Пример HTML-страницы

Пресс хата 14 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

14-болум.

Сууга бир чумкуган Володя тээ алда кайдан чыкты. Мыкты суучулдардын адатына салып, суудан тобосу коруноору менен чачын силкип койду артка. Колун которуп булгалап койду. Бала да — терендиктен, танкы жылый элек суунун салкындыгынан кооптонбой, сузуп жоноду. Жакшы сузчу сууда.

Экоо тен кунго курганганы жээкке бир маалда чыгышты.

— Мына, сиз менен эртелеп машыгам. А, башка убакта эмне кылам? — олуттуу турдо карады бала Володяны. Тиги болсо, Рысбекти сынагандай, бутунан башына чейин карап алды.

— Эмне кылам дейсинби? Мындай алып карганда, анчалык терен суроо эместей корунот. Бирок… Билесинби? Сен бир эле ай: машыгуу менен чектелбе. Кээ биролор бар, денесин тыныктырат, мээси бош калат. Чурка, ойно, уйуно жардам бер, бир аз шоктук кылсан да болот. Анткени, бул сенин жаш курагына тиешелуу нерсе. Китеп окуганды суйосунбу?

— Анчалык эмес… Кээде окуйм. Спорт туралуу.

— Мм, де… Анда, мындай кылалы…. Мен сага бир китеп берем. Сен тушунбошун мумкун — коп жерлерин. Ушунун жаралыш тарыхы, каратэ туралуу бар, жана ушул окшогон.

Рысбек алигиндей создорду укканда, коздору жайнап кетти. Аны Володя байкады. «Бырс» кулуп да койду.

— Коонуно топ келе тушту белем айткан созум? Тушуном… Баса, атан кандай карайт буга?

— Кайсыга? — бала тушунгон жок.

— Сен тушунсон, балакай… Чыгыштын жекеме жеке уруш искусствосу туралуу маалымат бизде жокко эссе. Коммунисттер тушунгусу да келбейт, жолоткусу да келишпейт. «Каратэ» , «кунгфу» , «ушу» дешсе, тобо чачтары тик турат! Негизги, философиялык концепсиясын тушунгулору келишпейт. Ну, кудай ала койсун аларды!.. Бирок, эртедир кечтир… прогресс, дуйнолук кыймыл деген бар эмеспи, качанга дейре, биздин олко дуйнолук жанылыктардан четте калмак эле — бир канча убакыттан кийин, азыркы биз кеп кылып жаткан тушунуктор келет, келбей койбойт. Бирок, аны ошол мезгилдеги жаштар тупку философиялык манызы менен кабыл алышабы, же алсыздарды коргоодогу куч катарында эмес, оз устомдугун, бийлигин орнотуудагы куч катарында кабыл алабы — кеп мына ушунда.

— Володя байке, биздин Чолпон-Атада спорттун оор атлетика, курош, бокс боюнча секциялары жок. Ачылса, бир жыл, же, жарым жылдан кийин,жабылып калат. Волейбол, баскетбол — болгону. Ушуларды эле ойното беришет. Мисалга сиз — ушу боюнча секция ачсаныз, укмуш болбойт беле?

— А, мен эмнени айтып жатам балакай?.. Биринчиден, мага эч ким андай секцияны ачууга уруксаат беришпейт. Экинчиден, мени дароо камакка алышат.

— Эмнеге? — элейди бала.

— Ошого… Мен турмонун созу менен айтканда — «гастролермун» да. Туруктуу иштеген кызматым жок, уй-жайсыз безерман, анустуно, пропискам да жок, кордунбу? «Кайдан келдин? Эмне максат менен биерде журосун?» деген суроолор башталат. Иштебей бош жургондорду камоого атайын кылмыш статьясы бар, сага айтпадым беле? Бир ирет турмодо отургам, экинчи ирет каалабайм. Ал эми, Чыгыштын уруш искусствосун жайылтып жургонумду билишсе, мага эркиндиктин эшиги жабылды дей бер! Ансыз деле, туулган кунумдон тартып, азапты коп тарттым, мынабу жаркырап тогулгон кун нурун, мелмилдеген колду, дегеле, табигатты болок нерсеге алмаштырып болобу? Кыдырып эле журо берээр элем омурум откончо. Бакытты мен селсаяк жашоодон кором, жаны адамдар, болок табигат. Баары кызык…

Володя ойго баткансып, унчукпай калды..

Ушунчалык куч-кубаттуу болуп туруп, кейиштуу суйлоп олтурган Володянын турпатына тан калды Рысбек. Чон кишилердин да озуно таандык кайгы-касиреттери болот тура. Четин чыгарса да, тупку бир сыры бардай Володянын. Аны озунон башка жан билбейт.

— Сиз жанаа, бир китеп туралуу айтып келатпадыныз беле?

— Ооба, ооба! ..-уйкусунан чочуп кеткендей болду Володя: — Ырас, менде китеп бар. Бирок… Экообуз макулдашып алалы…эч кимге корсотпо. Озун гана оку, макулбу? Сен жакшы баласын, эрктуулугун, бир созго турарлыгын козунон корунуп турат.

— Озумон башка эч ким окубайт. Ишениниз мага?

— Ишенем, ишенем. Эртен аласын китепти, суйлоштукпу? Мен эртенге даярдап коеюн.

Бир аздан кийин, Рысбек уйуно карай кетчу жалгыз аяк жолго тушту. Кетип баратып кылчайса; Володя эски ордунда. Башы тошуно саландап, козунун тобосу менен гана теке мандайындагы кыргыз денизин тиктегенсийт. Ушинтип, керелден кечке олтура береби? Кылаар иши эмне? Же озу айткандай: жаркырап тогулгон кун нуруна, кооз табигаттын корунушуно суктанып, ошондон канаат алып, кантип кун уясына батып, кеч киргенин сезбей калаар.

Кундогудон эрте уйкуга баш койду Рысбек. Апасы тан калычтуу кобуранып койду, балдар жатчу болмого кирип бараткан уулунун артынан карап:

— Рысбегимдин башына чоп сындырып коюшум керек экен? Бу маалда жатчу эмес элен, ооруп калган жоксунбу балам?

— Жок, апа. Эрте туруп жатпаймынбы. ..

— Ондо кино болот деп жатпайбы Тынычбек, аны да корбойсунбу?

— Корбойм.

— Мейлин, озун бил.

Ал туну Рысбек туш да коргон жок. Мемиреп, уйкуга коошуп баратып, эртенки тандын тезирээк атышын самады.

Эртеси.. Кайра эле, козго тааныш жалгыз аяк жол. Урул-бурулдо алыстан кунурт жылтылдаган кол. Шарпасы угулбайт. Демек, кечээ кол толкунсуз, тынч уктады. Рысбек улам алга жугургон сайын, карегинде асман, оролушкан тусу ачылбаган булуттар, ар кай жери жылтылдаган кол селкилдейт.

 

Ана! Жээкте бир караан журот. Албетте, ал — Володя! Баланын журогу кубанычтан туйлап кетти. Негедир таанышканына эку кун гана болгон сырдуу адам журогуно жылуу агымды толтургандай, бир туруп, бир боор адамынын озуно белгисиз бир сырын, ич куйутун туйгандай тула боюн чымыраткан сезимди туюп, дал ушул Володядай келечекте чымыр, денеси кара-курон тартып — кунго, куч-кубатка толгон жигит болооруна ишенип турду. Ошол мезгил — июнь айынын ортосу болчу.

Август айынын аяк чени, сентябрь айынын башында колдун жээгинде бака-шака тушкон ундор сээлдеп, кун суугуна билинбей тарта баштайт. Рысбек Володянын жанынан эртели кеч чыкпас болду. Кол жээгиндеги дем алуу уйунун кайыктары сакталган эки комуттун биринде Володя жашайт. Бир темир керебет, баш жагында суурмасы бар укокчо бар. устундо табак, бир стакан, ичинде чай кашык. Болок эчтеме. Кундогудон Володя ойлуу. Керебетинде ункуйуп отуруп, бир мыкка гана илинип, дубалда суйролгон тейинде илинип турган сурот-плакатты карап койду. Суротто чачтары салааланып ийнине тушкон сулуу кыз колго тушчу кийими менен жылмайган калыбында.

Кобуранып койду Володя озунчо:

— Кетсем окшойт биерден.

Босогодо турган Рысбек «селт» этти. Муну Володянын бекер айтпаганын билди. Кийинки кезде, оорудан жабыркаган кишиче чунчуп журот. Акыры, айта турган созу ушул экен да?

— Володя байке, кийинки сезонго чейин жашабайсызбы? Мен атама суйлошуп коройунбу, ал тушунот. Биз менен чогуу тура бересиз.

— Рысбек? Сен акылдуу жигит эмессинби… Мени угуп турчу?.. Ырас, мен бул жердин шартына, элине, Ысык-Колго, эн башкысы — сага, кичинекей досум — коно тушподумбу. .. Бирок, сен да мага тушунушун керек. Мен бир жерге отурук албаган кишимин. Кулум бир жерге додо болгон эмес. Уй-було кутуп, орун-очок алуу — мен учун жат. Балким, торолгондон эле, мандайыма ушундай жазуу буюргандыр. Жанакы, кытай чалга жолуканыман кийин, тайганы аралап жургонду коонум суйчу. Ал — тайга да! Озунду эч качан жалгыз сезбейсин. Турлуу жан-жаныбар, сайраган куштар бар. Жадакалса, бир дарактын кабыгын жакшылап карасан, ошонун ичинде да курт-кумурска кыбырап, оз оокатын термелеп, таап журот. Эми, мага ал жакка коз корсотууго болбойт. Бул эн узак соз, узак окуя. Аны мен озумо айтуудан да корком. Сени эч болбоду дегенде, бир жыл машыктырсам болоор эле. Сенден созсуз бирдеме чыкмак. Сага машыктыруучусуз кыйын болот. Ырас, мен корсоткон ыкмаларды, конугуулорду кайталап, дененди духун менен кошо бышыктырып журсон болот.

— Сиз азыр эле кетип калчудай суйлоп жатасыз да? — ыза болгонсуган баланын доошу босого тараптан кайра угулду.

— Азыр кетпейм дечи… — жооткоткон сыяктуу уну угулду Володянын: — Бирок, менин сапарга чыгаар убактым чукулдап калган ондуу. Журбойсунбу, тышка чыгып жээк аралап келели?

— Журунуз! Жарайт, мен макулмун — шашып жооп берди Рысбек. Экоо сыртка чыгышты. Кун батууга жакындап, жолундагы булуттарды унсуз кемедей жиреп бараткан маалы.

Рысбектин оюн Володянын уну бузду.

— Сен да эр жетесин Рысбек. Албетте, чон шаарларга барып, окуунду улантаарсын. Бир нерсени унутпа: сенин элин аман турганда, сен барсын. Элин мункуросо, сен кыйналасын. Ошол учун, элинди, мына бу кооз жеринди булунтпой сактоого уйрон. Аа, келгиндерге эмне: келет-кетет. Кунумдук жашоо аларга. Грузияны карачы? Канча курорттор бар. Бир сынык ботолкону таштап корчу- эр болсон! Мобу кум, кол, тоо — сенин мекенин. Сен элинди, жеринди кандай урматтап суйсон, келгиндер ошого жараша болот. Непада, аларга кошулуп, акчасына, жылтырак-жултурагына кызыгып, убактысынча чардап ойноп, жеринди тебелеп-тепсоого, элинди кемсинтууго жол бердинби, демек, эртен — сенин урук-тукумдарынды басмарлашат, кул кылууга аргасыз кылат. Ар бир улут оз жеринин талаа, токой, суулары менен сыймыктанышы керек, анткени ошонун откон ата-бабалары ошол молтур кашка сууну ичип, чет жоолордон тоолорун сактап, анан, урпактарына откоруп берген эмеспи. Мына, ушуну такыр эсинден чыгарба, балакай?! — Володя башында «балакай» деген болсо, кийинки кезде айтпай калган, бул жолу созуно кыстара кетти — эркелеткени бейм сыягы.

— Эртен келесинби Рысбек?

— Чолпон-Атанын жогору жагында Арал жайлоосу бар. Ошого барабыз эки кунго — деди эле атам.

— Болуптур, кеч да кирип баратат, уйдогулорун издеп калып журушпосун. Анда эмесе, эки кундон кийин жолугушат экенбиз да ээ?

— Ооба… Эки кундон кийин.

-Корушкончо!

-Корушкончо!

 

Бала озу конгон чукул жолго тушту. Дал ушул мезгилде, арт жакка кылчактатып каратууга аргасыз кылган бир тыбыраган сезимди туйду. Жаны, мурункуларга окшобогон сезим. Боордоштук сезим дейин десен, андан да откур, жакын адамынын алдыдагы тагдырын ойлоп санааркаган, ал учун чочулаган сыйкы сезим. Балалык азганакей откоргон омурундо жакын адамынан айрылуу деген оор сезимди башынан откорбогон, бирок, алмустактан ан-сезим, дургугон кан аркылуу жылжып келаткан адамзаттын ички, сырдуу туйгусунанбы — ажырашуу, деген сезимдин кормок даамын туюп, анын оор салмагын азыр билди. Ошол учунбу, азыркы муноттон тартып, анын балалык журогуно сырдуу шам катары куйуп калган адам менен корушпой калчудай болуп, улам-улам артын карады. Не, атайын эле ошенттиби, далысын балага салган тейинде, тиги жузун колдон бурган жок. Кузго жуук, эртели кеч кол ороону салкынына тартат. Бул айрыкча жээкте, кол шапатасы тула бойду ичиркенте баштаганда билинет. Жайдын тоукшуган маалындагыдай кол, устун бербей кым-куут тушкон балыкчы чардактардын да караандары сейрек — бирин-серини булуттарды туро айдаган шамалдын эпкининен селпектеп учуп, курбалдаштары жашынып олтурушкан камыштардын ыктоосуна кире качат. Табигаттын туру бугун жудомуш кейпинде. Асман, булуттар, кол да суз бугун. Колдун толкундарынын устунку каты менен жуз миндеген балыктар жондорун чагылыштыра ордоп жоногонсугон тариздуу бугун баары эле кайдадыр эле шашылат — бул ааламдан туп которо кочуп кетишчудой болушуп.

Тигине, Володянын эки колун жука курмосунун чонтогуно салып, кол бетин унсуз тиктеген сулпоту да корунбой калды. Бала озунчо терен улутунду. Оюнда ага эки кылымдай туюлган ортодогу эки кунду эстеп койду. Ойноок кезде, башында опол тоодой сезилген кайгы сымактар тез унутулаарын бала билет дейсинби, эртеси кун чачырап, тоо башынан коруноору менен атасы экоо эки атка минип бастыраар замат, эсинде «кылак» эткени эткен дечи, алдыдагы сапардын кызыгы ойюндагысынын жамысын суруп салды. Табигатка куштарланып баратат. Астындагы Тору жоош мал, бала-бакыранын кимисин болсо да мингизе берет. Астараак бараткан атасы минген жеерде ат жаш,, камчы салдырбайт. Рысбектин атасыАбдымалик ээрде каккан казыктай, далысы торт бурчтанган чымыр, эки бети эндик сурткондой мала кызыл, ак жуумал бийик мандай — сулуучумак киши. Артына кылчая берип минтти:

— Теминип кой. Торуну антпесен болбойт, журушу жылдагыдай эмес, карып калды байкуш.

— Ата, аз калдыкпы?

— Чолпон-Ата капчыгайынын ичи ушул. Кызыл-Кыя деген жер бар. Атан Акматбайдын кыштоосу ошол жерде.

Капчыгай арасы менен баратышат. Чанкайып асман ачык. Кун тободо кулундойт. Он-сол — эки жакта тен боксо тоолор, андан жогору катмар-катмар тоолор бийиктеп, алыстан кок зангелдуу, башынан ак кар, кок муз кетпеген чокулар. Баланын оюн биле койгон атасы кебин ачыка чыгарат:

— Аз калдык уулум… Бир аздан кийин, чон атандын кыштоосун коросун.

Бир саатка жакын убакыт отуп отпой, тоонун этегинде, шамалдан ыктоо, жайык жерге туш келишти.

— Мына, Рысбек, чон атандын кыштоосу. Боз уйунун орду эле калган турбайбы. Эмесе, аттан тушолу — деди атасы. Уну негедир дирилдей тушту. Атасынын конушун коруп, не, озунун жыланаяк балалык кези эсине тушкондур.

Бала элендеп, таныркаганын жашыра албай, туш тарабына коз жугуртту. Озгочо белгиси жок жер корунду алгач. Боз уйдун орду деп, атасы корсоткон туш мизилдеп тептегиз.

— Ата кышында кантип турчу эленер боз уйдо?

— Ээ, уулум, турчубуз да.. Боз уйдун сыртынан — алтыгана, чырканак, камыш менен короо ондонтуп кармайбыз. Шамал, кардан калканыч…

Ата-бала жогорудагыдай создорду суйлошкончо, кыштоого да жете келишти. Экоо тен аттарын чылбырдан алып, жетелеп алышкан.

— Мына, балам, ата-бабандын конуш алып, тутун булаткан жери. Жакшылап, эсине туйуп ал? Кийин, сен да оз балдарына корсотосун? Чон атан мага бая куну катуу эскерткен: Абдымалик, мен атка журо албайм, кыйналып калам. Эки уулуна — менин эски конушумду, боз уйдун ордун, балалыгын откон жерди косотуп кел деген. Мен ошол атамдын суранчысын аткарайын деп келдим. Тушундунбу, уулум?

— Тушундум ата — Башын ийкеди Рысбек — Андай болсо, Тынычбекти ала келсек болмок экен

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE