Пример HTML-страницы

Ошто милиция кызматкерлеринин апалары «Мээримдүү айым» медалы менен сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-июлда Ош облустук ички иштер башкармалыгында «Мээримдүү айым» медалын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, башкармалыктын жумушчу күнү мамлекеттик тууну көтөрүү аземи жана бир жума аралыгында облус аймагында орун алган окуяларды өздүк курамга жеткирүү менен башталды. Андан кийин кыргыз милициясынын өсүп-өнүгүшүнө, коопсуздуктун сакталышына жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кошкон салымы үчүн башкармалыкта эмгектенген кызматкерлердин энелерине ИИМдин ардагерлер кеңешинин протоколунун чечими менен «Мээримдүү айым» медалы тапшырылды.

Ошондой эле ардагер Абдулла Нурмаматовду 70 жаш куракка толгонуна байланыштуу ИИМдин «Ардак» медалы менен башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков сыйлады. Ал сыйлык ээлерин куттуктады.

Өз кезегинде сыйлоо үчүн чакырылган энелер ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE