Пример HTML-страницы

КҮТҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=41646&preview=true Кызыктуу окуялар.

КҮТҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫ

 

Тоо койнундагы айылдын керемети кыбыр эткен жан жаныбардын, шуудураган бак — дарактардын шоокуму, чыбыктан ат минип ойногон чыт курсактардын күлкүсү, козу-улактын чурулдагы менен көркүнө чыгат экен. Ар бир аткан таң өзүнчө эле айтып бүткүс жомок, кайталангыс тарых тура. Тоонун касиетин коштогон таза абасы, түнкү сүтагы, түркүн куштун үнү, эрке жели, жылт эткен жарыгы да, булак боюндагы шибер чөптөрү да баякыдай эле тургандай. Мезгил жылган сайын касиеттүү баалуулугун жоготпой, кайра сагындырып, эңсеттирип, топурагы көздөн учкан туулган жер. Көп нерсеге, жамандык- жакшылыкка, сүйүүгө, оюн-күлкүгө, айтылып- айтылбас сырга күбө, ырга бай чакан айыл союз тараганга чейин, андан кийин деле бараанын жоготпой келет. Нечен жаш жеткинчек, секелектер өсүп-өнүп турмуш сапарын улап кетишти. Улам өсүп жетилгенин ордун, артындагы жаш жеткинчектер басып, айылдын шаңын жоготпой шаңдуу. Кыргыздын каада — салтын сактап, нарк-насили менен куда күтүү, мейман тосуу, бешик той, улак берүү аземдери мына ушул чакан айылдарда өтөт. Илгертеден бери төрт түлүктөн кол үзбөгөн кыргызым, жайы жайлоодо, кышы кыштоодо болсо да өз турмушуна ыраазы. Аз, күнүмдүк оокатына каниет кылып, колу — коңушу, тууган уруктун дасторкондору кең жайылып, меймандостуктан куру эмес. Мектеп окуучулары эртели-кеч күлкү менен көчөнү шаңга бөлөп турушат.

Мына ушул сырга бай айылда биринчи класстан бери бир класста окуган Айымкыз менен Алмаз быйыл жетинчиге окуп калышты. Булар классташтарынан өзгөчө жакын болушу, бара-бара бул жакындык балалык алгачкы сүйүүгө алып келди.

 

Экөөнүн сүйүүсүн классташ курбулары колдоп, суктанып, кайсыл жерде болсо сүймөнчүккө ээ болушту. Бирок бир айырма кыздын атасынын колунда бар жер болсо, Алмаздын атасынын колунда жок жупуну, жөнөкөй үй-бүлөдөн. Алмаздын ата-энеси жупуну жашоо деп арданбай, бар күчүн уул — кыздарына туура тарбия берүүгө жумшап, эмгекке, турмушка абдан бышырышты. Алмаз сабактан жакшы окуп, өз теңдүүлөр менен бирге окууга тапшырды. Айымкыз да студент болуп бөлөк шаарда. Бой келбети келишкен сулуунун артынан жуучулар келе беришип, кыздын шаштысын алды. Алмаз тээ алыста окуп жүрсө да, эси дарты Айымкызда болуп, кат аркылуу гана сүйлөшүшүп турушту. Булардын ортосун аралыктын алыстыгы да алыстата албады.

 

Экөө эки шаарда окуп жүргөн мезгилде Союз тарап кетти. Колунда бары да, жогу да кыйналган заман болду. Ай чырайлуу кызды колдон жулдуруп жиберүүдөн корккон Алмаз Айымкызды колдон ала жетелеп, үйлөнүп алды да Бишкекте жашап, кыздын ата — энесинин каршылыгына карабай түтүн булатып калышты. Бир сындырым нанды тең бөлүп жеп, жупуну үйдө, жупуну жашоодо экөөнөн өткөн бактылуу жан жок эле. Ошол жылы Алмаздын атасы менен бир тууган эки авасы да каза болуп, «өлгөндүн үстүнө көмгөн» — дегендей аябай кыйналышты. Баары жок таңсык убак. Күтүрөтө мал айдап Айымкыздын калыңын берип, той өткөрө алышпады. Бирок жылуу маанай, бактылуу минуталар гана махабаттын отун жагып турчу. Экөөнө эч нерсе керек эмес эле. Ысык-суук, ак кар, көк музда болсо да экөө бирге болсо болду эле. Балдарынын бактысына кубанган Алмаздын ата энеси басса, турса ак батасын берип алкап отурушат. Убакыттын өтүшү менен Айымкыз уул төрөп берди. Алмаз кубанып уулун төрөтканадан чыгарып, чакан үйү базарга айланды. Кичинесинен окуткан агайын да таап алган, анын келинчеги ымыркайды киринтип берип, жаш немелерге көз болуп турду. Кайын журтунан чакыруу түштү ошол мезгилде. Айымкызды атасынын үйүнө чакырып. Айымкыздын жеңеси келген экен «Алмаз, уулуңдун кыркы чыккыча карап берели дешет»-деп муңайды. Алмаз макул болбоско чарасы жок эле. Анын үстүндө бир айылдык эмеспи, жакын барып, келип көрүп турат да үйгө деген ойдо өзү кошо жеткирип келди. Жолдо жаңы төрөлгөн чүрпөсүн жыттап, бакытка тунуп, аталык жылуу сезим жүрөгүн жылытып, уулун бооруна кысып, көз албай карайт.

Күнчүлүк жол жүрүп туура эле кайын журтка түшүштү.

Кайын журттун төрүндө, дасмал четинде кыпчыңдай, уулун улам карап коюп Алмаз отурат. Көзү тоё да карай элек наристесин. Төрөтканадан чыкканына эми эле он күндөй болбодубу. Анан бул жакка алып келишти. Бир, эки күн атасынын үйүнө алып барып келсе деле болмок, умсунган ата-энеси, бөбөктөрү жол карап калды го.

 

Эл көп, күпүлдөп жентек, тойдун ортосу болуп калган. Конок кетсе уулун, келинчегин дагы бир көрөм деген үмүттө отурган Алмазды кайын ата, кайын энеси дасторконго чакырды. Эл көп, тууган уругу менен отурушкан эле. Алмазды тоготпогондой караган кайын атасы-

 

-Алмаз, бу кызга калың деле бербедиңер, той деле бербедиңер, жок дегенде эне сүтүн берип койгула, уят эми, же бекер кыз бар бекен? -деди.

 

Жер караган Алмаз түшүнбөй-

-Эне сүтү дегени эмне? — деди. Жаш неме «эне сүтүн » каяктан түшүнмөк?

 

Кыраан каткы күлкү басып, күйөө бала ыңгайсыз болду. Бирөөсү түшүндүрө кетти.

 

-«Эне сүтү»- деген кыздын энесине арнап бир кара мал жетелеп келесиң, жок дегенде бир торпок.

 

— Аа…? Алмаз унчукпай калды. Колунда быдыр малы болбосо, торпок каяктан болмок? Иштегенге де иш, же айлык, жегенге нан жок кыйынчылыктын күчөп турган убагы. Торпок эмес тоок көздөн учкан мезгилде, торпок табуу маселеси да түштү. Катар, катар абалары өлүп аза күтүшүп, акыбалдары да оор эле. Атасы да бир туугандарынан ажырап бели бошоп, араң отурат. Ушунун баары көз алдынан өткөн Алмаз,

 

-Быйыл кыйналып турабыз, торпокту эмдиги жылы алып берсек болобу? -деди.

 

Мыскыл караган кайнатасы-

 

-Эмдиги жылы үстөгү менен алып бересиң анда.

 

Үстөк деген сөздү биринчи уккан жигит-

 

-Үстөгү эмнеси? — деди

 

Кыраан каткы күлкү кайрадан жаңырып,

 

-Ой үстөгү деген торпокту энеси менен алып келесиң деген сөз да дешип мазакташты.

 

Бир торпокту кантип табышты билбей турганда, музоолуу уй табышка күчү жетпесин билген Алмаз, «жок аны табалбайбыз го. Эмдиги жылы торпок эле алып келип берели»- деди.

 

Ошондо кайын журтунан бирөөсү-

 

-Ой Алмаз, биротоло эле итке миңген томояк турбайсыңбы ээ? Томояктар катын, бала бага алабы я?

Кой силер бизге тең эмес экенсиңер.. Томояк турбайсыңарбы?

 

Эми элеки уялыңкы отурган жаш жигиттин бүткөн бою дүркүрөп кетти. Башынан ылдый бирөө суу куйгандай чыйрыгып, тура калды. Уйкудан ойгонгондой селт этти. Намысына келе түштү да.

 

-Томояк эмеспиз биз, томояк эмеспиз — деди да шарт бурулуп чыгып кетти.

 

Айымкыз жаткан бөлмөгө кирди да, уктап жаткан уулун жыттап, жыттап алды. Айымкыз экөө жаш төгө көздөрү менен гана сүйлөшүштү. Жанындагылар жолтоо болуп, көп сөздөрү айтылбай калып кетти. Жашын көргөзбөй, башын буруп алган жигит чуркаган бойдон үйүнө жетти.

 

Апасын көрүп эле бой таштады. Токтобой көз жаш төгүп, шолоктоп ыйлай берди, ыйлай берди. Үй толгон бөбөктөрү, оорукчан атасы үн сөзү жок, кошо жаш төгүп тегеректеп отурушат. Атаганат «жоктун жону катуу» болуп атпайбы? Болбосо уулун өксүтпөй короо толгон малы болсо, ал каалаганыңды дебейт беле! Же балдардын акчасы чыкпай, же пенция жарытпай, ишенген колхоз, совхоз деген жоюлуп эл карайлап калган мезгил болуп атпайбы атаганат.

 

-Ата, биз томояк эмеспиз, мен ошол торпокту табам, уулумду алып келем деп буркурады. Төшөктө жаткан атасы уулунун акыбалына каңырыгы түтөп, «жерге кирген көр дүйнө ай» деп буркурап алды. Сай-сөөгү сыздаган апасы көкүрөгүндөгү бүткүл медаль, ордендерин чечип берди.

 

-Ал кагылып кетейин. Көчөдө жүргөн лөлүлөргө тапшыр да, эл барган жерге барып иште. Бул көп болсо жолуңа жарайт. Бишкекке барсаң жанагы агайың бар, Ошону тап, ошол гана жардам берет сага. Анан калганын кудайга жаның аманат, кудай колдосун кайсыл жерде жүрсөң дагы -деди.

 

Ошо менен араң зорго Бишкекке келген Алмаз, агайына жолугуп, эмне гана жумуш кылбады. Улам бирткеден тапкан акчасын топтоп антип, мынткиче бир топ убакыт өтүп да кетти. Баласы торолуп калды. Колуна белек-бечкегин алып, торпогун жетелеп алыскы жолдон дагы барды. Ит келдиби, куш келдиби дебеген кайын журту, дагы кабыл албады.» Үстөгү менен торпоктуу уй»- дегенбиз деп. Атайы алыстан келип уулун көрө албай, саамайынан жыттай албай дагы арманда кетти. Бул жолкусунда аябай катуу таарынып кетти. Пайдасы жок салтын сөгүп, жашын төгүп кетти. Баякыл эле «томояктарга кыз бербейбиз» деген сөздөрү кулагына жаңырып, жүрөгүнүн бир үзүмү жары менен баласында калып, ыйлап ичинен кан өтүп кетти. Жигиттин жигиттиги гана көтөрөт мынчалык ызаны. Жүрөгү төрт бөлүнсө да, тагдырга таарынып, муштумун түйүп, кекенип кетти.

 

Кайрадан агайына келди. Агайы ага жакшы кеңеш берди.

 

-Балам эле болуп калдың, эми сен алардын көзүнө көрүнүшүң үчүн окууңду улант. Башкача адам болуп чыгышың керек. Этегиңе намаз окуй турган даражага жетип, анан кел деп, Россиядагы окуусуна жолуна акча таап жөнөттү. Военныйда окуйт эле. Россияга келсе окуудан да чыгарып салыптыр. Көз жашын төгүп турганда, ал жерде да окуткан дагы бир мугалими жардам берди. Военный жашыруун заводго жумушка киргизип койду. Айлыгы көп, бардык шарты менен. Күнү-түнү тыным албай иштеп жүрдү. Айылдагы ата-энесинин жашоо шартын оңдоду. Инилерин үйлөп, карындаштарын тындырды. Бирок өзү дале Айымкыз менен уулунан үмүтүн үзбөй, Бишкектин пристижный районунан жер алып уулуна атап заңкыйган үч этаж үй салды.

 

Ал эми Айымкыз не болду??

Айымкыз да жаш кыз да. Ал мезгилде ата-энеге каяша сүйлөө, каршылык кылуу болгон эмес. Ата-эненин айтканы мыйзам эле да. Алгач Алмазды күтүп жүрдү. Торпогун жетелеп келгенде бир сүйүндү… буюрса эми ата энем уруксат берет деп. Бирок ата-энеси жолуктурбай койду. Ботодой боздоп, уулун кучактап ыйлап кала берди. Ата-энесине болгон жек көрүүсү күчөп, бирок колунан эч нерсе келбей, уулун гана кучактап отурат. Качып кетүүгө да мүмкүн эмес. Намыс деген балекет бар ортодо. Ошентип күтүү менен жүргөн мезгилде, айылдын байлары да замандын соккусуна кабылып калган убак болду. Дал ошондо Алмаздын дүбүртү алыстан угула баштаган. Атасынын эски үйүнүн ордуна элде жок эки кабат там салып, күтүрөтүп мал кылып, улам инилерин үйлөп, атасына «мерседес» автомашинасын миңгизип көзгө көрүнө баштаган. Мурдагыдай корунбай барып, уулун көрүп койгону менен, баякыдай жалдырап барган жок. Кайрадан дагы шагын сындыргысы келген жок Айымкыз да ошого арданып иштеймин деп Россиянын кайсыл бир бурчуна кетти.

 

Эл арасында дуу кеп басылбайт. Мына ошондон баштап Айымкызга канча жуучу келсе да Айымкыз ата — энесине өчөшүп баш тартып койду. Эч кимге турмушка чыкпады. Ата-энеси «көзүбүздүн барында тынып алсаң»-дешип качанкы кылган өз текебердигине өкүнүшүп отурушат. Айымкыз баарынан баш тартты, өчөштү, Бар караган тиктегени уулу болду.

«Менин бактымдан силерге бир торпок ашык силерге» деген сөз менен моюн толгоп келет. «Салтың менен жерге кир «- деген айыл эли экөөнүн ажырап калганына кыздын ата-энесин күнөөлөшөт. Тагдыр экен да эми, Алмаздын да үйүм бүтсө жарашам деген үмүтү бар эле. Бирок дагы бир айылдашынан Айымкызды турмушка чыкты деп укту. Ишенип ишенбей жүрүп, бирөөдөн ушак укканбы, же Айымкыз тууралуу жаман сөз укканбы, айтор бул нерсеге чекит коюну чечип, башка бир сулууга үйлөнүп, үйү балага толуп базарга айланды. Айымкыздагы уулу да отузга жакындап, үйлөнүп атасы менен катташып алды. Бир гана Айымкыз жалгыз калды. Анын убалын ойлогондо бир туугандары, ата -энеси таш тиштегендей болушат. Чырактай кыздын багын каратып туруп бир торпокко алмаштырып коюшканына өкүнүшөт, бирин-бири күнөөлөшөт. Айымкыз деле элүүгө таяп баратат, арманы күч, көз жашы көл жалгыздыктын аралында жашап жүрөт. Алмаз менен жолугууга эми кеч, ал үй бүлөлүү. Уулунун балдарын жетелеп, дагы да күтүүнүн айлампасында айланып жүрөт.

 

{АЯГЫ}

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE