Пример HTML-страницы

Пенделигибиз ушул го

https://kyrgyzcha.site/?p=44418&preview=true Кызыктуу окуялар.

Шашылыш туулган жериме жөнөп калдым. Шашканым ушунчалык, биринчи жөнөп жаткан машинеге отурдум. Алдында бир улуу киши, артында балалуу келин, анан бир жигит отуруптур. Ортого отургум келбесе да акыркы келген киши катары бош орунга отурууга аргасыз болдум. Машине мен отурарым менен дароо жылды. Жанымдагы жигит түнү бою уктабаган неме го, дароо уйкуга кирди. Уктап жатканда шалактаган колу саныма, башы ийниме кулап кыжырым келе түртүп коём, болбой эле кайра кулайт. Аргам кеткенде WhatsAppка үңүлүп, андагы тааныштарым менен маанисиз эле бирдемелерди жазыша баштадым. Ал тургай, кээ бир курбуларыма жанымда бир келесоонун уктап баратканын, анын колу саныма тийип кыжырым келип, бирок жанымдагылардан уялып эле унчукпай баратканымды да жазып жибердим. Мындайда WhatsApp да, социалдык түйүндөр да арга болбой, жол чексиздей сезилип ойдолой баштадым. Качан айдоочу машинесин токтотуп: “Тамак ичип алалы ээ?” — дегенде кубанганымдан жерге түшкөнчө шаштым. Түшүп жатып атайын менден мурун түшүп кеткен кыз тараптан эмес, уктап жаткан сапарлашым тарабынан түштүм, анткени уйкусун ачып, жол ката кылган жоругу үчүн өч алгым келди.

 

– Түшүп алайынчы, – дедим түртүп. Колдорун таштап уктап жаткан жигит дароо көзүн ачып, анан мени көрө ордунан элпек козголуп сыртка чыга машиненин эшигин ачып менин түшүшүмө жардамдашты. “Жентльмен болуп калганын”, — дедим ичимен күлкүм келе.

 

Бейтааныш сапарлаштарым менен тамак үстүндө тааныштык.

 

– Менин атым Жоодар, – деди жанагы уйкучу жигит. Жоодар тамак келгенде бизди шыпылдай элпек тейлеп, илбериңки эле. Мен жана эле жактырбай жаткан бул жигитти тааныбай турдум. Жоодар тамактын чүйгүнүн буйрутканын көрүп өзүн абдан жакшы көрөт го деген ой көңүлдү сыдырып өттү. Ал алдына келген тамакты жасалмасы жок ушундай бир чеберчилик менен жеп жатканын карап туруп мынчалык тамак жеш маданиятын кайдан өздөштүрдү экен деп ойлобой коё албадым. Биз кайрадан машинеге чыкканда Жоодар экөөбүз эски тааныштай кысынбай калганыбызды аялдык туюмум менен дароо туйдум. Менин жанымдагы келиндин баласын эркелете кеткенимди көрүп:

 

– Баланы жакшы көрөсүзбү? — деди Жоодар акырын.

 

– Жакшы көргөн үчүн эки баланын энеси болдум да, — дедим жылмайып.

 

– “Турмушка чыккансызбы?” деп сурасам ыңгайсыз болобу деп… — деди ал ууртуна күлкү сүртүлө. Жылмайганда одурайган жүзү баладай жайнап, көздөрү мээримге толо түшөт экен.

 

– Сизчи?

 

– Мен да баланы жакшы көрөм, бирок бир эле уулум бар, онго чыгып алды. Апабыз “келбетим бузулат, карьерам өспөй калат” деп бизди күттүрүп төрөбөй жүрөт, – деди негедир ичтен тына акырын улутунуп. Бул улутунууда баланын таарынычындай жеңил таарыныч бар эле.

 

– Өзүн сүйгөн аял го келинчегиңиз, анткени өзүн сүйгөн аялдар келбетин карап, карьерада да артта калбоого тырышышат.

 

– Балким, азыр заман талабы башка тура. Илгери апаларыбыз тогуз баланы төрөп, мектепте мугалимдиктен директорлукка чейин жетип, ошол эле учурда келбетин сактап, атабыздын да көңүлүн алып үлгүрчү.

 

– Андай аялдар азыр калбай баратат, – дедим. Көз алдыма алтообузду төрөп да сыны бузулбаган, бир мүнөт жаны тынбай ишине да, үйгө да жетишкен мээнеткеч апамды эстеп алдым.

 

Ошол учурда Жоодардын телефонуна чакыруу келип ал бир аз ары бурула оозун калкалай акырын жооп берди. Орусча сабаттуу сүйлөгөнүнө, эми эле жумшак үнүнүн өктөм, бийликчил тартканына карап туруп, демек, жетекчи деп жыйынтык чыгардым. Ал кыска, так сүйлөп трубкасын койду да, мага карап:

 

– Кечирип коюңуз, эмнени сүйлөшүп жаттык эле? – деди жайдары.

 

– Сөз кезеги сизде, өмүр баяныңызды айтканы жаткансыз, – дедим акырын. Чыны ал тууралуу уккум келип турган.

 

– Менин өмүр баяным абдан жупуну. Онду бүткөнчө апамдан коркконумдан гана жакшы окудум. Ошондо да каным башыма тээп тентек кылып ийчүмүн. Анан институт, анан илимий ишке багыт алдым да, илим менин колумдан келбесин сезип бизнеске кеттим. Мен бизнеске кеткенде апам ыраматылык: “Сенден мыкты илимпоз чыкмак. Эсеп илими жакшы эсепчисин жоготту”, — деп кейисе ичтен күлдүм. Бу эне деген жарыктык баласы кумурска болсо деле андан пилди көрө берет тура. Анан акчанын артынан кууп, анын чеги, опасы жок экенин апамды жоготкондо сездим. Апамды убагында кубантып келин алып берип неберелүү кылганда деле акча табыла бермек экен.

 

Жоодар бул жолу оор, баладай кусалуу, армандуу күрсүндү.

 

– Апаңыз барбы? — деди анан муңайым жылмайып.

 

– Ооба, бар, — дедим акырын.

 

– Бай турбайсызбы, эки балаңыз, апаңыз, анан күйөөңүз да бар да ээ? – анын эмелеки кусалуу жылмаюусу шок күлүмсүрөөгө айланып.

 

– Ооба, күйөөм да бар, – дедим мен да күлүмсүрөп.

 

– Абдан бай экенсиз, айрыкча ападай байлык, эне мээриминдей мээрим болобу. Бала кезде апамдын айдагы кыз тууралуу жомогу али да эсимде. Кызыгы мен ошол айдагы кызды алып келип апама келин кылып бергим келчү. Ошол балалык кыялданбы, билбейм, айды жакшы көрөм.

 

– Айдагы кыз картайып калса керек? – дедим тамашага бура.

 

– Жок, ал картайбайт, мени күтүп жүрөт. А мен болсо пенделик баткактан чыга албай улам кечигип атпаймынбы, – деди кыялдуу коңур үн менен.

 

Мен артымды караган жокмун, ал болсо унчукпай желкемден дем алып баратты. Анан күтүүсүз:

 

– Качан кайтасыз? – деди. Анын деми желкемди жылытып кетти.

 

– Эртең эле кайтам.

 

– Чогуу кайтпайлыбы? – деди негедир жумшак шыбырап. Бул жумшак шыбырдан денем дир эте ысып бурулганча шаштым. Ал мени башкача карап туруптур. Бул көз карашта мен сөз менен айта алгыс бир ысык мээрим жаткан. Мындай мээримди мен күйөөмдөн эч качан көрбөгөнүмдү ичим сыйрылып эстеп алдым.

 

Биз Нарынга жетип, мен түшүп баратканда Жоодар мени капыстан колдон алды. Селт эте колумду тартып аларда кыса кармап туруп:

 

– Кечирип кой, номериңди калтырып кет, чогуу кетели, – деди дароо сенге өтүп. Бергим келсе да ичимден бир кашкөй намыс кармап күлүмсүрөй коштошуп басып кеттим.

 

Айылдагы иштеримди бүтүрүп эртеси эле кайтууга камындым. Канчалык мойнума алгым келбесе да Жоодар менен кетүүнү каалап, бирок ал ойду күнөөкөр адамдай өзүмдөн кууганча шашканымды кантейин. Эртеси түшкө жакын таксилер турган жайга келдик. Мени узатып келген инилерим бир машине менен сүйлөшүп келишти да, жүктөрүмдү жайгаштырып, анан мени менен коштошуп басып кетишти. Ошондо да бир ирмемге “Жоодар менен жолубуз бир болбой калды го” деп ичтен сыза ойлоп алып, кайра бул ойдон кутулганча шаштым. Анан кой, отура берейин деп машине тарапка бурулганда менден мурун артымдан бирөө эшикти ачты да:

 

– Олтуруңуз, — деди жайдары. Жалт карасам Жоодар ууртунда мээрим уялай жылмайып туруптур. Бул жолу кубанганымды жашыра албай:

 

– Ай-ий, силер да келип калдыңарбы? Жакшы болбодубу, – деп ийип кайра, — бейтааныш бирөө менен кеткенче тааныш жакшы эмеспизби, — деп коошпогон эле жерден кеп улап койдум.

 

– А мен сени менен кетүү үчүн атайын күтүп жүрдүм, – деди Жоодар. Бул сөздө эч нерсе жок болсо да коркуп кеттим. Атайын укмаксан боло айнек тарапка отурдум. Жоодар менин жаныма, аркы четке бир жаш бала отурду.

 

Кайра келе жатканда Жоодар экөөбүз негедир кечээгидей ачылып сүйлөшө албай алда неден кысынып жаттык. Тамак ичкен жерге келгенде жерге түшсөк ай төгүлүп түн бир башкача жоодурай уюп турган экен. Жоодар машиненин эшигин ачып чыкканча мен ары басып кеттим. Кайра келе жатсам кол жууган суу түтүктүн жанында жалгыз туруптур. Кол жуубай басып кетким келди.

 

– Колуңузду жууп алыңыз, – деди оюмду окуп тургансып.

 

– Ии, – дедим да, унчукпай колумду жууп кирдим. Кол жууп өйдө боло бергенде ал мага апакай жүз аарчы сунду.

 

– Жок, рахмат, өзүмдө бар, – дедим басып кетмекке бурула берип. Жоодар унчукпай жандай басты да, акырын:

 

– Бир келген жашоодо адам жакшы сезимден качып, а орто заар сезимге алданып өтүп кетет экенбиз. Пенделигибиз ушул го ээ? – деди муңайым. Мен жооп таба алган жокмун. Биз ээрчише басып ашканага кирдик. Жүрөктү үшүткөнбү же жылытканбы, айтор, дүрбөлөң түшүргөн санаа бизди ээрчип алганын экөөбүз тең туйдук.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE