Пример HTML-страницы

КОШ БОЙЛУУЛУК!!!

https://kyrgyzcha.site/?p=51510&preview=true Пайдалуу кеңештер.

 

КОШ БОЙЛУУЛУК!!!

 

Кош бойлуу болуу — аялдын жашоосундагы эң чоң жаңылык. Бул кабар аялдын мүнөзүн, ар кандай нерселерге болгон көз карашын, ал турсун, бир калыптагы жашоосун да кыйла өзгөртүп, жаңы нерселерди талап кылат. Кош бойлуулуктун ийгиликтүү өтүүсү жана болочоктогу баланын ден соолугу үчүн ал талаптар кош бойлуу жана анын жакындары тараптан сөзсүз аткарылууга тийиш.

 

Кош бойлуунун маанайы

 

– Боюнда бар аялды катуу капалантпоо керек. Кош бойлуунун жакындары аялдын маанайы сөзсүз түрдө ичтеги түйүлдүккө таасир этерин эске алып ага болгон шартты түзүп берүүгө милдеттүү.

 

– Кош бойлуу мезгилдин биринчи жарымы нормалдуу өтүп жаткан аялдар ага чейин аткарып келген иштерин уланта беришкени жакшы. Анчалык оор эмес жана физиологиялык жактан көп күч келбеген жумуш боюнда бар аялдын физиологиясына жана психикалык абалына жагымдуу таасир тийгизет. Көп кыймылдабагандык, ишсиз олтуруу, тескерисинче, ички органдардын иштешин начарлатып, булчуңдардын шалдырашына, көңүлдүн чөгүшүнө алып келет.

 

– Оор кара жумуш кылуу, дененин дайыма силкилдеп турушу, чарчаганча жөө басуу, көпкө бүкүрөйгөн абалда олтуруу боюнда бар аял үчүн зыяндуу.

 

– Кош бойлуу аял жумуштан кийин 1-2 саат эс алгандан соң гана үй жумуштарына киришүүгө тийиш.

 

Кош бойлуунун уйкусу

 

– Кеминде 8-9 саатка созулган тынч уйкунун боюнда бар аял үчүн мааниси зор. Эгер боюнда бар аял түнкүсүн азыраак уктаса, күндүзү саат 3кө чейин 1,5-2 саат эс алып алуусу шарт. Уйкунун канбастыгы кош бойлууну туталантып, ызалуу кылат. Мындай абал түйүлдүктүн нерв системаларына тескери таасирин тийгизет.

 

– Кош бойлуу уктачу бөлмө желдетилип, салкын болууга тийиш. Уктар алдында ным чүпүрөк менен чаңдарды, полду сүртүп салуу туура.

 

– Кош бойлуу жатуучу төшөктүн кенен жана жука болгону жакшы. Жука төшөктө уктоо кош бойлууга гана эмес, курсактагы наристеге да ыңгайлуу. Бирок жумшак болбошу керек. Калың төшөк же бийик жумшак керебетте жатуу салкындыкты жоготуп кош бойлуунун уйкусу бир калыпта болбойт.

 

– Боюнда бар аялдын оң капталынан уктоосу туура. Анткени ансыз да өзгөрүүлөргө туш болуп аткан ички органдар сол каптал менен жатып алганда жүрөктүн кысылышынан улам кош бойлууга ыңгайсыздык жаратып, демин кысат.

 

Кош бойлуунун тамактануусу

 

– Кош бойлуу аялдын ден соолугу жана түйүлдүктүн нормалдуу өөрчүшү үчүн туура тамактануу өтө маанилүү. Боюнда бар аял үчүн жасалган тамак аш болумдуу, даамдуу, жакшы жасалуусу керек. Тамактын курамында керектүү көлөмдө белок, май, углевод, минералдуу туздар, витаминдер болууга тийиш. Бир өңчөй тамак ичкенде боюнда бар аял ар кандай ооруларга чалдыгышы, ал эми андан физиологиялык жана акыл-эс жактан жакшы жетилбей калган балдар төрөлүшү мүмкүн.

 

– Боюнда бар маалда болжол менен 7-11 кг салмак кошулуп, кан айлануу 20%га өсөт. Кош бойлуулуктун биринчи жарымында кадимкидей эле диетаны сактоо керек. Күнүнө 4-5 маал аз-аздан ичүү туура. Ал эми кош бойлуулуктун экинчи жарымында белокко муктаждык күчөйт.

 

– Уй, кой, куш эттерин бир гана сууга же бууга бышырып жеш керек.

 

– Сүт азыктарын болушунча кенен колдонуу керек.

 

– Кош бойлуулуктун экинчи жарымында кондитердик азыктарды, бал, кыямды аз колдонуу керек.

 

– Суюк тамак менен тузду абайлап колдонуу туура.

 

– Бир күндүк суу 2-2,5 литрден ашык-кем болбошу туура.

 

– Жер-жемиштер менен жашылча-жемиштерди жаңы түрдө кенен колдоно берүү керек.

 

– Кош бойлуу үчүн эң маанилүү витаминдер – А, В1, В2, С, Д, РР, Е

 

Боюнда бар аялдар жаңы жашылча-жемиштер жетишсиз жаз жана кыш мезгилдеринде поливитаминдерди кабыл алуусу зарыл.

 

Дененин тазалыгы

 

Кош бойлуулуктун жеңил жана ыңгайлуу өтүшүнө тазалыктын мааниси зор.

 

– Терини таза кармоо теринин дем алуусун жакшыртып, организмден тер менен кошо ар кандай зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышына шарт түзүп, кош бойлуу мезгилде оор жүк келүүчү бөйрөктүн иштешин жеңилдетет. Терини таза алып жүрбөө ага микроорганизмдердин кирип алып, ириңчелердин пайда болушуна шарт түзөт.

 

– Боюнда бар аял эртең мененкисин колу, бетин гана жууп койбостон, жылуу суу же бөлмө температурасындагы суу менен бүт денени, эч шарт жок дегенде киндикке чейин жууп, түктүү сүлгү менен аарчынуусу туура. Бул нерв системасын чыңдап, кандын жүгүрүшүн жана дем алууну жакшыртып, көңүлдү көтөрөт. Жатарда, колду, бетти, моюнду жана бутту жууп жатуу шарт.

 

– Сууга түшүү мүмкүнчүлүгү жок маалда сүлгүнү нымдап денени толук сүртүү дагы жогорудагыдай жеңилдиктерди пайда кылат.

 

– Боюнда бар аялдын тырмактары такай алынып турушу керек. Анткени тырмактын түбүнө микроб көп толгондуктан байкабастан ткандарды кесип же чийип алуусу, андан улам ириңчелердин пайда болуусу мүмкүн.

 

– Кош бойлуу аял кош бойлуулуктун алгачкы айларынан баштап жумасына кем дегенде 1-2 жолу жылуу жагдайда самынданып жуунууга тийиш. Алгачкы 12 жумалыкта мончого баруу кооптуу болгондуктан душ гана кабыл алуу эң туура. Ал эми андан кийинки айларда мончодо өтө ысык температурадан качып, ысык бууга отурууга таптакыр болбойт. Бутту ысыкка кактоого жана бутка ар кандай ванналарды жасоого уруксат эмес. Ал эми кош бойлуулуктун акыркы айларында үйдөн гана душ кабыл алуу керек.

 

Кош бойлуу жана сергек жашоо

 

– Кош бойлуулуктун акыркы эки айында эл көп жерге барбай, тынч абалды сактоо туура.

 

– Кош бойлуу мезгилде организм барган сайын кислородго көп муктаж болот. Андыктан таза абада көп сейилдөө зарыл. Сейилдөөнүн жалпы убактысы 2-3 саатты түзүшү керек. Жай, бир калыпта жөө басуу, айрыкча уктардан мурун сейилдеген эң пайдалуу.

 

– Кош бойлуулук нормалдуу өтүп жаткан убакта аккан сууга же деңиз суусуна түшүүгө уруксат берилет.

 

– Дене тарбия көнүгүүлөрүнөн атайын кош бойлууларга ылайыктуусун дарыгердин кеңеши менен тандап алуу туура. Туура жасалган көнүгүүлөр кош бойлууну сергектентип, түйүлдүктүн жатында туура жайгашуусун шарттайт.

 

– Дене тарбия көнүгүүлөрүн эртең менен жана кечинде, тамакка чейин же тамактануудан 1-2 сааттан кийин салкын бөлмөдө кенен кийим менен жасоо керек. Узактыгы 10-15 мүнөттөн ашпоого тийиш.

 

Кош бойлуунун кийими

 

– Боюнда бар аялдын кийими көкүрөктү жана курсакты кыспай, кыймылдаганда ыңгайлуу, кенен болуусу керек. Кош бойлуу үчүн кийимдин эң жакшы түрү сарафан сымал кенен көйнөктөр болуп эсептелет.

 

– Ич кийим жумшак кездемеден, сөзсүз ыңгайлуу болушу керек.

 

– Кош бойлуу мезгилде эмчектин көлөмү улам чоңоюп олтурат. Ошондуктан ылайыктуу өлчөмдөгү эмчек тарткыч тандоо керек. Анын бел курчоосу жазы келип, көкүрөктү кыспастан, жабышып турууга тийиш. Мындай ыңгайлуу болбосо, кандын жүгүрүшүн бузуп, шишиктерди жана көк кан тамырлардын кеңейип оорушуна алып келет.

 

– Кош бойлуулуктун экинчи жарымында атайын бандажды тартынып жүрүү зарыл. Ал жатын үчүн кошумча таяныч болот, курсактын булчуңдарынын өтө чоюлуп кетүүсүнө тоскоолдук кылып, түйүлдүктүн жатында туура жайгашуусуна шарт түзөт. Бандажды жатып алып, ич көйнөктүн үстүнөн, курсакты кыспастан, аны таяп тургудай кылып кийүү керек.

 

Көзөмөлдө болуу

 

Кош бойлуулук – аялдын өмүрүндөгү эң маанилүү жана жооптуу мезгил. Бойго бүткөндүн алгачкы белгилери башталар менен аял доктурга же акушерка же

гинеколог созсуз кайрылып алардын көзөмөлүндө болууга, кеңештерин угуп, жардамын алууга, өзүнүн жана болочоктогу наристесинин ден соолугуна кам көрүүгө тийиш.

 

– Кош бойлуулуктун биринчи жарымында ай сайын бир жолу;

 

– 20-32-жумаларында бир айда эки жолу;

 

– 32-жумадан кийин ар бир 7-10 күндө бир жолу көзөмөлгө баруу керек.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE