Пример HTML-страницы

Жүрөктүн үч душманы

https://kyrgyzcha.site/?p=55304&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жүрөктүн үч душманы

 

1. Жогорку кан басым: Кан басым жүрөк кысылганында, кан тамырлардын шишип чыккан кезде, тамырларга жасаган басым болуп саналат. Жүрөк кысылган кезде тамырдагы кысым жогорку кан кысымы, бошогон кезде тамырдагы кысым төмөнкү кан кысымы болот. Жогорку кан басымы 140мм Hg, ал эми төмөнкү кан басым 90мм Hg-ден көп болсо кан басым жогору деп саналат.

 

Белгилери: Эртең менен ойгонгондо желкенин ооруксунуусу, кээде баш айлануу, тез чарчоо, кусуу сыяктуу белгилер байкалат.

 

2. Холестерин: Өзгөчө жаныбардын этинен жасалган азыктарда кездешкен май жана аны көп өлчөмдө колдонгондо тамырдын ички бетине жабышкан холестерин болуп саналат. Тамырларды катуу кылат жана тамырдын бош жерлерин бүтөйт.

 

3. Кант диабети: Инсулин деп аталган уйку безинен бөлүнгөн гормон азыктардан алынган глюкоза деген кантты кандан ткандарга өткөрөт. Кант диабети болгон учурда инсулин бул кызматты аткара албайт жана глюкозанын өлчөмү көбөйөт. Кандагы кант калыптуу деңгээлде кармалбаса көз, бөйрөк, нерв системасы жана дагы башка органдарга айыкпас оорулар пайда болот.

 

Белгилери: Көп суу ичүү, тез жана көп дааратка баруу, тез ачка болуу, көп тамак ичүү, чарчоо, көп ачуулануу, титирөө, алсыздык. Ач карынга кан анализи 126мг/д чыкса, кант диабетинин белгиси болуп саналат.

 

Жүрөккө зыяндуу нерселер:

 

Шекер менен туз, тез даярдалуучу тамактар, семиздик, көп жумуртка жеш, ичимдик, стресс, тынчсыздануу, ачуулануу, майлуу эт менен нан азыктары тактап айтканда, гамбургер сыяктуу даяр тамактар, кызыл эт, кыймылсыз жашоо, кир аба, тамеки.

 

Жүрөккө пайдалуу нерселер:

 

Суюк майлар, таза аба, суюк тамак, балык, тоок эти, тынчтык, машыгуулар, айран менен сүт, мөмө жана жашылчалар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE