Пример HTML-страницы

Манас районунда 300 гектар жердеги жүгөрүдөн силос даярдалды

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунда жүгөрүлөр жыйналып жатат. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Манас району боюнча жалпы 2287 гектар жерге жүгөрү айдалган. Анын ичинен 300 гектар жердеги жүгөрүдөн чыктуу тоют (силос) даярдалды. Калган 1987 гектар жердеги жүгөрүдөн дан алынууда. Ал эми экинчи түшүм үчүн жалпы 50 гектар жерге жүгөрү айдалган. Бүгүнкү күндө силос даярдалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE