Пример HTML-страницы

Токтогулда калкты тейлөө борбору ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул райондук электр тармактар ишканасынын карамагында калкты тейлөө борбору ачылып, пайдаланууга берилди.

Маалым болгондой, абоненттер эми ар бир адисти ар башка кабинеттен издебей, маселени бир жерден чече алышат. Оператор, инженер, кассир, юрист, жаңы абоненттерди кириштөө үчүн атайын адис жана Токтогул РЭТтин жетекчисинин орун басары иш алып барат.

Токтогул райондук электр тармактар ишканасында 144 кызматкер эмгектенет. Ишкана 10 айыл өкмөттү, 1 шаарды, тактап айтканда жалпы 18 952 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.

Буга чейин Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда калкты тейлөө борборлору ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE