Пример HTML-страницы

Болгон окуя

https://kyrgyzcha.site/?p=20602&preview=true Кызыктуу окуялар.

БОЛГОН ОКУЯ

 

 

 

Борбор калаабыздын түштүк-батыш тарабында жайгашкан, үстү тикенектелген бийик дубалдуу бул короонун ичинде эмне бар, эмне болгон мекеме, эмне окуялар болуп жатат буга чейин эч ким кызыкпаган. Ал шаар четинде жайгашса да ошол көчөдөн машинелер тынбай өтчү, короонун жанынан ары-бери өткөн кишилердин аягы да тыйылчу эмес. Атүгүл ошол короого тушташ, кошуна жашашкан адамдар да ушул убакка чейин эмне болгон короо экенин билишпептир.  Тээ Союз мезгилинде үйдүн үстүн жапкан цемент-бетон чыгарган атайын курулуш уюму бар болчу дешет. Кийин Союз чачыраган соң бул уюм да жабылып, жумушчулар

таратылып, короо ичи аңгырап көп убакытка чейин бош туруп калыптыр. Кийичерээк аны

кандайдыр бир адам сатып алып цех ачып иштетип көрүптүр, жакшы иштете албай койгондуктан көп убакытка чейин иштебей токтоп калыптыр. Андан соң бул короонун ичине дегеле бир адам да баш багып карап кызыкпаптыр. Кез-кез бир маал үстү чүмкөмө машине

кирип-чыгып калганы болбосо, дайыма дарбазасы да кичинекей темир эшиги да ичинен бекилип турчу экен.

Күтүлбөгөн окуя болуп, ал жактан качып чыккан бир кыз өзү келип милицияга кабар бербегенде дагы канчага чейин бул аялдардын жашыруун менчик түрмөсү жашай берет эле ким билет. Дагы аз убакыт болгондо анда иштеген кызматкерлердин бардыгы буттарына туруп, аябай байып, анан орун которуштуруп башка жакка көчүп кетишмек экен. Мындай жашыруун аялдардын менчик түрмөсү Өзбекстанда Ташкенттин өзүндө жаңыдан даярдалып жаткан , болчу. Бирок алар максаттарына жетпей калышты. Убагында кармалышпаганда бул уюм Орто Азияны бүт өзүнө камтып, бара-бара бүт мурунку Союзга киргендерге тамырын жаймак экен.

Анда аларды токтотуу кыйын болуп, калмак. Ал жерде жалаң он жети жаштан баштап, жыйырма бештин тегерегиндеги бой-мүчөлөрү келишкен чырайлуу кыздар эркинен ажыратылып, милиция кызматкерлеринин айдоосунда болушкан. Бул түрмөдө ар кайсы улуттагы, ар кайсы жерден тандалып, болбогон жерден күнөө коюлуп ар кандай жазага татыктуу болгон жаш кыздар бар болчу. Ал жактан эч кимиси чыга алышкан эмес. Качып чыгууга бир канча аракет жасагандарды, бардыгынын көзүнчө өлтүрүп салышчу. «Кимде- ким моюн сунгусу келбесе же качууга аракет жасаса ушунун кейпин кийесиңер» деп коркутушчу. Эгер каяша сүйлөшүп, моюн толгогусу келген кыздар болсо, кадимкидей камчы менен эси-көөндөрүнөн калгыс кылып аябай сабашчу. Жалаң жаш кыздардан турган бул мечик түрмөнү жергиликтүү бийликтин эч кимиси билген эмес. Мунун башында мурун ички иштер министрлигинин орун басары болуп иштеген, кийин отставкага чыккан генерал-майор Исабеков Марат деген адам болгон. Ал көптөгөн жерлер, мафиялар менен тыгыз байланышта болгондуктан бул жакка эч кимди жолоттурган эмес. Түрмөгө эркинен ажыратылып келген сулуу кыздарды болсо чет өлкөдөн келишкен бай адамдарга пайдаланышчу. Же алар чет өлкөлөргө көп суммадагы акчага сатылып кетишчү. Баш-аягы болуп ал менчик түрмөдө отуздай адам кызмат кылчу. Ошолордун он бештейи эркек, он бештей жарымы аялдар болчу. Көпчүлүгү мурун милицияда иштеп анан бошоп калгандыктан тандалып алынган. Баардыгы дайыма дубинка анан тапанча менен жүрүшчү. Бул уюм жаңыдан гана баш көтөрүп, Орто Азияга тарап келаткан. Бийлик өкүлдөрү өз убагында басканга үлгүрүштү.

Адегенде алар бул кылмыш ишин көчөдөгү түнкү көпөлөктөрдү,  сойкуларды кармап алышып,

өлтүрүп операция жолу менен алардын ички органдарын чет өлкөлөргө сатуу жолу менен

башташкан. Кийин андан жолдору болбой, акча табуунун башкача жолуна өтүшкөн. Бара-бара атайын жаш кыздар үчүн менчик түрмөнү ойлоп табышкан.

 

 

* * *

— Тургула сот келатат!

Кандайдыр эркектин күрүлдөгөн жоон үнүнө Диана «селт» эте башын көтөрө зал ичиндегилерге дагы бир сыйра көз жүгүртүп алды. Анча чоң эмес зал ичиндеги отургучтарда бирин-серин ар кайсы жерде отурушкан адамдар эмнегедир анын көзүнө суук дагы жагымсыз да көрүндү. Баары бейтааныш, алардын бирин да тааныбайт экен. «Булар эмнеотурушат, менин эмне кызыкчылыгым бар булар үчүн?», — Диана ушуларды ойлой дагы бир нерсеге башы жетпей атты. «Эмне себептен буга менин тааныштарымдын бирөөсүн да катыштырбай жатат. Жок дегенде муну эжем билсе болбойт беле, айылдагы бир туугандарыма кабарлашса алар келишип балким бир нерсе кылып мени куткарып кетишээр беле?» Карасаң бу жерде мени тааныгандардын эч кимиси жок. Сот эмне чечим чыгарар экен, мени соттойбу же бошотуп жиберишеби Соттогондой мен эч күнөө кылган жокмун да. Болгону жаңы таанышкан жигитим менен кафеде отургам, ананкандайдырбир бейтааныш эки-үч жигит келип өздөрү тийише башташты. Ортодо мушташ, идиш-аяктар, терезелер сынды. Күтүлбөгөн жерден милициялар келишти да баарыбызды кандайдыр терезелери жок чүмкөмө машинеге салып алып кетишти. Болгону ушу, менде эч кандай күнөө жок, ал эми тиги наркотиктерди болсо… буга өзүм да түшүнбөй жатам». Сот процесси жүрүп, капталда отурган мурутчан сулуучумак келген жигит кайрадан ишти тергөөгө ала баштады.

— Аскарбекова Диана Түркмөновна 1989-жылы Ысык-Көл өрөөнүндөгү Каракол шаарында туулган. Бойдок, «Достук» кафесинде официантка болуп иштечү. «Алтын куш» кафесинде отуруп он эки килограмм героин менен кармалган. Мурун соттолгон эмес.

Диана канчалык түшүндүрүүгө аракет кылса да эч майнап чыккан жок, акыры болгон күчүн ыйга чыгарды. Бул эң күчтүү болуп саналган баңгизатын ким кайсыл жерден чөнтөгүнө салып койгонуна өзүнүн да башы жакшы жетпей жатты. Кафенин ичинде ызы-чуу мушташ болуп жатканда салганбы же караңгыда терезелери жок чүмкөмө машинеде келатканда жанында отургандар салганбы белгисиз. Айтор кандайдыр бир бөлүмгө алып келип чөнтөк башын аңтарып жатканда милициялардын бирөөсү ак желим баштыкка оролгон бир нерсени анын чөнтөгүнөн алып чыгып жатпайбы. Адегенде ага анча деле маани берген эмес, ал экспертизадан өткөрүлүп баңгизаты экенин укканда эмне кылар айласын таппай туруп калды, анан өзүн-өзү кармана албай ыйлап жиберди. Марихуана, гашиш, апийим, кара куурай баңгизаттарына караганда

бул героин алардын эң эле күчтүүсү экени, башкаларын бир айлап колдонгондо араң наркоман болуп кетээрин, ал эми бул героинди бир сайынганда эле наркоман болуп каларын, ошо себептен анын баасы да аябай жогору турарын, ал менен кармалгандар да жогору жазага чектелээрин кимдир бирөөлөрдөн уккан болчум.

Аскарбекова Диана Түркмөновна Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 247-статьясынын биринчи пунктунун негизинде тогуз жылга эркинен ажыратылсын! Соттун бул өкүмүн укканда Диана бир «селт» этип жыйрылып алды ал мындай болуп кетээрин күткөн эмес. Өзүнөн өзү көздөрүнөн жашы мелт этип ага бетинен төмөн карай куюла БАШТАДЫ .

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE