Пример HTML-страницы

Бычак мизиндеги жашоо 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 8 бөлүм.

 

– Асел, мага ишенсең менин айтканымдай иш кылалы. Ишенбесең, акчаны кайда бекитишти өзүң ойлон. Мага көрсөтпөй бекит, а мен силерди куткарууну ойлоноюн.

– Жок, Самат, сен кандай десең ошондой болсун.

– Карагандадан бизди кармаганы келчүлөр жеткиче убактыбыз бар. Аскат ага ушул аймакта эски сарайлар бар дейт, акчаны ошол жерге алпарып көмөлү.

– Мен да ошону ойлодум эле. Жол тегиз, бир саатта барып-келип калабыз.

– Кеттик анда, тездетели. Мен керектүү шаймандарды машинага жүктөй берейин, сен таштанды салган чоң кара баштыктардан он чактыны алып келе кал. Баса, бизге да акча керек болот. Адыл аганы чыгарып алуу жолун ойлондум, бул акчадан алып калалы.

– Канча керек болсо, ошончо ал.

Бир баштыкка он таңгак акча салып, машинанын ичине каттым. Калган акчаны, зер буюмдар менен документтерди кошо баштыктарга салып, сыртын скотч менен ороп салдык. Курал-жарактарды да таңып, машинага жүктөдүм. Жөнөп кетерде Аскат ага менен Расул агага огу менен бир тапанча, автомат калтырып:

– Асел экөөбүз жол карап келели, силер керектүү буюмдарды берки машинага жүктөп тургула,- деген шылтоо айттым. Жарым сааттан кийин эски сарайларга жеттик. Үч тарабын бөксө адырлар курчаган, шамалдан далдоо жер экен. Сарайлар чоң экен, биринин ичине машина менен кирип бардык. Бир бурчун 2 метрдей казып, атайын жай даярдадым. Илгери сүт куюшкан го, бир бөлмөдө капкагы ачыла турган эки жүз литрлик 3-4 темир идиш жатыптыр. Кагаздар ным тартпашы үчүн идиштин ичин атайын ала барган материал менен кургактап, акчаны, документтер менен зер буюмдарды, курал-жарактарды да ага салып оозун бекиттик. Чуңкурду толтуруп, үстүнө акыр-чикир таштап, айтор, бир караган көзгө шек билинбей турган кылдык.

Үйдөн чыкканыбызга 2 сааттан ашып калыптыр, күн ысып чыкты. Үйгө келсек баары даяр турушкан экен, эки машинада ээрчишип жолго чыктык. Жолду жакшы билет деп Расул аганы алдыга салдык. Айлана жымжырт, кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Түнкү саат үчтөрдө тээ алыстан үйлөрдүн жарыктары көрүндү, көп өтпөй Кызыл-Ордага жетип бардык. Көзгө урунбашыбыз керек эле, ал түнү шаар четиндеги бир чакан мейманканага түнөп калдык.

Эртең менен телевизордон жаңылыктарды көрдүм. Атайын операцияда жүздөн ашык адам кармалыптыр, көбү 2 айга камакка алынганы айтылды. Калгандарын үй камагына чыгарышыптыр. Караганданын четиндеги эски аэродромдо Ан-2 самолёту конордо жарылып кеткени да көрсөтүлдү. Бул окуяга «кырсык» деген версия айтылып, учурда териштирүү жүрүп жатыптыр. Бул баягы Серик учуп кеткен самолёт болчу.

Шаарда түнкү клубда мушташ чыккан экен, милиция аны да Адыл аганын атына жармаштырды. Айтор, кыбыр эткендин баарын Адыл аганын «кылмышы» деп көрсөтүү күчүндө экен. Буга нааразы тарап, кармалган балдардын ата-эне, туугандары акимчиликтин алдына митингге чыгып жатышканын билдим. «Күнөөсүз адамдар кармалып, камакта адилетсиз отурушат» деп жатышты чогулгандар. Биз жөнүндө сөз жок, демек, бизди кармап кетүү жашыруун операция болушу мүмкүн. Аңгыча Асел кирип келип, жаныма отурду.

– Самат, эми эмне кылабыз? Каякка барабыз?

– Расул ага менен Аскат ага үйлөрүнө кетишет. Биз болсо бүгүн бир жерге барабыз, Асел, ал жерде силер бир ай жашап турасыңар. Буюрса, баары жакшы болот.

– Самат, мен ал жериңе баргым келбейт. Элдин арасында эле жашап, эл катары эле оокат кылайынчы.

Жиним келип кетти. Эл эмне менен убара да, бул кыз эмне менен убара? Азыр ушуну сүйлөшө турган маалбы?

– Аны Адыл ага камактан чыкканда чечишип аласың!

Адыл ага дегенде Асел унчукпай калды. Кантсе да баягы мен жаңы келгендеги бой көтөргөн Асел жок, менден тамаша-чын аралаш сын угуп жүрүппү, айтор, назик боло түштү. Башында сөз жебеген көк беттигинен улам «муну кайсы шордуу жубайлыкка алат болду экен?..» дечүмүн. Азыр болсо алдымда таптакыр башка Асел отурду. Ыйламсыраган, жардамга, коргоого муктаж алсыз кыз…

– Энем экөөбүздү таштап кетесиңби?- деди бир маалда.

– Башым катты, Асел, азыр кайда барууну ойлонуп жатам. Туура түшүн, Адыл агага баары каршы болуп турган маал. Этият болушубуз керек.

Асел бөлмөдөн чыгып кетти, ойлонуп жатып көзүм илинип кетиптир. Ойгонсом баары ашканада экен. «Эмне кылабыз?» дегендей мени тиктеп калышты.

– Расул ага, Аскат ага, силер үйүңөргө барып тургула. Биз Астана тарапка кетебиз, Адыл аганын мен тааныган бир досу бар. Калганын шартка карап көрө жатарбыз,- дедим олуттуу. Негизи Алматыны көздөп тургам, Астанага дегеним алдын ала сактануу болчу. Эртең, атүгүл бир сааттан кийин эмне болуп кетерин ким билет?

– Мен силерди жалгыз калтыра албайм.

– Жок, Аскат ага, азыр ушундайы жакшы. Чогуу жүргөнүбүз болбойт, абал жакшырганда сизди таап алабыз. Бизден кам санабаңыз.

Ушуну менен сөз бүттү, баарыбыз бир саамга ойлуу отуруп калдык. 1 саатка жетпей баарыбыз коштошуп, экиге бөлүндүк. Биз улам такси алмаштырып Алматыны көздөй жөнөдүк. Алматыга жетип, эл аз аймактан 3 айга батир ижарага алдык. Каныш апа менен Аселге бир айга жетерлик азык-түлүк алып, Аселге калган акчаны тапшырдым. Мен алдыдагы пландарды ишке ашырууга аракет кылышым керек. Сакал өстүрүп, такай кара көз айнек тагынып жүргөнгө көчөдө өзүмдү эркин эле сезип жаттым. Эртеси базардан трико шым, футболка, кара кроссовки, кепка, саргыч өңдүү жасалма чач сатып алдым. Үйгө барып жасалма чачты кийгенден кийин башкача адам болуп чыга келдим. Үч күндөн кийин жолго чыгарда Аселди бөлмөмө чакырдым:

– Асел, бир ай үйдө болбойм, Каныш апага мени Астанага кетти деп кой. Этият бол, зарыл ишиң болбосо сыртка чыга бербе, коңшулар менен сүйлөшпө.

Коштошуп чыгып кеттим. Караганданын бекетине жеткенде ажатканага кирип кийимимди алмаштырып, жасалма чачты кийдим. Убагында бул бекеттен канча адамды узатып, канча адамды тосуп алгам. Баары көзгө жылуу учурайт. №4 мамлекеттик резиденция болсо Карагандадан чыга берген жерде жайгашып, бийиктиги төрт метр дубал менен курчалган. Дарбазанын жанында такай МАИнин машинасы турат. Бир жолу бир даректи таппай ушул жерден өтүп баратып МАИ кызматкеринен сурай коём деп балээге калгам. Көрсө, «машина токтотконго болбойт» деген белги бар экен. «Эрежени буздуң» дешип, алар менен жарым саат талашып-тартышкам. Акыры эки миң теңге берип кутулган элем. Бул жолу резиденциянын жанынан жөө өттүм, МАИнин машинасы турат. Ичиндеги эки адам мага маани берген жок. Сейилдеген киши болуп эки сааттай байкаштырып жүрдүм. Бир жерде бийик дарак резиденциянын короосуна жабышып өсүп, бутактары короонун ичине ашып түшүп турганын көрдүм. Ушул даракка чыгып короого кирип кетсем болчудай. Резиденцияга жакын курулган көп кабаттуу үйлөрдөн эки күн издеп жүрүп, бир айга батир алып жашап калдым. Дүрбү бар, күндө резиденциядагы кыймылды карайм. Күндүз киши көп болгону менен, түндө тынчып эле калат экен. Болгону күчтүү прожекторлор күйүп, короонун ичи жапжарык. МАИ кызматкерлеринде бирден тапанча, бирден автомат, рация. Ар үч саатта алмашышат экен. Короонун ичин ит ээрчиткен бир нече адам кайтарарын билдим. Алар деле саат түнкү 10-11ден кийин ичкери кирип кетип, сыртка деле чыгышпайт. Айтор, эптеп ичкери кирсе болчудай. Бир гана жагдай мага түшүнүксүз эле, Адыл ага жаткан резиденциянын жер төлөсүнө кайсы жактан кирет?

Антип-минткиче 15 күн өттү. Бир күнү түндө адатымча резиденцияга дүрбү салып отургам, капкара жип келип токтоп, эки жигит жашы бир топко барып калган бирөөнү унаадан алып түшүштү. Касен аба! Жазбай тааныдым, басканы дал өзү! Өзү арык неме эле, биротоло шылынып калгандай кичинекей көрүндү. Колун кишендеп коюшуптур, экөө эки жагынан жетелеп 3 кабаттуу имараттын күн чыгышты караган эшигинен ичкери алып кирип кетишти. Бир маалдан кийин тиги экөө кайра чыгып, Касен аба чыккан жок. Демек, Адыл агага кирчү эшик ушул болушу мүмкүн. Ошол күндөн баштап ушул эшиктен көз албай карай баштадым…

 

 

Буга чейин байкабаптырмын, жанагы эшиктен бир кыз күнүнө 3 маал кирип-чыгат экен. Колунда дайыма кичине чака болот. Демек, Адыл ага ушул жерде, аны эч жакка алып кетише элек. Имараттын ичинде эле болбосо, сыртта атайын аны кайтарган киши деле жоктой. Бирок айлана-тегеректин баарына видеокамералар коюлуптур, күзөтчү баарын экрандан карап отурары түшүнүктүү. Бир нерсе башталдыбы билбейм, бирок эртеси эртең менен саат ондон өтүп калганда баягы кара жол тандабаста резиденцияга Арсен менен Канатты алып келишти, экөөнүн тең көздөрү таңылуу. Арсен бир бутунан сылтып, башын оң жагына бура басып калыптыр. Эшиктен кыйналып аттап кирди. Көп өтпөй аларды кайра алып кетишти да, эки сааттан кийин көзү таңылган дагы эки адамды алып келишти. Улам бирөөлөрдү алып келип, кайра алып кетип жатышты. Бир болсо балдарды Адыл агага ушул жерден беттештирип жатышат.

Алматыдан чыкканда атайын планым жок эле, Карагандадан абалды байкаштырып кеткени келгем. Кээде баарын таштап, Кыргызстанга кетип калуу тууралуу ойлор келет. Баягы бекиткен акчадан керегинче алып баса берсем, мени ким токтотмок эле? Кайра Адыл аганын акыркы сүйлөшүүсү кулакка жаңырып, Каныш апанын үмүттүү көз карашы элестейт. Акыры баарына кол шилтеп кете албасымды түшүндүм. Өмүр бою ичимде оор жүктү көтөрүп жашагым келген жок.

Күндө резиденцияны карап отуруп көзүм жетти, Адыл аганы алып чыкса болот. Эгер ушул жерден алып чыгып кетпесем, СИЗОдон сууруп кетүү мүмкүн болбой калат. Убакытты созбой, тездетүү керек. Өзүм жалгыз, эми канттим? Таң аткыча ойлонуп, көз ирмеген жокмун. Акыры чечтим. Таң эрте душка жуунуп чыктым да, кийинип, линзамды тагып, парик кийип сыртка чыктым. Түз эле шаардын четиндеги машина базарга барып Ауди 80 машинасын сатып алдым, тийиштүү документтерим жок. МАИ кызматкерлери тосуп калса эптеп бир шылтоо айтармын, азыр документ иштерин бүтүрө турган учур эмес. Шаардын борборундагы соода борборуна барып «Военторг» деген бөлүгүнөн пневматикалык тапанча, ОМОН, СОБР дегенде иштечүлөр кийчү бет кап, бронежилет, кол кап, он метрлик аркан сатып алдым. Баары даяр, түнкү саат экиден өтүп резиденцияны көздөй жөнөдүм. Күндө чайыттай ачык күн бүгүн бүркөлүп, жаан себелей баштады. Резиденцияга 4-5 көчө жетпей машинаны токтотуп, андан ары жөө барыш керек. Тамчы тийген жалбырактардын жыбыраган добушу гана угулуп, айлана тыптынч. Баягы бутактары резиденциянын короосуна ашып түшкөн дарактын түбүнө жетип токтодум, жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү кадимкидей угулуп жатты. Саатты карасам, үчкө он беш мүнөт калыптыр. Даракка чыгып, тосмо дубалдын үстүнөн өткөн бутакка арканды байладым да, жипке асылып жерге түштүм. Беш мүнөттөй жашынып жаттым, тынч, эч ким көрүнбөйт. Тапанча адамга дем берет экен, өзүмө ишенимдүү элем. Улам саатты карап жаттым, күндөгү режим боюнча бир аздан кийин кароолчу сыртка чыгып айлананы бир сыйра карайт. Арадан 10 мүнөт өткөндө кароолчу чыгып, чылым чегип бир топ турду да кайра кирип кетти. Эшикти ичинен бекитип алганы угулду, ичкери кантип киришти билбей айлам кете түштү. Бир маалда эшик кайра ачылып кароолчу чыкты, үстүндө плащ. Азыр ал имаратты бир айланып келип, мен жашынып жаткан жерден өтөт. Үч-төрт метр ары жакта бир түп бийик дарак турган, кароолчу имаратты айланып кетери менен сойлоп барып анын жарык тийбеген жагына жашынууга үлгүрдүм. Бир аздан кийин тиги кишинин мен жакты көздөй келе жатканы угулду. Менин тушума жете бергенде даракты айланып өтүп алаканым менен ыкчам оозун басып, оң колумдагы тапанчанын арты менен желке талаштыра бир урдум. Шылк дей түштү. Акырын жарык тийбеген жерге сүйрөп барып жаткырдым да, капюшондуу плащын чечип кийип алдым. Анан сыр алдырбай тиги эшикти көздөй жөнөдүм, 15 метрдей арыдагы эшикке жетүү кылымга айланып кеткендей болду. Артка жол жок эле. Эми эшикке жете бергенде тээ башкы дарбазада турган күзөтчүлөрдүн бири мага карай кыйкырып калды:

– Сакеш ага, чай демдеп бериңизчи?!

Колундагы термосун көрсөтөт. Үнүмдү чыгарсам өлдүм, унчукпай койсом шек алдырган болом. Акырын колумду өйдө кылып “азыр чыгам” дегендей белги берип ичкери кирип кеттим. Жүрөгүм лакылдап чыкты. Байкап калбадыбы? Эми шашылуу керек, ар бир секунд баа жеткис азыр. Тепкич менен акырын жер төлөнү көздөй түшсөм узун коридор көрүндү. Добушум угулдубу, коридордон бирөө кайрылып калды:

– Сакеш ага, тынч элеби эшик?

– …

– Эй, Сакеш ага?

Жооп болбогон соң мен жакты көздөй жөнөдү. Бурчка жеткенде чыга калып, муну да желкеден ары уруп жиберсем эстен танып кулап түштү. Душман келет деп күтпөсө керек, тапанчасын кынынан чыгарбаптыр. Коридордун эки жагында беш-бештен он темир эшик турат. Тиги жигит аларды күзөтүп тургандардын бири экен.

Биринчи эшикти тыңшасам эч кимдин дабышы билинбейт. Акырын ачып карасам, күзөтчүнүн бөлмөсү экен. Столдо эки чоң монитор, биринен Адыл ага отурган камера көрүнүп турат. Ичи жылуу окшойт, Адыл ага жууркан жамынбай уктап жатат. Дубалда ачкычтар топтому илинип турат. Аңгыча сырткы эшиктен бирөөнүн “Сакеш ага” деп кыйкырганы угулуп калды, жанагы чай сураган неме окшойт. Жанагы тепкичтен түшкөн жерге жетип барып, жашынып турдум. Тиги түшүп келгенде тапанчамды башына такадым:

– Акырын, үнүңдү чыгарба. Ашыкча бир кыймыл кылсаң мээңди чачырата атам. Колуңду көтөр да алдыга бас!

Алдыма салып тиги күзөтчүнүн бөлмөсүнө алып бардым.

– Коридордо камера барбы?

– Жок.

– Бул бөлмөдөчү?

– Бар, эшиктин үстүндө.

– Өчүр.

Калтырап-титиреп клавиатуранын 3-4 баскычын басты:

– Өчүрдүм.

– Адыл ага жаткан бөлмөнүкүн да өчүр.

Шашып калды:

– Өчүрдүм.

– Адыл ага отурган бөлмөнүн ачкычын тап!- деп столдун үстүнө ачкычтарды ыргыттым. Ичинен эки ачкычты таап мага сунду.

– Өзүң ачасың.

Коридордун эң аягындагы бөлмө экен, эшик ачылганда Адыл ага дароо түшүндү окшойт. Тиги күзөтчүнүн кепкасын, күрмөсүн чечип алып өзү кийди, тигинин колу-бутун, оозун таңып таштадык. Менден “сен кимсиң?” деп сураган да жок.

– Куралың барбы?

– Жок, травмат эле.

– Жүрү,- деп күзөтчүнүн бөлмөсүнө кирип тапанча таап чыкты. Таң калып карап калсам, “кеттик, башта” деп мени алдыга салып сыртка чыктык. Жанагы арканга чуркап жетип, Адыл агага карматтым. Мени бир карап койду да, арканга асылып заматта даракка чыгып кетти. Ушунчалык чапчаң, жеңил экенин биринчи жолу көрүшүм. Артынан мен чыгып, чуркаган бойдон машинага жеттик. Алыстан иттердин үргөнү угулуп жатты.

– Самат, шашпай айдай бер. Болду, коркунуч жок. Менин качып кеткенимди эртең менен гана билишет. Ага чейин узап кетебиз. Азаматсың, иним, жардамга сен эле келе алмаксың. Башка эч кимди күтпөгөм, кеттик. Апамдар кандай, каякта?

– Жакшы, Алматыда алар.

– Расул ага билеби каерде экенин?

– Жок, менден башка эч ким билбейт.

– Анда Алматыга айда, түндөп жетип алалы. Адегенде апама жолугайын, калганын кийин сүйлөшөбүз.

– Алматы кооптуу эмеспи?

– Түндөп жетип алалы. Жанагы жерде түнкү саат экиден кийин ичкериге эч ким деле кирбейт. Эртең менен саат жетиде гана билишет эмне болгонун. Ага чейин Алматыга жетсек, калганын көрө жатарбыз. Айтып бер эми эмне болгонун, төкпөй-чачпай баарын айт.

Бүт баарын айтып бердим. Адыл ага сөзүмдү бөлбөй, суроо бербей ар бир сөздү кунт коюп укту. Айтып бүткөнүмдө:

– Макул, иним, тез арада баары калыбына түшөт. Тынч жашайлы десем болушпады, жакшы сөздү угушпады, эми өздөрүнөн көрсүн.

Көптөн бери камакта отурганга эркиндикти сагынып калса керек, машинанын терезесин ачып көзүн жума терең-терең дем алды…

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE