Пример HTML-страницы

Мектеп жашына чейинки балдардын психологиясы

https://kyrgyzcha.site/?p=55295&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Мектеп жашына чейинки балдардын психологиясы

 

3 менен 6-7 жаш аралыгындагы балдарга эс-акыл кирген, мектепке даяр жаштагы балдар катары кароо керек. Анткени дал ушул аралыкта алар жетилүүнүн маанилүү баскычынан өтүшөт. Айлананы таанып, билип, психологиялык жактан өнүгүшөт. Ошол себептен баланы дал ушул 3 жаштан баштап балабакчага берүү керек деген пикир акылда болсун.

 

3-4 жашында балаңыздын алгачкы достору пайда болот. Өзүн көпчүлүктүн ичинде адам катары сезе баштайт. Алар бири-бири менен ойноо учурунда ролго кирүү, аңгемелешүү аркылуу танып-билүүсү кеңейет. Биринин айткан маалыматын бири кабыл алат. Демек бала чоңойуп келет.

 

5 жашка таяганда бала токтоо, сабырлуу боло баштайт. Чоңдордун сөзүн угуп, айтылган сөздүн тегерегинде ойлоно баштаганынын байкайсыз. Ошентип ал өзүнүн мектепке даяр экенин көрсөтө баштайт.

 

 

Мектепке баруу бул – баланын чоңоюга болгон кадам басуусу. Мурун үй-бүлөсү менен, балабакчадагы, айылдагы балдар менен ойноп жүрсө, эми жаңы коом менен, классташтары менен таанышат. Бара-бара мектептин эркеликти көтөрө албай турган жер экенин түшүнөт.

 

Балаңыздын андан кийинки аракети сизди мурункуданда таң калтыруусу мүмкүн. Жыйнактуу, сөздөрүнүн ойлонуп туруп айта баштайт. Тактап айтканда, мектеп анын калыпташуусуна, эс-акыл тартып, чоңоюусуна таасир берип жатат. Жакында оозунан «Мен өзүм!» деген сөздү угуп жатсаңыз түшүнүү менен караңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE