Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 18 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

?18 — БӨЛҮМ

ЖЕТИМДЕР

Командировкадан Нурлан Толкунду сагынып кайтты. Чокоев кызды баякы Самат менен Зайнидин тууралуу түшүнүк кат жазып
берип кеткен бойдон көрө элек болучу…
Чоң кесеге мелтилдете куюлган лагманды Айнур эки колдоп көтөрүп келип Нурландын астына койду.
— Мынчалык эмнеге үйдүң. — Астына оңдоп койду.
— Ич. Лагманды жакшы көрөсүң да, бир чыныны түгөтпөй эмне болуптурсуң. — Айнур күйөөсүнүн артынан келип мойнунан кучак-
тады.
— Мен сени сагындым. Сенчи, Нуке?
Мен дагы. — Нурлан айрысы менен лагмандын камырын сузуп жаткан калыбында, бурула карап колуктусун өптү.
— Ишке барбай эле койчу. Чарчап келдин, эс алгын.
Жок жаным, барбай коюуга болбойт. Балдар кайда?
Ырысбек уктап жатат. Таалайды кошунанын балдары ойнотобуз деп ээрчитип чыкты.
Нурлан колун сүртүп ордунан турду.
Ракмат, лагманың өзүңдөй таттуу болуптур.
Айнур күйөөсүнүн пальтосун кийгизип, мойнуна шарфын салды.
Жакасын оңдоп жатып оозунан өптү.
— Тез кел. Түнкү саат он эки болмоюнча үйду эстөөчү эмес элең.
– Өзүм да чарчап турам, келем бат эле.
Кечки суук Нурландын бети-колун тызылдатып жиберди. Таяк кармаган колу сенейип түшкөндөй болду. Мээлей кийбей чыкканын эстеп үй жагын кылчайып карап койду. Тумагын баса кийип, жакасын көтөрдү.
Көчөнүн аркы бетиндеги тротуарда бир аял, бир эркектин каалгый басып келатышканын көрдү. Алардын артынан дагы бир эркек
бир аял менен колтукташып алып ылдамдай басып келатышат.
– Султанбекова! — деди, артында келаткандардын эркеги, — токтой тургула.
Нурландын жүрөгү оозуна тыгылды. Султанбекова деген фамилия кандайдыр кулакка эң эле жагымдуу угулду. «Султанбекова!
Қызык. Толкундун фамилиясы беле? Күүгүм талаш жигиттер менен сүйрөшүп бул жакта эмне кылып адашып жүрөт». Нурлан токтоп
калды. Толкун экенин эми даана тааныды. Ошонун үнү. Қыжы-кужу болуп туруп калиткадан кирип кетишти. Нурлан тонуп турду. — Ветврачтыкына келген экен деп ойлоду. — Бойдок жигит. Эркек баласы менен аялын кетирип жиберип, ушул үйдө өзү жалгыз турат деп уккан. Ветврач болуп иштейт дешет. Калжайып эң эле арык. Нурлан
сыртынан көрүп, учук оорулуу неме болсо керек деп ойлогон. Айнурга аялы күйөөм ичкиликти көп ичет» деп айтыптыр. Анысы
аз келгенсип мас болуп келгенде идиш-аягын талкалап, катын-баласын уруп-согуп күн көрсөтпөйт имиш. Ушундай сөздөн кийин аласа-бересеси болбосо да Чокоев аны жаман көрүп калган. Нурлан ветврачтын
эшигинин алдына обочо келип токтоду. Эмне кыларын билбей токтоду. Же милиция чакырып жазасын колуна берсем бекен деп ойлоду…
Чокоев мекемеге баргысы келбей айнып калды. Ветврачтын эшигинин алдынан үйүн көздөй кайра тартты. Эшикти ача берип, Айнур
күлүп жиберди.
— Барган жоксуңбу? — Күйөөсүн кучактай калды.
Ветврачтын үйүнө милиция чакырайынбы?
Ачуусу келип, кабагы карыш түшүп, өң-наалаттан кетип турган күйөөсүнө келин тандана карады.
– Эмне үчүн милиция чакырасың? Күнөө кылдыбы?
Бир жаш кызды үйүнө ээрчитип кирип кетти. Бул ал үчүн күнөө эмес бекен? — Нурлан папирос күйгүздү.— Айтчы, Айке, эмне
кылайын. Ушул бузулган итти… Кыз болгондо да кандай кыз дейсиң.
Тим эле периште.
— Балким карындашыдыр. Же жигиттин бойдок экенин билип тийип алайын деп жүргөн немедир. Бирөөнүн үйүнө кыз келди деп
мынчалык неге канынды буздуң.
— Жакшы кыздардын жаман жолго түшүүсүн каалабайм. Өзүң билесиң го, Ракат эмне болду эле. — Ойлонуп турду. Папиросунун калдыгын пепельницага басып өчүрдү.— Кат салган чемодан кайда?
— Аркы үйдө турат.— Айнур плитага жаңыртып көмүр салып жатты. Тыштан жаңы кирген орто жашап калган аял плитанын түбү-
нө жүйүртө басты. — Жогору өтүңүз, апа!
Жок, балам, ушул жерден эле чыгам.
Тамак ооз тийиңиз.— Айнур салып келген лагманын столго койду. Келиңиз, апа.
Эти жок эле чөп-чардан жасагам. Ичсеңиз.
Аял Айнурга шыбырады.
— Мен ичпей балакет ичейин, бөбөктөрүңө алып барып берейинчи.
Жарыктык өзүңүз ичпейсизби. Балдар сиздей болгончо ичер далайды.
— Антпечи, астыңа кетейин Айнур. Бөбөктөрүңө берейин да. Аял чыгып кетти. Колуна кичинекей кара чемоданды көтөргөн Нурлан
аркы бөлмөдөн чыкты. Анда Айнур менен Нурландын интернатта окуп жүргөндөн берки сакталган каттары бар болучу.
Келген Алийман жеңемби? Ой шордуу ай, балдарым, балдарым деп жүрүп өзү да арыгынан өлө турган болуптур. Энени кудай
ушинтип бала үчүн жараткан тура. Тамак-аштын артышы болсо кайрылыша жүрсөң, Айнур. — Нурлан столдун үстүнө каттарды төгүп жиберди.
– Айке, издешчи.
— Эмнени? — Айнур Нурландын жанына келип токтой калды.
Эмнени дейсиң да. Ракаттын баякы мага жазган күнөөлүү катын.
– Аны эмне кылат элең?
– Керек. Эртең Толкунга окутам.
– Эмне? Толкунга? Қайсы Толкунга?
— Тапчы, бай болгур. — Нурлан ар кайсы конвертти өзүнчө алып көрүп, башка коюп жатты.
– Таппайм.
– э болуптурчу таппасаң. Өзүм деле табам. Бар Ырысбек ыйлап жатат.
– Ыйлай берсин.
Нурлан аялын карап күлүп койду.
— Айтчы, Толкун деген ким ыя?
– Жанакы ветврачтыкына келди деп мен айткан кыз.
– Аны кайдан тааныйсың.
– Иш боюнча кемпушка. — Ракаттын катын колуна кармап ордунан туруп баратып колуктусунун мурдунан чымчып койду.
— Қийин бир жаңсыл болгондо айтам.
Айнур тескери бурулду.
— Айтпасаң андан ары кой. Қаттын ал кызга кандай тиешеси бар. Уят эмеспи өткөн ишти жаңыртып көрүнгөнгө окутуп ортого
салганың. Қарындашын укса эмне дейт.
— Эчтеке да дебейт, эчтеке да болбойт. Бул кыздарга сабак болуучу кат. Сен ушуга түшүнөсүңбү?
— Ага түшүнгөнүм менен сага түшүнбөй турам.
Оозгу үйдө бутун чечип жаткан Таалайбек Нурландын күрөн шабро пальтосун көрүп кыйкырып жиберди.
— А-там келдиби, апа? А-та-а!
Нурлан уулун көкөлөтө көтөрүп айландырды.
– Гүү-гүү, гүү-гүү.
– Үшүп кетиптирсиң, балам. Оо мурду жаман десе. — Бооруна бек кысты.
— Қана мени карап турчу, Таалай.— Таалайбек кыткылыктап, кичинекей колу менен атасынын жаагын сылады.
— Сен кимге окшошсуң?
– Сага.
– Жок мага эмес, эжеңе окшойсуң го.
– Якат эжемеби?!
Нурлан уктай албай чыкты. Толкундун ветврач менен алардыкына кирип баратканын эстеген сайын жүрөгү бөксөрүп, көңүлү айланып, иренжий түшөт. Бир гана Айнурдун «ветврач көлдүк, балким тууганыдыр» деген сөзү кызды актап тургандай болду.
Эртең менен кабинетине кирер кирбестен эле Чокоев институттун директоруна телефон чалды. Султанбекованы прокуратурага жиберип коюусун өтүндү…
Толкун жолдо келатып бая күнкү Нурландын өзү менен окшош турган Ракат деген кыз жөнүндө ойлонду.— Ал Нурлан байкенин
кимиси болду экен? Қызык окуя. Анан калса ал кыздын мага окшоп калганы укмуш. — Толкун Чокоевден Ракат жөнүндө сурамакчы
болду.
Нурлан кызды эшик алдынан утурлай басып канатын жайып тосту.
– Саламатпы, Толкунтай? Сен чакыртмайынча келбейт экенсиң
го. Қана көрүшүп коёлу?
Қыз жылмайып койду. Нурлан Толкун менен кол алышкан жок.
Эки колу менен эки каруудан кармап турду.
— Ишенесиңби, мен сени сагындым. Ракатымдын ордуна чекеңден өөп коёюнчу, Толкун.
Кыз жоодурай түштү. Нурлан чекесинен өптү. Пальтосун чечинтип, аны өзүнүн кийми илинип турган шкафты көздөй алып басты.
— Үшүдүңбү?
— Жок байке, үшүгөн деле жокмун.
Нурлан үйдүн ортосунда кыймылсыз турган Толкунду колтуктап келип, орундукка олтургузду.
— Сүйлөчү, садага. Эмне жаңылыгың бар? Окуу жакшыбы? Турмуш, ал-жай қандай? Үйүңдөн кат алып жатасыңбы?
Нурлан кечээки ветврачтыкына Толкундун кирип баратканын ойлоп иренжип турса да, кыздын ажарын көрүп көңүлү көлкүлдөп
кетти. Кокустан кыздын кыялына жакпаган кенедей эле кеп чыкса Толкун Чокоевдин чоңдугуна түкүрүп баса берүүчүдөй көрүндү. Ал
кызды сүйлөтүп сөзүн, күлдүрүп күлкүсүн уккусу келет. Моокуму канганча карап маңдайында олтурууну каалайт. Каны бир, танабы бир жүрөктөр бири-бирин чакырып жаткансып түрсүлдөйт. Жигит олтурган жок. Ал Толкундун жанына столун имериле басып келди. Ай далыдан төгүлүп турган түндөй кара чачын колуна алды.
— Айтчы, Токуш, сен бул чачты кантип мынчалык өстүрдүң? — Ал жаңылып Толкундун атын бутташтырды.
Қимдин атын айтып жатасыз? Менин атым Толкун эмеспи, байке.
Ой садагасы, кечирип кой, мен сени Токуш дедимби?
Нурландын бүткөн бою ымыр-чымыр болду. «Жаңыдан ачылып келаткан роза» деп ойлоду кызды тиктей берип. «Наристе бойдон
экен. Жаман жолго түшкөн бала мындай болбойт. Эх, Толкун, Толкун, экөөбүз кандай бактылуу күнү көрүштүк эле. Менин алдыма сени кудай өзү айдап келди окшойт. Тал чыбыктай буралтып кандай эне төрөп, кандай эне өстүрдү экен сени». Нурлан көөмөйүндө ушинтип ойлоп, ушинтип сүйлөп, ушинтип кубанды.
— Чачымды сурадыңызбы? Мен өзүм өстүргөн жокмун. Төрөбөй жүрүп мени төрөптүр энем. Жеринен кызды атам экөө тең жакшы
көрүшчү экен. Сонуркап чачымды эрте коюшуптур. Анан калса бул чачта энемдин жарым өмүрүнчөлүк эмгеги бар. Күндүз колхоздун жумушунан колу тийбей калганда түн ичинде жууп, түн ичинде өрүүчү. Жазда үздүксүз айран менен жууй турган. Ал эми кыштын күнү ар дайым жылкынын сөөгүнүн бир кетигин кайнатып алып, ошону
менен чачымды самындап жууп, кайра таза суу менен аябай чайкачу. Ошонукубу дейм, ушул убакка чейин чачымда бир тал сабдал
жок. Бул жакка кетеримде да чачыңды кара, кызым деп какшап калган. Чач ырас эле кыз баланын көркү тура, Нурлан байке. Мен чачымды өргөн сайын энем эсиме түшөт да турат. Байкуш энекем ай.
— Жакшы көрөсүңбү?
Ата-энесин жаман көргөн кайсы баланы көрдүңүз эле?
— Да-а. Аның туура. Ата менен эне баланын тууру да, туусу да тура. Бирок, мен ата-эненин арзан-кымбатын жакшы билбей калдым.
Эх, армандуу дүйнө.
Қыз маңдайында турган Нурланды боору ооруган калыбында жалооруй тиктеди. Ал мурда бул жигиттин ичинде мынчалык күйүтү
бар экен деп ойлогон эмес. Тескерисинче, телегейи тегиз, дүнүйө капар адамдын бириндей сезген. Анын үстүнө ушунчалык жооптуу кызматта турган кишинин кантип арманы болсун деп ойлогон. Ал эми
Ракат жөнүндө айтканы анчейин гана адамдын окшоштугунан улам бирөөнү эске түшүрүү деп эч нерсени этибарга алган эмес. Толкун
Нурландын сөзүн бөлүп жиберди.
Нурлан байке, Сиз бая күнү, экөөбүз биринчи көрүшкөндө мени Ракат деп кимдир бирөө менен чаташтырдыңыз. Ал ким болот
Сизге?
Ракаттын атын эсине түшүргөндүгү үчүн Толкунга ракмат айткандай, эрдин тиштеп, сөөмөйү менен чекесин басты. Көздөрү күлүңдөп кетти. Шашып-бутуп столдун бир жак канатын ачып, суурумасынын биринен көлөмү Толкундукундай бир сүрөттү алып кыздын алдына койду.
Таанычы? Бул сен эмессиңби?
Толкун сүрөттү илип алды.
Менин сүрөтүм го!.. — Кирпик какпай тиктеп калды. Көздөрүн бажырайтып бат-бат ирмеди.
Жакшы кара.
Толкун сустая түштү.
— Кызык. — Бул чын эле менминби? Кийимим башка болуп калыптыр да. Чачы да… Жок, жок, мен эмес экенмин, байке.
Нурлан экинчи сүрөттү таштады. Бул Толкундун өз сүрөтү болучу.
— А бул сүрөтчү?
Кыз эмне деп айтарын билбей делдейип колундагы эки сүрөткө алмай-термей тигилди.
— Бул азыр сен сураган Ракаттын сүрөтү. Сага окшош бекен?
Муну ал так сенин курагыңда, 10-классты бүткөндө түшсө керек.
Тобо. Окшош болгондо да кандай дейсиз. Тим эле укмуш, Жаратылышта ушундай да бири-бирине окшогон адамдар болот экен
ээ. Бул чындыгында эле шумдук го, Нурлан байке.
Нурлан эки сүрөттү тең колуна алып көз айырбай карап туруп, анан маңдайында олтурган Толкунду шалкая тиктеди.
Бул кыз азыр кайда?
Нурлан байкең эмнеге мынчалык караан талашып олтурат дейсиң. Ракаттан башка менде эч ким жок. Ал — мага карындаш эле
эмес, каргылуу кара тоо. Өөдө чыксам өбөк, ылдый түшсөм жөлөк.
Элим да, журтум да, жерге жээк, ага-тууганым да жалгыз Ракатым.
Экөөбүздөгү таржымал түгөнбөгөн жомок. Мен сенден чындыкты сурап жатам. Айтчы деги, менин Ракатыма окшош бекенсиң, Толкун?
– Ооба, окшойт экенмин, байке. Бирок, мен Сизге эч ким болбойм да.
А балким экөөбүз бир тууган болуп калсакчы? Анда эмне болот?
Толкун күлүмсүрөп, акырын сүйлөдү.
Кантип эле ошондой болсун. Окшош кишилердин баары эле бир тууган боло бермек беле? Бул жөнүндө ойлобой эле коюңуз. —
Кесе жооп берип, көзүн башка жакка, тамдын бурчуна кадады.
Қыз Ракат менен өзүнүн сүрөтүнө бир демден кийин кайра үңүлдү. Сүрөттөргө тойбой таңдана тиктей берди.
— Ата-энеңердин өлгөнүнө көп болгонбу?
Ушул кезде Нурлан Толкунга башынан өткөндөрүнүн баарын айтууну ойлоду. Ал болгондо да чабылып-чачылып, чилдей тарап жок болгон өз үй-бүлөсү, өз уясы жөнүндө айтат. Мындан кийин Толкундун кичинекей наристе жүрөгүнө бир кездерде элес-булас кандуу изин калтырган бүдөмүк күндөр аздап болсо да эсине түшөр деген
үмүт жигиттин жаралуу жүрөгүн бийлеп турду…
Кыздын боорукер, жумшак жүрөгү сыздап, көз жашына ээ боло албай муунду. Ал саймалуу кичинекей кол жоолугу менен көз алдын
кайра-кайра сүртүп, Нурландын сөзүн кунт коюп тыңшап олтурат.
Жигит сөзүн уланта берст…
— Бала болсо да эркек эркектик кылбай койбойт экен. А кыздар болсо жеринен
ыйлаак, күйүткө жакын келишет тура.
Чынын айтсам,өлүм деген кара ниет акыры
жүрөгүмдү суутту. Ата-энеден биротоло
түңүлдүм. Ал эми Ракатчы? Олда көлөкөм ай, энем менен Токушту эч унутпай койду го. Ыйлап жүрүп онунчуну бүтүрдү да, ыйлап жүрүп бой жетти. Өкмөт менен партия бизди түбөлүккө төбөсүнө көтөрдү. Қанатыбызга канат байлады, акылыбызга акыл кошту. Тарбыя-таалим берди. Жакшы адамдардын көз алдында бой жеттик.
Адеп биз балдар үйүнө келген жылдары балдар үйүнүн коллективи Ракатты төртүнчү классты бүткөндөн кийин Ленинграддагы
хореографиялык окуу жайына жиберебиз деп даярдап жүрүштү.
Бирок: карындашым ботодой боздоп, менден ажырабай койду. Экөөбүз ажырашсак эле, ал мени бул жакта өлүп калуучудай ойлоочу.
Жаштайынан жүрөгү жараланып, бармактай кезинен ата-энеден ажырап армандуу болгон кичинекей күйүттүү кызды эч ким күчкө
сала алышкан жок. Өзүм да андан бөлүнүп жалгыз калууну каалабадым. Ошентип окууну бирге бүтүп, уядан тең учтук. Балдар үйүнүн
коллективи менен мугалимдер кесипти бизге өздөрү тандап, өздөрү узатышты.
Ракаттын мүчө түзүлүшү менен бирге үнү да бир укмуш болучу.
Қарындашым Москвадагы театралдык институтка кыргыз кыздарынан биринчи болуп бармак болду. Экөөбүздүн оюбуз оңунан чыкты.
Мен да Москвадагы университеттин укук факультетине кетмек болдум.
Орто мектепти бүтүрөрдөгү салтанатты сураба. Александра Жигайловна баш болгон мугалимдер, тарбиячылар, нянялар, айтор бардыгы тең өз балдарын уядан учургандан бетер кубанычка толкуп, дүрбөлөңдөп жүрүштү. Бүтүрүүчүлөр үчүн уюшулган салтанаттуу кечеге көп кишилер чакырылды. Алардын арасында сүйүктүү агайларыбыз Сыдык Исмаилов, Никонор Васильевичтер аялдары менен келишти. Алар ушул күнү да өлгөн ата-энебиздин ордун жоктотушкан жок. Ракат экөөбүзгө бир сыйрадан кийим алып келип кийгизишти.
Кече аяктагандан кийин мектепти бүтүргөн балдарды тууган-туушкандары өздөрү менен алып кетет имиш деп угуп калдык. Ракат
экөөбүздө андай мүмкүнчүлүк жок эле. Бир кезде тышта балдар менен турсам Ракат менин жаныма чуркап келди. Азыр эле жадырап
турган кубанычтуу жүзү убайымдуу, кабагы бүркөө. Узун кара кирпиктери ымдалышып, жаңы эле ыйлап басылгандай кебетеси бар.
«Нурлан байке! — деди ал, санааркап, экөөбүздөн башкалардын баары салтанат бүткөндөн кийин үйлөрүнө кетишет экен. Биз кайда барабыз? Же ушул жерде дагы калабызбы?» Мен Ракаттын сөзүн
угуп, айтса айтпаса төгүнбү, — деп ойлоно түштүм. Ичим уйгу-туйгу болуп, жүрөгүм сайгылашып кетти. Санаам санга бөлүнүп чайпалдым. Жалгыз гана ата менен эне деп күйүп-бышып жүрүп ага-туугандын кадыр-баркын мурда ойлобогон жаным, артыбыздан издеп келер жакыныбыздын жогун эми гана эстеп, аларды жоктоп кабырыла түштүм. Өпкөм көөп, өзөгүм өрттөндү. Бирок, карындашымдын көңүлүн чөктүрбөс үчүн жооткотуп аны калп эле алдай баштадым. Анткен менен көңүлдөгүнү айттым. «Он жылы тарбыялагандан талыбаган балдар үйүнөн аз күнгө экөөбүзгө орун табылбай калат деп турасыңбы. Мында калууну каалабасак Сыдык байкем менен деле кетип калабыз. А болбосо Никонор Васильевич деле турбайбы. Сени кыз кылып багып алайын деген сөзүн уккан жок белең», дедим. Ырас эле Ракат менин сөзүмө ынанып калды. Ошентсе да анын жүрөгүнүн тереңинде эне деген бир кубаттуу күч күңгүрөнүп, улам күчтүү теминип жатканын билип турдум. Энем жөнүндө дагы бирдеме деп айтып ыйлап жибербесе экен деп чочуладым. Ракаттын көз жашынан жалкотой болуп, үшүккө чалдыккан жүрөгүм опкоолжуп турду… — Жүрү балдарга баралы. Меймандарды кабыл алууга кол кабыш керек болуп жүрбөсүн. — Ракат менден көз албай көпкө чейин телмире тиктеп туруп оор үшкүрүп алды. Билбейм, карындашым ошондо мени эмне үчүн анчалык ойлуу тиктеди экен. Же энем менен Токушту эстебей
калдың, аларды таптакыр унуттун, акылсыз Нурлан, дедиби ким билсин. Анын ошол көз карашын эми ойлосом да көңүлүм караңгылай түшөт. Анын үстүнө Ракат энем менен Токуштун өлгөнүнө анчалык ишене берүүчү эмес. Элге барууну ушунчалык эңсөөчү. Ал жерде энебиз экөөбүздүн жолубузду тосуп, күтүп жүргөндөй ойлой турган. — Нурлан унчукпай калды. — Билесиңби, Толкун, — деди паузадан кийин. — Бирөөнү каргаса эле, энең өлүп жетим кал дей турган экен.
Менин билишимче мындан оор, мындан өткөн каргыш да, жаза да жок го деп ойлойм. Қайран асыл энем, кайран атам. Ушул күндү,
балдарынын убайын көрсө эмне. Экөө бирдей ошентип көзү ачык бойдон өлүп кетишти.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE