кетти. Баланын көздөн кайым болгонун гана сездим. Бир үн: «Кайда кетти?», — деп сурады. «Чыгышка алып кетишти» деген жооп келди.

Бул сөздөр эч эсимден чыккан жок. Аллахтын элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) өзүнүн пайгамбарлыгын жарыялаган кезде, жетип келип, биринчи мусулмандар менен чогуу ыйман келтирдим».

Фатима айым ошол ыйык түндө, төрөт болгон үйдүн ичи нурга толгондугун жана көктөгү жылдыздардын үйдүн үстүнө түшө тургансып, өтө жакын келгендигин айткан.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) дагы бир касиети — дүйнөгө сүннөткө отургузулган абалда жана киндигинин кесилип түшүшү болуп эсептелет. Далысынын ортосунда, так жүрөк тушунда пайгамбарлык мөөр белгиси бар эле. Ал мөөр кызыл түстүү, көлөмү кекиликтин жумурткасындай эле. Бул мөөр узак мезгилдерден бери адамзат күтүп жүргөн эң акыркы пайгамбардын касиеттүү белгиси болчу.

Сахабалардан Саиб бин Язид бала кезинде пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын далысынын ортосундагы пайгамбарлык мөөрүн өз көзү менен көргөнүн баяндайт.

Азирети Али да пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын дене түзүлүшү жөнүндө баяндап келип: «Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) кең далылуу эле, акыркы пайгамбар болгонунун белгиси катары, далысынын ортосунда пайгамбарлык мөөрү бар эле» дейт.

♥♥♥♥♥♥♥Абдулмутталибге жеткирилген сүйүнчү♥♥♥♥♥♥♥

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын дүйнөгө келген учурунда чоң атасы Абдулмутталиб Каабага жакын жерде курайштын улуктары менен сүйлөшүп олтурган. Ага сүйүнчү кабар жеткизилгенде, Абдулмутталиб абдан сүйүнүп, бир заматта нурдуу небересинин жанына жетип келди.  Кучактап, өөп-жыттады. Андан кийин уулу Абу Талибге тапшырып жатып: «Бул бала сага Аллах тарабынан берилген аманат. Бул баламдын атак-даңкы чексиз болот», — деди.

Абдулмутталиб бул кубанычтуу ишти жөн калтырбай, ааламдардын мырзасы төрөлүп жети күн өткөн соң, төөлөрдү, малдарды сойдуруп, Мекке калкына үч күн сый тамак берди.

♥♥♥♥♥♥♥Балага ат коюлду:  Мухаммед♥♥♥♥♥♥♥

Атайын сый тамактардан кийин балага кандай ат коюлсун деп чоң атасынан сурашат. Ал мындайча жооп берет:

— Мухаммед.

— Эмне үчүн ата-бабаларыңын биринин атын койбостон, ушул ысымды койдуң? — деп сурашканда:

— Аллах жана адамдар аны даңазалашы үчүн, — деп жооп берди. (Мухаммед – абдан даңкталган, даңазаланган, макталган деген мааниге келет).

Чынында, ааламдардын мырзасы болгон пайгамбарыбыз (саллаллооху алайзи ва саллам) Алла Тааланын, адамдардын жана периштелердин теңдешсиз мактоо-даңазаларына арзыган дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз инсан. Анткени ал мындай даңазалоого, кадыр-баркка жана сый-урматка татыктуу эле. Бул мактоолор менен сүйүүгө ал теңдешсиз ыйманы, илими, ибадаты, ыкыласы, такыбалыгы, жана эң көркөм адеп-ахлагы аркылуу ээ болгон. Ошондуктан анын сыйлуу, даңазалуу бийиктигине бул дүйнөдө эч ким жете алган эмес, жете да албайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE