Пример HTML-страницы

КОРПЕНДЕ 2-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=52329&preview=true Кызыктуу окуялар.

КОРПЕНДЕ.

2-БОЛУМ.

 

Мунарды эстеди.Бир учурда оюна Мунар тушкон сайын журогу орттонуп,чабалактап кетээр эле.Бара-бара унут болуп отуруп,кийинки жылдары эстебей да калган.Чындыгын айтса Мунар эмес башканы ойлоого чамасы жетпей,ичип журду.Бугун эртен менен эле жалтырак калай темирге чегип тушурулгон жыланач кыздын турпатын торт сомго сатып,анын уч сомуна жана озу эшике алып чыгып таштаган винону албады беле.Винону эстегенде тамагы кургап кетти.Ордунан туруп,оозгу уйдун жарыгын жандырып чаканы караса суу жок экен.Чайнекте кичине калыптыр.Чоргосунан жутуп,кайра ордуна келип жата кетти.Баланы байкаса,бир калыпта бышылдап уктоодо.

Учуктай чубалган ойлор.Журокко моордой басылып,коз алдына куну-туну жарк этип тартыла калуучу элестер.Жаштыкка мас,жазга мас эки жаш эзилип тан атыруучу укмуш кундор ай!Жомок-жомок. Чын эле башынан ошонун баары отконуно,чын эле азыр ушул ачыткы сасыган,тиш жуугуч качан тийгени унутулган оозу менен кол менен ак мрамор таштан чегип жасагандай кызды опкулогонуно ишенбей да кетет.Кантип ишенмек.

Терезеден жалдырап тиктеген бойдон,оз жолу менен журушун улоону унутуп калган Ай гана кубо болгон алгачкы тунчу.Денесин майда калтырак баскан кыз колун кармоого алы келбей каректери жумулуп,тикчийген кош алмасынын астынан койгулаган журок гана кокурогун булкулдотуп, улам ымшып тердеп баратты.Бул дуйнодогунун бардыгын унутуп,ал тугул озун да унутуп калган жигит жалгыз гана кучагындагы кыз периштесинин чолоо жерин койбой,бутунун учунан чачына чейин опкулогондон тажабайт.Балкыган кыздын денеси ого бетер дагы-дагы дегенсип балкыйт.Мына ушу туну келечек жашоосун,огой ата менен откоро турган куноосуз пенденин омурунун туйуну башталды.

Тубу ушкур дуйно.Ошондо Айдын козу тийди бекен…

* * *

Анда Мунардын болгону уч айлык боюнда бар.Чындай келсе Мунар боюнда бар экенин унутуп коюп,мурдагыдай элэ шуулдап ойноп жургонкези. Кыш аяктап калган. Шаар четиндеги атактуу Чонташка эс алууга барышкан.Экоо чана жетелеп,ээрчишкен бойдон элден да бийик чыгып кетишти да,Мунарды аркасынан бек кучактатып отургузгандан кийин озу чананын оозун тик ылдый коё берди дейсин.Ой бир учуп жоношту.Чиркин, козунон жаш куюлуп,озу да эч нерсе корбой калды.Зымырап келатышып жарчага чукул калганда коруп,токтотуга улгурбоду.Абада каалгый тушконун билет.Анан кар тозонуна аралаша экоо эки жерге тоголонуп тушушту.Ордунан атып туруп Мунарды коздой жугуром деп кайра кулап,алда-кайда томонго тоголонуп барып,кайра эптеп жугуруп келсе Мунар ичин басып жатыптыр.Коркконунан эмне суйлошту билбей калды.

-Ичим ой,ичи-имм! -деди Мунар.Жаш балача жерден ала коюп,ылдый жугурду.Карга сыгаланып кайта-кайта жыгыла бергенинен аркасына балача которуп алды.Максаты- эптеп томонго тушуп,жол боюна жетсе машина тосуп,жакынкы жердеги ооруканага жеткирсем дейт.Ичинен боюнан тушот болуш керек деп чечим чыгарып койду.Деги озу аман калса дейт.Ойнобой омурткам сынсачы менин дейт.Ушинтип коп айтаар эле.Акыры омурткасы сынып да тынды го…

-Мунар,Мунаржан, алтыным чыда,чыда тиштен,-дейт. АнсайынМунар ойдолоп онтойт.

Кол-шал тушуп,оозунан ак кобук куюлуп ойго жеткенде,Мунар: „жерге койчу”,-дегенинен тушурсо чамбылала болгон куйоосун шылдындап кулуп туруп „Коркутуп койдум.Калп айттым,калп айттым.Э болсон эми кууп жетип ал”,-деп так секирип качып берсе болобу.

Жапар ошондо ыйлай албай,куло албай,уруша албай,кууй албай шалак деп карга кулап тушкон.Кулап тушкон жеринен кары эрип кеткиче жаткан.Узум- узум ак булуттар каалгыган копкок асманды тиктеп.Ошондо биринчи билген,асмандын ушунчалык сулуу экендигин.Чексиз экендигин.Кийинчерээк дагы бир жолу билди.

„Кыз боозуса энесин коркутат”болуп копко чейин ун дебей,кыймылдабай сулк жатып алса,кыз айлана басып „Эй,суук тиет,тур эми”,-десе да турбай койсо „ойноп коймо тушунбойт”, -деп Мунар шолоктоп ыйлап жиберсе боло.Мына тамаша,калчылдап ушуп чыккыча алектенип жатып аран сооротпоспу. Кызын эстегиси келбеди.Ага ой деген онбогур болчубу.Канчалык качайын десен да астындан торойт го.Тойпондоп жугуруп жумуштан келсе бутуна асылчу кызынын элеси али да козундо.

Коз кычыктарынан сызылып жаш куюлуп ,шор дедре мурдун тартып койду.Ичинен эсептесе азыр он учко чыгыптыр.Кайда журду экен?Кандай абалда?Огой атасы кызындай карайбы же огойсуйт болду бекен?Журок тызылдап,сайгылашып жатты.

Мунардын кош бойлуу экенин билгенден баштап озунчо култундап,кубанып журду.Улам ай-куну жакындаган сайын,колуктусунун колун оор жумушка тийгиздиргиси келбей чимимрик атат.Жатканда тээ тун бир оокумга чейин экоонун соз кылганы курсактагы наристе.Кыз болсо энесине,эркек болсо атасына окшош болсо экен дешип тилек кылышат.Анан ат тандамайга отушот.Чындап кызып кетишкенде туруп алышып,жарыкты куйгузуп,ойлоруна келген жакшы деген кыздардын,балдарюын аттарын тизмектеп жазышат.Бала кыймылдагандан баштап Мунар Жапардын алаканын булкулдогон курсагынын тушуна басып жатканды жакшы корчу.

Алкымына толо тушкон шилекейин жутам деп чакап кетти.Ой-санаан менен куруп кеткирдики ай,чолкулдоп тердеп кетиптир.Тердеген сайын мурдуна оз денесинен жаман жыт уруп,озунон- озу жийиркенди. Мурдунан да жыичыл болуп чыга келгенин кара.Эч бейкапар уктап жаткан наристени карап,менин канырсыган жытымдан аоысыраак болсунчу,деп тошогун арыраак бурчка суйроп,орун которуп жатты.Уйку качып,кайрадан ой жетелейт.

Тээ эртен менентен бушайман кылып кыйнаган бир нерсе ушу уктап жаткан наристе эмнегедир эркек болсо да кызына окшоп кетет экен.Ооба,анын да ушундай кезинде мурду бырпыйып,коздору аландап,антарылып кетип турат эле.Алгач козу антарылып кетсе коркуп жургон.Корсо, жаны торолгон балдардын козу антарыла берет тура.Аны кийин билип журбойбу.

Атын,Мунар экоолоп тизмелеп жургон элуудой аттын ичинен тандап Бактыхан деп коюшкан эле.Мунар экоонун Бактыханды жуунтушкандары элестеп жатты.

Жапар учун ошол кезде Мунар экоо кыттай куюлушуп,туболукко биригип калгандай сезилчу.Корсо, турмуштун оз кыйынчылыгы бар экен.„Таалайына жазылганды коросун” деген карылардын созун угуп калганда адам чындыгында баарын оз колу менен жасап алууга болот деп койчу.Корсо, купулдогон албуут жаштыгына салып айтып журуптур.Баары кутуусуздон озгоруп,жазмыштын астында адам алсыз болуп калган учур бат эле тура.

Курулуштун тортунчу кабатынан учуп кеткен Жапар оорукананын койкасынан эсине келди.Алгач эриндерин эптеп кыймылдатып „суу” дегенге аран жарады да,кайра эстен танды.Экинчи жолу козун ачканда мандайында Мунар ыйлап турган экен.Кздору тоодой болуп шишип кеткен.Оюнда „бул эмне мынча ыйлап алган?”-деп койду.Бара-бара акырындап эсине келе баштады.Корсо, торт кун дегенде аран барып козун ачыптыр.

Ошол куну озгочо болуп кеткен.Мунар кызы менен иштей элек,уйундо. Кызы жаны томолонуп-жумаланын басып калган.Эрте ойгонуп,жуунуп- тазаланып тамагын ичип болуп ишине чыгып баратып адатынча кечке чейин коштошуу учун кызы менен уктап жатканМунарга кайра кирди.

Кокурогуно чейин ачылган Мунар башын бир жагына кыйшайтып бир калыпта уктоодо.Тиктеп туруп алгач кызын ооп,анан Мунардын кокурогунон жыттады.Огонуп кеткен Мунар Жапардын башынан бекем кучактап алып коё бербей койду.Ким билет.Журогу бир нерсе туйдубу.„Бугун ишке барбай эле койчу.Ушинтип эле жата береличи”,- деди шыбырап.Кара чечинип, колуктусунун койнуна кирип кеткен бала кыял Жапар да Мунардын кучагынан чыкпай кун бою жата бергиси келип турганы менен иштен кала албады.

Жкында эле прораб болуп шайланган.Бейчеки жумуштан калмак тугул кечигип келип же эртелеп уйуно баса беруу деген адаты да жок эле.

Ушул куну жарым саатча кечигип келди.Аябай уялып,озунчо башын которо албай атты.Кийимдерин которуп кийинишип,жумушчу орундарына ээрчишип эки-учтон басышкан курулушчу кыздар Жапарга тийише: „Сааматсызбы байке!”-дешип сузуло карашат.Оз ишин тын аткарган бул сулуу жигит курулуштагы кыздардын коз отунун тынары эмес беле.Ошол куну Мунар кучагына кысып чыгарбай,жумушка жибербей алып калса кана.Муну бир айтасынбы,эки айтасынбы.Мунар да так ушуну ойлоп жаздыгын коз жашка чылап нечен уйкусуз тундорду откозду го.

Бугунку тун ушунча узун беле же тан атпай турган болгонбу?Ой кубалап откондорду эстоонун да ачуу-таттуусу болоорун Жапар бугун туйду.Бул учун Бактыбекке рахмат. жамбаш сооктору, бел омурткалары сыныптыр. Башынан да жаракат алыптыр. Жарым жыл дегенде аран аран барып ордунан балдак менен туруп, кыбыраганга жарап. Дагы жарым жыл дегенде толук ос алдынча басууга жарап орукандан чыкты. Ушул откон бир жылдын аралыгында тируулукто кыймылсыз жаткан эн жаман кордоо экенин билди. Кыймылсыз жаткан ушунча журогуно тийген экен, азыр да эстегенде чекесинен муздак тер чыга тушот. Доктурлар орукандан чыгарып ачыгын айтышты. Жаштыгындан, ден солугунун чындыгынан аман калдын дешип. Болбосо алгач тушкондо жакшы болушуна ишенген эмеспиз дешип. Оруканада откон ар бир кун бир кылымдай созулуп, жылдын отмогу тозок болдуго. Анан калса тируу калганына толук ишенип, ордунан туруп кыбырап баса баштаганынан ичин эзип, ой санаага тушуп Мунардын баскан турганына шекшип кыйналганычы. Сыртынан сыр бербей кызын эрчитип коргону келген Мунарды кулуп жайнап тосуп, кулуп жайнап узатканы менен, ар бир келишкенде Мунардын жасанып, чачын тарап озгортуп журушу, шегин андан бери кучотту, баякы биринчи тун кайта кайта эсине тушуп тан аткыча кирпик какпай, жаздыгын кучактап ушкурунуп журду го. Деги бул адамга кызганыч сезим кайдан жаралат десен. Эмне кереги бар ушу кызганычтын озу бир жылдан бери аран козголууга жарап, тили суйлогону болбосо адам катарына кошула албай жургонундо кызганымыш болуп не кылат десен. Мунар деле адамго, тулупту карап моороп уйча журмок беле. Балким ойносо ойноп конул ачса, ачкандыр. Тубундогу ниети бузулбаса болду деп озун сооротумуш болгону менен, ичи орттогон ызаадан дем ала албай тумчугуп калчу. акылга баш бербей журокту эзген бук кызганыч сезимдин кучуно тандана эриндерин жара тиштечу. Оруканада бир болмодо учоо жатар эле.бири жаш бала, бири Жапардан бир топ уулу жашы элуудон отуп калган адам боло турган. Жапар ушу экооно суктана турган. Биринин аялы тугул суйлошкон кызы да жок. Эртели кечке китеп окуп жакшы болуп кетсем деп эле отурат. Экинчиси болсо жашы отуп калган киши, кемпирин кызганмак беле деп ойлочу. Улгайган киши да Жапарды аялы келип кеткенден кийин озгоруп калганын байкачу корунот.

-Акыл эстуу колуктун бар экен, жаман жуман ишке барып тескери жолго тушчулордон эмес. Жону жок кызгана берип бузуп алып журбо сак бол, анан калса колуктун андай элге кызыгарлык ону жокко. Коп кыжалаттанба. Дей турган.

Бир куну кызыктай окуяга кубо болду. Тиги адамдын аялы келип калгнын ээн эркин суйлошуп алсын деп балдагын алып эшикке чыгып кеткен. Бир топ убакыт откондон кийин медсестралар укол алчу убакыт болуп калды дегенинен кайра келсе эшик кыйгачынан ачылып калган экен.

-деги эле кылтындап жасанып алчу болупстнго дегенин угуп кирип же кайра кетерин билбей туруп калды. Аялдын-деги кудайды карасан ушуну кантип ойлойсун деп чала монол уну угулду. Ангыча доктурлардын бакылдаган уну угулуп калды, балдактадын такылдатып кирип калды. Ичинен катыгун ушулар ушинтип талашып тартышса мен жакшы чыдап жургон экенмин деп ойлоп калды. Оруканадагы кызганычынын кучу эч нерсе эмес экен. Уйго чыгып келгенден кийин, кундо ишке узатып.иштен келишин кутуп кечиксе улам саатты карап, телефондон бироолор менен суйлошсо кулагын тошоп, шектенуу уч торт эсе азап туура. анан калса оруканадан чыккандан бери баскан турганы жакшы эле болуп калган. Уйго келген куну Мунар уктоочу болмодогу кош диванды бириктирип, орун кылып озунчо жузунон нуру тогулуп кубанып журду. Жапардын башын куттуктап келгендер тарагандан кийин, Бактыканды уктатып коюп, кобуроок басканга бою салмактанып чарчап турганынан эл кетери менен жата кеткен Жапарды кучактап жыгылды. опкулобогон жери калбай болкулдап ыйлап да чыкты. Озу да таза чечинип Жапарды да чечинтирип, жыл бою энсеп сагынган жубайынын кучагына оролуп, дарманы келсе эт менен эт, каны менен кан болуп суюлушуп синишип кеткиси келип жабышты. Аялынын ысык денесинен укмуштудай албуут кумарына апа шапа тердеп Жапар канчалык аракет кылса да эркектик ишин аткара албады. Шал болгурдун жан жери шал болуп кыймылсыз жатты. Сагыныч кумары чучуктан бери отуп булкулдотуп, сооктун тери чыкса да ушу шал болгур жерге таасир бербеди. Ансайын Мунардын кумары канбай тыбырчылады. Эзилет, ушу Жапардын шал болгон жери туболук кыймылсыз калабы деген ой башына келгенде, журогу озуна тыгылып эмне кылар айласын таппай далдырайт. Атугул кучурконуудон сынган сооктору кайра сыздап чыкты. Балким жараксыз болуп калдыбы деген суроо Мунардын тил учунда тургандыр. Бирок сурабады. Бул эмне балакети деп айта албады. Балким бул Балким бул кучуно кирип,толук айыга электендир деп гана озун-озу жооткотумуш болду.Ушинтип экоону тен умсундурган тан да атты.Ушул туну Жапар да,Мунар да жаратылыштагы оор чындыкты мойнуна алышты.Аял менен эркектин ортосунда бири-бирине болгон ысык маамиле,конул оорутпай,урушуп- талашпай жашоо аздык кылаарын,таптакыр аздык кылаарын,журоктон атылган суйуу дегенинда кеп болбой калаарын,жаратылыштын так озу берген бир маныроо жыргалчылыктын астында бардыгы тебеленип тепселип женилип калаарын билишти.

Эртесинен баштап Жапар „Мцнаржан,мен толук жакшы болгучакты озумчо эле жатып журойунчу.Ары- бери кенен оодарыла албай соокторум ооручу болду.Сени да бекер убарага салбайын”,- деди эле Мунар каршы болбоду.Кайра „Мейлин”,-деп дивандарды ажыратып,тошокторду экиге болуп салды.Чындыгында Жапар Мунардын „жок, чогуу жатабыз.Мен сени менен чогуу жатканды сагынып,жыл бою кутуп журуп аран жетсем эми кантип болок жатмак элем.Бара-бара конуп кетесин да деп болбой койсо”,-деп тилегенин биринчи эле озунчо болок жаткан туну сезди.Ичтен сызып,ичинен ушкуруп жатып улам Мунардын дем алганын тыншайт.Ордунан туруп барып койнуна кирейин дейт,курулай аны да кынап,озу да кыйналгысы келбейт.

Аттин,башка кордуктан Кудайдын ушу кордугу отту го.Нечен курдай озун-озу олтуруп коюну ойлоп барып,кайра дагы бир жолу текшеруудон отойунчу деп чечти.Ооруканадан чыкканынан эки айдан баягы озун дарылап айыктырган профессорго барып корунуп,болгон чындыкты жашырбай айтты.Ал жайма-жай укту да дагы бир жолу аябай текшерип,изилдеп чыгып ондуу жооп айткан жок.

„Балким нервден болушу керек.Же али толуе кучуно кире электен.Тамакты акырындык менин кучтоп ичип,корсотулгон эреже боюнча кыймыл-аракетинди кундон-кунго кобойтсон бар-бара баары оз ордуна келээр”,-деп гана койду.

Ошондон баштап уйдон оз алдынча турлуу кыймыл-аракеттерди жасап, ар кандай машыгуучу гиряларды,спорттук резина чойгучтарды сатып келип тырышып эмгектенууго отту.Чын эле баскан турганы онолуп,бир гана жамбаш соокторунун кыймылы ордуна келбей,курсагы чатын тиреген семиз кишиче талтандап басып,анан сол бутунан бир аз сылтыганы болбосо кадимкидей оз алдынча автобуска,троллейбуска тушуп кочодо журууго жарап кетти. тируулой орттоду. Тээ кийин Мунардан айрылган сон кундордун биринде туш коргонсуп тура калса боло. Даары ичкенди., табыпка барганды да деги ушу шумшук жонундо ойлобой калганда ошентсе боло. Мына ошондо дагы бир асынып олгусу келди. Болгондо да ушу таалуу жеринен асылгысы келгенинен жинденгенин айт. Ошондо козунон жаш куюлуп, жанын коёрго жер таппай журуп тээ тупкурундо кубанганын мойнуна алды. Убакыт откон сайын Мунардын ички дуйносундо чон озгоруу болгонуна маани бербей калыптыр. Кийинки кундору эжемкине кеттим, байкемдикине барып келейин деп кетип конуп калганы болбосо, мамилери мурункудай сый Мунаржан, Жапаш деп турушаар эле. Бир кун шаардан анча алыс эмес жашаган эжесине кеттим деп уч кун келбей калды. Эгер ошол кеттим деген эжеси озу келип калбаганда, балким Жапар бул жолу да эч нерседен шектенмек эмес. Жапардан Мунарды эки кун мурун сиздикине кетти дегенин угуп кайын эжеси эмне айтарын билбей, бушайман болуп алапайын таппай, ,,балким сокулуктагы байкесине кеткендир,,демиш болду. Ойго баткан Жапар кайын эжесинин созуно ишене бербей, мага силердикине барам картошка тиккенге жардамдашам деп кеткен деп кункулдоп койду. Кайындарынан Жапар ушу кайын эжеси менен сырдаш эле. Калгандары менен анчалык байланышы жок кишинин ичи койнуна киргенди билбегён бир сырдуу мунозун жактыра беришчу эмес. Кайын эжеси экоонун создору жакшы журбой ар нерсени кеп кылган болушуп отурганда Мунар келип калды. кирип келип озун тикчийе тиктеген Жапардын коздорун тике карай албай, жалтандап уйуно барам деген эжесинин бул жерде отурганын коргондо ого бетер онтойсуз абалда, бир кызарып бир бозоруп, кенен ашканада отурарга жер таппай бужуроп калды. Эжеси бир Жапарды бир Мунарды карап унсуз.

— кайда бардын?деди Жапар озун токтоо кармоого аракеттенип, ошентсе да уну киркиреп ачууга муунуп аран турганы билинип калды. Жаак эттери улам улам туйуло тушуп Мунарды жекире карады. Мунар ун деген жок.

-ботом биздикине кетем деп уч кундон бери жок дейт, кайда журдун жооп бербейсинби? Деди эжеси Мунарды кекете. Ачык муноз бетке чабар мунозун карматып:

-мамамдардыкына Бактыканды коройун деп барып кармалып калдым, деп кункулдоду Мунар.

-Бактыканды ала келсен болмок экен, деди Жапар Мунардын жообун кутпой эле ашканадан наркы болмого чыгып кетти. Журогу сезип турду эч кандай мамасына барбаганын. Эжеси менен Мунар ашканада дегеле копко суйлошту.

Эртеси эжеси эрте менен шашып кетип калды. Мунар ыйласа керек. Коздору шишип калыптыр. Жапарга озунон озу эле суйлошкусу келбей туураланат. Куйгултукко тушкон Жапар кыз боозуса энесин коркутат дегендей кара муну. Мен мунун кайда конуп кайда туногонун да сурабашым керек экен го. Атан кору, кудай эмнеге кор кылдын я деп ичинен мунканып уйдо отура албай, арманын айтаар киши таппай кочого чыкты. Мына ушул куну биринчи жолу куйутун ачуу менен баскысы келип дукондон алган бир шишесин чонтогуно болтойто салып алып,пивоканага барды.Ал жерде кантип таанышып кеткени эсинде жок,дагы бир экоонун коштоосунда айда ичишип,бут арманын айтып буркурап ыйлап жатканын элес булас билет.Тогулуптур тим эле.Тигилер да боорукер немелер экен.„Шоордум ай!”-дешип Жапар менен кошо улам обушуп,коздорунун жаштарын аарчый албай шолоктошот. Анан кантип уйго келгенин билбейт.Бир билгени Мунарга кыйкырып „Сен эчак бузулгансын, мен сени билмексен болуп журом.Ушунумду билбейсин.Азып олтуруп салайын.Сенден тируулой айрылгыча”. ..-деп жулунганы,мурда мындайды корбогон Мунар аландап коркуа,бакырып болмодон качып чыкканы будомук-будомук эсинде.

Ойгонсо журогу айланып,кускусу келип,башын которууго жарабай ооруп калыптыр.Эптеп тамтандап туруп барып,чакадагы суудан чомуч менен ичти.Ашкана да,берки уйлор да чачылган.Жаткан диванынын капталына кусуп таштаган экен,анысы ошол боюнча.Мунар жок.Кейпи,кечээ эле кетип калса керек.

Башын мыжыгып отуруп,Мунар экоонун ортосундагы узулуп -узуло албай озу эле ичкерип аран турган жиптин тундо тырс узулгонун билди.Бир чети экоо бир болмодо,эки болок бурушуп жатып алып,оздорун- оздору кыйнагандан коро эртедир-кечтир боло турган иш ырас эле болгон экен деп женилденип алды да,чай кайнатып ичсемби десе,журогуно эч нерсе барчудай эмес.Анын устуно ээн уйдо жалгыз отурууну каалабай,кочого чыккысы келди.Жанында кечээки алып чыккан 20сомунан шалдыраган элежез тыйындар калган экен.Ача салган кутуну караса мурда куну алып келип салып койгон майыптыгына алуучу пенсиясы ошол бойдон туруптур.Он сомдуктан экини алып,калганын ордуна койду да,уйду сыртынан бекитип пивоканага жоноду.Барса кечээки эки досу пиво ичип отурушуптур. Жапарды жон эле бир тууганын коргондой тосуп алышты.

-Ой,силер дагы мага окшош иштебеген немесинерби? -деди аларды коргондо Жапар чочуп.Тгилер каткыра кулушуп:

-Кара муну,озун иштегис кылып башыбызды оорутуп саласын да,кайра бизге куноо коёсун,-дешти. Бири жугуруп барып Жапарга пиво алып келе калды.

Бир кружка пивону жуткандан кийин Жапардын дене-бою жазылып созу чыкты.

-Достор,барып бир жерден ысык тамак ичпесек болбойт го?Болбосо курсакта эч нерсе жок.Туздуу балык менен пиво иче берип орттонуп баратам.Берки экоо унчукпай калышты эле,Жапар:- акча жетет достор,менде бар,-деп койду.Учоо эрчишип чучпараканага келишип,экиден чучпараны ичишкенден кийин кадимкидей чекелеринен тер чыгып оноло тушушту.Ушинтип бул куну да Жапар уйуно эс-учун жоготуп аран келди. Эртеси ордунда кыймылдагысы келбей,ооналактап жатып кун шашке болгодо аран туруп жуунайын деп эшикке чыкса кайненеси,кайнежеси, кайниси,Мунар болушуп шагырап кирип келишти.Жапардын журогу опкоолжуй тушту.Дарбазаныаттагандан эле кайненеси буркулдап кирди.Озу ансыз да долураак аял эле,ого бетер кара-кок тартып учурашууга даярданып алган экен.

-Куйоо бала,сен Мунарды „олтуром”деи жулунганын эмнен ботом?Же сени Мунар туртуп жиберип жыгып мунжу болдун беле?Ушунча жылдан бери Мунардын Мунарлыгынан сага чыдап,суугуна тонуп,ысыгына куйуп келатканын билбей,бул эмне кылганын?„Жакшылыкка дамандык ”деген ушул!Мунардын Мунарлыгынан сен жарымжан болуп калганынды жанга билгизбей ушуга чейин эрдин тиштеп келип отурбайбы.Болбосо, он гулунун бири ачыла элек кызымдыы сооло турган жону бар бекен?

Андан ары дагы эмне деген ачуу создор айиылбады дейсин.Жапар ун дешке ларманы жетпей,онунон кызылы качып бопбоз болуп отурду.Кайненеси тилинин жетишинче бежиреп жатты.Келген эркектер болсо ун-созсуз эле уй эрмектерин жыйнап-танып киришти.Мунар улагада козунун жашын чууртуп отуруп калды эле,иниси „уй эрмектеринди иреттешпейсинби? Же кетейин деген оюн жок немесинби?”- дегенден кийин кыбырап ар нерсени кармаламыш болуп журду.Жапардын башы дуулдап,кулактары эч нерсе укпай дунгуроп,айланасындагы болуп жаткан окуяга баа берууго даремети жетпей нес.

Мына жонойбуз дегенде Мунар козунун жашын буурчактата жанатан бери биринчи жолу тике карады.Экоо кичине тиктеше тушушту.

-Мунаржан,менден кеткен куноо болсо кечирип кой.Ичине жаман ой албай кет.Канча жыл сен-мен дешкен катуу соз айтышпай жашадык эле,кантели. ..Жапардын козунон жаш чууруп,уну алкымынан чыкпай мууна тескери карады.

Мунар „Жапар,Жапаш! ”-деп буркурап келип тизесинен кучактай чоголоп олтуруп калды.Тигилер экоонун жоругуна дел боло тушту.кайнежеси козунун жашын колунун сырты менен суртуп эшике чыга качты.Иниси да башын шылкыйтып басып кетти.Демейдеги долуланчу кайненеси да тилден калгансып унсуз.Озун токтоткон Жапар „Мунаржан,бар кутуп калышты.Эртедир- кечтир ушундай болушу керек эле.Бирок,акылга салып,жай бутурушпой чыр менен ажырашканыбыз жаман болду.Кызымды. ..кызымды сураган менен бербейсин.Анда- санда козумо корсотуп тур.Эми менин бул дуйнодо андан башка эч жакыным калган жок.Бир суранычым ушул”,-деп Мунардын чачынан жыттап,ээгинен суйой башын которду.

Жашка муунган Мунар ордунан тура калып суйлой албай Жапардын козунон ,жузунон опкулоп жиберди да:

-Жапаш,сен да мени кечир.Милдетимди актай албадым.Мен. ..мен…,-деп буулугуп ары жагын айта албай турганда жыдамы кеткен энеси:

-Ай, экоонду биз келип уруштуруп,ажыраштырып жатабызбы?Кудайдын кылганы экен.Тагдырынар ушундай болсо кимди куунолойбуз? Болор иш болду.Бас эми!Кызынын каруусунанкармап булкту.Мунар дагы кичине кылчактады эле-Бас дейм,шофёр бала кутуп калды,-деп дегдендетип жетелеп чыгып кетти.Ангыраган ээн уйдо Жапар ошентип жалгыз калды.Ээн уйго олтура албай,уйдун эшигин да бекитпестен кочого чыгып,башы оогон жакка басты.

* * *

Бала чукуранып ойгонгондо ордунан атып туруп,кургак жалаяк алып астын кургактап кайра орой жаткырып сут жылытып келип берди эле,тойгондон кийин наристе кайрадан мемиреп уйкуга кирди. Мунар экоо ажырашкандан кийин коп отпой кызын сагынып чыдамы кеткенинен кайындарына барса „Мунар башка куйоого тийип,кызын кошо алып кеткен”,-дешип кайындары уйго да киргизбей эшиктен жонотушту.Дарегин сураса,Кеминдеги бир айылды аташып,тескери айтып коюшуптур.Издеп барса,деги андай аттуу адам жок экен.Арадан уч ай отпой сотко чакырып калды.Корсо, Мунар ажырашууга арыз бериптир.Жаны тийген куйоосу,кайненеси учоо келген экен.Кызын ала келбептир.Жолукканда эле „Кызым кана?”-деди эле,кызы ата-энесиникинде калганын айтты.Кйненеси болсо „ушундай жерге кичинекей немени ээрчитмек белек”,-деп буркуйуп койду.Сот ошол эле куну ажыраштырмак болду эле Мунардын жаны куйоосу уйду да болуп беруу жагын талап кылып чыкты.„Ата- энемден калган уйдун кандай тиешеси бар?”-деп ойлогон Жапар Мунарды карады.Мунар бозоруп туруп,уйду да болуп беруу боюнча жазган арызын тапшырды.Ушинтип сот кийинкиге калды.Жапар соттон болгону „Арызды Мунар оз колу менен жазган бекен?”-деп сурады эле,Мунар ордунан туруп, „Оз колум менен жаздым”,-деди. Кайненеси болсо „Оз колу менен жазбаганда эмне Мунардын атынан бироо жазды дейсинби?Мыйзамга ылайык уй да болунушу керек.Артында кызын калып отурат!”- деп булкулдап кирди.

Сот атайы комиссия тузуп,ал уйду бааларын айтып„Эгер кааласанар озунор ич ара келишип сатып жиберип,акчасын болушуп алгыла же эки тараптан тиешелуу жарым акчасын толоп уйду алып калгыла”,-деген акылын айтты.Бир жума отпой Мунардын кийинки куйоосу комиссия ээрчитип жетип келди.Торт киши уйдун ичи-тышын карап,ары ченеп,бери ченеп 12 мин сом деп баалашты.Алар кеткен сон,Мунардын кийинки куйоосу Жапарга жакын келип олтуруп машинасына сала келген арагын астыа койду.Жапар ун деген жок.Тигил созду чукулунан баштады.

-Мен сага ашыгы менен 7 мин сом толоп берейин.Уду Мунврша калтырбайсынбы? Анын устуно кызынбар эмеспи,-деп эпилдеп кирди.

Жапардын муундары калчылдап,ичинен арактын шишеси менен тигинин башын жара койсосбу деп тап берип барып,кайра „кызында бар эмеспи”деген созго байлана тушуп,кырлуу стаканга куюлган аракты тартып жиберди да:

-Экообуз эми эркекче суйлошолу.Бул тамды чындай келсе,бир тыйынын да карматпай коёт элепм.,жалан кызым учун соз суйдой албай отурам.Сенден бир отунуч,кызымды огойлобой,кор кылбай бак.Эми менин тируу жургонум кайсы.?Ичинен мункана,суйлобой кичине токтоп калды.Коз жашын тигиге корсоткусу да келбеди.Берки болсо кайрат айтымыш болуп:

-Кой, антпе.Сен деле жети мин сомго шаардын бир жеринен чакан там сатып алсан болот.Анан кызынды келип коруп турасын.Мен ичи тарлык кылбайм.Ал эми оз кызымдай коруп,кийбегендти кийгизии,ичпегенди ичирип багам,-деп деп астындыагы стаканын бошотту.

-Бар,бара бер,-деди Жапар кумсарып.Тигил Жапарды тиктеп алды да арактын калганын дагы экиге болуп,озуно тиешелуусун тартып жиберип.

-Мейли Жапар,Мунарга „келиштик”деп айтып барайын,-деп чыгып кетти.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE