Пример HTML-страницы

Ислам дининде ыйман эки түрдүү бактылуулукту камтыйт:

https://kyrgyzcha.site/?p=50819&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ислам дининде ыйман эки түрдүү бактылуулукту камтыйт:

Биринчиден, Бул дүйнөдөгү бактылуулук. Ал жакшы жашоо, көңүл токтугу, ырыскыга канаат кылуу жана ибадат ырахатын көрүү. Пайгамбарыбыз да бул тууралуу өзүнүн хадисинде мындай деген:

«قد أفلح من أسلم و رزق كفافا و قنعه الله بما آتاه»

Мааниси:

«Мусулман болуп, жетээрлик ырыскылуу болуп, Алла таала ага берген нерсесине канаат кылуучу кылып койгон адам, чынында да ийгиликке жеткен адам.» (риваят кылган Муслим)

Экинчиден, түбөлүктүү акыреттик бактылуулук. Анын бул дүйнөнүн бактылуулугунан артыкчылыгы чексиз. Алла таала бул тууралуу мындай деген:

«وَلَلْآخِرَةُ خَيْرٌ لَّكَ مِنَ الْأُولَى»

Мааниси:

«Анткени сага Акырет жашоосу дүйнө жашоосунан жакшыраак.» (Духа:4)  Ал эми бейиштин сыпаты тууралуу Алла таала төмнкүдөй кабарлаган:

«جَنَّات عَدْنٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الأَنْهَارخَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا  »

Мааниси:

«Аларга Жараткан тарабынан төмөн жактарында өзөн-дарыйалар агып турган бейиш бактары түбөлүккө сыйлык үчүн берилет.» (Баййина:8) Демек, ал бейиштин жыргалчылыктары жана курсантчылыктары түгөнбөйт жана андагы бардык жакшылыктардын эсеби жок. Ал эми чыныгы ыймандын инсандын ички дүйнөсүнө тийгизген оң таасири бар. Ал көңүлдүн тынч, бейпил болуусу♥ Албетте, ал ар бир инсандын бул жашоодогу негизги талап кылган максаттарынан болуп саналат. Алла таала Куранда бул боюнча мындай дейт:

«أَلاَ بِذِكْرِ اللهِ تَطْمَئِنُّ الْقُلُوبُ»

Мааниси:

«Ыймандуулар – Алланы эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор.  Демек, Алланы эскергенде жүрөктөр тынчтык табат.» (Раъд : 28)

Дагы бир аятта мындай делет :

«اللَّذِينَ آمَنُوا وَ لَمْ يَلْبِسُوا إِيمَانَهُمْ بِظُلْمٍ أُولَئِكَ لَهُمُ الأَمْنُ وَهُمْ مُهْتَدُونَ»

Мааниси:

«Ким ыймандуу болуп, ошол ыйманын зулумдук менен аралаштырбаса, ошолор үчүн тынчтык болот. Алар – Туура Жол табуучулар.» (Анъаам: 82)

Ыйман талаптары менен адамдар жаратылган табийгат бири бирине ылайык туура келип, экөөсүнүн арасында карама каршылык болбойт.

Алла таала айткан:

«فَأَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفًا فِطْرَةَ اللهِ الَّتِي فَطَرَ النَّاسَ عَلَيْهَا لاَ تَبْدِيلَ لِخَلْقِ اللهِ ذَلِكَ الدِّينُ القَيِّمُ  »

Мааниси:

«(Эй, Мухаммед!)  (Аллага) берилген, таза абалда жүзүңдү динге түздө. Алла адамдарды ошого арнап жараткан. Алланын жараткан нерселеринде өзгөрүү болбойт. Ушул (Ислам дини) – туура, түз дин . Бирок, адамдардын көбү билишпейт.» (Рум:30)

Ал эми ыймандын талаптары болсо, Алла таалага жана анын элчисине итаат кылуу болуп эсептелет.

Алла таала Куранда мындай деген:

«وَ مَنْ يُطِعِ اللهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ فَازَ فَوْزًا عَظِيمًا »

Мааниси:

Ким Аллага, Анын элчисине моюн сунса, албетте, ошол зор ийгиликке жетишет. (Ахзаб:71)

Ал эми ыймандан баш тарткан, Алла таалага жана анын элчисине итаат (моюн сунуу) кылуудан баш тарткан кишиге бул дүйнөдө да, акыретте да бактысыздык жана азап болоорун Алла таала төмөнкү аятта ырастап айткан:

«وَ مَنْ يَعْصِ اللهَ وَ رَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلاَلاً مُبِينًا»

Мааниси :

«Ошондуктан ким Аллага, Анын элчисине каршы чыкса, анда ал ачык адашкан болот. » (Ахзаб: 36)

Дагы бир аятта мындай деп айтылат:

«وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكَى وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى   »

Мааниси:

«Ал эми ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда, ага машакаты оор турмуш берерим шексиз. Андайларды Кыйаматта сокур кейипте жыйнайбыз.»

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE