Пример HTML-страницы

Сыноо 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

7-БОЛУМ.

— Жок, үйлөн деп айтпа апа, — деди да шарт туруп кетип калды, Санам шалдая отуруп калды, ушуларды эстеп отуруп эсин жоготуп бара жатты:

— Каралды-ым, неге мынча өзүңдү кыйнадың жаратка-ан! — деп барып жыгылып калганда аны тегеректеп калышты, ошентип өлгөндүн жазасы көмгөн деп уулун жайына бергенден кийин бармактай бала менен калды. Ыйлаганда ыйлап, бирде сооронуп кирип-чыгып өлбөстүн күнүн өткөрүп тирүүлүктүн бир вазийпасын аткарып жүрө берди. Баягы сүлкүлдөгөн аялдын кара чачын ак басты, жүзүн бырыш басты, жүрөгү оорукчан болду. Бел кылганы жалгыз Аманат, кайда барса ала жүрөт, сыртта балдар менен ойносо көз айрыбай карап турат, мектепке баргандан баштап ээрчитип жеткирип кайра өнтөлөп тозуп алып жүрдү. Чоңойгондо гана Аманат өзү менен өзү болуп калды, сабакты жакшы окуйт. Санам небереси үчүн жашап, ошого топук кыла баштаганда бир кызык түш көрдү, түшүнө келини кирип жатыптыр, алыстан көрүнүп: «Аманатка айт апа, биз Болот экөөбүз биргебиз, эсине салып бизди айта жүр, ал жакшы адам болот, анын жолуна бөгөт болбой окутуңуз», — деп жатыптыр, ошондо Аманат он бирде окуп жаткан, Санам жалгыз калам деп окууга жөнөткүсү келбей жүргөн эле. Анын үстүнө жалгыз небересин таанышы жок шаарга жөнөткүсү келбейт, ошол учурда Гүлсайранын бир тууганы келиптир, ал шаарда кызматта болчу. Акыры айласы жок Аманатты шаарга жөнөтүп кала берди, оңкулдап коңшу-колоңуна кирип чыкканы менен баары бир үйүнө кирсе эле жата албай кыйналганда бир тууган инисине кеңешип үйүн сатып, болгон малын инисине өткөрүп берди да шаарга баса берди. Аманат апасы келгенде аябай сүйүндү, анткени тагасынын аялы батырбай батирге чыкмак болуп жаткан эле, ошентип эне-бала бирге туруп калды, анын пенсиясы гана бар, Аманат сабактан жакшы биринчи курсту бүткөндө Санам:

— Аман, сен эми бой жеттиң, үйлөн, — деди Санам.

— Апа, окуумду бүтмөйүнчө үйлөнбөйм.

— Кой балам, жашыңда үйлөнсөң балаң өзүң менен бирге өсүп калат, мына мен дагы картайдым, сенин балдарыңды алы-күчүм барында багып берейин.

— Ой апа-а, сиз али жашсыз го? — Аманат күлүп койду, ошол бойдон Санам унчукпай калды, амандыгын гана тилеп калды. Билинбей өткөн убакыт Аманатты төртүнчү курска жеткирди, Санам дагы үйлөн деди эле болбоду, күн санап санаа менен убакыт өткөрүп аяк-бияктан өзү кыз издеп да жатты, дал ошол учурда Аманат Айсалкынга кезигип калды. Санамдын айткандарын эстеп кыз менен жолугушуп жүргөн кезде:

— Аси, үйлөнүп албайлыбы? — деди Аманат.

— Аман, мен азыр турмушка чыга албайм.

— Эмнеге?

— Ата-энемдин менде үмүтү зор, ишеничин аткарышым керек.

— Макул, ойлонуп көр.

— Жок, ойлогондо эмне, баары бир жообум бирөө.

— Аси, сен мени сүйбөйсүңбү? — Аманат кыздын жолун тосту.

— А сен сүйөм дедиңби?

— Чынымды айтсам сени сүйөм, өзүм жалгыз баламын, — Аманат баарын ага айтып берди, — Чоң энем багып чоңойтуптур, эми үйлөн деп шаштырып жатат.

— Анда үйлөн.

— Мен сага гана үйлөнөм.

— Эмнеге сага чыкпайм.

— Эмнеге Айсалкын, сага жакпаймбы?

— Жагасың, бирок чыкчу адамым эмессиң!

— Демек сүйбөйт экенсиң да?

— Кандай түшүнсөң ошондой түшүн Аманат, мен сени жигитим эмес дос катары көрөм.

— Ошондой де…

— Ооба, ошондой Аманат.

— Болуптур, өкүнбөсөң болду.

— Эмне, неге өкүнмөк элем?

— Өз бактыңды сезбегениңе.

— Балким менин бактым такыр башкадыр?

— Мейли, кош анда, — деди да Аманат басып кетти, Айсалкын кайдыгер гана суз коштошуп кала берди, ал оюндагы мырзаны али кезиктире элек эле, анын канчалык капа болуп кеткенин сезбеди, ошондон көп өтпөй өзүнүн курсташы Арууке ага минтип калды:

— Аси, — Алар дайыма аны ата-энеси айткандай Аси дешчү, — Мен бирөө менен жолуктум.

— Жакшы болуптур, дароо эле сүйөм дедиби?

— Жок, андан да башка, — Арууке күлө карады, — Тапчы.

— Анда кыз-жигит бололу деген чыгар.

— Жо-ок, такыр бөлөк сөз айтты.

— Өзүң айтчы, эмне үйлөнөлү дегендир анда.

— Ооба-ооба! — Арууке каткырып алаканын чаап секирди, — Дароо эле ал үйлөнөлү дебедиби?

— Кызыксың го, сен эмне дедиң?

— Ойлоноюн деп айттым.

— Сага жагабы деги?

— Жагат, мен аны мурдатан эле көрүп жүрчүмүн, көрсө ал дагы мени сыртыман жактырып жүрүптүр да, анан эле бүгүн атайын жолугуп калып эле экөөбүз сүйлөшүп отурдук, кафеге кирдик, жалгыз чоң энесинин небереси экен, шаарда турушат экен, — дегенде Айсалкын аны жалт карады.

— Аты ким экен?

— Абыл деди го.

— Аа-а, — деп койду Айсалкын кайра кагазына үңүлө.

— Сен тааныбайсыңбы аны?

— Жо-ок, Абыл дегенди билбейт экенмин.

— Очень — очень симпатичный парень!

— Но ладно, будь счастливо.

— Рахмат курбум, — Арууке кубанычтан жүзү албыра келип Айсалкынды өөп койду, — Мен сүйүп калганмын курбум, күтпөгөн жерден ал дагы айтса эсимди жоготуп кое жаздабадымбы, элестет өзүң сүйүп жактырып жүргөн адамың эле келип сага мен сени жактырам, мага турмушка чыгасыңбы, — деп жатса.

— Арууке, — деди Айсалкын, — Сен сүйүүгө ишенесиңби?

— Ооба, а сен ишенбейсиңби?

— Мен эч кимди сүйө элекмин.

— Өзүң сүйсөң анан түшүнөсүң курбум, — Арууке өзүнчө эле эргип сүйлөп жатты, — Сүйүү келгенде өзүңдү дагы тааныбай каласың, учуп жүргөн канаттуудай закымдарга оюң менен жетип оюңда жалгыз гана сүйгөн адамың болуп бактылуу болуп каласың.

— Сен бактылуу боло турчу, мен али сүйүүнү түш көрө элекмин, — Айсалкын аны карап күлүп койду.

— Аси, мен сага таңгалам.

— Эмнеге?

— Сен аябай сулуусуң, бирок жигитиң жок.

— Сүйбөсө жигит карамак беле?

— Койсоңчу, өзүң повот бербейсиң го?

— Балким, — Айсалкын ойлуу унчукпай калды, алар ээрчише аялдамага бара жатканда аларды узата карап Аманат турду. Көп өтпөй эле Арууке турмушка чыгып кеткенин угуп калды. Курсташтары чогулуп белек-бечкегин алып бармак болуп калганда Айсалкындын атасы келип калып барбай калды, эртеси кыздар айтып түгөтө албай жатышты, Айсалкын барбай калганына өкүнүп турду.

— Аси, сен билчү белең? — деди Дамира.

— Эмнени?

— Аманат деген бешинчи курстагы баланы.

— Эмне болуптур ал? — Айсалкын чоочугандай карап калды.

— Аруукеге ошол үйлөнүптүр!

— Койчу?!

— Койбой эле, көрүп келбедикпи.

— Чын эле ошол бекен?

— Ошол, чоң энеси менен турат экен.

— Аа-а, — Айсалкын кызыктай болгону менен сыр билгизбей, — Бактылуу болушсун, — деп койду.

— Аси, сен жаман болуп кеттиң го? — Дамира таңгала карады.

— Эмнеге?

— Өңүң бузулуп кетти.

— Ашказаным ооруп турган өзү…

— Ошондой, жаман болуп турасың.

— Сабакка качан келет экен?

— Бир жумадан кийин эле той өткөрөт экен, ошондон кийин келет окшойт.

— Аа-а, — деп койду Айсалкын.

— Арууке бактылуу кыз экен, — Дамира суктанып алды.

— Эмне үчүн?

— Академия боюнча жакшы окуган, канча кыздарды өзүнө караткан жигитке чыкты да.

— Мен дегеле көңүл бөлбөпмүн.

— Староста эмес беле?

— Ошолбу? — Кайдыгер сураган болду.

— Уш-шунча жүрүп Аманатты билбейсиңби? — Дамира таңгала карады.

— Укканмын, көңүл бурбасам керек.

— Арууке дагы сулуу ээ?

— Ооба, сулуу кыз.

— Эми тоюнда көрөбүз да, — Дамира өз ордуна отуруп калды, андан соң сабак бүтүп ар кимиси өз үйлөрүнө жөнөштү, Айсалкын жөн гана таңгалды, бирок анын: «Өкүнбөсөң болду», — дегенин эстеп: «Эмнеге өкүнөм, бактылуу болушсун, мага тиеше жок, өзүм сүйбөгөн адам үчүн не өкүнөм, өкүнмөк турган капарыма дагы албайм», — деп ойлонуп батирине келди. Төрт кыз биригип бардык шарты бар бир бөлмөнү жалдап алышкан эле, баарынын ата-энелери кабатыр болуп келип кетип турушат, келген сайын көтөрүнүп келип акча берип кетишет. Кыскасы баарыны ата-энелери бардар адамдар эле. Айсалкын келсе үчөө тең бар экен, Аида, Акылай менен Гүлмайрам.

— Келдиңби Аси? — деди Гүлмайрам.

— Ооба, менсиз зериктиңерби? — Айсалкын күлүп койду.

— Ананчы, жакын курбуңа кетип калдыбы деп ойлодук эле.

— Эмнеге?

— Аяшың менен кенен кесир таанышканга.

— Тойдо көрөбүз да.

— Тою качан болот экен?

— Бир жумадан кийин дейт, баргандар айтты.

— Аа-а, — деп коюшту алар.

— Аси, — деди Аида.

— Оов.

— Сен Аманат менен кыз-жигит эмес белең?

— Жо-ок, эмнеге сурадың?

— Мурда бир сени менен турганын көргөнмүн.

— Аа-а, жөн эле тааныш болчубуз.

— Балким сен макул болбой койгон чыгаарсың?

— Жок, андай болгон эмес.

— Мен сени жаман акыбалда калдыбы деп ойлогом.

— Кабатыр болбо садагасы, менин ага переживать эткидей жайым жок, — деп Айсалкын жайдарылана кыздардын жанына отура кетти…

Аманат Айсалкынга өчөшүп Аруукеге үйлөнүп алганы менен анча көңүлү ачылбады, кайын журту келип кетти, Санам өңдүү-түстүү келиндүү болгонуна кубанып эчтекесин аябады, тойго кам көрүп малын сатып, баарын даярдады, иниси Кубат эжесине жардам берип кызы, баласы болуп жүгүрүп жүрүшөт, Арууке беш бир туугандын эң улуусу, ата-энесинин колунда бар эле, андан кийин эки сиңдиси, эки иниси бар. Акматбек кырктардан жаңы гана ашкан кара мурут сулуучумак жигит, аялы отуз жетилерде, тун кызы турмушка чыкканга колунда бардыгын көрсөтүп баарын жасады. Адегенде Акматбек жетим балага кызымды бербейм деп чыр салды, бирок Арууке ыйлап-сыктап Аманатты сүйөм деп туруп алды, Алима дагы элден укканын айтып кызынын кийинкисин ойлонуп күйөөсүн тыйып, тууган уругунун алдына ийилип турганын, ачуу басарды жетим баладай эмес толук кандуу үй-бүлөө сыяктуу жалгыз кемпир бир тай менен жыйырма миң сом, шаардыктардай эле коробкалап момпосуй, печенье менен жашиктеген ичимдик берип ийгенин көрүп жибишип кызынын намысы үчүн үйлөнүү тоюн өзү гана өткөрмөк болгон. Ага Санам болобу, жалгыз небереси үчүн барын аябады. Ошентип жума өтпөй алардын үлпөт тоюу өттү, той болуп жаткан кезде студенттер дагы келген, Айсалкын дагы бар, ал ушул тойдо анын тагдырын өзгөртчү чоң окуя болоорун жүрөгү сезгендей жүрөгү алып учуп өзүн бир башкача сезип жатты. Бир кезде Аруукенин ата-энеси эл алдына Санамдар менен бирге чыгышканда Акматбекти бир көрүп эле жүрөгү болк этип алды, кызыл жүздүү кара мурут, көздөрү жаш жигиттикиндей өткүр, каштары кою капкара адамды караган бойдон катты да калды. Шарактап жаткан студенттер аны байкаган деле жок, анын көз албай карап турганын бир гана Аманат байкап өзүн карап жаткандай сезип: «Дагы боло элек, мени сүйүп туруп сүйгөнүңдү мойнуңа албадың, Аруукенин бактысын көрө албай турасың го, өмүр бою өкүнө турган болосуң», — деп ойлонуп мыйыгынан жылмайып алды. Бирок ал анын таптакыр башка адамды карап, көзүн тартып ала албай: «Мен издеген адам мына ушундай болуу керек, бирок мунун жашы менден улуу, үй-бүлөлүү, албетте мен дагы ушундай адамга жолугам, жүрөгүм каалаган адамымды табам», — деп отурганда анын бир да жолу даам сызбай бир тарапты караган бойдон жаагын таянып отурганын байкаган Гүлмайрам:

— Ай, сага эмне болду, албайсыңбы тамактан, болбосо ачка каласың, — деди шыбырай күлүп, ал дагы аманатты ойлоп жатат го деп турган эле.

— Аа-а, менин эчтеке ичким келбейт.

— Эмнеге?

— Жөн эле, жүрөгүмө барбай турат.

— Эмне, бир нерсеңди жоготтуңбу? — Гүлмайрам сырдуу жылмайды.

— — Жо-ок ай, жөнчү Гүлмайрам, — дегени менен улам эле Акматбек тарапты карап коюп жатты, Гүлмайрам ал караган тарапты карады, Аманаттар эбак өз ордуна барып отуруп Аруукенин ата-энеси гана коноктордун белек бечкектерин бир четте, Санам бир четте келини, иниси болуп турушкан, аларды бир карап кайра Айсалкынды караган Гүлмайрам өзүнчө ийин куушура кашын кере отуруп калды. Тойдон чыккандан кийин дагы Айсалкындын көз алдынан ошол адам кетпей туруп алды, деги бир эсинен кетсечи, кылт этсе эсине келе калып: «Эмнеге эле оюмдан кетпей койду, кызык ал чоң эле адам го, анан дагы эркек кишиге сулуулуктун эмне кереги бар, башкача сулуу экен», — деп ойлоп алат. Сабагына барса деле ручканы салаасына кыпчып алып жө оозуна салып ойлуу отура берчү болду, аны байкап жүргөн Дамира:

— Аси, сен эмне болуп жүрөсүң? — деди акырын.

— Мага эмне болуптур? — Айсалкын кайра ага суроолуу тигилди.

— Билбейм, сен сабакка баштагыдай көңүл бурбай калдың.

— Угуп жатпайынбы.

— Жо-ок, сен өзүң бул жерде отурганың менен оюң башка жакта.

— Сага ошондой көрүнүп жатса керек.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE