Пример HTML-страницы

Кара-Кулжада жер көчкү унаанын жарымын басып, жол чөгүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Ылай-Талаа—Сары-Булак—Гүлчө унаа жолунун 7-чакырымында жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер көчкү 1 жеңил унааны алып кеткен. Ичинде жүргүнчүлөр жок экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 12:28де Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусун жетектеп капитан Б.Абдрахманов чыгып кеткен. Жер көчкү «Хендай Портер» унаасынын жарымын баскан, учурда унаа чыгарылды. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Райондук жарандык коргонуу комиссиясынын чечимине ылайык, жер көчкү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу альтернативдүү айланма Ылай-Талаа—Шаркыратма—Сары-Булак жолу менен каттам жүргүзүлөт.

Көчкүнүн жолго түшкөн көлөмү болжол менен 8400 метр куб. Жолдун 50 метр аралыгы 50 см чейин чөккөн. Жеринде ӨКМдин Мониторинг департаментинин адистери тарабынан аныкталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE